“Качкын детдомчу” жана “белектерди чогулткуч”: эмне үчүн азыркы балдар ушунчалык өзүмчүл келишет?

13:19, 29 Января

Жаш балдарга байланыштуу эки окуя жакында коомдук тармакта чоң уу-дуу жаратты.

Биринчи окуя 27-декабрда эле башталган. Бул күнү Facebook колдонуучу Мурат Калмырзаев анын аялы подъездде ыйлап отурган кичинекей баланы таап алганын жазган. Ал жүрөк сыздаткан окуяны айтып берген. Баланын айтымында, анын энесин энелик укуктан ажыратышкан, энеси да эки айдан бери ага келбей, ал балдар үйүнөн качып кеткен, атасы үй-бүлөсүн таштап Орусияга кетип калган, ал бир нече күндөн бери шаардын көчөлөрүндө түнөп самсып жүрөт, ачка болгонунан кар жеген. Адамды ыйлата турган окуя. Ал постту жазгандын да жүрөгүн эзген. Колдонуучулар Мурат менен кошула баланын (ал 11 жашта экен) келечегин ойлонуштура башташат. Бирок бир аз убакыттан кийин бала бардыгы жетиштүү үй-бүлөдөн экендиги, ата-энесинен качып кеткендиги белгилүү болду. Айтканы менен болуп, аны бөпөлөп баккан ата-энесине таарыныптыр - ата-энеси жаңы телефонду дароо сатып бербей создуктуруп койгон экен.

“Балдарды коргоо борбору” коомдук бирикмесинде болгон чындыкты айтып беришти. Жашы жете электердин укугун коргоо боюнча адис Фатима Алаярова журналистке буларды айтып берди: “Биз бул тармакта 20 жылдан бери иштеп келе жатабыз. Сөзсүз, кесиптин таасири болот. Биз баланы бир карап туруп эле, анын кандай бала экени так айтып бере алабыз. Алмаз – жетим эмес, бардыгы жетиштүү үй-бүлөдөн экенин дароо баамдадык. Ал акыл-эси жетик, чечкиндүү, каралып багылган бала экен. Андан сырткары анын үй-бүлөсү бар экенин көрсөткөн дагы толтура факторлор бар”. Бардыгы жаңы жылдык майрам сыяктуу жакшы аяктады, эмне кылаарын билбей сарсанаа болгон ата-энесине баланы кайтарып беришти. Бирок баары бир жүрөктүн түпкүрүндө кандайдыр бир тынчсыздануу калды. Балдарыбызга шектенүү менен карай баштадык. Алардын башында эмне ойлор болду экен?

Экинчи окуя биринчисине эч нерсеси окшош эмес сыяктуу. Бишкектин дагы бир он жаштагы тургуну укмуш амалкөйлүгүн көрсөттү. Жаңы жылдын алдында белекти сураган каты менен ал бир катар аткаминерлерге кайрылган. Бири болбосо экинчиси макул болот деген ойдо. Каттардын тексти бирдей эле: өтүп жаткан жылы ал өзүн жакшы алып жүргөнүн, жакшы окуганын айтып, Аяз атага мурдагы каты жетпей калганына кейигенин билдирген. Ар-бир катында мынтип жазган: “Атам сизди кесипкөй, интеллигенттүү жана жакшы адам дейт. Ошондуктан, эгер мүмкүнчүлүгүңүз болсо, мага жаңы жылдык белек бере аласызбы”. Жаш “политтехнолог” жаңылбаптыр, кат алгандардын бардыгы суранычын канаттандыргысы келген. КТРКнын директору Илим Карыпбеков, Маданият министри Султан Жумагулов жана Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиев сүйлөшпөстөн баланын суранычын аткарыш үчүн оюнчуктарды сатып алышкан, кийин коомдук тармакта ар-бир басма-сөз кызматтары баланын катын, анын белектерин жана жетекчилери менен кошо түшкөн сүрөттөрүн жарыялашкан. Бирок коомдук тармактын колдонуучулары бардык сүрөттөрдө бир эле бала экенин, анын каттары да бир-бирине коёндой окшоштугун жазып чыгышкан. Башкача айтканда, бала “кыйын” экен.

Акыркы окуя биринчи окуяга салыштырмалуу тамашалуудай сезилет, бирок бул бир караганда. Балдарыбыз эмне болгон, эмне үчүн алар ушундай болуп калышты? Ушунчалык өзүмчүлдүк аларда каяктан пайда болду, эмне үчүн алар өзүлөрүнөн башка эч ким тууралуу ойлонушпайт? Дегеле, азыркы балдар кандай? Эмнеге алар бизден ушунчалык айырмаланып турушат? Алар менен кантип тил табышса болот? Бул темада биз психологдор жана диний ишмерлер менен сүйлөшүүнү туура көрдүк.

“Бардык заманда улуу муундагылар жаштарды көрүп, азыркы балдар эмне деген балдар, алар таптакыр башка, дүйнө каякка баратат деп наалып келген. Бирок азыркы замандын парадоксу, учурдагы балдар чын эле таптакыр башка адамдар. Биз маданият, дүйнө жорум форматтары кескин өзгөрүп жаткан заманда жашап жатабыз. Акыркы жолу ушундай нерсе XVI кылымда болгон, бул учур Кайра жаралуу доорунун башталышы, китеп басып чыгаруу кенен кулач жайа баштаган доор катары белгилүү. Илим өнүгүп, аналитикалык, китептик аң-сезимдин жаралышы менен адамдын жаңы түрү пайда болду. Китептердин кенен жайылышы менен адамдар да китепте жазылгандай сүйлөп, ойлонуп, дүйнө да, адам да такыр башка болуп өзгөрдү. Учурда биз дагы ошол замандагыдай маданияттын кескин өзгөрүшүн башыбыздан кечирип жатабыз. Эмки доор санариптик”, - дейт “Пси чекити” Билим берүүнү психологиялык коштоо борборунун директору, психологиялык илимдердин талапкери Марина Битянова.

Битянованын пикиринде, XX кылымда жогорку билим алгандардын аң-сезиминде маалыматтар логикалык чынжыр түрүндө жайгашат. Канчалык адам билимдүү болсо, чынжырлар ошончолук узун жана татаалыраак болот. Андан сырткары ушундай чынжырды түзүп алып, биз ага өз мамилебизди аныктайбыз – өз баалуулуктарыбыз менен салыштырабыз. Ал эми балдарыбыздын аң сезими – клип түрүндөгү аң сезим. Башкача айтканда мындай адамдардын мээсинде элес, ой жана баалуулук чырмалышкан бирдиктүү объектилер жашап келет. Анын аң сезиминде ар-бир предмет же көрүнүш тууралуу кыскача түшүнүк сакталат: бул бир эле убакта эсте сакталып калган элес дагы, ага байланыштуу эмоциалар дагы, мамилелер дагы. Башкача айтканда, баалуулуктардын таасири жоголбойт, ал жөн гана башкача өзүн көрсөтөт. А биз болсо балдарды “эскиче” тарбиялаганга аракет кылып келебиз.

“Клип түрүндөгү аң-сезимдин терс жагы – анда ар-башка нерсе бир-бири менен чырмалышып, ак нерсе кара болуп калышы мүмкүн. Мындай аң-сезимде өзүңөн башка бирөөнү эске алуу өтө оор. Багыттоочу нерсе жок. Эгер сын мамиле болбосо, балдарыбыз аны байкабай да калышы ыктымал. Демек, ата-энелик тарбиянын жана да билим берүү тармагынын негизги максаты болуп сын көз карашта болууну үйрөтүп, тарбиялоо”, - деп эсептейт Марина Битянова.

Бирок негизинен балдарыбыздагы өзүмчүлдүктүн башка дагы себептери бар. Психологдордун айтымында, анын калыптанышына ата-энелердин өзүлөрү да жана акыркы жылдары керектөө психологиясына оогон коомдук жүрүм-турум да салым кылууда. Учурдагы замандын идеалдары “кызыктуу” баалуулуктарга багытталган, алар: эптүүлүк, тапкычтык, ойлонбостон бирөөнү алдаганга даярдык жана жарамдуулук. Көптөгөн психологиялык изилдөөлөр көрсөткөндөй, балдарда социалдык калыстык жана башка адамдарга жакшылык кылуу сезимдери 5-7 жашында калыптана байштайт. Андан жашыраак кезинде балдардын дээрлик бардыгы өзүмчүл болушат. А эгер 5-7 жашынан кийин баланы мурдагыдай эле бөпөлөп тарбиялай берсек (учурда биз так ушундай кылабыз), ошол эле кезде кантип алдап, бат байыса болоорун көп көрсөткөн телевизорду балдар көп көрсө, балдар “бөбөк” кезиндеги абалда катып калгансыйт. Башкалар тууралуу ойлонууга, аларга жакшылык кылууга анда муктаждык да, зарылчылык да, мүмкүнчүлүк да жок. Азыркы кезде алардын ал эмес ага-инилери да, эже-сиңдилери да болбой, бала жалгыз өсөт.

“Азыркы заманда балдар аз. Үй-бүлөлөр чакан. Ушуга байлаыштуу балдар үй-бүлөнүн борбору болуп калууда. Бардыгы балдарга, бардыгы балдар үчүн. Бир жактан караганда, бул жакшы – көп нерсе ойлонуштурулган, чечилген: бешик арабалар үчүн ыңгайлаштырылган жолдор, тепкичтер, оюн бөлмөлөрү, анан да бешик арабалардын өзүлөрү, слингдер, оюнчуктар. Башка жагынан алганда, балдар кичинейинен эле өзүмчүл керектөөчү болуп өсүүдө. Эгер алар үй-бүлөнүн кудайчасы катары чоңдордун көңүл борборунда болуп өсүп жатышса башкача жыйынтыкты күтүү мүмкүн эмес да. Үй-бүлөнүн көбүндө бир гана баласы бар Кытайда бул нерсеге өзүнчө ат ойлоп чыгарышкан – “Кичинекей император”. Бул төрөлбөй калган балдарга сүйүүнү жалгыз өзүнө топтогон балдардын муунун жакшы мүнөздөйт. Мурда Италияда төмөнкү нерсе кадыресе көрүнүш болчу: балдар – үй-бүлөнүн борбору, калгандарынын баары аларга кызмат кылышат. Бирок кийинчирээк бул көп маселелерди жаратты. Ошондуктан үй-бүлөдөгү баланын ордун так аныткаганга жардам берген үй-бүлөлүк маданиятты жандандыруу боюнча атайын институттар түзүлдү. Өлкөлөрдүн көбүндө да ушул нерселер болууда. Бардыгы балдарга, бардыгы балдар үчүн. Соода борборлорундагы дүкөндөрдун көбү – балдар үчүн. Баланын энеси өзүнө көйнөк сатып албайт, бирок баласына 300 оюнчук сатып берет”, - деп жазат белгилүү орус жазуучусу Ольга Валяева.

Бала жөнүндө кам көрүш керек, бирок чеги менен, дешет психологдор. Үстүлөрүнөн өтө эле үйрүлүп түшүү, бөпөлөп багуу бара-бара глобалдык маселеге айланышы мүмкүн, ал эми атасы, апасы, чоң ата, чоң энеси анын себепчиси болот. Үч жаштагы бала эң жөнөкөй нерселерди билбесе: бутуна тапочканы кийгенди, өзү тамак жегенди – ал буга төрт, беш, андан да улуу жашка келгенде да эч үйрөнгүсү келбейт. Бул баланын жалкоолугу эмес, маселенин тамыры тереңирээк – стимулдун жоктугунда. Адамдын өнүгүү психологиясында “Мен өзүм” деген сөз – бул өз алдынчылыкка ички умтулуунун, өзү да бир инсан экендигин көрсөтүүгө аракеттин, бир нерсени үйрөнүүгө далалаттын көрсөткүчү. Баланын ордуна бардыгын чоңдор чечип, жасай турган болушса, балага бул нерсеге умтулуунун зарылчылыгы жок, жыйынтыгында каалоосу да болбойт. Балада бир гана керектөө каалоосу калат – айланасындагылар оюнчуткарды, гаджеттерди көтөрүп алып, анын көзүн карап турушса, анан башка эмне кылат. Мына ушинтип үй-бүлөдө – инфантидүү өзүмчүл өсө баштайт. Ал эч нерсеге үйрөнгүсү келбейт, бирөөнө кам көрүүнү каалабайт, өсүп-өнүгүүгө аракет кылбайт, аны кааласа да, аны кантип кылыш керек экендигин билбейт, анткени ал каякка өсүш керектигин тандаганды да билбейт. Дайым башка бирөө анын ордуна чечим чыгарып келген да. Башкача айтканда, бул адам моралдык жактан да, психологиялык жактан да корголбогон объект. Үйдүн сыртындагы керектөөчү коомго каршы коё турган нерсеси жок. Өз алдынча чечим чыгарганды билбеген кичинекей бала, жашоонун кайсы багытында өсүп өнүгүш керектигин билбейт. Анын өз ааламы, өз каалоо-тилектери жок. Абалды байкап, талдап, бир нерсени тандоону, аракет кылууну талап кылбаган чектелген үй-бүлөлүк тар чөйрө гана бар. Ошондуктан бала “жеңил жолду” тандайт: үйдөн качып ата-энесин коркутат, аткаминерлерден белектерди сурайт, жоопкерчиликтен качат.

Мектепке даярдык боюнча талаптар да кошул-ташыл болуп, бул маселени курчутат. “Азыркы коом балдардын кичинейинен эле кыйын болуусун талап кылат. Жамааттык кызматташууну караштырбаган окуу көнүгүүлөрү же билим берүүчү оюндар менен гана баланы окутуп, үйрөтүп жатып, чоңдор баланы жалгыздыкка түртүп жатышканын аңдашпайт. Биринчи класска бара турган бала көп нерсени билиши керек, ошону үчүн анын ата-энеси биринчи кезекте баланы мектепке даярдоо менен алек болушат. Баланын окуганды, санаганды, жазганды, эсептегенди билишин каалашат, мектепке чейинки баланын өсүшү үчүн башкы нерсе – ойноп дүйнө таануу экендигин унутушат. Бала так ошол оюндун негизинде өзүн ар кайсы ролдорго коюп көрүп, башкалар менен мамиле куруп дүйнөнү тааныйт. Биз болсо, азыркы чөйрөнүн коркунучтугун айтып, балага теңтуштары менен ойногонго тыюу салабыз”, - дейт билим берүү тутумунун усулчусу Ольга Чеховская.

Ата-энелери эмне кылышы керек? Жооп, чынында, жөпжөнөкөй. Жок, биз замандын бардык маселелерин чече алган идеалдуу ата-эне боло албайбыз. Бирок балдарыбызга аз да болсо жардам бергенге жарайбыз.

“Жакында эле болгон совет заманында да ата-энелер азыркыдай эле иштеп, үйгө чарчап келишчү, бирок алар балдары менен кошо, мисалы, чымчыктардын уяларын да жасаганга убакыт табышаар эле. Азыркы ата-энелер балдарынын жанында болгондору менен, рухий планда алганда, балдарынан өтө алыс. Бала менен китеп окуп, аны менен ойногонго караганда, балага телевизорду же компьютерди иштетип берген жеңилирээк. Сенсиз да менде толтура иштер бар дегенсип. Ооба, ызы-чуусу көп азыркы заманда адам баласы катуу чарчайт, бирок жаныбызда коргоосуз калган балабызга жок дегенде бир мүнөт убакыт табышыбыз керек. Иштин бардыгын жылдырып, баланы компьютердик оюндан алаксытып, анын жашоосу, ойлогон ойлору менен кызыгып, зарылчылык болсо өз кеңештерибизди айтып, ага колдоо көрсөтүшүбүз зарыл. Анан... коё беришибиз керек. Азыркы дүйнө менен мамиле курганды үйрөнсүн. Биз анын ордуна жашай албайбыз, өтө эле бөпөлөп турбашыбыз керек, жардам беришибиз абзел. Көңүл буруу менен бөпөлөөнүн ортосунда чоң айырмачылык бар”, - дейт православдык поп отец Александр. Бул маселеге ислам дини да, христиан дини да бирдей карайт. “Биз балдарга азыраак тарбия берип, аларды көбүрөөк бөпөлөп бага турган болдук. Бирок табигат боштукту жактырбайт, эгер биз балабызды тарбиялагыбыз келбесе, биздин ордубузга башка бирөө келет. Же болбосо балдар бизге жакпаган нерсени кыла башташат. Эгер биз аларды окутуп, үйрөтпөсөк алар бул дүйнөнүн ар-түрдүү азгырыктарына азгырылып кетиши мүмкүн”, - дейт Кыргызстандын муфтийи Максат Токтомушев. Балким, алар туура айтышат. Азыркы балдар анчалык деле кескин айырмаланышпайт. Бир гана аларга көбүрөк түшүнүү, акылмандык мамиле керек. Бизден. Ата-энелерден.

Даярдаган Светлана Бегунова 

© Новые лица, 2014–2018
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине