«Жаштар үйүнүн» хроникалары: Дени сак амбициялар, жогорку максаттар, эр жүрөк кыялдар

09:56, 23 Апреля

Жакынкы убактан бери, балдар үйлөрүнүн жана интернаттардын бүтүрүүчүлөрү үчүн түнөк боло алган «Жаштар үйлөрү» иштей баштады.  25 жаштагы активист Игорь Беляев дагы өз кыялын ишке ашырды.  Балдар үйлөрүнүн башка бүтүрүүчүлөрүндөй эле, Краснореченск балдар үйүн аяктаган соң, Игорь дагы тогузунчу классты бүткөндөн кийн жашаганга жер табуу көйгөүнө туш болгон. Башкалардай эле, ал дагы 16 жашында өз алдынча жашоону баштоого аргасыз болгон. Дал ошондо ал балдар үйүнөн чыккандар канчалык деңгээлде коргоого муктаж экендигин көргөн.

Бул жылдар бою Игорь жетим балдардын колдоосуна багытталган кайрымдуулук жана социалдык-коомдук ишмердүүлүк менен алектенип келет. «Жаштар үйү» долбоорун ишке ашыруу үчүн Игорь 2017-жылдан бери алышып келген.  Биздин редакция Игорьду башынан тарта колдоп келген, биз бирге өлкө жетекчилигине каттарды жазып, мамлекеттик аткаминерлер менен сүйлөшүүлөргө бирге барып жүргөнбүз.  Бирок бийликтегилердин бири дагы жаш активисттин идеясын чындап колдогон эмес.  Ошондуктан долбоордун жүзөгө ашырылышын Игорь жалгыз баштаган.  Анын аракетчилдигинин арты менен, тогуз ай убакыттан бери балдар үчүн жана алты айдан бери кыздар үчүн «Жаштар үйү» иштеп келет.

Бүгүн биз «Жаштар үйү» хроникалары» нускасын ачып,  жаш балдар кандай көйгөйлөргө туш болуп,  өз алдынча жашоого кантип көнүп жаткандыгы тууралуу айтып бермекчибиз.

Таанышуу

Бишкектин четинде жайгашкан «Жетим балдардын укуктарын коргоо» коомдук фонду тарабынан ижарага алынып жаткан чоң үйдө сегиз кыз жашайт. Кыздардын баары ЖОЖдордо жана колледждерде билим алышат.  Алардын ар биринин ой-максаттары жана кыялдары бар. Жана алардын жүзөгө ашыруунун алгачкы кадамдарын алар «Жаштар үйүндө» жашаганы аркылуу жүргүзүп жатышат.  Долбоордун ар бир катышуучусу менен таанышууну сунуштайбыз.

Роза, 18 жашта.  КЭДИС ( Экономика, дизайн жана маалымат системалары колледжинде) модельер-дизайнердин кесиби боюнча билим алат. Роз а- Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн бүтүрүүчүсү, 9- классты «мыкты» деген баага аяктаган.  Жакынкы 7 жыл аралыгында өзүн студент катары көрөт, анткени жогорку билим алууну пландайт. Розанын кыялы- психолог болуу. «Менин колумдан эң мыкты келген нерсе- бул окуу»,-деп айтат ал.

Наристе, 18 жашта. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде  Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинде билим алат.  Панфилов балдар-интернатынын бүтүрүүчүсү, келечекте өзүн мамлекеттик же муниципалдык кызматкер катары көрөт. «Мени мамлекеттик башкаруу кызыктыргандыктан, ушул кесипти тандадым. Айланамдагылар менин лидерлик сапаттарым бар жана мен артымдан адамдарды ээрчите алам деп эсептешет»,-дейт Наристе. Анын  баамында, мамлекеттик кызматкер үчүн башкы нерсе- бул алдабаган, тартиптүү адам болуу. Ал ошондой эле ал туура жана жакшы сүйлөгөндү билиши керек.

Наристе «Жаштар үйү» ага окшогон кыздарга билим алууга жардам берди дейт. Алар ошондой эле медициналык кароолордон тез-тез өтүп, ден-соолугуна да кам көрүшөт, андан сырткары, Коомдук фонд аларга күнүмдүк жол кире чыгашаларына стипендия берип турат.

Жазгүл жакында 18ге чыгат.  Ал Ысык-Көл облусунан келген.  КЭДИСте програмисттин окуусун окуйт.  Анын кесиби бар, ал №91 училищеден балдар диеталык тамак-ашынын ашпозчусунун окуусун окуп бүтүргөн.

«Мен жашоодо көптөгөн кыйынчылыктарды көрүп, аларды жеңдим. Эми болсо жашоо мен үчүн кудум жол чырактын  жашыл түсү жангандай эле көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатат. Жашоодо плюстар али көп болот деп ишенем»,-дейт Жазгүл.

Айпери, 18 жашта. Колледжде «Экономика жана бухгалтердик эсеп» факультетинде билим алат.

«Жашоодо максаттарым көп, башка мамлекеттерди көргүм келет, балким, чет жерде иштейм. Ал үчүн англис тилин окуп жатам жана кытай тилин окууну да көздөөдөмүн»,-дейт Айпери.

Амина, 18 жашта. Панфилов балдар-интернатынын бүтүрүүчүсү.  «Ататүрк» университетинде  түрк жана англис тилдеринин котормочусунун кесиби боюнча билим алат.

«Долбоорго катышканыма абдан кубанычтамын, анткени бул жерде биздин жакшы окушубузга мыкты шарттар түзүлгөн.  Ал эми сен бүт бош убакытыңды окууга арнай алганың абдан маанилүү»,-дейт Амина.

Элиза, 18 жашта, Медициналык колледжде бюджеттик негизде окуп, стипендия да алып турат.

«Эгерде мен «Жаштар үйүнө» туш болбогонумда, жатаканада жашамакмын.  Ал жерде шарттар анча жакшы эмес, анын үстүнө кооптуу дагы, анткени балдар келип, өздөрүн начар алып жүрүшөт»,-деп айтат Элиза. 

Гулиза, 18 жашта. Талас облусунун Чалдыбар мектеп-интернатынын бүтүрүүчүсү.  Колледжде программисттин окуусун окуйт.

«Эгерде мен долбоорго катышпаганымда, чач-тарачтын же маникүр жасоо боюнча окууну окуп, ал боюнча иштеп же турмушка чыгып кетет элем. Ал эми мында болсо мен ал жөндө ойлобостон окуп, өзүмдүн аракеттеримди жүзөгө ашыра алам. Адегенде бутума туруп алып, анан үй-бүлө кургум келет»,-дейт Гулиза.

Эскерүүлөр

Кыздардын артында- Кыргызстандын мектеп-интернаттарында өткөргөн жылдар калды. Алардын эсинде жакшы да, жаман да нерселер калды. Биз алар менен бөлүшүүнү сурандык.

«Балдар үйлөрүндөгү балдарга эң жетишпеген нерсе- бул энелик сүйүү жана камкоордук.  Албетте, тарбиясылар балдарга көңүл бурууга аркет кылышат, бирок бул нерсе энелик сүйүүдөн айрымаланат,- дейт Роза. Балдар үйү менен байланышкан эң жылуу элестер- бул алма бак.  Жазында мен бакка чыгып алып, көк алмаларды жечүмүн. Бул эң жылуу жана бактылуу учурлар болгон».

Наристе өз ою менен бөлүшөтг: «Балдар үйлөрүндө мыкаачылык бар. Ал жакта өсүп жаткан балдар жана кыздар бул мыкаачылыкты көрүп, өздөрү да ошондой болуп калышат.  Балдар үйүнүн атмосферасы суук, аны өзгөртүү мүмкүн эмес».

Жылмайган Жазгүл дагы өз элестери менен бөлүштү: «Эң бактылуу учурлар- бул мен майрам учурунда сахнада ырдап, бийлегендерим болчу, анда мен хордун солисти элем.  Ал эми Кыргызстандын балдар үйлөрүнүн эң чоң көйгөйү- бул кээ бирлериндеги өтө начар тамактануу. Балдар таттууларды көрүшпөйт, жаңы жашылча-жемиштерди, этти жешпейт.  Жана албетте, тарбиячылар тарабынан сүйүү жана мээрим жетишпейт».

18 жаштагы Амина үчүн эң жагымсыз учур- интернаттагы биринчи күн болгон. «Бир мугалим мага «Бул жерде эрежелер ушундай, көн!» деп кыйкырган.  Андай болоорун мен күткөн эмесмин,-дейт селки.  –Ал эми бала кездеги эң бактылуу учур, жумасына алтыдан кем эмес беш алган күндөр болгон. Мен дайыма жакшы окуп, күндөлүктү тыкан толтурчумун».

«Биздин шарттарыбыз өтө начар болчу, тамак начар, душ жок, жумасына болгону эки жолу мончо жагылчы. Дааратканада жуунуга туура келчү»,-деп эскерет Гүлиза.

Аёо жана негатив жөнүндө

Айланадагылар кыздар балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү экендигин билгенде алар ар кандай реакцияга туш болушат.

«Негизинен бизди аяшат. «Ой, ал балдар үйүнөн, аны аяоо керек»,- алардын алдында жан дүйнөсү жараланган бала тургандай көрүшөт. Чындыгында бул дайыма эле андй эмес.  Көпчүлүк учурда, балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү- бул күчтүү адамдар.  Аларды аяп, аларга аянычтуу карашканы жакпайт.  Биз, балдар үйлөрүнүн жана интернаттарынын бүтүрүүчүлөрү, башкалар сыяктуу элебиз, бизге да тең мамиле болсо дейбиз»,-деп түшүндүрөт Наристе.

Аны Роза дагы кайталайт: «Кээ бир үй-бүлөсү бар балдарга караганда, балдар үйүнүн кээ бир балдары өз алдынча жашоого жакшы даярданган, алар үчүн ал жеңилирээк болот.  Балдар үйүндө бизде тамак-аш жасоо, тигүү курстары бар болчу, тогузунчу классты аяктаганча чейин мен төрт билим алгам, ал эми бешинчиси бул аттестат. Мен өз алдынча жашап кете алмакмын, бирок баардык эле балдар андай эмес.  Эстеп кала албаган же жаңы шарттарга көнө албаган балдар бар.  Жашоого ар кандай көз караштары бар ар кандай балдар бар.  Аларга айоо эмес, колдоо керек деп ойлойм.  Алар жаман эмес, жакшы нерсеге умтулушу үчүн мүмкүнчүлүк керек».

«Балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн шыгы бар, бирок окууну улантууга мүмкүнчүлүгү жок болуп калган учурлар абдан көп.  Алардын окуусун төлөп берген демөөрчү табылып калганы жакшы, бирок көпчүлүк учурда андай болбойт.  Ошондуктан көпчүлүк адегенде иштеп акча таап, андан кийин гана ЖОЖго тапшырат.  Бирок көпчүлүк учурда алар аракет кылып, кийин ийгиликке жетишет»,-дейт Жазгүл.

«Балдар үйлөрүндөгү балдар тарбиясы жок, бузулган жана жаман деген стереотип бар.  Чындыгында ал жактагы балдардын баардыгы эле жакшы, жөн гана алардын иштери алар пландагандай болбой калат.  Кыздар эрте турмушка чыгып, бала төрөп, анан алардын өз жашоосу начар болгондуктан балдарын таштап кеткен учурлар болот.  Мына ушул чоң көйгөй.  Бүтүрүүчүлөргө Игорь Беляев сыяктуу жардам берүү керек»,-дейт Айпери. Мен интернаттын бүтүрүүчүсү экениме шектенүү менен карагандарга көңүл деле бурбайм.  Адам ага ишенбей мамиле кылып, тиешкендерден мыкты болуу үчүн окуп өнүгүшү керек». 

Мамлекет балдар үйлөрүндө эмнени өзгөртүшү керек?

Кыздардын айтымында, мамлекет балдар үйлөрүндө жана интернаттарда тарбиялангандарга жетиштүү деңгээлде көңүл бурбайт. Айта кетсек, бүгүнкү күндө Кыргызстанда  ата-энесинин камкордугунан ажыраган 14 миң бала жашайт.

Мамлекет балдар үйлөрүнүн жана интернаттарынын системасында эмнени өзгөртүшү керегктиги тууралуу кыздар өз ою менен бөлүшүп өтүштү.

«Мамлекет тамак-аш жана кийим-кечектерге жөн гана каражат бөлүп бербестен, балдар чындыгында кандай шарттарда жашаарына көңүл буруп, аны караса болмок. Ар бир балдар үйүнүн өз көйгөйлөрү бар. Бирок алар тууралуу эч ким билбейт.  Балдарды ар кандай курстарда окутуу зарыл.  Менин жолум болуп, тарбияланган үйдө мамлекет уюштурбаган пайдалуу курстарды Америка уюштуруп берген.  Бирок көпчүлүк башка үйлөрдө андай нерсе жок жана балдардын көпчүлүгү жашоого даяр эмес»,-дейт Роза.

Наристе ишенет: «Балдар балдар үйлөрүндө өзүн жакшы сезишин камсыздоо мүмкүн эмес.  Анткени «балдар үйү» деген аттын өзү эле баланын психикасына чоң сокку болот.  Жана ал жердин өзүнүн катаал мыйзамдары,  атмосферасы бар.  Башка адамдар балдар үйлөрүндө жалаң жетим-жесирлер, ата-энеси баш тарткан балдар тарбияланат деп ишенишет. Жана балдар өздөрүн өмүр бою ошондой сезип жүрүшөт, аны өзгөртүүгө болбойт.

Кыргызстанда ата-энеси таштап кеткен жана жетим балдар абдан көп. Жана Кыргызстан бул балдарды аларды чындап сүйүп бага турган фостердик үй-бүлөлөргө бөлүштүрүп бере турган деңгээлге жете элек.  Тилекке каршы, мамлекет Игорь Беляевдин демилгесине колдоо көрсөтпөйт.  Ал кылган иштеринин баардыгын өз күчү менен, өз алдынча гана жасап жатат.  Бирок бул көйгөй өзүнөн өзү чечилип калбайт.  Жана мамлекет аны чече башташы керек».

Башка кыздар дагы бул ойго кошулуп, мамлекет  балдар үйлөрүндө болуп жаткан жагдайды жакшы көзөмөлдөп, көңүл бурушу керек деп билдиришти.  Балдарды компьютердик сабаттулукка, тилдерге үйрөтүү абзел.

Көзөмөл

«Жаштар үйүндө» кыздар менен кезектешип бир суткадан иштеген эки социалдык кызматкер бар.  Алар кыздар канчада кетип, канчада келгенине эсеп жүргүзүп, алардын окуудагы кураторлору менен байланышып, жетишкендиктери тууралуу маалымат алып турушат. Ошодой эле  алар кыздар кезек менен тазалыкты кармап, короодогу 16 тоокту багып, короо шыпырып турушуна байкоо салышат.  Эки айым тең кесиби боюнча мугалимдер- алар кыздар менен келечек, жашоо, психология жөнүндө маектерди жүргүзүп турушат.

Балким, дал ушул айымдардын жардамы аркылуу кыздар жакынкы арада үй-бүлөө куруу тууралуу пландары жок экендиги жөнүндө айтышууда.  Алардын баардыгы адегенде билим алып, бутуна туруп, андан соң гана турмушка чыгууну каалашат.

«Мен жакынкы убакта турмушка чыгууну пландабайм.  Балдарым бир нерсеге муктаж болуп, же кыйынчылыктарга туш болушун каалабайм.  Адегенде адистикти алып, кесипке ээ болуп, андан кийин гана балалуу болууну каалайм.  Келечектеги жолдошум  жакшы кулак сала турган, мээримдүү жана өз бутуна турган адам болушу керек»,-дейт Роза. Бул тууралуу суроого башка кыздар дагы ушундай жооп беришти.

Нристе анын келечектеги жары эр жүрөк, адамгерчиликтүү, кесиби боюнча дипломат же аскер кызматкери болушун каалайт.

Перспектива тууралуу

«Жаштар үйү» долбоорунун идеясын Игорь Беляев Санкт-Петербургдагы активисттерден алган. Алар бир нече жылдан бери мындай долбоорду ишке ашырып келишет.

«Долбоордун максаты- бул кыздардын жана уландардын өз алдынча жашоого көнүшүнө жардам берүү. Биз аларга ден-соолугуна кам көрүүгө жардам берип, тез-тезден медициналык кароолорду өткөрүп, дарыгерлерди таап беребиз.  Биздин фонд демөөрчүлөрдү таап, кээ бир кыздардын жана балдардын окуусун каржылап берет. Алар жашоодо өз ордун таап, кайсы бир кесиптин ээси болушуна көмөк көрсөтөбүз»,-дейт Игорь.

Долбоордун ишенимдүү демөөрчүлөрү бар- «Той-бос» ишканасы жума сайын азык-түлүктөрдү алып келип турса, «Куликовский» кондитердик үйү  нан азыктарын, «Семейные традиции» - сүт азыктарын, Таиланддын элчилиги сүт жана жумурткаларды алып келип берип турат.

«Балдар бир нерсеге окуп, ийгиликтерге жетишүүсүн каалайбыз.  Биз аларга ар дайым мындай шарттартарды түзүп бере албайбыз, алар келечектеги ата-энелер, алардын өз үй-бүлөлөрү болот.  Адамдар кантип акча таап, үй-бүлөлүк бюджет кантип түзүлөөрүн алар түшүнүншү керек.  Жакынкы арада тигүүчү цех ачканы турабыз, ал жерде кыздар бош убагында иштеп, алгачкы акчасын таба башташат.  Ал эми балдар үчүн чакан басмакана ачып жатабыз»,-деп пландары менен бөлүшөт Игорь.

Балдар менен кыздар «Жаштар үйү» долбоорунда эки жыл гана катыша алышат.  Андан соң алар өз алдынча жумуш жана турак жай таап, өз ордун башка бүтүрүүчүлөр үчүн бошотушу керек.

«Долбоордун катышуучулары 23 жашка чейин чыкканча биз алардын жашоосуна байкоо жүргүзөбүз. Биз жетим балдарды тарбиялоо системасынын көйгөйлөрүн түшүнүп, аларды чечүүгө мамлекетке жардам көрсөтүп, тарбиячылардын каталарын жоюшубуз керек»,-дейт Игорь.

Бул арыкчырай жигит- жаңы идеялардын чыныгы генератору жана аларды ишке ашыруунун кыймылдаткычы.  Ал жоопкерчилик алуудан коркпой, балдарга колдоо көрсөтүп, алардын жашоосунда өтө маанилүү ролду ойнойт.  Ошондуктан биз бул долбоор, анын ийгиликтери жана көйгөйлөрү тууралуу такай айтып берип турабыз.  Биз  балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүн социалдаштыруудагы жаңы баскычты биргеликте изилдеп, эгерде ал ийгиликтүү болсо, аны Кыргызстандын баардык аймактарына киргизүүнү көздөйбүз.

Биздин гезиттин редакциясы Internewsтун колдоосу аркылуу «Жаштар үйүнүн хроникалары» нускасын гезиттин беттеринде жана www.nlkg.kg сайтыда алып барып турмакчы.

Лейла Саралаева

Вячеслав Оселедконун сүрөттөрү

 
© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине