Кыргызстан музейлериндеги чуулгандуу уурулук фактылары

18:11, 8 Января

КР Коопсуздук кеңеши Эсеп палатасынын маалыматтарына таянып берген отчету чоң дүң жаратты: 5 жыл аралыгында жүргүзүлгөн мүлк каттоонун жыйынтыгы боюнча, музейлердин фондунан жүздөгөн экспонаттар жоголгон экен, алардын ичинде баасыз табериктер да бар! Мындай нерсе көп жылдан бери байкалып келген, бирок эч ким жоопкерчиликке тартылбаптыр...

Жоголгон алтын кимдин чөнтөгүнө түштү?

Бир гана Мамлекеттик тарых музейде (МТМ) “тийиштүү көзөмөлдүн жоктугунан” 503 экспонат жоголон. Ал эми “1 миң 182 буюм каттоо кагаздарында катталган эмес”, - деп айтылат Коопсуздук кеңештин секретариаты тараткан маалыматта.

МТМда 6,5 кг күмүштүн чоожайы табылбады; бонистика коллекциясындагы 8 сыйлыктын кайда экени белгисиз: Ленин, Аскер Кызыл Туу, Ата мекендик согуштун I даражадагы, Александр Невский ордендери, “Биздин иш туура – биз жеңебиз” жана “Кёнигсбергди алгандыгы үчүн” медалдары. Алты байыркы күмүш жана коло тыйындар, ошондой эле байыркы аскер чокмор; жыгачтан жана териден жасалган буюмдар, ат жабдыктары табылбады. Этнография жана баалуу белектер (мамлекеттин биринчи адамдарына берилген белектер) фондусунан 24 экспонаттын изи жок, алардын арасында фарфор вазалар, панно, кубоктор, сыйлыктар бар. Адистердин билдирүүсүндө, жоголгон ордендер менен медалдардын курамында 200 граммдан 300 граммга чейин таза алтын бар. Кимдин чөнтөгүнө түштү экен ал?

Эскерте кетсек, МТМ 1925-жылы негизделип, көп жылдар бою учурдагы Маданият министрлигинин жана КР элдеринин Ассамблеясынын имаратында жайгашып келген. Азыркы имараты 1984-жылы курулган болчу, ал имаратта бу күнү кайра оңдоо иштери жүрүп жатат. Музей Борбордук Азия чолкөмүндөгү эң ирилердин бири болуп эсептелет – бул жерде 135 миң артефакттар, өтө сейрек учуроочу маданий жана тарыхый эстеликтер топтолгон.

Музейдин тарыхында бир канча жолу уурулук кылуу фактылары катталган. Мисалы, 80-жылдардын орто ченинде жаш балдардын тобу Үчүнчү рейхтин нацисттик кылычтарын жана Улуу Ата Мекендик Согуш учурундагы Темир крест рыцарларынын ордендерин, советтик фронтчулдардын аскердик олжолорун уурдаганга аракет кылышкан. Кылмышкерлер алдын ала күндүзү эле стенддердеги шуруптарды чыгарып коюшуп, буюмдарды түнү уурдоону чечишет. Экспонаттардын арасына жашынып, түндүн түшүшүн күтүшөт, витринага келип, анын айнек капкагын көтөрө башташканда... Сигнализациянын айгайы карылыгы жеткен вахтер аялды ойготот, ал тайманбастан уурулардын аркасынан чуркайт. Бирок беркилер экинчи кабаттан секирип, ар кайсы тарапка бөлүнүп качып кетишет.

1993-жылы, жайында, Тарых музейинин жаңы имаратында Жапон оюнчук куурчактарынын көргөзмөсү өтүп жаткан учурда дагы бир уурулук кылуу аракети болгон, бирок ууруларды бат эле кармап алышат. 20 доллар турган куурчакты уурдайбыз деп алар ар-бири 1,5 жылга кесилишкен.

Бирок, КР Коопсуздук кеңешинин маалыматына ишенсек, МТМ мындан дагы көп сырларды жашырып келген экен... Ушул нерселерди билгенден кийин музейдин имаратында катталып жаткан өрттөр адамда шектенүүнү жаратат. Биринчи окуя 2016-жылдын июль айында болду, түнү конференц-залында өрт чыккан, болгондо да ал ушунчалык чоң өрт болуп, аны өрт өчүрүүчүлөрдүн үч тобу 6 саат катары менен өчүрүшкөн. ӨКМдин үч кызматкери жаракат алган, бири бутун кокустатып алса, экинчиси истүү газга ууланган. Кырсыкка байланыштуу түзүлгөн Ведомствалар аралык комиссиянын билдирүүсү боюнча, эсептен чыгарылган буюмдар жана материалдык-чарбалык шаймандар гана күйүп кеткен, бирок айрымдардын пикиринде, бул өрт жоголгон экспонаттардын изин жашыруу аракети болушу толук ыктымал...

Сүрөттө: 2016-жылы жайында Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы Тарых музейинде чыккан өрттүү өчүрүү учуру. Шек жараткан өрт...

Ал эми 2017-жылдын 22-ноябрында чыңалуунун чоңдугунан учкундап, МТМнын электрощиттинде өрт чыккан. Кызык, бул кандайча болуп калды, анткени оңдоо иштерин жүргүзүп жаткандар музей толугу менен кайрадан жаңыланып жатат, өрт коопсуздугу тийиштүү деңгээлде деп жарыя салып жатышпады беле?

Мурдагы Бухара эмиринин канжарындагы алмаз кайда жоголду?

Аскер башчы Михаил Фрунзе Пишпекте 1885-жылы төрөлгөн, биздин борбор анын ысмын 65 жыл алып жүрдү. Анын үйү турган жерде 1967-жылы көп кабаттуу темирбетон имарат курулуп, М.В.Фрунзенин Кыргыз мамлекеттик мемориалдык үй-музейи (КММҮМ) иштей баштаган.

Учуда бул жерде көп сандагы экспонаттар сакталууда. Тилекке каршы, аларга экскурсанттардын гана эмес уурулардын да назары түшкөн.

Сүрөттө: М.Фрунзенин ата-энесинин жеке буюмдары. Азырынча толугу менен...

1969-жылдын 3-сентябрына караган түнү М.В.Фрунзенин алтын сааты жана Верныйдагы гимназияны бүткөндөрдүн алтын медалынын муляжы уурдалган.

1974-жылдын 2-январында полковник Карповдун сааты жоголгон.

1982-жылдын мартында аскер башчынын уулу, учкуч-истребитель, Улуу Ата Мекендик согушта курман болуп, эрдиги үчүн Советтер Союзунун баатыры наамын алган Тимур Фрунзенин аты жазылган хронограф табылбай калган...

1992-жылы 9-майда жаш өспүрүмдөрдүн тобу медалдар жана ордендер жаткан бархат кездемени музей кызматкерлеринин көзүнчө тоголоктоп ороп алып, карматпай качып кетишкен...

2014-жылы августтун аягында бир жаш жигит музейден күндүзү үч аскер желегин алып чыккан, алар эч бир кароосуз залда илинип турушаар эле. Музей кызматкери ага жолтоо болоюн дегенде, ууру анын эсин оодара бетке чаап, терезенин айнегин сындырып, экспонаттарды алып качып кеткен.

Коопсуздук кеңешинин маалыматы боюнча, музейдин негизделгенинен бери КММҮМдагы 13 миң 244 экспонаттын арасынан 104 буюм жоголгон. Алардын арасында жогоруда аталгандардан сырткары аскер башчынын жана анын ата-энесинин жеке буюмдары да бар: шпоралар, кашыктар, кагаз кескен бычак, колго жасалган мылтык. Бирок жоголгондордун эң баалуусу – Михаил Васильевичке белек катары кооз куру, кылычы менен кошо берилген канжардан чыгарылып алынган сары түстөгү баалуу таш (ал алмаз болушу да мүмкүн). Бул раритеттүү куралга байланыштуу кызыктуу окуя бар, төмөндө ошол тууралуу сөз болот...

Сүрөттө: Эмир Алим-хандын кылычы жана канжары менен асма илгичи (портупея) 1920-жылдагы ийгиликтүү аяктаган Бухар операциясынан кийин Михаил Фрунзеге белек кылынган.

Качкын тирандын казынасындагы баалуу олжолор

Фрунзе бул сыйлыкты 1920-жылы жайдын аягында ийгиликтүү аяктаган Бухара операциясынан кийин шаар аксакалдарынын колунан багынуунун белгиси катары кабыл алган. Жалтыраган кылычтын кыны күмүштөн жасалып, ага өсүмдүктөрдүн оймолору кара боёк жана алтын менен жалатылып түшүрүлгөн. Сабында кол салайын деп турган жыландын сөлөкөтү бар, ал эми кутусунда “Берекелүү Бухара” деген араб жазуусу жазылган.

Ошондо биздин жердештин кол башчылыгы менен бир жуманын аралыгында Түркөстан фронтунун жоокерлери (9 миңге жакын) беш миң сандагы жергиликтүү улуттук демократтар жана коммунисттер менен биргеликте канкор эмир Сейид Алим-ханды тактыдан кулатып, анын 16 миң адамдан турган аскерин 27 миң козголоңчулар менен кошо талкалап, жаңы республиканын жаралышын жарыя кылышат. В.Ленинге жиберилген телеграммасында командарм Фрунзе толкундануу менен: “Бухара караңгычылдарынын жана реакционерлеринин акыркы чеби кулатылды. Регистандын үстүндө дүйнөлүк революциянын жеңиш кызыл туусу желбиреп турат!” деп жазат.

Ошондо Михаил Васильевичке Афганистанга качып кеткен эмирге таандык шөкөттөлүп кооздолгон, баалуу таштар чөгөрүлгөн кылычты, канжарды жана курду белек катары тартуу кылышкан. Алар эмир өзү менен алып кетип, жашырып каталбай калган казынасынан алынган эле. Анда болсо ката турган көп нерселер бар болчу! Учурда Орусиялык мамлекеттик социалдык-саясий тарыхтар архивинде (Советтер союзунун коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин мурдагы архиви) сакталуу конфискацияланган буюмдардын тизмеси гана 48 баракты ээлейт!

1920-жылдын декабрында Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү Алим-хандын казынасын сандыктарга, мүшөктөргө салып, поезд менен Ташкентке жеткирип ТүркАССРдин Наркомфинине тапшырышат. Аларды ачканда толтура чоң бриллианттар, берметтер жана кораллдар, акчалар жана баалуу белектер, аңтерилер, килемдер жана башка буюмдар чыгат.

53 чоң алмаздарды эске албаганда, калган кымбат баалуу таштардын жалпы салмагы 1041 каратты түзөт. Бир гана чөнтөккө салынуучу Алим-хандын сүрөтү 30 бриллиант менен кооздолгон.

Асыл металлдардан эң бир укмуш кооздолуп жасалгаланган таажы, сааттар, күзгүлөр, портсигарлар жасалган. Жалпысынан алганда алтын жасалгалардын, ломдун, куймалардын, тыйындардын жана медалдардын салмагы 688 килограммдан ашкан, ал эми күмүштөн – 102 тонна!

Эмир байлыгынын жалпы баасы – ошол кездеги 150 миллион рублду түзгөн. Азыркы бааларга которгондо ал канча болоорун айтыш да кыйын!

Сүрөттө: Бухаранын эмири Сейид Алим-хан. Анын казынасынын бир бөлүгү - айрым куралдар - олжо катары биздин жердеш Михаил Фрунзеге белек кылынган.

Хандын кенчин издеген басмачылар, маршал Буденныйдын сыйлыгы жана алтын саптуу кылычтар

Бирок эң кызыгы, айрым маалыматтар боюнча, зор байлыгынын көп бөлүгүн, анын ичинде 10 тонна алтынды, Алим-хан эмиграция алдында Тажикстандын тоолорунда катканы жетишкен экен. Ал өмүрүнүн акырына чейин Бухарага англичан аскерлери менен кайрылып келип, жеңилип калгандыгы үчүн өч алаарынан үмүтүн үзбөй келген. Ошону үчүн ал көп жыл катары менен большевиктин бийлигин алсыратам деп жана да катылган кенчин табам деп Орто Азияга басмачылардын топторун бирин аркасынан бирин жиберип турган... Бирок анын үмүтү таш капты – хандын аксарайынан алынган байлыктар акыры Москвага жөнөтүлүп, мамлекеттик казынаны толтурган, анын айрым бөлүгү сатылып, Жарандык согушка жумшалган...

Белгилей кете турган нерсе, 1920-жылы Алим-хандын аксарайынан XIX кылымда Кавказдын усталары жана чеберлери атайы Бухара эмирлери үчүн дамаск темиринен жасаган кылычтар жана канжарлар алынган болчу. Бир курал топтому (сары түстөгүү баалуу ташы чыгарылып кеткени) Бишкектеги музейде сакталууда, а башкасын Михаил Фрунзе өзүнүн досуна – Биринчи Атчан армиянын Командармы Семен Буденныйга – барон Врангелдин Крымдагы аскерин талкалагандыгы үчүн белек кылган. Ошондо анын кынына “С.М.Буденныйга Түштүк фронттун Аскер Кеңешинен. Симферополь. 11.23.1920” деген жазуу түшүрүлгөн.

Али-хандын казынасынан алынган курал-жарактарды Түркфронттун Революциялык Аскер Кеңеши (РАК) өзүн көрсөтө алган кызыл аскерлерди сыйлоо үчүн колдонуп жүрдү. Мисалы, Михаил Фрунзеден ушундай түрдөгү сыйлыкты алгандардын арасында чех Эрнест Кужело жетектеген түркестандыктардан, орустардан, австро-венгерлерден, баварлыктардан турган интернационалдуу бригада бар болчу. Айрымдары “кыны укмуш чебер жасалган, сейрек чоң баалуу таштар менен кооздолгон, алтын саптуу кылычтарды көтөрүп жүрүшөөр эле”.

Отуз жылдай өтүп, 1957-жылы легендарлуу кавалерист Семен Буденный Украинанын түштүгүндө конокто жүрүп, аны ушунчалык жылуу тосуп алгандарына ыраазы болуп, өзүнүн тарыхый куралын Херсондогу мекентаануу музейине тапшырып кетет.

Кызыгы, болгону беш жылдан кийин жергиликтүү тентек өспүрүмдөр начар кайтарылган музейден маршал Буденныйдын кылычын уурдап чыгышып, аны шаардык стадиондо катып коюшат. Изкубарлар кылычты таап, музейге кайтарып беришет, ал эми чоочулап калган музейдин кызматкерлери артефактты сейфке салып катып коюшат да, аны унутуп калышат. Раритетти кокустан гана 2010-жылы музейдин 120 жылдыгына карата баалуу экспонаттар сакталган жайды тазалап жатып таап алышат. Реставрациядан кийин Бухаранын мурдагы башчысынын кылычы эл алдына чыгарылып, ал дароо элдин чоң кызыгуусун жаратат, ал эмес бир адам кылычты саткыла деп 100 миң доллар сунуштайт! Бирок Херсондун музей кызматкерлери “Кандай гана акча болбосун, сатпайбыз!”, деп жооп берип болбой коюшат.

Аюунун баш сөөгү жана эликтин чучелосу кимге керек эле?

Жогоруда аталгандардан сырткары Бишкекте КР УИАнын Биология институтунун Зоомузейи бар. Эми бул жерден эмне уурдаса болот деген суроо туулушу мүмкүн? Бар экен андай нерсе. 1993-жылдын октябрында, зооколлекция дагы эле эски имаратында жайгашкан жылы, кайсы бир уурулар (алар жаш балдар болгон деген божомол бар) терезедеги шпингалеттерди күндүз ачып коюшуп, түнү уурулукка киришет. Алар эки микроскопту, аюунун баш сөөгүн жана майда тыйындарды уурдап кетишет. Ал эми буга чейин, 80-жылдардын башында, бир “натуралист” тоо эликтин баласынын – чаарчыктын чучелосун уурдап кеткен эле.

Бирок чоңдордун кабинеттеринен да баалуу буюмдар уурдалган учурлар болду.

Өкмөт үйүнөн Кыргыз ССРинин төрт жогорку сыйлык белгилеринин жоголушу өзүнчө сөзгө татыйт: эки Ленин ордени, Октябрь Революциясынын жана Элдердин достугу ордендери өлкөнүн желегинде тагылып турган жеринен табылбай калган. Алардын жоголгонун Жогорку Кеңештин экинчи чакырылышынын аппаратынын кызматкерлери кокустан байкап калышат. Башкы прокуратуранын кызматкерлери иликтөө жүргүзүп, көп өтпөй ордендерди тапкандай болушат. Бирок кызыгы, кайдан-жайдан белгисиз – төрт ордендин ордуна мамлекеттик желекте жок дагы бир орденди - Эмгек Даңкы орденин да кошо таап чыгышат!

Белгилей кетсек, Ленин ордени Советтер Союзунун эң абройлуу сыйлыгы болуп эсептелчү, ал 1930-жылы негизделип, андан бери сырткы көрүнүшү бир нече жолу оңдолуп өзгөртүлгөн. Ал 28 грамм таза алтындан жана дээрлик 3 грамм платинадан жасалат эле. Биздин республика ССРСтин Жогорку Советинин Президиумунун атайы указдары боюнча бул орден менен эки жолу сыйланган – 1957-жылы жана 1963-жылы.

Ал эми 2005-жылы Мэрияда Фрунзе (Бишкек) шаары 1970-жылы сыйланган Кызыл Туу ордени жоголгон.

200 миң доллар турган эки сүрөт

Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи (КУКСМ) – өлкөдөгү көркөм өнөрүнүн башкы казынасы болуп эсептелет. Ал 1935-жылы көркөм галереянын негизинде ачылган болчу. Учурда анда 18 миң көркөм өнөр буюмдары сакталууда.

1993-жылы 10-августтан 11-августка караган түнү КУКСМдан магнитофонду, колго жасалган килемди, кутучаларды жана кийизден жасалган бут кепичтерди уурдап кетишет, акыркысын уурулар жолдон түшүрүп алышат...

Бирок бул майда-барат нерселер.

Накта чоң уурулук 2004-жылы байкалган. Ошол жылы Кыргыз өкмөтү Ак үйдүн коридорлорун кооздош үчүн ИЗО музейдин фондунан эки белгилүү сүрөтчүнүн авангарддык сүрөттөрүн алуу тууралуу буйругун чыгарат. Алар Роберт Фальктын “Кош портрет” жана Аристарх Лентуловдун “Натюрморт. Чырак” деген сүрөттөрү эле. Маданият тармагындагы аткаминерлер “жогорудагыларга” бул баалуу табериктерди берүүгө аргасыз болушат. Бирок алар Ак үйгө эмес (аларды баалай тургандар чыгат беле ал жерде?), ошол кездеги президенттин жубайы Майрам Акаеванын жеке үйүнө керек болгону билинет. Мына ошентип эки сүрөт музейдин алтын фондунан “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына барып калат. Ар-бири ХХ кылымдын чеберлеринин колунан жаралган 100 миң доллардан турган раритеттер сыяктуу эмес, ижарага алынган арзан баадагы фото туш кагаз сымал.

2005-жылдын мартындагы окуялар болбосо алар дагы канча Акаевдерди кубантып мамлекеттик резиденцияда илинип турмак белгисиз. Ошол кездеги революциялык дүрбөлөңдө сүрөттөр менен бир нерсе болуп, алар жоголуп кетпесе экен деп чоочулаган КУКСМдын кызматкерлери Улуттук коопсуздук кызматка кайрылып, сүрөттөргө байланыштуу былык иштин бетин ачып берүүсүн суранышат.

Сүрөттө: Орус авангардынын негиздөөчүлөрүнүн бири Аристарх Лентуловдун (1882-1943) «Натюрморт. Чырак» сүрөтү 1910-жылы тартылган болчу. 2005-жылдагы окуялар болбосо ал дагы көптөгөн жылдар бою “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциядагы экс-биринчи айымдын үйүндө илинип турмактыр.

21-апрелде Президенттин иш башкармасынын референти эмгектерди ИЗО музейге кайрып берет... бирок алар жасалма болуп чыгат. Музей кызматкерлери чачтарын жулуп калышат – Президенттин үй-бүйлөсү сүрөттөрдүн түп нускасын өлкөдөн Москвага алып чыгып, аларга ушул жалгаманы гана калтырып кетиштиби?, - деп.

Сүрөттө: Роберт Фальк (1886-1958) – график жана театралдык сүрөтчү, “Момун валет” коомунун уюштуруучуларынын бири. Расмий түрдө төрт жолу үйлөнгөн. Ошол жубайларынын бирин – Раиса Идельсонду – Майрам Дүйшөновнага жагып калган “Кош портрет” деген сүрөтүндө 1923-жылы тарткан болчу.

Бирок бир жума өткөндөн кийин бир белгисиз адам музейдин жетекчисин жолугушууга чакырып, анын колуна рулонду карматат да, а-бу дегиче көздөн кайым болот. Рулон Фальктын жана Лентуловдун сүрөттөрүнүн түп нускалары болуп чыгат! Бир аз уйпаланып калыптыр, “оңдош” керек экен, бирок сүрөттөрдүн кайтып келгени эле – чоң кубаныч болчу...

Каалаганыңды уурда!

2013-жылды аяк чендеринде КУКСМдан атагы чыккан сүрөтчү Айвазовскийдин “Крымдагы деңиз пейзажы” деген сүрөтүнүн жоголушу чоң чуу жараткан эле. Бул сүрөтү атактуу маринист жана баталист 1866-жылы тарткан болчу. ИЗО музейинин алтын фондунда Санкт-Петербургдун, Амстердамдын, Римдин, Париждин, Флоренциянын жана Штутгарттын көркөм өнөр академияларынын ардактүү мүчөсу Иван Константиновичтин эки гана сүрөтү бар. Баасы 40 миң доллар болгон мына ошол сүрөттөрдүн бири жоголуп жатат. Болгондо да ал музей кызматкерлеринин жаңы жылдык майрамы учурунда жоголууда! 26-декабрда кечинде ал өз ордунда илинип турган, ал эми эртең менен туурасы 47 см узуну 53,5 см болгон сүрөттү ордунан таппай калышат, аны бирөө рамасынан жапайычылык менен кесип кеткен болот.

Сүрөттө: 2014-жылдын соңунда жаңы жылды майрамдоо учурунда КУКСМдан уурдалган Иван Айвазовскийдин кыл калемине таандык «Крымдагы деңиз пейзажы» сүрөтү.

Караса, Иван Шишкин, Михаиль Врубель, Исаак Левитан, Орест Кипренский, Илья Репин, Александр Бенуа, Константин Коровин, Борис Кустодиев сыяктуу орустун залкар сүрөтчүлөрүнүн эмгектери коюлган XVIII-XX кылымдагы орус живописинин залында видеобайкоо тутуму да жок экен! Башка залдардагы бул тутум эскилиги жетип, жазуу жүргүзүү мүмкүн эмес болуп чыгат, аларда онлайн режиминде гана байкоо жүргүзсө болот, айгай салуу жабдыгы да эскирген экен. Башкача айтканда ууруларга бардык шарттар түзүлгөндөй.

Чатак!

КР кылмыш-жаза кодексинин “Уурдоо” деген 164-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, Бишкек ШИИБдин изкуубарлары ишке киришет.

Кылмышка тиешеси болушу мүмкүн деп КР сүрөтчүлөр союзунун 420 мүчөсүнөн 300ү текшерүүдөн өтөт. Сөзсүз, биричи кезекте, КУКСМ кызматкерлери текшерүүгө алынат. Интерпол да бул тууралуу маалымдалат, жеке менчик коллекционерлерге сатыш үчүн бул сүрөттүн өлкөдөн чыгарылып кетиши мүмкүн эле. 6000ден ашык эмгектерин калтырып кеткен Феодосияда туулган кыл калемчинин сүрөттөрү дүйнө жүзүндө жогору бааланарын айта кетиш керек. Мисалы, 2012-жылдын апрелинде Лондондогу Sotheby's аукционунда И.Айвазовскийдин “Константинополдун жана Босфор булуңунун көрүнүшү” деген сүрөтү белгисиз бирөөнө 3,2 миллион фунт стерлингге (5,2 млн АКШ доллары) сатылган! Беш жыл мурун анын “Константинополь таң алдында” деген башка сүрөтү 2,7 миллион фунтка сатылган болчу.

Ушуга байланыштуу Айвазовскийдин эмгектерине уурулар көп кызыга тургандыгында таңгалычтуу эч нерсе жок. 1992-жылы Сочинин көркөм-өнөр музейинен уурдалган таланттуу крымдыктын эки эмгеги төрт жылдан кийин Улуубританиянын борборунан табылган болчу. Ошол эле жерде 2015-жылы “Каирдеги кеч” деген сүрөтү “Сотбис” аукционунун сатыгынан алынат, ал мурдараак Москвадагы жеке менчик коллекциядан уурдалганы аныкталат. 2001-жылы Ташкенттеги көркөм-өнөр музейинен “Талаадагы күндүн батышы”, 2002-жылы Новосибирскидеги сүрөттөр галареясынан “Тайыз жерге чыккан кеме”, 2003-жылы Астрахандагы галереядан “Күндүн чыгышы”, 2015-жылы Тарусадагы вернисаждан “Капри аралынын жанындагы деңиз” деген сүрөттөрү уурдалган. Бул да тизмек толук эмес...

“Деңиз пейзажы...” сүрөтүнө байланыштуу Бишкектеги окуя, бактыбызга, жакшы аяктады. Бир ай өткөн соң белгисиз бирөө сүрөттү бишкектик гезиттердин биринин редакциясына таштап кетет. Ким экени билинбей калат. Милиция кызматкерлеринин коштосунда сүрөттү КУКСМ жетекчилигине тапшырышат. Сүрөт начар абалда болгонуктан аны оңдоого жиберишет...

Уурдалуу тобокелдиги чоң

Миллиондогон доллар турган шедеврлерди кайтарган кары кишинин жарыбаган айлык алышы – бул болбогон кеп да! Шарты жок жайларда элитардык буюмдарды сактоого аргасыз болгон музейдин кызматкерлери алардын коопсуздугун тийиштүү деңгээлде камсыздай алышпайт. “Таза коом”дун алкагында жаңы санариптик технологияларды киргизип жатабыз деп кыйкырганыбыз менен музейде болбогон видео байкоо жүргүзүү тутумун орното албай жатабыз...

Борбордук музейлерден сырткары Айтиевдин, Чуйковдун, Токомбаевдин, Чокморовдун музейлери сыяктуу дагы башка областтык жана райондук музейлер да бар экенин унутпасак. Ал эми аскердик даңк музейлерин, мектептик экспозицияларды, этнографиялык коллекцияларды айтпай эле коёлу. Алардын абалы ыйлаарлык. Алардагы экспонаттардын уурдалышынын тобокелдиги да чоң.

Бул жерде Мамлекеттик тарых музейинин кызматкери Идеат Темирбек уулунун айтканын келтиргибиз келет:

- 2015-жылдын 24-июлунда эле “КР музейлери жана музей фонду жөнүндө” мыйзам кабыл алынган болчу. Бул документке ылайык, Музей фондунун мамлекеттик каталогу түзүлүшү керек эле. Мындай нерсе Орусиянын музейлеринде колдонулат. Электрондук каталогдо ар-бир экспонаттын каттоо номуру, анын сүрөтү жана ал сакталган жай көрсөтүлөт. Бирок бул багытта биздин муйзейлер эч бир кадам  жасай элек.

Чынында, ар-бир экспонат бирдиктүү мамлекеттик каталогго киргизилиши зарыл. Бул аларды көзмөлдөгөнгө, сакталышына көз салганга, алардын коопсуздугун камсыздаганга жакшы мүмкүнчүлүк берет. Кандай дейсиңер, кылбайлыбы ушуну?!

Азиз Карашев

Сүрөттөр интернеттен алынды 

© Новые лица, 2014–2018
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине