Эмнеге балдар тил алышпайт?

11:38, 18 Марта 2015

Тил албаган бала... Бул маселе менен эртеби кечби ар бир ата-эне беттешет. Эмне себептен балдар ата-энесинин берген кеңештерин жана айткандарын угууну каалабайт? Уулуңуз же кызыңыз сиздин аткандарыңызга көңүл кош  мамиле кылса, эмне аракет көрүү керек? Кээде үлгүлүү жүрүүнү өтүнгөндөн такыр эле пайда чыкпаганда, айлаң кетип калат. Бөбөк таарынып, ыйлап, керек болсо долуланып кирет. 

Алгач ар бир кулак салбоонун артында, өзүнүн себептери бар экендигин билишибиз керек. Эгерде бала энесинин айткандарын кулак сыртынан кое берип, тескерисинче, атасын сөзүн эки  кылбаса, анда кетип баары энесинин баарлашуусунда. Балким атасы бул багытта ийгиликтүү иш алып барат. Ал энесине салыштырмалуу көтөрүмдүү жана бөбөк үчүн жөнөкөй, түшүнүктүүдүр. Мисалы, кандайдыр бир себептерден улам энеси таң эртеден баштап кыжырданып турса, анын кесепети айлана-чөйрөгө керек болсо баласына чейин жетет. Ал күнү бөбөк башка күндөргө караганда, көбүрөөк тыйуу алат. Мурда көнүмүш болгон калоолорунун ордуна дароо «болбойт» дегенди угуу наристенин аң-сезиминде түшүнбөстүктү жаратат. Ички нааразычылык күч алат. Бирок дайыма эле мындай боло бербейт. Кээде бала жөн гана «өзбилемдике» салат. 

Дүйнө жүзүнө таанымал педагог Антон Макаренко баланын тартибине өтө чоң көңул бөлгөн. Анын ою боюнча, тартип кандайдыр бир тарбия ченемдери менен жаралбайт. Бул түшүнүктө тартип себеп, ыкма, туура тарбия эмес эле, анын жыйынтыгы болуп калат». Ошол себептен, бул маселеге жалпылап маани берүү керек. Кокус бала тил албаса, анда үй- бүлөөдөгү абалга, ага жүктөлгөн милдеттерин, жоро жолдошторунун таасирин, улууларды болгон мамилесине көңүл болуу абзел. Мына ушундай мүчүлүштүктөрдү териштирип бүткөн соң гана тартипти калыбына келтирүү боюнча иш баштаса болот. Макаренко бир нече жолу баланын башынан туура тарбиялоо керек, антпесе каталардын үстүнөн иштөө алда канча оор болуп калат деп жазган. 

Дагы бир нерсени унутпоо керек- бала бул кичинекей адам. Өзүнүн калоо дана кызыкчылыктары бар. Ал сиздин көчүрмөңүз эмес. Ал сизди капалантуу үчүн айткандарыңызды укпайт эмес, жөн гана ага төп келбеген нерселер орун алышы мүмкүн. Жакпайт деп оз оюнда туруп алат. Ал макул эместигин көрсөтө берет. Сиздин ата-эне катары милдетиңиз, эмне себептен ага жакпаарын сурап билүү. Ал учурда сиз үнуңүздү жогорулатпай, бир калыпта, коркутуп, үркүтпөй сүйлөшүүңүз. 

Көп учурда энелер, бала баарын өзү түшүнүп, билип алчудай мамиле кылышат. Андай маалда бала каршылыгын көрсөтсө, күч колдонуп, оройлугун көрсөтүшөт. Бала дал ушундай учурда күнөөлүбү? 

Тил албоонун артында тарбиялоодогу пикир келишпестиктер жатат. Ал жыйыктык жана мисалдарда. Буга чоң көңүл болуу керек. Мисалга өзүңүз телевизорду жандырып алып тамактанасыз да, балаңызды ошол эле учурда алдына коюлган табакты карашын талап кыласыз. Жолду жашыл күйгөндө гана от деп кайталап жатып, көп учурда кызыл күйгөндө чуркаган бойдон жөнөйсүз. Компьютер көздү бузат деп коюп, бош убактыңызды колуңуздан келишинче экранды тиктеп отурасыз. Бала анын баарын байкап, түшүнбөстүккө алып келет: сиз айткандарды угушу керекпи де сиз жасагандарды кайталаш керекпи? 

 Кээде уул, кыздарыңыз эч кандай себеби жок деле апасынын тилин укпай коет. Анын менен алар өзүнүн эркин машыктырып, кызыкчылыгын коргой ала тургандыгын ачыктайт. Сиз чындап эле эркеңиздин сиз (кичирээк кезинде) жана кийинчерээк  башкалар башкарган тил алчаак куурчакка айланып алышын каалайсызбы? Бул абалда эмне кылуу керек? Ойноо. Сиз каалаган нерсени оюнда айлантуу. Жандуу көз караш балдарды кызыктырат эмеспи. Үйгө шашып жатсаңыз ага ракета болууну сунуштаңыз. Ракета бат учат демек бөбөк дагы бат чуркаш керек. Ал эми ракета бат учуш үчүн ага күйүүчү май керек (бөбөктү да тез тамактандыруу керек) жана башка ушундай сыяктуу. Кээде балага бир аз көңүл жетишпейт. 

 Айта кетсек, адистерди тил албаган бөбөктөрдүн ата-энелери көп кейибейт, тескерисинче айткан сөзүн эки кылбаган, ата-эненин эркинен чыга албагандарга кабатырлантат. Оор же бейтааныш учурда алар тың болуштун ордуна, өздөрүн жоготуп, кайсалактап калышат. Үй- бүлөөдө көп билинбегени менен, сыртка чыкканда өздөрүнүн башка  чөйрөгө ылайыкташа албагандыгын көрсөтүп, бир күн экинчисине окшош, каардуу тартип ее муктаждыгы билинет. 

«Жакшы уул, кыздар эч качан ачууланбайт, ата-эненин каардануусуна толук баш  ийип, терс эмоциялары жоголот. Аларды бала чагынан  ата-эненин жана башкалардын «тынчын алба», «маселе жаратпа», «капалантпа» деп үйрөтүп коюшат.  Катаал шартта тарбиялангандар терс эмоциялары менен катар күнүмдүк шайырдуулугун жоготушат. Алар кубангандыгы билбейт, ошол себептен керек болсо өзүнүн туулган күнүндө өзүн жакшы сезбейт. 

 Таалим тарбиянын ыкмасы бөбөктүн тил алуусунун даражасын калыптайт. Аталар гана эмес, энелер да колдонуп келген авторитардык ыкма, наристенин эркин басат. Баланы күчүктү үйрөткөндөй эле кылышат. Башкача айтканда, буйрукту кайра-кайра каталатып, аткаруунун ылдамдыгын күчөтүп, анын өз алдынча ойлоосуна убакыт да калтырышпайт. Билим берүүдөгү мисалдарга негизинен ошондой эле ыкма колдонулат- эгер түшүнбөсөң, эмне кызык, кызык эмес деп отурбай баарын аткар. 

 Ал эми демократиялык ыкма тескерисинче, баланын катышуусун, анын үнүн угууну кепил кылат. Албетте, айрым бир сөздөр баланын милдетине кирбейт чыгар бирок ата-эне менен баланын ортосунда буйрук менен эмес, сүйлошүү аркылуу мамиле курулат. 

Аралашкан ыкманы да байкаса болот, мисалы кээде «мыкты» бошоңдотконсуп, кээде тескерисинче, кара бурап дегендей. Балдар бат ылайыкташып, тартипке салганча ээн-эркин жашай беришет. 

 Үй-бүлөөлөрдүн баарында эле бирдей ыкма болбосо да, жалпы кеңештерди кармоого аракеттениш зарыл. Аларды психолог Наталья Будянская түшүндүрөт : 

·  Бала эмнеге уруксаат, эмнеге жок экендигин билиш керек. 

·  Бөбөктөр эркиндикти каалашат деген ой жаңылыштуу. Алар жок жана уруксаат деп айта алган абройлуу адамдарды издешет. 

·  Үй-бүлөөдө так эрежелер орун алып, аны баары аткарышы зарыл.

·  Эрежени бузган бала милдеттүү түрдө жазаланаарын билиши зарыл. Жаза асмандан кулап түшкөндөй эмес, тартип бузуу болгондо гана колдонулушу керек.

·   Туура эмес кадамдарын гана колдобош керек. Айрым ата-энелер тартиби начар болсо балдары менен сүйлөшпөй коюшат. Бул туура эмес. Жазалап, бирок адам катары көңүл бөлбөй коюуу туура эмес.

·  Тил алганын кааласаңыз, өзүңүзгө суроо бериңиз: «Мен каалагандай болуу ушунчалык маанилүүбү?» Баардыгы өз ыгы менен жүрүп жатат, демек ашыкча кыжырданууга себеп жок. Бөбөк аны дароо байкайт да сизге таарынганын коет. Жомоктогудай сиз каалаган мүдөөңүз канааттана баштайт. 

 Жыйынтык катары: эгерде балаңыз тил укпаса, бул нерсеге түрткөн себептери табыш керек. Андан ары мындай абалды оңдоо зарыл. Баланын кызыкчылыгын жана сезимин эсепке алып, «күрөшүү ыкмалары» кескин каршылыкты жаратпашын ойлоңуз. 

Бала эмне жакшы, эмне жаман экендигин ачык айкын айырмалоосу зарыл. Аны менен катар эркиндик жана өз алдынчалуулук баланын мүнөзүндө орун алышы керек. Сиздин балаңыз эркин жана тартиптуу болсун! 

Даярдаган  Мария Никитина


 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине