Улуу курактагы кемпайлар туурасында...

13:18, 29 Января 2015

Эгер бөбөктү кошунасы,классташы, бейтааныш таарынтып койсо, ал дайыма ата-энесине арызданып бара алат. Бирок, эгер ата-энеси өздөрү же башка туугандары зомбулуктун булагы болсо эмне кылуу керек?

Өлкөдө жыл сайын, расмий эмес маалыматтар боюнча миңдеген балдар өз ата-энеси менен туугандары тарабынан олуттуу зомбулукка дуушар болушат, жана алардын бир бөлүгү ден соолугунан  бир топ жабыр тартышат, керек болсо  майып болгонго чейин жетет. Толук кандуу статистиканы эч ким билбейт,  бизде шыпырындыны үйдөн чыгарбай көнгөнбүз да. Эгер бала ооруканага жатып калбаса, анда анын тагдыры туурасында кеңири коомчулукка белгилүү болбойт.

Бирок, коомчулукка берилген фактылар да аны солк эттирди.

Ата-энеси ажырашып кетип, баланы туугандарыныкына таштап кеткен, аны агасы сабап, зордуктан, ал эми жеңеси ал ур-токмокко аралашкан 2 жашар бала туурасындагы январь окуясы дагы эле кыргызстандыктардын үрөйүн учуруп келет. Бала дагы эле өлүм менен өмүрдүн ортосунда, анын өмүрү үчүн дарыгерлер күрөшүп жатышат.

Бир ай мурда, декабрда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Марат Калиев 2014-жылдын 9 айы үчүн отчет берген эле. Министрдин сөздөрү төбө чачты тик тургузат: «Ош область аралык балдар ооруканасында жыныс органдарынын төмөнкү бөлүгүнөн  жаракат алган 7 жаштагы кыз жаткан. Бул сексуалдык зомбулуктун белгилери.  Арткы тешигинин айрылган жана кан толгон жарааты менен 7 жаштагы бала келип жатты. Ал эми Ысык-Көл областында болсо, ар кандай жаракаттары менен 2 жаштагы бала жаткан учур катталган.  Бул жаракаттарды биологиялык энеси келтирген».

Өз атасы кескилеп, зордуктап салган үч жашар кыз туурасында эч ким унута элек, ал эми кыздын апасы бул желмогузду жашырып,жада калса коргогонго аракет кылгандыгы шаабай суудурат. Азыркы учурда зордукчул түрмөдө отурат, кыз менен анын энеси кайда экенин дарыгерлер да, социалдык кызматкерлер да билишпейт. 45 жаштагы тууганы тарабынан сабалып, майыптуулук алган 1,5 жашар кыз, энеси төрөп туруп, аңга салып  жана таштар менен көөмп салууга аракет кылган н жаңы төрөлгөн ымыркай – мына, бүгүнкү чындык ушу. Белгилей кетүү керек – бул мөңгүнүн чокусу гана.

Балдарга карата зомбулук кайдан алынат? Психологдордун айтуусу боюнча, биринчиден – өздөрүнүн бала чагынан. Бала кезинде өзү ур-токмокко көп кабылган балдардын 70% көбү өз үй-бүлөсүндө да зордукчул болуп чыга келишет.  
Экинчиден – үй-бүлөнүн төмөнкү социалдык абалы, жакырчылык, өз аракеттерине туура баа берүүнүн жоктугу. 

Үчүнчүдөн – ичимдик. Статистикалык маалыматтар боюнча, балдарга карата болгон зомбулуктун 83% ашыгы ичимдиктин же баңги заттарынын таасири алдында болот.

Төртүнчүдөн – өзүнүн жазасыз калаарын сезүү, алсыз жана өзүнө көз карандысыз балдардын үстүнөн болгон бийлик. Көп учурда тигил же бул мааниде жолу болбой калган адамдар өздөрүнүн психологиялык көйгөйлөрүн ушул жол менен чечүүгө аракет кылышат. Ал эми мындай жүрүш турушун ата-энелердин  70% көбү мунун баары баланын өзү үчүн – тарбиялык максатта жасалып жаткандыгын айтышат. 

Кризистик психолог Михаил Хасьминскийзордукчулдун  өздүгү  туурасында мындай пикирде:

- Адамда адамдык да, айбандык да башталыш бар. Адам өз жашоосунун маңызын түшүнө алат жана ага жетишүүгө умтулат, өзүн өзү өнүктүрөт. Бул – бизди айбандардан өзгөчөлөнтүп турган мүнөздөмөлөр. Айбандык башталыш – бул чоңураак бөлүк алууну эңсөө, бийликке, чоңураак аймакка, көбүрөөк тамакка, өз сезимдерин канааттандырууга болгон каалоо.

Эгер көп кылымдар бою бир адам бир нерсеге жетишүүгө аракет кылып келсе, так ошол адамдык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен аракет кылса, башкалар  үчүн бул өтө кыйындыкка турат. Аларда дайым эле  жогорку деңгээлдеги акыл боло бербейт, руханий дүйнөсү өтө жакыр, адамзаттын жашоосунун маңызын толук түшүнө бербейт, бирок орой кара күч бар, анын көз карашы боюнча аны колдонуп көп нерсеге жетишүүгө болот. Эгер  өзү теңдүүлөргө алы жетпесе, анда өз зордугун  балага өткөрөт, анан,бала анын көзүнө канчалык көп урунган сайын, ошончо жаман.

Көпчүлүк учурда зордукчул акылы жагынан кичинекей балага окшош. Анын каалоосу да, аны чечүү ыкмалары да баланыкындай («келе, анан болду», «алышым керек, анан бүттү»), башкалардын каалоосу эске алынбайт, өзүмчүлдүк, жаңжалдуулук кошулат. Адамдын ички жан дүйнөсү өспөйт, анын өнүгүүсү токтоп калат, ал улуу курактагы психологиялык кемпай болуп кала берет. Мен так ушул сөздү туура келет деп эсептейм.

Курагы өткөн сайын адам улам жогорку деңгээлге жетип, маселелерди чечүүнүн жеңил  ыкмалары татаалдарга алмашышы керек. Бирок, алар көп учурда кетпей эле, тескерисинче, бекемдей берээрин азыр байкап жатабыз. 

Азыр коомдо зомбулук барган сайын күчөй баштады. Адамдардын  «айбандашуусу» жүрүп жаткандай. Телевидение, жарнамалар аркылуу үй-бүлө институтунун талкаланышы менен элдин ичимдикке берилиши аркылуу.Ооба, технология өсүп жатат. Бирок, адам майдаланып баратат. Өтө тездик менен майдалангандыктан, зомбулукка баш койгон адамдардын саны да тездик менен өсүүдө. Мунун баары, руханий жана интеллектуалдык нерсенин баары жоголуп, маданият айрымдардын гана энчисине туш келип, ал эми айбандык сезимдер жеңип чыгып, башкарып жатат.

Бирок, адамдын үстүнөн зомбулук жасоо, анан калса, балага зомбулук көргөзүү – бул сенин чектелген акмак экендигиңдин белгиси, сен бузукусуң, сенде көйгөй деген толтура, адамды эч нерсе менен кызыктыра албайсың, башкалар чечип жаткан маселелерди дипломатиялык жол менен чече албайсың. Ар бир зордукчул  өзүнүн таштанды экенин түшүнүшү керек.

- Зордукчулдардын баары психологиялык жактан оорулуубу?

- Чын эле психологиялык жактан жабыркаган адамдар бар, алар өздөрүн көзөмөлдөй албай калышат. Алардын  өз сезимдерин, өз ишмердүүлүгүн ж.б.  башкаруу жөндөмү жоголгон. Бирок, зомбулуктун басымдуу бөлүгүндө аларды оорукчан адамдар деп атаганга болбойт. Алар бул кылмышты  билип туруп жасашат, эмне кылып жатканын эң сонун түшүнүп турушат. Бул – алардын кылган иши үчүн жооп берүүчү учур келгенде айкын эле көрүнүп калат. Алардын «оорукчандыгы» дароо жоголот. 

Зордукчулдардын көбү – коркоктор. Күч менен башка адамды басып салууга мүмкүн экендигин билген адам, башка бирөөнүн алдында басылып калуудан өтө коркот. Мисалы, үй-бүлөлүк жаңжалда милиция келген учурда, жаңжал салып жаткан зөөкүр заматтын ортосунда мусаапыр болуп чыга келет: «Мен эч нерсе кылган жокмун. урбайсыңарбы». Ал бир мүнөт мурда эле «баатыр» болуп жатпады беле, эми эмнеден коркуп жатат? Ал зомбулук деген эмне экенин билет, ошондуктан, курмандык болуудан коркот. Анын бул коркоктугу патологиялык, өзүн дароо көргөзөт

- Аларды кайра тарбиялап чыгуунун мааниси барбы?

- Мындай адамдардын көпчүлүгү – жалкоолор жана өзүмчүлдөр, алар эч нерсе жасагысы келбейт. Алар, өздөрүн бир кудай сезишип, баары ага жагалданышы керек деп эсептейт. Кээде, алардын кызыкчылыгы тиешелүү деңгээлде өөрчүбөй калган учурлар да кездешет, бирок, буга да өзүнүн чектелген мүмкүнчүлүгү күнөөлүү. 

Зордукчул өзүнүн зыян келтирип жатканын көрбөйт. Анын кемчилиги мына ушунда. Кээде себепсиз эле уруп, сабап жаткан балдарда агрессия топтоло баштайт, мындай балдар бүгүнкү күнү аз эмес. Алар – башка адамды басынтуу – маселени чечүүнүн жалгыз жолу деп эсептешет. Адам өзүнүн башына балээни  өзү эле үйүп алат. Эң  коркунучтуусу, зомбулук өтө тездик менен жайылып бара жатат. Атасы апасын сабайт, кийин алардын уулу карындашын сабайт, андан кийин өз аялын, кызы – өз балдарын ж.б.Зомбулук кар күрткүсү сымал топтоло  берет, ал чоңойуп, көбөйөт. Ал эми бул үчүн жоопкерчилик – баарына ушул жолду ачып берген адамда жатат. 


«Чыгуучу жол барбы?», - деп сурадык башка  эксперт, Анвар Сейитовдон.

- Нравалык баалуулуктарсыз кырдаал өзгөрбөйт. Анан жазасыз калуу эреже болбошу керек. Жазасыз калууну кандай болгон күнү да токтотуу керек, желмогуздардын башка мууну жаралгыча коом жалпы аракет кылышы керек.

Эл аралык уюмдар чакырыктарды чыгарып жатышат, анда балдарга болгон зомбулукту токтотууга үндөшкөн. Ал эми интернетте балдарга болгон зомбулук үчүн жазаны күчөтүүгө кол топтоп жатышат, алар балдарга сексуалдык жактан мазактагандыгы үчүн химиялык бычып салууну, өлүм жазасын киргизүүнү сунуштап жатышат.

«Медициналык тез жардамдын балдар ооруканасынын башкы дарыгери Талант Өмүрбековдун сөзү боюнча,  2014-жылы мекеме аркылуу  мыкаачылык мамиленин белгиси менен 52 бала өткөн, анын жетөө сексуалдык мазактоого дуушар болушкан.  2013-жылы  47 жашы жете элек балдар келип жаткан, анын ичинде үч сексуалдык зомбулук катталган. 2015-жылы экинчи учур катталып жатат. Булардын саны жыл сайын көбөйүп келе жатат», - деп жазылат петицияда. Кол чогултулып бүткөндөн  кийин Жогорку Кеңешке  жана республиканын президентине жөнөтүлөт. Ички иштер министри бул ишти жеке көзөмөлүнө алды, мамлекет башчысы да таасирденди. Бирок, кандай алып караганда да бул нерселердин юридикалык күчү жок.

Ал эми азырынча 3-балдар ооруканасынын  администрациясына жана дарыгер  Альберт  Каргалицкийге прокуратурага  доо арызын жазышты. Бул  медициналык мекеменин башкы дарыгеринин орун басары Гульнара Джанабилова белгилегендей, укук коргоочулар медиктердин сүрөтүн беришип, тележурналисттерге үрөй учурган видеону тартууга жол бергени үчүн нааразы болуп жатышыптыр. Б.а. Сот алдында канчалаган баланы тигил дүйнөдөн сууруп чыгып  жаткан медик, коомчулуктун көңүлүн мындай мыкаачылыкка бурууга аракет кылган медик турат экен. Эркиндиктин баасы ушундайбы? Же биз башка жакка жанталашып жатабызбы?

Даярдаган Айгуль Токобаева

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине