«Натыйжалуу эмес» балдар үйлөрү

10:41, 7 Февраля

Балдар укуктары тармагында эмгектенип келген укук коргоочулар менен жарандык активисттер совет доорунан мурас катары калган балдар үйлөрү натыйжалуу эмес, коррупцияланган жана шарттары боюнча түрмөлөр түрүндөгү жабык мекемелерге окшош экендигин айтып келишет. Ал эми жылдан жылга балдар үйлөрүн бүткөн балдар жашоого даяр болбостон аттанып, араң дегенде социалдашып,алардын көпчүлүгү калктын социалдык жактан аярлуу катмарына кошулуп жаткандыгы аталган мекемелердин натыйжалуу эместигин далилдеп келет. Кыргызстандын өкмөтү алдында он жылдын ичинде социалдык мекемелер системасын толугу менен реформалап, андан жакшысы балдар үйлөрүн толугу менен жоюп, оор жашоо шарттарында жашаган үй-бүлөлөргө берген жардамды күчөтүү боюнча олуттуу маселе турат.

Сандар менен фактылар

Кыргызстанда бүгүнкү күндө 12 000 бала тарбияланып жаткан 143 балдар үйү жана интернаты бар. Өкмөт бул балдарды багууга жыл сайын жарым миллиард сом бөлүп берет. Ал каражаттын 60 пайызы аталган мекемелердин жумушчуларынын айлык акысына жумшалат, алардын саны өлкө боюнча тогуз миңдей адамды түзөт. Активисттердин айтымында, бул жарандар үчүн балдар үйлөрү жабылбай, аларды каржылоо улана бергени пайдалуу.

«Былтыр биздин уюм балдар үйлөрүнүн бюджеттөө маселесине терең мониторинг жүргүзүп, бир балага 14 миңден 20 миң сомго чейин каражат бөлүнөрүн аныктаган. Мисалы, Бишкектин наристе үйүнө ай сайын 14 миңден 20 миңге чейин каражат бөлүнсө, жылына 240 миң сом бөлүнөт. Ал каражаттын 60 пайызы кызматкерлердин айлык акысына кетет»,-дейт «Баланын укуктарын коргоочуларынын лигасы» коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекова. Мисалы, акыл-эсинин өнүгүүсүнөн ар кандай көйгөйлөрү бар 138 бала тарбияланган Краснореченск балдар интернатына жыл сайын 26 млн сом бөлүнөт. Ала каражаттын 2,5 млн сому коммуналдык кызматтарга, 8,5 млн сому балдарды багууга жана алардын тамак-ашына коройт. Жана калган 15 млн сом 94 кызматкердин айлык акысына кетет. Демек, канча бала болсо, ошончо кызматкер да бар. Суроо жаралат: натыйжалуулукка аудит жүргүзүп, мекеменин уставына көз чаптырсак- тарбиялоо, билим берүү, өнүктүрүү, бул максаттар жетилүүдөбү?»

Дагы бир нече сан. «Жетим балдардын укуктарын коргоо» коомдук фондунун жетекчиси Игорь Беляевдин айтымында, балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн 5 пайызы гана жогорку билим алып, жумуш таап, толук кандуу үй-бүлө кура алат.

«Менин байкоолорум боюнча, 1,2 пайызы ичип кетет, 10 пайызы аргасыздыктан криминал менен байланышат, 5 пайызы кайырчы болуп кетишет. Калган 70-80 пайызы кырдаадардын курмандыгына айланат. Алар окуганга же иштегенге аракет кылышат. Бирок билимдин жетишсиздиги, каржылык колдоонун жана жашай турган жердин жоктугу, өзүнө ишнгбестик, аярлуулук сезими сыятуу психологиялык көйгөйлөр жаш кыздар менен балдарга алдыга карай максат коюп, ийгиликке жетүүгө чоң тоскоолдук жаратат»,-дейт Игорь Беляев.

2015-жылы «Биздин үн» коомдук фондку «Ойэсис» коомдук кайрымдуулук фонду менен биргеликте балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү арасында  жүргүзгөн сурамжылоосу балдар үйлөрүнүн 200дөй бүтүрүүчүсү «темир тор артында», 178 «кайыр сурап, селсаяк болуп жүргөндүгүн», 167 «аракеч болуп кеткендигин», 145 «криминалдык чөйрөгө аралашкандыгын», 144 «сойкулук менен алектенгендигин», 140 «өз жанын кыюуга аракет кылгандыгын» жана 100 «баңгизатка берилип кеткендигин» көрсөткөн.

Бирок эң таң калтыруучу статистика- кыргызстандык балдар үйлөрүндө томолой жетимдердин саны 3 пайыздан ашпайт. Калган 97 пайызы- ата-энеси тирүүсүндөгү социалдык жетимдер. Тагыраак айтканда: ата-энесинин кароосу жок калгандар, же ата-энеси укуктарынан ажыратылгандар, оор жашоо кырдаалындагы үй-бүлөдөн чыккандар жана эмгек мигранттарынын балдары.

Балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн тагдыры кандай болгондугун көрсөткөн расмий статистика жок. Анткени бүтүрүүчүлөр кеткенден кийин алардын жашоосу кандай болгондугуна мекемелер да, мамлекет да кызыкпайт. 

Балдар үйлөрү-советтик мурас

Киргиз ССрнин аймагында балдар үйлөрү ХХ-кылымдын 30-жылдарынан тарта пайда боло баштаган. Балдар үйлөрүнө томолой жетимдер, «эл душмандарынын», басмачылардын балдары келип түшкөн. 40-жылдары ата-энеси Улуу Ата-Мекендик Согуштан же ачкадан каза болгондордун балдары, ошондой эле СССРдин эвакуацияланган мамлекеттеринен келген балдар балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары болгон. Андай мекемелер бүткүл өлкө боюнча ачыла баштаган. Бирок Союз тарагандан кийин кээ бир өлкөлөрдө, мисалы Грузия, Молдова, Украина, Россия жана Казакстандын кээ бир аймактарында алар толугу менен жабылган. Кыргызстан эгемендүү болгондугуна 28 жыл толгону менен, алар азыркыга чейин иштеп келет.

Укук коргоочулардын айтымында, эл аралык стандарттар менен балдар үйлөрү кармоо шарттары камакка окшогон жабык мекемелер болуп эсептелет. Анткени балдар балдар үйлөрүнө соттун чечими менен келип, бир нече жыл бою бир жамаат менен жашап, мектепке, ашканага барып, бир күн бою бир эле жерде жүрүп, ал жерден өз каалоосу менен чыга алышпайт. Бул эркиндигин чектөө болуп саналат.

«Мамлекеттик мекемеде чоңойгон адам катары мен балдар үйлөрү балдарга ачкадан, муздактан көз жумууга мүмкүнчүлүк бербейт деп айта алам. Ал жерде кандай жаман болсо, балдар кандайдыр бир коопсуздукта. Бирок баардыгы салыштырмалуу. Менин түшүнүгүмдө- балдар үйү бул кутулбастык жана үмүтсүздүк. Балдар үйлөрүнүн системасы өзгөргөн жок, алар 20-30 жыл мурун кандай болсо, азыр деле ошондой»,-деп билдирет «Жетим балдардын укуктарын коргоо» Коомдук фондунун жетекчиси Игорь Беляев.

«Баланын укуктарын коргоочуларынын лигасы» Коомдук фонду Кыргызстандагы балдар үйлөрүндөгү балдардын укуктарынын сакталышы боюнча такай мониторинг жүргүзүп келет. Жакында эле алар эки атайлашкан мектеп интернаттарындагы балдардын абалына баамдоо жүргүзгөн: Дмитриевка жана Краснореченскиде. Аталган мекемелер СССР кезинде негизделип, интеллектуалдык өнүгүүсүндө көйгөйлөрү бар балдарга жардам көрсөтүүгө багытталган. Мониторингдин жыйынтыктары көңүл жылытаарлык эмес. Психолог-педагогдун айтымыгда, ар бир баланын даярдыгы жана өнүгүүсүн баалоо боюнча мониторингден кийин билим берүү системасынын өзү заманбап талаптарга жооп бербегендиги аныкталган.

«Эгерде балага акы-эсинен жетишпейт» деген диагноз коюлса, ал 3 жашында гана сүйлөп баштайт. Эгерде үй-бүлө кыргыз тилдүү болсо, ал кыргызча сүйлөп баштайт. Ал жети жашка чыкканда бираз кыргызча сөздөрдү билет, бирок аны орус тилдүү интернатка жайгаштырышат, анткени кыргыз тилинде программа жок.  Интеллект жагынан бекем балдар орус тилин чет тили катары окушат. Ал эми акылы жагынан жетише албаган, мээсинде жаракаты бар бала аны өздөштүрүп, мектеп сабактарын ошол тилде окуусу керек. Кошумча аны акылы жетишпегендиги үчүн ата-энесинен ажыратып, жабык мектеп интернатында окутушат. Үй-бүлөдөн ажыроо дени сак балага деле абдан чоң таасир тийгизип, анын психикалык жактан өнүгүүсүнө тоскоолдук жаратат. Бул жерден болсо мажбурлаган госпитализациялоо жана орус тилдүү меттодор аркылуу сабак окутуу. Негизинен, жардам берүүчү мекемелерде балдар ал жерди бүткөнгө чейин кандайдыр бир кесипти өздөштүрүшү керек. А биздин балдарыбыз эмне болуп жатат? 14-15 жаштагы балдардын 50 пайызы алфавитти билишпейт. Жана ар бир балага мамлекет 14 миң сомдон короткон же коротот. Демек бул бюджеттик каражаттар натыйдасыз колдонулуп жаткандыгын түшүндүрөт»,-дейт психолог.

5 пайызы гана реалдуу жетимдер, калган 95 пайызы- «социалдык жетимдер»

«Наш голос» коомдук фондунун жетекчиси Айнура Ормонова 13 жылдан ашуун убакыттан бери балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнө жардам көрсөтүп келет.

«Пайыздык салыштууда алсак, балдар үйлөрүндөгү балдардын 1-2 пайызы гана томолой жетимдер. Калгандарынын баардыгы- «социалдык жетимдер». Алардын ичине эки ата-энеси экөө тең камакта же дарылоо мекемелеринде жаткандыгына байланыштуу жок болгондор кирет. Тагыраак айтканда, алар жөндөмсүз. Балдарын таштап коюп, эмгек миграциясына кетип, кийин алардан баш тарткан ата-энелер да аз эмес. Тагыраак айтканда, кыргыз балдар үйлөрүндөгү балдардын 97 пайызы- ата-энесинин тирүүсүндөгү жетимдер»,-дeйт Айнура Ормонова.

Укук коргоочулар жана жарандык активисттердин айтымында, кээ бир ата-энелер менен балдар үйлөрүнүн кызматкерлерине балдар мекемелеринде балдар толуп турганы пайдалуу. Ата-энелер балдарын өткөрүп салуу менен өздөрүн эркин сезип, каалаган жагына кете алышат. Ал эми балдар үйлөрүнүн кызматкерлери үчүн бул камсыздалган жумуш орду жана айлык акысы.

«Дмитриевка жана Краснореченск балдар интернаттарына мониторинг жүргүзүү маалында биз балдардын ар биринин үйүнө бардык. Жалпысынан биз 360 үйгө барып, балдардын 50 пайызынан ашуунунда бирден үчкө чейин ини-сиңдилери бар экендигин аныктадык. Башкача айтканда, калган балдар үй-бүлөдө өсүп өнүгүп, ата-энесинин мээримин көрүүдө, ал эми бир бала, эгерде анда акыл эсинен өнүгүүсүндө мүчүлүштүк табылса, үй-бүлөдөн ажыратылып, сүргүнгө кеткендей интернатка жеткирилет. Биздин оюбузча бул система балага дагы, ата-энеге дагы зыяндуу, анткени ата-энеде паразиттик ой жүгүртүү пайда болот»,-дейт Назгүл Турдубекова.

Коомдук фонддорунун кызматкерлери Баткен облусунда болгон окуяны эстешет, анда Кызыл-Кыядагы мектеп-интернатынын мугалимдери үймө-үй кыдырып, ата-энелерди балдарын тапшырууга үгүттөшкөн.

«Баланын укуктарын коргоочуларынын лигасы» Коомдук фонду балдар үйлөрүн толтурууда эмне кызыкчылык бар экендигине кызыгышкан. Жооп опоңой- туруктуу каржылоо жана гуманитардык жардам. Краснореченскидеги мектеп-интернатына жыл сайын бюджеттен 26 миллион сом бөлүнүп турат, ал жердеги 131 баланын ичинен томолой жетимдер 10 бала гана. Дмитриевкадагы мекемеге жыл сайын 13 миллион сом которулат, ал жердеги балдардын 100 пайызында тең үй-бүлөлөрү бар.

Бул мектеп-интернаттарга акыл-эсинин өнүгүүсүндө көйгөйлөр бар жана шаардык каттоосу жок балдар жөнөтүлөт.

«Балдар үйлөрү-бул балдар үстүнөн жасалган бизнес. Балдар мекемелеринин дээрлик баардык кызматкерлери балдардан пайда көрөт деп мен ишенүү менен айта алам. Аларга каржылоо көп болсо эле болду. Бирок мамлекет бөлгөн бул каражаттар толугу менен жетпейт. Жок дегенде 30 пайызы жетпей калат. Ар бир балага 14төн 20 миң сомго чейин бөлүнөт, алардын 110 сому күнүнө тамак-ашка, 12 сому дары-дармекке жана 10 сому жуунуучу каражаттарга жумшалат. Ал эми бала ооруп калса аны карап да коюшпайт. Жада калса тиши же башка жери ооруса да баардыгына баары бир. Ошонун айынан жыл сайын 1-2 өспүрүм өз жанын кыят. Эмне кылышты билбегендиктен. Азыр мага тарбиячылар дагы, балдар дагы чалып же жаза алышат, социалдык тармактарда кандайдыр бир зомбулук фактысы тууралуу айта алышат. Эгерде мен андай фактыларды таап чыксам, жетекчилер тескерин далилдеш үчүн юристтерди жалдашат»,-дейт Игорь Беляев.

Бирөөнүн багуусуна көз каранды синдрому бар бүтүрүүчүлөр

Жыл сайын 143 балдар үйлөрү жана интернаттарын 9-классты аяктаган 300дөн 400гө чейинки бүтүрүүчү аяктайт.

«Балдар үйлөрүн аяктагандан кийин көпчүлүк кыздар менен балдар жашоого көптөгөн көйгөйлөр менен аттанат. Биринчиден, алар абдан тартынчаак. Экинчиден, физикалык жана психикалык жактан алар жакыр жашаса дагы өз үй бүлөсүндө чоңойгон балдардан артта калат. Балдар үйлөрүндө жүргөн кезинде алардын психоэмоционалдык дагы, физикалык жактан дагы өнүгүүсү тоутоп калат. Үчүнчүдөн, алар алсыз мектеп программасы жана мугалимер тарабынан болгон алсыз көзөмөлдүн айынан атаандаштыкка туруштук бере алышпайт. Төртүнчүдөн, алар чарба иштерин аткарганды, тамак-аш жасаганды, коммуналдык төлөмдөрдү төлөгөндү, ден-соолугун караганды билишпейт»,-деп айтышат жарандык фонддордун кызматкерлери.

Ондогон чет элдик жана ата-мекендик демөөрчүлөр балдар үйлөрүнө такай гуманитардык жардам көрсөтүп, балдардын рационун жакшыртуу үчүн тамак-аш азыктарын алып келип, техника, сыналгы, муздаткыч, кийим беришет. Бирок көпчүлүк учурда ал жардам балдарга жетпей эле жоголуп кетет. Мониторинг убагында белекке берилген нерселер табылбай калат.

«Биздин уюм көп жылдар бою балдар мекемелерине жардам көрсөтүп келген, бирок биз канча көмөктөшсөк дагы, абал алмашпай жаткандыгын байкадым. Балдар үйүнө көмүр алынып келгендигине күбө болгом жана биздин көзүбүзчө эле аны башка адамдар келип ташып кетишкен. Ал каякка ташылып жатат деген суроого жооп бере алышкан да жок. Бул балдар үйүнүн жетекчиси балдар үшүп жатат деп даттанып жаткан учурда болгон окуя»,-дейт Назгүл Турдубекова. Көпчүлүк учурда балдар үйлөрүнүн жетекчилери камерага балдарды эркелетип, ыйлаганга чейин барат, ал эми журналисттер кеткенден кийин жагымсыз иштерди кылышат. Коррупция, гуманитардык жардамды өздөштүрүп алуу, жада калса балдарды сатууга аркеттенүү фактылары бар. Ошондуктан социалдык мекемелерине мониторинг жүргүзүү тармагында 20 жыл иштегенден кийин балдар үйлөрү системасын натыйжалуу эмес деп эсептейм».

Кыргыз өкмөтү балдар үйлөрүн жана мектеп игтернаттарын каржылап келет, бирок алардын ишинин сапаттуу жыйынтыгы жок.

Коомдук фонддорунун кызматкерлери «балдар үйүнүн бүтүрүүчүсү кандай болушу керек?» - деген суроону берип келишет.

Эркин ой жүгүрткөн, билимдүү, окууга өз алдынча өтүүгө мүмкүнчүлүк берген сапаттары жана жөндөмдөрү бар, жашоодо өз жолун таба алган инсан болушу керек. Ал эми жашоодо кандай?

«Тилекке каршы, ата-мекендик балдар үйлөр системасы ой жүгүртүүсү чектелген, жөндөмдүүлүгү бузулган адамдарды чыгарып жатат. Аларда жаттама алсыздык иштелип чыгат. Биз балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүн ишке орноштуруп жатканда, алар жумуштун кандайдыр бир бөлүгүн аткара алышпайт. Анткени алар өспүрүм кезинде күнүгө эмгектенүү керек экен деген нерсенин тирүү мисалын көрүшкөн эмес. Балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү сырткы чөйрөдө өтө оор көнүшөт. Көпчүлүгү бирөөнүн багуусуна көз каранды. Демек, балдар мекемелеринде мамлекеттин каражаты үчүн пассивдүү жашоо позициясы бар пассивдүү адамдарды чыгарышат. Ал эми кээде алар аларга бирөө бир нерсе берүүгө милдеттүү экен деген көз карашта болушат. Мындай психология менен алар окууга өтүүдө же жумуш табууда кыйынчылыктарга кабылышат. Буга кошумча, чоң жашоого алар эч кандай каражаты жок киришет»,-деп жыйынтыкташат коомдук фонддорунун кызматкерлери.

Чүй мектеп-интернатынын жетекчиси Канбүбү Жунусова билдирет: «Жыл сайын биздин мектеп-интернатты 9-классты аяктаган 18-20 бала аяктайт. Биз аларды Токмоктун жана Бишкектин училищелерине киргизебиз. Бирок балдар жатаканасы жана 600 сом стипендиясы бар окуу жайларын тандашат. Кесибине деле көп карашпайт, башкысы 3 жылга жашаганга жер табылса болду. Үч жылдан кийин алар сертификаттарды алышат. Кыйынчылыктар жумушка орношууда пайда болот, анткени андай жумуш жок. Лицейлерди аяктагандан кийин балдар чынында эле эч жакка кетишет. Жолу болуп калса, жумуш таап, иштеп калышат. Алардын тагдырлары кандай болгондугуна физикалык жактан көз салууга мүмкүн эмес».

Кыргыз мыйзам чыгаруусунда бүтүрүүчүлөрдүн укуктары жазылган. Жана көпчүлүк ЖОЖдордо балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнө каралган квоталар бар. Бирок көпчүлүк окуучулар алар менен колдоно алышпайт.

«Келгиле балдар үйүнүн бүтүрүүчүсү менен кадимки үй-бүлөдө чоңойгон баланы салыштыралы. Алар окууда дагы, жашоолук жөндөмөрдө дагы атаандаша алышпайт. Албетте, ЖРТ тапшырып жатканда бүтүрүүчүлөр төмөнкү жыйынтыктарды көрсөтөт, кээ бирлери тапшыра да алышпайт. Анан алар квоталарды кантиа ала алышат? Башкача айтканда, мыйзам тарабынан колдоо бар, бирок даярданууда балдар үйлөрүн аяктаган балдар өтө алсыз, алардын билим алып, кандайдыр бир тармакта адис болууга чоң каалоосу болсо да, ал жардам бере албайт. Ошондуктан бул жердеги көйгөй бала чоң жашоого кире электеги даярдыгында болуп жатат. Даярдык дээрлик жок»,- дейт Айнура Ормонова.

Өзгөрүүлөрдү, биз өзгөрүүлөрдү күтөбүз!

18-жаштагы Жаныбек менен биз «Жетим балдардын укуктарын коргоо» коомдук фонду тарабынан уюштурулган «Жаштар үйүндө» таанышканбыз. Жаш улан- томолой жетим, өз жашоосунда ал балдар үйүнөн качып да көргөн, кайыр сурап, селсаяк дагы болуп көргөн. Жакында эле ал №93- училищесине ашпозчунун окуусуна өттү. Келечекти кесибин сүйбөйт, ал аны тартпайт дагы, бирок тандоо болбогондугуна байланыштуу окуп жатат.

«Мен балдар үйлөрүн жаап, балдарды ата-энелерине таратып бериш керек деп эсептейм. Балким алардын тагдыры өзгөмөк. Башында балдар үйлөрүндөгү балдар сүйкүмдүү, назик көрүнүшөт. Бирок убакыттын өтүшү менен биз оору, саткынчылык, жокчулукка туш болобуз. Биз аяктап, чыгып жатканда бизди эч ким күтпөгөндөн кийин бизге абдан оор. Мен аны башыман өткөргөм. Балдар үйүн бүткөн адамга жумуш табуу абдан оор, эл бизди толук кандуу адам катары эсептебейт. Эгерде мага көңүл бурушпаса, мен аларга андан да жаман мамиле кылам»,-дейт Жаныбек.

Назгүл Турдубекова аны менен толугу менен макул. Ал 20 жылдан бери балдар үйлөрүнүн системасын өзгөртүүнү аракет кылып келген, бирок абал негизинен такыр алмашпарын моюнга алат.

«Биз эл аралык тажрыйбаны изилдеп, азыркы учурда дүйнө жүзүндөгү цивилизациялуу мамлекеттер балдар үйлөрү натыйжасыз болгондугуна байланыштуу алардан баш тартып жаткандыгын аныктадык. Ошондуктан Европанын көпчүлүк мамлекеттери, жада калса Гоузия, Молдова, Украина жана Орусиянын кээ бир региондору сыяктуу мурунку советтер мүчөлөрү балдарды же өз ата-энелерине берип, же башка үй-бүлөлөргө жайгаштырууга басым жасап жатышат. Мисалы, Молдовада балдар үйлөрүндө 17 миң бала болгон, ал эми ал жердеги эмгек миграциясынын деңгээли бизден эки эсе көп. Алар үй-бүлө менен тыгыз иштешип, эки жылдын ичинде балдар үйлөрүнүн толук жоюлушуна жете алышкан. Эгерде баланын ата-энеси жакыр жашаса, аларга материалдык абалын жакшыртууга жардам беришет, эгерде ата-энелик жөндөмү жетишпесе, баланы кароону окутушат. Эгерде башка көйгөйлөр болсо, аны жергиликтүү жамааттардын деңгээлинде чечүүгө аракет кылышат, бирок эң башкысы- баланы үй-бүлө менен бириктирүүгө аракеттенишет, баланын кызыкчылыгында иш алып барышат»,-дейт Назгүл Турдубекова.

Коомдук фонддордун кызматкерлери балдар үйлөрүн жоюу темасын көтөрүп баштаганда, аталган мекемелердин жетекчилери тарабынан катуу каршылык көрсөтүлгөн. Бирок бул демилгени президент Сооронбай Жээнбеков колдогон. 2018-жылы жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда өлкө башчы коомдогу эң оорчундуу маселе тууралуу суроо берген. Назгүл Турдубекова балдар үйлөрү жана интернаттары, алардагы зомбулук, балдар ур-токмоктун айынан качып кетип тургандыгы, алар ата-энеси жок өсүп жаткандыгына байланыштуу кайдыгер көз каршта экендиги жөнүндө айтып берген.

«Мен президентке негизинен түрмөлөргө окшогон натыйжасы аз балдар үйлөрүнө ушунчалык чоң жардам көрсөткөнчө, ал каражаттарды оор жашоо шарттарына туш болгон үй-бүлөлөргө бөлүүнү, жаш апаларга турак жай алууга берүү жөнүндө айтып бердим. Президент биздин идеяны колдоду. Жыйынтыгында Президентке караштуу эксперттик-жумушчу тобу түзүлдү, анын курамына бул тармакта иш алып барган МЭУ жана коомдук фонддордун мүчөлөрү жана тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү кирген. Биринчи жолугушуу болгон, биз изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын президентке көрсөттүк, ал таасирленип, мындан ары биздин программанын ишке ашуусуна тоскоолдук кылгандарды кызматтан кетирип турарын убадалаган. Биз өкмөт үчүн 14 пункттан турган кеңешмелерди иштеп чыктык. Жана балдар үйлөрүн жана интернаттарын реформалоо боюнча тогуз жылдык планды аткара баштадык, ага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон»,-деп жыйынтыктайт Назгүл Турдубекова.

Турдубекованын айтымында, эң алгачкы маселелердин бири- майыптыгы бар балдар үчүн беш балдар үйүн реформалоо, анткени дүйнө жүзү боюнча реформалоо эң аярлуу катмардан башталат. «Баланын укуктарынын коргоочуларынын лигасы» Коомдук фонду Дмитриевка жана Краснореченск мектеп-интернаттарындагы иштерди баштаган. Башка өнөктөштөр Военно-Антоновка, Ак-Суу балдар үйлөрү жана Бишкек наристе үйү менен иш алып барышат.

«Былтыркы жылы биз Чүй облусундагы адистерди окуттук. Биз эки пилоттук Сокулук жана Ысык-Ата райондорунда аз камсыздалган, фостердик үй-бүлөлөргө жана үй-бүлө тибиндеги балдар үйлөрүнө колдоо көрсөткөн кызматтар пайда болушу үчүн күрөшүп жатабыз»,-дешет коомдук фонддун өкүлдөрү.

Бирок ийгилик коомдук фонддун алгачкы эксперименти ишке ашканында.

«Сентябрда биз көмөктүк мектептерден жети баланы үй-бүлөлөрүнө кайтарып келип, алар алгачкы жолу жалпы билим берүү мектептеринин парталарына отурушту. Жыйынтык биздин күтүүлөрдөн ашып түштү. Баардык балдар теңтуштары арасында жакшы көнүп кетишти. Балдар баарлашууга жакын болуп калышты. Интернатта кезинде сүйлөбөгөн «акыл-эсинен калуу» диагнозу бар кыз жалпы мектепке бара баштагандан соң сүйлөп баштады. Балдарды кандайдыр бир жаңы метод менен окутуунун кереги жок, кээде аларга жакшы чөйрө түзүп берүү гана жетиштүү. Ал эми жабык мекемелерде сырткы дүйнө менен эч кандай байланыш болгон эмес. Жана балдардын кадимки мектеп коомуна интеграциялануусунан кийин динамика оң жакка өзгөрдү»,-дейт аты-жөнүн ачыктоону каалабаган мектеп психологу.

Мындай ийгилик мектеп аларга ачылып, аларды кабыл алгндыгы үчүн болду. Мугалимдер башка балдардын ата-энелери менен маек курушту, анткени алардын ичинде өнүгүүдө өзгөчөлүктөрү бар балдар менен өз балдарын отургусу келбегендер бар. Мындай мектептерде мугалимдер өздөрүн абдан сабаттуу көрсөтүп, жыйынтык оңунан чыкты.

Ушуну менен, жарандык коомдун жардамы менен Кыргызстанда балдар үйлөрүн жана интернаттарын реформалоо башталды. Жумуш абдан оор, анткени ал көп жылдар бою туруп, совет доорунан бери сиңип калган системаны бузууда. Бирок коомдук аң-сезимин өзгөртүү иши андан да оор. Коом канча убактан бери туруп калган натыйжасыз балдар үйлөрүнүн системасын колдогончо, оор жашоо шаартына кабылган энелерге жардам берүү алда канча маанилүү экендигин түшүнүүсү абзел.

Лейла Саралаева 

 

 
© Новые лица, 2014–2020
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине