Балдарды өлтүрүп, зордуктап, деги коом эмне болуп баратат?

15:40, 23 Февраля 2015

Энеси 4 жашар кызын жана 3 жаштагы уулун кескилеп өлтүргөн «Арча-Бешик» жаңы конушунда болгон жапайы жорук бүт өлкөнү солк эттирди. 34 жаштагы ал аял борбордук мектепте мугалим болуп болгону 4 ай иштеген экен. Күйөөсү бар. Үй-бүлө батирде турчу. Кылмыш кылган учурда, аял кандайдыр бир үн уккан экен, мына ошол үн аны бул кылмышты жасаганга мажбурлаган имиш. Алдын ала берилген маалыматтар боюнча, аял психоневрологиялык диспансерде каттоодо турчу экен.

Мындай окуя эмне үчүн болуп өттү? Балдарга карата мындай коркунучтуу нерселердин көп болуп жатканына ким күнөөлүү?  Мындай жапайы жосундарды токтотуу үчүн эмне кылуу керек? Мына ушул суроолорго биз депутаттан, мугалимден, мамлекеттик кызматкерден жана жарандык коомдун мүчөсүнөн жооп берүүнү сурандык.

Жылдызкан Жолдошева,   «Ата-Журт» фракциясынын депутаты: «Эгер аялдын чын эле психикалык жактан оорулуу экени далилденсе, анда анын оорусу тууралуу билген туугандары жоопкерчилик тартышы керек. Бул окуя мени өтө сыздатты. Менин оюмча, ага жакын адамдардын кайдыгерлиги ушул  трагедияга алып келди. Тилекке каршы, кайдыгерлик биздин башкы көйгөй болууда. Айтор, бир тууган байкеси сабап, зордуктап жүргөн эки жаштагы баланын окуясы да ушундай да. Мен таптакыр түшүнбөй койдум, эне канткенде өз баласынан баш тартып, чоочун адамдарга берип кое алат? Эмне, ошол чоочун адамдар үй-бүлөдөгү жылуу мамилени алмаштыра алмак беле?

Бизде, кыргыздарда, илгертен бери эле кадырлуу салттарыбыз болгон – улууларды сыйлоо, аялдарга жана балдарга аяр мамиле кылуу. Бүгүн болсо биз педофилия менен балдарды өлтүрүүгө келип жеттик! Негизги проблема, коомдо идеологиянын жоктугунда! Биздин жаштардын көргөн фильмдерин карагылачы.  Мага бир нече нааразы болгон чалуулар болду, азыр экрандарда «50 оттенков серого» фильми ачык эле көргөзүлүп жатыптыр, анда аялдардын үстүнөн болгон зомбулук ачык көргөзүлгөн  жана муну эч ким көзөмөлдөгөн жок. Эч кандай цензура жок...

Эгер биз коомдун бузулуп бара жаткандыгынын масштабдарын түшүнө албасак, биздин салттуу баалуулуктарыбыздын сакталышы үчүн күрөшпөсөк,  анда кайдыгерлик залалдуу шишиктер сымал,баарыбызды жеп түгөтөт. Ал эми бузулуунун биринчи белгиси – балдарга болгон мамиле.

Бардыгы кайдыгерликтен улам келип чыгууда. Өзүңөр эле көрсөңөр, эгер көчөдө адам жатса, жанына эч ким басып барып, сурап да койбойт, мүмкүн ага жардам керектир. Биз качууга аракет кылабыз, аны көрбөгөн түр көрсөтөбүз. Бул кылмыш! Биз өз баалуулуктарыбызды кайра кайтарышыбыз керек, жана муну чогуу жасоо керек. Ар бир адам бул көйгөйдүн маанисине сүңгүп кирип, чечим издеши керек. Биз баарыбыз бул суроого жооп беришибиз керек: Биз кандай коомдо жашагыбыз келет? Башкалардын кайгысына таптакыр кайдыгер караган коомдобу же жакынынын кайгысын тең бөлүшө алган коомдобу?  Кайдыгерлик – бул коомдун өзүнө жана өз келечегине карата  болгон  чыккынчылыгы».

Кусеин Исаев, профессор,  Кыргызстандын эл мугалими: «Мындай маалыматтардан жүрөк титирейт... Бул психикалык жактан өтө оорулуу адам болушу керек, ошол кезде  оорусу кармап калса керек... Өз балдарын өлтүрүп жатканда бул аял эмне кылып жатканын түшүнгөн да жок болушу керек. Бул адамдыкка жатпаган жорук, аны ойлогондон да коркосуң. Мындай балдарды өлтүрүү менен байланышкан жапайы окуялар биздин коомдо болуп жаткандан кийин, биз адамдардын коому деп аталууга укугубуз жок. Биз бул чек экенин, мунун артында өтө коркунучтуу улуттун бузулушу жатканын билишибиз керек. Ал эми болгон окуяга келсек, мындай адамдарды коомдон бөлүү керек. Экинчиден, биз мындай жапайы окуяларды жашырып жаап, унчукпай койбошубуз керек, тескерисинче, болгон окуяны кеңири талкууга алып, жарандарыбызды мындай жоруктарды жасоого түрткөн себептерди табышыбыз керек.  Үчүнчүдөн, биз жарандар, бул бузулууну токтотушубуз керек, аны балдарга карата зомбулук үчүн мыйзамды катуулатуудан баштообуз керек».

Айбек Турганбаев, Ош областынын  прокурору: «Интернет сайттардан алган маалыматтан улам бул аялдын психикалык жактан оорулуу экени белгилүү болду. Кыргызда, ооруну жашыруу өлүмдөн да жаман  деген сөз бар.  Мындай учурда туугандары аны балдары менен жалгыз калтырбашы керек болчу, анын балдарга кандай коркунуч келтире турганын билиши керек болчу. Мына, анын оорусун жашырган факты мына ушундай трагедияга алып келип отурат.

Бүгүн коомдогу мораль туурасында  мен айта албайм, анткени мыйзам боюнча буга окшогон кылмыш ЖМКларга келип түшпөшү керек.  А бизде болсо, журналисттер сенсациянын артынан кубалап зомбулуктун курмандыктарынын аттарын айтып салышат, мына ушуну менен алар дагы кошумча запкы көргөзүшөт. Бул моралдын башка жагы, бул туурасында унутууга болбойт.  Албетте, бул туурасында жашырууга болбой турганы менен макулмун, бирок анын аты менен так дарегин айтпашыбыз керек. Бирок, мындай фактыларды ЖМКларда ачыктан ачык көргөзүү мүмкүн болгон чектин алкагынан  чыгып кетет.

Ал эми бүгүн мындай окуялардын болуп жаткандыгы, биздин коомдун өзгөрүп жаткандыгын айтып турат. Анан жакшы жагына өзгөргөн жок. Биз өз салттарыбызды жоготуп баратабыз.  Эмне, буга чейин кыргыздар ата-энесин карылар үйүнө качан беришчү эле, же балдарга качан ушундай зомбулук кылышчу эле? А бүгүн бул оңду-солду болуп жатат. Ошондуктан, буга окшогон кылмыштарга каршы профилактика жүргүзүлүшү керек, четте карап турбай,бүт коомчулук балдардын жашоосу жана ден соолугу үчүн тикесинен тик туруп кароолго турушу керек. Эгер кошунасы же мугалим үй-бүлөдө бир терс жагдай түзүлгөнүн көрүп калса,бул туурасында укук коргоо органдарына билдириши керек. Мүмкүн, ушуну менен бир жашоону сактап калаарбыз».

Дамира Ниязалиева, вице-премьер-министр: «Мугалим болуп иштеген аял өз балдарын өлтүргөн фактынын өзү мугалимдердин бардыгынын психикалык ден соолугун текшерүү зарылдыгын көргөздү. Тилекке каршы, жумушка кабыл алаардын алдында психикалык ден соолугу текшерилбейт, мүмкүн, ал  бар болсочу. Анан, биринчи кезекте мугалимдер текшерилиши керек, анткени алар балдарга жакын. Акыркы мезгилдерде мындай учурлар көбөйүп кетти. Эне балдарын өлтүрүп, ата баласын зордуктап... Бул укмуш!  Өкмөт азыр коркунуч тобуна түшкөн үй-бүлөлөрдү таап, алар менен иштөө үчүн иш чаралардын үстүнөн күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.  Негизги көйгөй,  социалдык кызматтын каражаты жетишсиз. Ошондуктан,  биз Каржы министрлиги менен сүйлөшүп, социалдык кызматкерлердин ишин колдоого кошумча каражат сурап жатабыз. Үй-бүлөлүк проблемаларды табуу үчүн бир гана Социалдык өнүктүрүү министрлиги эмес, мектептер да, ИИМ да, башкалар да иштеши керек».

Айнагүл Абдрахманова, жарандык активист, эки баланын апасы: «Эгер бул аял психологиялык оорулуу болсо, ал эч качан мектепте иштебеши керек. Эгер ал каттоодо турган болсо, тиешелүү органдар анын ден соолугун көзөмөлдөп турушу керек болчу, ага дарыларды берип, зарыл болгон учурда, мажбурлап дарылоосу керек. Анан, албетте, айланадагыларынын, өзгөчө балдарынын өмүрүнө коркунуч туудурбашы керек эле. Эгер анда угуу галлюцинациялары бар болсо, оорусу оор формада экени айкын болду. Болуп өткөн окуя – коркунучтуу трагедия.  Бул учурда кимди күнөөлөө керек экенин айтуу кыйын, оорулуу адамдыбы же аны курчап турган адамдарды, өзгөчө дарыгерлердиби.

Азыркы коомдо көбөйүп бараткан мындай учурлардын себеби – жашоонун төмөнкү деңгээли,ага жараша маданияттын төмөнкү деңгээли.  Мындай учурлар көбөйүп жаткандан кийин – коомдун да дени сак эмес. Ата –энелер башка өлкөгө барып, акча таап келүү үчүн балдарын таштап кетүүгө даяр. Балдар аларга жүк боло баштады. 2 жаштагы бала менен болгон окуядан кийин, кайдыгер эмес жарандар Жарандык коомго биригип, балдардын үстүнөн болуп жаткан зомбулукту биз, Коомчулук, канткенде токтото алабыз деген  суроону талкуулай баштадык. Анан, балдарга болгон сүйүүнү пропагандалоо керек, биздин жарандарга балдарды тарбиялоодогу  үй-бүлөнүн,чоң ата-чоң энелердин  ролу туурасында айтуу керек деген корутундуга келдик. Эгер биз балдарга карата болгон мындай мамилени токтотпосок, азыркы ата-энелерди балдарын сүйүп,тарбиялоого үйрөтпөсөк, бизди кандай келечек күтүп турат? Бул ташталган жана зордукталган балдар да өсүп чоңойот,анан андан да коркунучтуу нерселерди жасап башташат!»

 «Жаңы жүздөр» редакциясынан

Советтик мезгилде балдарга болгон сүйүүнү пропаганда кылышчу. Ошол кезде бул таң калычтуу сезилчү, мунун эмне кереги бар, бул ансыз да жалпы адамзаттын өнүгүүсүндө жана жаратылышта табигый нерселер да дечүбүз. Бирок, бүгүн, ошол советтик чакырыктарды көрүп туруп, түшүнөсүң, адамзаттын бул жашоодогу негизги багытын унуткандан кийин - биз бул жашоодо биз бир нерсени жоготкон экенбиз.  Балдар – бул жашообуздун жалгыз маңызы. Бул туурасында эстөөгө мезгил жетти. 

Сурамжылоону даярдаган  Аида Тастанова

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине