«Бирок да мага эч ким колун тийгизе албайт»…

16:44, 8 Мая

«Кыздар, вебкам-моделдер керек. Купуялык сакталат. Айлыгы жумасына 20 миң сомдон жогору. Жумасына беш күндөн иштөө, таза офис, шаардын борбору. Кыздардын ынтымактуу жамааты”, - бул күндөрү kg аймагындагы жарнамала сайттардан ушуга окшош жарыяларды көп көрсөн болот. Айрым жарыялар “дем берүүчү” коллаждар менен кооздолгон – адатынча аларда көп акча жана кооз жашоо тартылган.

Чын-чынына келгенде, Кыргызстандын дүйнөлүк порноиндустриясына аралашканы жаңылык деле эмес. Биринчи вебкам-студиялар Бишкекте мындан он жыл мурун эле пайда боло баштаган. Ал эмне? Бул интернет аркылуу көрсөтүлүүчү интим-кызмат. Кыздар кардарлар менен баарлашып, камеранын алдында чечинишет (дагы башка кардар сураган нерселерди жасашат). Кардарлар болсо төлөмдөрдүн жүргүзүлүшүн талап кылган атайын программалардын жардамы менен чатка киришет. Кардар чатта канчалык көп отурса, ал ошончолук көп төлөйт.

Бул “бизнес” биздин кызыгуубузду жараткандыгы үчүн гана ал тууралуу жазууну туура көрдүк. Маселенин адептүүлүгүн биз талкуулабайбыз, анткени коомдун бул маселеге мамилеси айтпаса да түшүнүктүү, өзгөчө диний аалымдардын мамилеси, ал эми интимдик кызмат көрсөтүүнү түп тамыры менен жок кылууну адамзат жаралганынан бери ойлоп таба элек. Ошондуктан бул эмне деген нерсе экенин аныктаганга гана аракет кылабыз.

“Биз көнүп калган кадимки коммерциялык секс менен шугулдангандардан айырмаланып вебкам-моделдерде тобокелдик, сөзсүз, азыраак. Ооба, медиктердин көзү менен караганда алардын иши коркунучсуз. Ден-соолуктары да көп жабыр тартпайт. Бул жерде физикалык саламаттыгы гана тууралуу сөз болуп жатат”, - деген эле бир кезде прессага Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин далилдөөчү медицина боюнча адиси Бермет Барыктабасова.

А психикалык саламаттыгычы? “Коммерциялык секс кызматын көрсөткөндөрдүкүндөй эле вебкам-модель болуп иштегендердин аң-сезиминде кесиптик өзгөрүүлөр болот. Адамдар менен мамиле курууда кыйналышы мүмкүн, өзгөчө достук мамилелерди курууда, “жай” жашоого көнө алышпайт, көп учурда үй-бүлө да кура алышпайт. Бирок да алар башка кесиптештерине караганда ичимдикке жана баңгизатка сейрегирээк берилишет. Ошол эле кезде стрессти ичимдик менен чыгаруу – бул чөйрөдөгү кадыресе көрүнүш. Алар шугулданган тармакта мажбурлап иштетүү, сөзсүз, сейрегирээк кездешет. Бирок ал бар. Негизги адеп-ахлактык баалуулуктардын өзгөрүшү да байкалат. Жалпылаштырганда, бул ишти аялдар үчүн пайдалуу деп айта албайбыз”, - дейт психолог Элла Лисовская. Элла Москвада иштейт. Бишкекте вебкаминг жана анын кардарларга, анда иштеген кыздарга таасири боюнча адистешкен долбоорлор да, адамдар да жок.

Отуз жаштагы Даша бул тармакка 2010-жылы келген, бул иш тууралуу жарыяны, ал болгондо да шаардык эң ири гезиттен окуган болчу. Ага чейин бир аз өз адистиги боюнча иштеп көрдү, Даша – лингвист. Бирок аз өлчөмдөгү айлык, акчанын тартыштыгы 22 жаштагы кыздын кооз жашоо тууралуу ой-максаттарына көп туура келе бербейт да... Аны дайыма эңсейсиң дечи, бирок жаш кезде бөтөнчө катуу эңсейсиң. Даша өзү ушундай чечимге келди. Ошондон бери вебкаминг – ал үчүн акча табуунун негизги булагы. 8 жумуш орунун амаштырганы жетишти – студиялар бат-баттан жабылып турат. Бирок кесибин өзгөртүүнү ойлоп да койгон жок. Даша өз кесибинде – мыктылардын бири. Ал кардарды бир саат, кээде эки саат жеңил эле кармап тура алат, айрым учурда жөн гана сүйлөшүп. Чанда журналисттер менен да баарлашып калат. Курбусу суранып калса – ал жергиликтүү бир телеканалдарда иштейт. Бирок Даша теле журналисттерге интервью бербейт, эмне үчүн экендиги түшүнүктүү. Жана да эч качан өз атын атабайт.

- Даша, бул иш сага жагабы?

- Жагат деп айта албайм. Бирок мен айына 100 миң сомго чейин табам, болгондо да күнүнө ашып кетсе беш сааттан иштейм. Башка эмне кыла алам? 15 миң сомго барып иштейинби? Мен андайга жарабай калдым го. Мен өзүмөн акчаны аябаганга катуу көнүп алдым.

- Модель менен баарлашуунун бир мүнөтү канча турат?

- Эки доллардан жогору.

- Бирок бул жийиркеничтүү да

- Эмне десем... Кээде салпаяктарге туш келип каласың. Бирок андай нерсе сейрек болот. Мен Америка менен Европага иштейм (Даша – метис, азиялык кебете-кешпири байкалган чырайлуу кыз), ал жакта бул кызмат үчүн интернетке негизинен жамандыгы жок адамдар чыгышат. Анан да адам өтө эле ашынып, мага жакпаган нерселерди талап кыла турган болсо, мен интернеттен чыгып кете алам. Бул сага сойкулук эмес да, кардар менен жалгыз калгандан кийин эч жакка кете албаган. Мага болсо эч ким колун тийгизе албайт, ооруну жуктуруп алам деп коркпойм, коопсуздук маселесинде тобокелдик жок... Ал эми чечингенден мен уялбайм, ал эмес, мага жагат десем да болот. Бышылдаган эркектин делебесин козгогон кызыктуу көрүнөт мага. Негизинен, бардыгы жакшы эле.

- А бул кандайча – Америка менен Еропага иштейм дегениң? Жергиликтүү кардарларды алгың келбейби?

- Менде kg, kz жана ru зоналары тосмолонгон. Бул коопсуздук чарасы. Биздеги кыздардын бардыгы ушундай кылышат. Kg зонасынан кардарларды тейлебейбиз. Өзүң элестетип көрсөң, эгер чатка иниң, же агаларың кирип калса эмне болот... А кыздар арасында айылдан, алыскы аймактардан келгендар бар, алар үчүн бул эң катуу сокку болмок. Силер ойлойсуңар, күйөөңөр, уулдарыңар мындайга барышпайт деп. Жапжакшынакай эле барышат! Ошондуктан, ар-бир жумуш берүүчү, ал эмес акылы эң кемтик дегени да, тийиштүү чараларды көрөт. Андан кийин да буларды сөзсүз кылабыз. Кадрдан бардык китептерди, плакаттарды, ал эмес продуктылардын таңгактарын алып, бөтөлкөлөрдүн этикеткаларын сыйрып таштайбыз. Бөлмөдө, сөзсүз, калың пардалар орнотулушу керек.Студия кайсы өлкөдө, кайсы жерде жайгашканы билинбеши керек. Ай-пи дарек боюнча да аныкташ оор болот. Башкача айтканда биз болушунча корголгонбуз.

- Кардар бардыгын жазып алып, интернетке чыгарып коюшу мүмкүнбү?

- Андай да болот. Тобокелдик бардык кесипте кездешет.

- Үйдө отуруп иштегендер барбы?

- Менин билишимде, бизде андайлар жок. Анткени ага тийиштүү техникалык шарттар болушу керек – мисалы, бирөөнү тосмолош керек болуп калса, анан да сапаттуу интернеттин жана жарыктын болушу зарыл. Атаандаштык чоң, эптеп-септеп бул тармакка кире албайсың. Биздикилерге коопсуздуктун кепилдиги, же жок дегенде анын элеси болушу керек. Бирок да, ушинтип иштегендер бар деп уккам.

- Анан да кардар Кыргызстанга турист болуп кокустан келип калышы мүмкүн. Же болбосо, анын сүрөтүн коомдук тармактардан көрүп калышы ыктымал...

- Ооба, келип калышы мүмкүн, бирок бизде андай боло элек. Эгер андай болгон болсо, мен билмекмин. Ал эми “коомдук тармактан көрүп калганы” – болгон. Ошондуктан тажрыйбалуу моделдер азыр коомдук тармактарга чоң сүрөттөрүн, селфилерин, жана ошого окшош нерселерди жайгаштырышпайт. Жаңыдан иштеп жаткан кыздар менен ушундай нерселер болуп калат.

- Айрым кардарлар моделдерди сүйүп калып, анын жашаган жерин же сурап, же башка жол менен аныктап алып, кийин келген учурлары болот дегенди угуп калам – тим эле “Красотканын” сценарийиндей...

- Тантырак. Мен бул жомокторду интернеттен окудум. Журналисттердин биз тууралуу жазгандары: бир бай америкалык келип, эки авто берди дегендери – бул тантырак. Муну ким ойлоп чыгарганын да билем. Жаңы аралашып жаткандарга психологиялык жактан жеңил болсун деп студиялардын кожоюндары өзүлөрү ойлоп чыгарышат.

- Кесиптештериңдин бардыгы англис тилин жакшы билишеби?

- Жок, андай эмес. Негиздерин гана билиши мүмкүн. Биринчиден, бизде котормочулар бар, экинчиден, мыкты сүйлөшө алган моделдер – алар өзүнчө бир каста, бирок алар аз. Сүйлөшүш үчүн чатка кирген кардарлар да болот, бирок башкаларга салыштырмалуу алар аздык кылат. Менин андай көп кардарларым бар, мен кээде бир күн свитерим чечпей иштейм. Канадалык бир жаш жигит бар. Ал үч жылдан бери сүйлөшкөн кызы боюнча мени менен кеңешип турат. Кээде бир нече күн катары менен анын датын угуп, кеңеш берген учурларым болот. Жөнөкөй адамдык мамилелер жетишпеген, психоаналитик менен эмес, жөнөкөй башка адам менен сүйлөшкүсү келгендер көп эле кездешет. Адамды түшүнө билген, адам менен маектеше алган акылдуу моделдер жакшы табышат.

- Жумуш берүүчүлөр менен кандай маселелер болуп калат?

- Алдап акча бербей койгон учурлар болот. Кыңк этсең эле видеону интернетке чыгарабыз деп да коркутушат. Мен дагы бир жолу ушундай абалга туш болгом. Бирок эми мен баарын билип, сезип калдым, жумуша орношуп жатканда эле бул жерде иштесе болобу, же жокпу экенин дароо баамдайм.

- Суроом одоно угулса, кечирим сурайм... Сен азыр 30дасың. Ал эми порноиндустрия – бул негизинен жаштардыкы. Жаштыгың кетет – анан эмне кыласың?

- Эгер сырткы келбетиң-кешпириң жакшы болсо 50 жашка чейин иштесең болот. Аны үчүн бардык шарттар бар – косметология, сергек жашоо, спорт дегендей. Экинчиден, мен кийин турмушка чыгып, балалуу болуп, иштебей үйдө отурганга жеткидей акча топтоп жатам.

- Дагы канча жыл иштейин деп жатасың?

- Дагы беш жылдай.

- Жигитиң барбы? Сенин ишиң тууралуу ал кандай ойдо?

- Бар. Бирок жумушум тууралуу ал билбейт. Мени котормочулук кылат деп ойлойт. Билсе – кетип калат. Бирок ал эч качан билбейт деген ойдомун. Баары болушу мүмкүн, бирок үмүт кылып туралы.

- Милиция менен маселелер болобу?

- Мурда болчу эмес. Бирок акыркы убакта ар-түрдүү рейддер көбөйүп кетти. Мартта бир студиянын жабышты. Аяктагы бир акмак жашы жете элек кызды иштетейин деген экен, кыз арыз жазып салып... Бир аз олку-солку болуп, баары өз калыбына келет деген ойдомун.

Даша жакында, 2-мартта ЖМКлар жазып чыккан жаңжал тууралуу айтып жатат. Ошондо милиция СИЗОго жашы жете элек кыздар “иштеген” вебкам-студиянын эки уюштуруучусун камап койгон. “Өткөн жылдын январь айында белгисиз эки киши жашы жете элек кызды алдап, чет элдиктерге онлайн түрүндө төшөк кызматын көрсөткөн студияда иштөөгө көндүрүшкөн. Алгач башка иш деп чакырышкан, келгенден кийин аңгемелешүүдө вебкаминг менен алектене тургандыгын айтышкан. Кыз баш тартып, андан соң милицияга арыз жазган”, - деп билдирген бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы. Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 262-1 беренесинде каралган кылмыштын белгилерине таянып кылмыш иши козголгон (Порнографиялык мүнөздөгү материалдарды же буюмдарды даярдоо менен байланышкан, ошого тете порнографиялык мүнөздөгү иш-чараларга катышуу үчүн аткаруучу катары аракеттерге жашы жетпегенди тартуу).

Жалпысынан алганда, жашы жеткен кыргызстандыктарга онлайн түрүндө интим кызматтарын көрсөтүүгө тыюу салган мыйзам жок. Милиционерлер бөлүшкөн маалыматтар боюнча – Бишкекте сексенден кем эмес студиялар бар, алардын даректерин укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жакшы билишет. Бирок жашы жете электер арыз жазганда гана, же кайсы бир кызды мажбурлап иштетип жатышат деген маалымат болгондо гана алар кийлигише алышат. Эгер жашы жеткен, өздөрүнө кам көрө алган чоң кишилер өз эрки менен бир жерде чогулуп, мыйзам тыюу салбаган нерселер менен алектенип жатышса милициянын кийлигишүүгө эч кандай укугу жок.

Юрист Султан Калыбаев түзүлгөн абалды мындайча түшүндүрөт: “Мыйзам деңгээлинде тыюу салынмайынча бул бизнес мыйзамдуу болуп эсептелет, а тыюуну болсо улуттук жана/же мамлекеттик коопсуздук максатта гана сала алышат. Ооба, коом бул бизнести адепсиздик деп баалайт, бирок адепсиз нерселерге да мамлекет жөндөн жөн эле тыюу сала албайт. Мисалы, сойкулук кылгандарды мамлекет жоопкерчиликке тарта албайт, уюштуруучуларды (сутенерлорду) гана жоопкерчиликке тарта алат, мыйзам ушундай. Сутенерлер Кылмыш-жаза кодексинин “Сойкулук жасоого тартуу” деген 260-беренеси жана “Сойкулук жасоо үчүн жайларды уюштуруу же күтүү” деген 261-беренеси менен жоопкерчиликке тартылат”.

Бул нерсе аталган бизнес өнүгүп өсө берет дегенди түшүндүрөт. “Кырк чорого” окшогон уюмдардын назарына түшүп калбаса эле. Же бул бизнеске салыкчылар кызыга баштабаса, анткени студиялардын ээлери да, моделдер да мамлекеттик казынага бир да тыйын салык төлөбөй тургандыгы айтпаса да түшүнүктүү эмеспи. Бул иштин адеп-ахлактуулугу тууралуу сөз кылуу болбогон иш. Бул нерсе адамды иренжитеби? Ооба. Бул кесипти эч ким өз кызына сунуштабайбы? Ооба. Аны жеңип, жок кылса болобу? Жок. Акчага интимдик кызмат көрсөтүү адам коому менен бирге жаралган десек болот, бул “эң байыркы алгачкы кесип” деп бекеринен айтылбаса керек. Аны түп тамыры менен жок кылуу мүмкүн эмес. Ал эң тоталитардуу да, салттар эң катуу кармалып сакталган коомдордо да, кээде эң коркунчтуу формаларында жашап келет. Бирок аны эч ким, эч жерде, эч качан жок кыла алган эмес. Кептин бардыгы, анын канчалык деңгээлде криминалдашканында. “Бизнестин” ушул түрүн мыйзамдаштыруунун айланасында кандай гана талаш-тартыштар болбоду. Биз дагы гезитибиздин бетинде ушул маселенин айланасында пикир алмашууга чакырабыз.

Светлана Бегунова

Иллюстративдик сүрөттөр Интернеттен алынды

 

© Новые лица, 2014–2018
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине