Банур Абдиева: өспүрүмдөрдү кантип коргоо керек?

16:48, 24 Июня

Жакырчылык, карантин, үй-бүлөдөгү уруш-талаш, онлайн окуу. COVID-19 Кыргызстандагы өспүрүмдөр арасындагы өз жанын кыйуу фактыларынын көбөйүүсүнүн дагы бир себепкери болду. 25-марттан 13-апрелге чейинки убакыт ичинде 13 учур катталган.

Ысык-Көлдө бул көйгөйдү «Сен жалгыз эмессиң!» долбоорунун демилгечилери ыкчам токтото алышкан. Бул долбоор кандай иштейт, анын кандай өзгөчөлүктөрү бар жана бул тажрыйбанын өлкөгө кандай пайдасы тийет - долбоордун демилгечиси Банур Абдиева менен болгон маегибизде.

-Банур, долбоордун идеясы кантип жаралгандыгы жөнүндө айтып берсеңиз?

-Кыргызстан дагы, бүткүл дүйнө жүзү дагы күтпөгөн коронавирус биздин коомдогу көптөгөн көйгөйлөрдү ачыктады. Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук күчөп, биздин өлкөдө күнүнмдүк иш менен өмүр сүргөн жакыр үй-бүлөлөр канчалык көп экендигин көрдүк. Баардыгы онлайн окууга өткөндө билим берүү системабыз канчалык начар экендигин билдик. Ал эми окуучулар, ата-энелер же мугалимдердин кими көбүрөөк стресске учурагандыгы дагы деле белгисиз. Күнүгө эл канча адамга вирус жуккандагы тууралуу жаңылыктарга тыкыр көз салып жатты, жана эки апта ичинде оорудан бир гана адам каза болгондугун билебиз, ал эми ошол эле убакыттын ичинде 9 өспүрүм өз жанын кыйган, жана алардын алтоосу Ысык-Көлдөн. Бул жаш курак адам баласынын өмүрүндө өзгөчө, ал өтө сезимтал болот. Жана бул кырдаалды алдын алууга болот эле деп, мен аларга жөн гана жылуу сөз же баарлашуу жардам бере алмак деп ойлодум. Адам менен оор учурда сүйлөшө турган бирөө болушу керек. Жана балким, бул кырсыкты токтото алат эле.

-Долбоордун мааниси эмнеде?

-Бизге өспүрүмдөр менен мобилдик байланыш аркылуу баарлаша турган ыктыярчылар керек болот деп ойлодум. Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары аркылуу биз Билим берүү министрлигине кайрылдык, жана мекеме бизге социалдык педагогдордун божомолу боюнча окууда жардамга муктаж, баарлашуу жетишпей жаткан оор кырдаалга кабылган өспүрүмдөрдүн тизмесин берди. Биз аларды алып, иштей баштадык. «Дос» категориясындагы ыктыярчларды издей баштадык, алар өздөрүн кандайдыр-бир долбоорлордо көрсөтө алган жаштар. Алар өспүрүм менен тең ата сүйлөшө ала турган балдар болушу керек эле. Мен жөн гана өзүмдүн баракчамда кайрылуу жаздым, жана бир күндүн ичинде бизге 150дөй билдирүү келип түштү. Ошондой эле бизге «куратор» категориясындагы ыктыярчылар керек эле, алар долбоор ичиндеги коммуникацияны ишке ашырып, өзүнүн тажрыйбасын «дос» категориясындагы балдар менен бөлүшө алат эле. Тагыраак айтканда, биз ар бир беш ыктыярчыга бирден куратор дайындап жаттык. Ал кырдаалга байкоо жүргүзүп, керек болгон учурда ыктыярчыны «эксперт» категориясындагы ыктыярчы менен байланыштырып турат.  Эксперттер-булар педагогика жана психология тармактарында тажрыйбасы бар адамдар. Булар психологиялык терапияны ишке ашыра алган жана керек болгон учурда кийлигише алган адамдар. Жана эң аз сандагы тайпа бул «жылдыздар» категориясы. Алар биздин коомдо белгилүү инсандар, ырчылар, бийчилер жана чыгармачылыктагы адамдар. Чыгармачылыктын жардамы чоң, ал ырдап жаткан адамды гана эмес, ал ырын даректеп жаткан адамды дагы энергияга толтурат. Жыйынтыгында биз «дос» категориясындагы 123 ыктыярчы, 23 куратор жана 19 экспертти чолгулта алдык.

-Өспүрүмдөр тууралуу айта кетсеңиз, алар баарлашууга көңүлдүү эле макул болуп жатыштыбы?

-Биз Ысык-Көл облусу боюнча 388 баладан турган тизмени алдык, ал эми ыктыярчылардан 123 адам гана болгондуктан, балдардын бардыгын камтый алган жокпуз. Биз 7-11 класстаргы өспүрүмдөргө басым жасадык, анткени дал ушул жаш курак эң татаал жана алар үчүн экзамендерге, окууга тапшыруу жаатында көбүрөөк көңүл буруу керек. Азыркы учурда бизде ыктыярчы-өспүрүм аталышындагы 106 жуп туруктуу иш алып барууда, андан сырткары кээ бир ыктыярчылага экиден өспүрүм бекитилген.

-Баарлашуу кантип жүргүзүлөт?

-Ар кандай. Эң башкысы- бул биринчи сүйлөшүү. Биздин кереметтүү эксперттерибиз бар, алардын ичинен мен Курманжан Курманбекова аттуу мекендешибизди белгилеп кетет жлем, ал Германиядагы Тюбенген университетин аяктап, азыркы учуда Германиянын качкындар Борборунда психолог болуп эмгектенет. Ал башка эксперттер менен биргеликте алгачкы сөз куруунун толук инструкциясын иштеп чыккан. Биз ар бир өспүрүмдүн оюн жана чечимин сыйлайбыз, андыктан эгерде ал сүйлөшкүсү келбесе, биз ага макул болобуз. Эгерде ал сүйлөшкүсү келгендигин же келбегендигин билбей жаткандыгын айтса, биз ага бул баарлашуу эмнеси менен пайдалуу боло тургандыгы тууралуу айтып беребиз. Ал эми эгерде ал сүйлөшүүнү кааласа, анда биз баарлашууну баштайбыз. Бизде аярлуу өспүрүм менен кантип сүйлөшүү керек, баарлашуу учурунда кандай темаларды козгоо керек, сүйлөшүүнү сүрөт тартту, чогуу тасма көрүү, келечек тууралуу сөз кылуу жана башка ушул сыяктуу нерселер менен кантип өнүктүү керектиги тууралуу усулдук китептер бар. Темалар абдан көп, жана аталган китептин жардамы өтө чоң. Албетте, биздин ыктыярчыларыбыз жалгыз гана аталган китеп боюнча иш алып барышат деп айтуу кыйын, анткени ар бир кырдаал өзгөчө, жана ошол кырдаалга жараша мамиле жана баарлашуу болгондо ишеним пайда болот. Ал эми адан кийин алар ар нерсе жөнүндө сөз кыла алышат, жада калса сүйүү, кыздар жана бадар жөнүндө темалар тууралуу дагы.

-Сиздин ыктыярчылар кандай ийгиликтерге жетише алышты?

-Башкы ийгилик-бул бүтүндөй дүйнө үйлөрүнөн чыкпай, жашынып жаткан учурда жаңы дос табуу. Бизде 106 туруктуу жуп түзүлгөндүгү дагы ийгилик, ал ийгилик болуп саналбаса дагы, ыктыярчылар балдардын жүрөгүнө кире алгандыгы – бул адамгерчиликтин белгиси. Бул өспүрүмдөр үчүн дагы жакшы мүмкүнчүлүк, ал төрт дубалда отурганда өз жан дүйнөсүн өркүндөтө алат. Ал эми ыктыярчылар болсо жаңы досторду күтө алышат. Алардын көпчүлүгү, шаардык балдар, кээ бири Европада бакалавриатта же магистратурада окушат. Алар дагы өз батирлеринде же кампустарында камалып отурган учуру. Албетте, алардын ойлору Кыргызстанда. Ошондуктан айылдык өспүрүм менен баарлашуу- айылдагы жашоону көрүүгө тең болот.

Өспүрүмдөрдүн көпчүлүгүн биз смартфондор менен камсыздадык. Телефондордун жарымын шаардагы балдардын мурунку телефондорун чогултуу аркылуу таба алдык, ал эми 35 сапаттуу, заманбап смартфондорун биздин Голландиядагы мекендешибиз Асел Дооронбаева жана Канадагы мекендешибиз Салия Бостериева gofindme платформасы аркылуу чогулткан акча каражаттарына сатып алдык. Ошондой эле телефондордун жарымы АКШдагы студенттерибиз Улукбек жана Биназирдин арты менен келди. Тагыраак айтканда, дүйнө жүзүндөгү мекендештерибиз акча каражаттарын чогултуп берип, ал эми биз смартфондорду сатып алдык, эми алардын жардамы менен балдар баарлашып, окушууда. Мен биздин ыктыярчыбыз Мээрим Доктурбекованы белгилеп кетким келет, ал балдарды ЖРТга даярдай турган бизнес-компания менен келишим түзө алды. Жана Мээримдин аракети менен аталган ишкана биздин 10 өспүрүмдү университеттерге окууга тапшыруу үчүн акысыз негизде даярдап берүүгө макул болду. Биз жыйынтыктарын абдан күтүп жатабыз, буюрса баары жакшы болсо, мына ошол чыныгы ийгилик болот. Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин жетекчиси Рита Карасартованы дагы белгилеп өткүм келет. Ал бизге ыктыярдык негизде эксперт катары жардам көрсөтүп, үй-бүлөсүнүн атынан бир нече уюлдук телефондорун берген. Ошондой эле ал өспүрүмдөр арадсында келечектеги кесип тууралуу эссе жазуу жана видео-тасма тартуу боюнча сынак уюштурган. Сынактын жыйынтыгы менен балдар Кыргызстандагы 99 кесиптик-лицейлеринин каалаганына өтүп, кесиптик билимге ээ болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.  Жана балдар жигердүү катышууда. Бир өспүрүм эмне үчүн ашпозчу болгусу келгендиги тууралуу эссе жазыптыр, ал эми кыздардын бири эмне үчүн чач-тарач болгусу келгендиги тууралуу тасма тартыптыр.

Биз жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органарын «бутка тургузган» учурлар дагы болу. Бул учурлар өспүрүмдөргө карата көрсөтүлгөн зордук-зомбулукка байланыштуу болгон. Ыктыярчылар кийлигишкенге туура келди.

-Демек балдар бул тууралуу өздөрү айтып берип жатыштыбы?

-Ыктыярчылардын бири «Инстаграмдан» өтө тынчсыздандырган билдирүү көрүп калыптыр. Биз аны окуур замат чара көрүшүбүз керек эле. Андан кийин дагы бир билдирүү келген эле. Кийинчерээк ал кыз анын өгөй атасы апасы экөөнү үйдөн кууп чыккандыгы тууралуу айтып берген. Биз жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына кайрылып, кырдаалды чечтик. Экинчи учур үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка байланыштуу болгон. Көрсө кызды апасы ур-токмокко алып жүргөн экен. Биз кызды кризистик борборго дайындай алдык.

-Балдар долбоордун жүрүшүндө кандай болуп өзгөрүп жатышты?

-Балдар өзгөрүп жатты. Мисалы, алар кабыл алынган эрежелерге ылайык баарлашууну үйрөнүп жатышты. Аларда жаңы адаттар пайда болуп жатты. Бизде видео-тасмалар сынагы богон.  Ыктыярчы менен өспүрүм кантип биргеликте өнүгүп жаткандыгын көрсөтүшү керек эле. Кызыктуу окуялар көп болуп жатты, мисалы Кыргызстандын ар башка жерлеринде жашаган ыктыярчы менен өспүрүм биргеликте машыгып, китеп окуп, тасмаларды талкуулап, алдыга чакырыктарды коюп жаткандыгын көрдүк. Биздин Айпери Болотжанова аттуу ыктыярчы кызыбыз бар, ал өспүрүмү менен биргеликте таэквондо менен  машыгып жатыптыр. Башкача айтканда ал көнүгүүлөрдү көрсөтөт, ал эми өспүрүм аларды кайталайт экен. Баарлашуу эже-сиңдилердин деңгээлинде болгон учурлар бар, тагыраак айтканда, кыздар биз дос эмес, эже-сиңдидей болуп калдык деп айтышат. Алар бири-бири менен сырдаш болуп калышкан. Өспүрүмдөрдүн коммуникативдик өнөрлөрү жакшырып, алар мамиле курууну, туура суроо бергенди, убадаларды аткарууну үйрөнүшөт. Өзгөрүүлөр бар деп ойлойм.

-Мындай долбоор Кыргызстанда биринчи жолу иштеп жатабы?

-Ооба.

-Аны карантинден кийин улантуу керекпи?

-Биз аны улантуудабыз. Албетте, кээ бирлер бул демилгеден чыгат, жана биз бул чечимди сыйлайбыз, анткени бул оңой иш эмес. Бирок жуптардын көпчүлүгү сакталып калат деп ишенем. Жана ыктыярчы долбоорлон чыккан күндө дагы ал жыйынтыктоочу кат жазат, жана биз өспүрүм үчүн жаңы ыктыярчыны тандайбыз. Бирок алар долбоордон чыгып жатканда бири-бирине жок дегенде бир жылда бир жолу майрамдарда кат жазып турууга сөз беришет. Алар чыккандан кийин такыр жок болуп кетишпейт.

-Долбоор толугу менен ыктыярдык негиздеби же сизге жардам бергендер болдубу?

-Биз «Сорос Кыргызстан» фондуна ыраазычылык билдиребиз, алар демилгенин ар бир катушуучусунун уюлдук телефонуна 400 бирдик салып беришти. Алардын жардамы менен балдар баарлашып жатышты, ал эми кийин түгөнгөндөн кийин биз өз салымыбызды коштук. Ал эми калганы бул баардыгы ыктыярдуу демилге.

-Сиз кандай ойлойсуз, мындай долбоорду бүткүл Кыргызстан боюнча уюштуруу керекпи?

-Бул маанилүү болмок деп ойлойм. Мага Билим берүү министрлигинен чалып, биздин методикага кызыктар экендигин билдиришти, ал эми биз бөлүшүүгө даярбыз, анткени бизде материалдар көп. Биз ар жума сайын эки жолу ар кандай темаларга арналган семинарлар өтүп турат. Аларды Германиянын белгилүү психологдору алып барышат, ал эми жума күндөрү бизге Оренбург Медициналык университетинин психология кафедрасынын доценти Ирина Сергеевна Якиманская кошулат, ал Оренбург облусунун Психологдор ассоциациясын жетектейт. Ал биздин ыктыярчылар үчүн абдан кызыктуу жана пайдалуу семинарларды өткөрүп турат. Биз демилгени кантип баштоо жана иштетүү керектиги тууралуу тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даярбыз. Ал Кыргызстандын ар бир облусунда ишке аша алат.

Маекти алып барган Лейла Саралаева

Нурлиза

«Сен жалгыз эмессиң!» демилгесинин катышуучусу Нуриза Анарбекованын эссесинен

Бул оор убакта өспүрүмдөргө жардам берүү үчүн ыктыярчылардын катарына кошулуп жатып, мен өспүрүмдүн жөн гана виртуалдык досуна айланууну каалагам. Бирок мен менин өспүрүмүм Диана менен достошуп, достон дагы көп нерсеге ээ болдум. Мен «сиңдүүлү» боло алдым. Алгачкы баарлашуубуз али жакшы эсимде, ал өзүнүн позитивдүү саламдашуусу менен мени дароо өзүнө тартып алды. Таанышуубуздун алгачкы күнү эле Диана өзүнүн үйүнө Тосорго чакырды. Бул чакыруусу менен абдан кубантты. Анткени ыктыярчы болоор алдында мен  мага кандай жоопкерчилик коюла тургандыгын ойлоп, сарсанаа болур жаткам. Анын үстүнө, бул менин ыктыярчы катары алгачкы жумушум эле. Бирок менин өспүрүмүм менен жолум болду. Баарлашуубуздун кийинки күндөрү Диана мени менен сүйлөшүүнү жакшы көрөрүн жана менин коңгуроомду чыдамсыздык менен күтөөрүн айтты. Анын бул сөзү менин жан дүйнөмдү жылытып, көздөрүмө жаш айланды. Диана менден 8 жаш кичүү болгондугуна карабастан, аны менен баарлашуу мени көп нерсеге үйрөттү деп так айта алам.

Диана

Бул чыгарылыш  «Сорос-Кыргызстан» фондунун «COVID-19 - Медиа кол кабыш»  долбоорунун колдоосу менен даярдалган. Мазмуну "Жаны жуздор" уюмунун жоопкерчилиги болуп саналат жана "Сорос-Кыргызстан" Фондунун көз карашын билдирбейт»  

 
© Новые лица, 2014–2020
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине