Качан күйөөгө тийесиң?

21:32, 29 Января 2015

Эмнеге экенин белгисиз, бирок биздин коомдо кыздарга бир өзгөчө мамиле жасалат. Биз ар дайым бирөөгө пайда алып келип турушубуз керек: тынбай идиш-аяктарды, полду жууп, эркектердин батинкесин, кийимин тазалап, үй-бүлөгө тамак даярдап, бардык нерсеге ийкемдүү болуп, канааттандырып, өз өңү-түсүң менен эстетикалык жагымдуулукту жаратып, жылуулук алып келип, пардаларды жана шейшептерди үтүктөп, биринчи нике кыйылган күндөн тарта ар бир 2 жыл сайын бала төрөп, аларды туура тарбиялап, көңүл ачуу жөнүндө ойлонбой, жакшы эне жана кожейке принциби менен жашап, «үй-бүлөнүн» бакубаттулугу үчүн өз кыялыңды жана жеке кызыкчылыгыңды курмандыкка чалып, отуз жашка чейин жүрө берип,  кара далы болуп калбай, эркекке ыңгайсыздык жаратпаш үчүн ашыкча акылдуу көрүнбөй, ошол эле учурда уят болбош үчүн кемпай болбой, кайсы бир тойдо туугандарда кийиттерди туура бөлүштүрүп, күйөөңдүн айласын кетирип күчтүү көрүнбөй, бирок ошол эле маалда үйгө чейин бир колуңда 20 килограмм тамак-ашты, экинчи колуңда баланы көтөргүдөй жашашыбыз керек...

Мунун барын чексиз уланта берсе болот. Жогоруда аталгандын бардыгы туура эмес сүрөттөр жана билдирүүлөр менен социалдык түйүндөрдө, чай үстүндө баса белгиленип келет. Бирок, мен бүгүн көптөгөн курбуларымдын жана эже-сиңдилеримдин тынчын алып келген турмушка чыгуу темасын кеп кылгым келет.

Негедир көп өлкөлөрдө, анын ичинде биздин Кыргызстанда дагы турмушка чыгуу маселеси жаш кезинен түйшөлтүп, аялдардын негизги маселесине айланган. Кызды бала кезинен тартып эле «кыз-үйдө болгону конок» деген ойду кулагына куюп, келечекте бирөөнүн үй-бүлөөсүнө берүү үчүн чоңойтуп жатканын айтышат. Көпчүлүк ата-энелер кыздарын  аялдамада кийинки спортчуга өткөрүп бере турган олимпиада отундай кылып кайтарып алып жүргөнсүйт. Ошол кийинки спортчу анын күйөөсү (жана анын бардык туугандары). Айтор, кыз ата-энесин уятка калтырбаса экен, алардын бетин жер каратпаса экен, баркын түшүрүп албаса экен, тезирээк турмушка чыкса экен деген эле ойлор...

Жакында менин Америкадагы курбум: «Эмнеге мен жаңы эле турмушка чыккан кыргыз кыздарын жолуктурганымда, алардын курбулары биринчи эле кезекте: көп ыйлаган жокпу, жаңы үй-бүлөдө азапка түшкөн жокбу деп эле сурай беришет? Эгерде аял күйөөгө тийип жатып ыйлап, кандайдыр бир азапты сезип жатса ал кадыресе көрүнүшпү?», - деп сурады.

Мен ойго баттым, чындыгында эле көпчүлүк учурда «алгачкы мезгилдерде», жаш келин күйөөсүнүн үй-бүлөөсүнө көнгүчө абдан кыйналат. Аны өмүр бою ушул нерсеге даярдагандыктан ал даттанбайт дагы, кыйналып жатканы жөнүндө унчукпайт. Ал тезинен жаңы туугандарынын каалоолорун айттырбай билип, күйөөсүнө жагып, чарбаны ирээттеп, ошол эле учурда активдүү боюнда бүтүп турушу керек. Көп учурда ыраазы болгон күйөө жакшы кожойке жана ишенимдүү болгон аялынын көзүнө чөп сала баштайт. Ал кадамдын себебин талкуулап отургуң келбейт-бардыгы эң жөнөкөй жана үстүртүнөн эле даана көрүнүп турат. Мындай учурда аял эмне кылат? Болгон нерсеге өзүн күнөөлөп, мындан да жакшы болууга аракет кылат.

Анан түшүнүксүз нерселер башталат. Ал турмушка чыга элек курбусуна келет дагы: «Эмнеге дагы эле кара далы болуп жүрөсүң? Жакында отузга чыгасың!  Мына мени карасаң, кандай бактылуумун, менин жакшынакай эрим бар, үч балам бар, мен-толук кандуу аялмын, анткени турмушта болуунун жана эне болуунун даамын таттым. Же күйөөң, же балдарың жок сенин жашооң эмне менен толукталып жатат? Боштук менен! Сенин жашооң маанисиз, бош, башаламан, сенин кам көрө турган кишиң жок. Мына мен күйөөмдү өз учурунда таап алып, азы карачы кандай киши болду! А сен болсо алдагындай кол жеткис талаптарың, ар кандай күтүүлөрүң менен бирди көрөсүң го. Жерге түш, жаным! Мурда үйлөнбөгөн, баласы жок күйөөгө тийүү үчүн сен картаңсың. Сага ар кандай катынпоздор же чалдар эле туш болот. Үчүнчүсү болушу мүмкүн эмес. А эгерде андайларды каалабасаң тезинен өзүң үчүн төрөп ал! Убакытың өтүп баратат! Отуздан ашкандан кийин боюңда болтура албайсың, төрөө мүмкүнчүлүгүң чектелет, картайып, тукумсуздукка чалдыгасың- ошондо сенин кимге керегиң бар?!»

Тааныш бекен? Мындайды көп угам. Жашы араң жыйырмадан ашкан, мектепти бүтөөрү менен турмушка чыккан, туугандардын отушутарынан башка жашоодо эч нерсени көрбөгөнү  менен өзүн акылман аял сезген, жашоонун ачуу-таттуусун көрүп, турмушка чыкпагандыгың үчүн гана өзүнөн улуу аялдарга акыл үйрөткөн күйөөдөгү кыздардан угам.

Ошондой эле өзүнүн күйөөгө тийе элек тааныштары же коллегалары менен  жогорку адептүүлүк туурасында кеп курганды жакшы көргөн эркектер да кездешет. Негедир айланаңдагылар сенин  турмушка чыга электигиң жөнүндө өз оюн айтууну кайтарылгыс укугу катары эсептешет.

«Чынын айтчы, жок дегенде жигитиң барбы? Болбоду дегенде эле аялы бар көңүлдөш таап, боюңа бүтүрүп ал. Болбосо, баласы жок жүрүп өтүп кетесиң. Анан дагы... Сен өтө ачык түстө боеносуң. Арыкташың керек. Кыялданганды токтотуш керек. Кайсы бир ханзаада келип, сага үйлөнөт дегенди токтот. Тегеректе күйөөгө тийе эле 18 жаштагы кыздар толуп турганда сендей аялдардын аларга кереги не? Кыскасы сен түшүндүң да ие? Өзүңү бир «демөөрчү» таап ал да тезинен төрө».

Менин жашоомду билүүгө алардын дагы кандай укуну бар? Менин айыз маалымды билиши керекпи? Же менин ич кийимимди канча жолу алмаштыраарым керекпи? Кээде кишилерге унчукпай койсоң  сенин ички дүйнөңө кирип кеткендей сезишет өздөрүн. Өздөрүнүн психотерапиялык сеансын уланткылары келишет.

Эгерде орунсуз маекти токтотуу масатында тамашалап койсо: «тамаша эмес, ыйлаш керек!» деп жооп беришет. Жеке турмушушуңду өзүң билээриңди айтсаң, дайыма жооп бирөө: Мен кандай билээриңди көрүп атам. Ушул жашка чыкканча күйөөң жок же балдарың жок!» дешет. Качан гана мындай сөздөрдөн тажаганыңды айтып, кагып койсоң ага да: «Кыялың менен сенин! Жалаң ушундайыңан сага эч ким үйлөнбөйт! Жумшагыраак болбойсуңбу, эмне эле дароо атырыласың?!» деген жооп кайтарышат.

Эмнегедир дайыма сен күнөөлүүсүң, сенин кыялың, кебете-кешпириң, сенин баалуулуктарың, сенин жашоодогоу максатың, амбицияларың, «кызматчылдыгың», сенин «феминисттигиң», адамдарга болгон мамилең, тарбияң.

Эгерде сен өзүңдү тыкан алып жүрсөң, жакшы кийинсең, спорт менен машыксаң, декоративдүү косметика колдонсоң- «Байкуш, күйөөгө тийиш үчүн эмнени гана кылбайт!», «Сен жасалмадайсың, азыраак боен!», «Сенин курагыңда эмне деген кыска юбка? Барынан үмүтүңдү үздүңбү?» Кокус «чыныгы» көрүнсөң- «Өзүн таштап коюптур, ошол үчүн күйөөгө тийбей жүрөт да!», «Кебетесин кара, жок дегенде юбка  кийип, оозун боеп алса болбойбу...»

Эгерде досторуң менен жолуксаң, сүйлөшүүгө кеттиң, эркектер менен таанышып жүрөсүң- «Кичине уялыңкы болуш керек, сенин дайыма отуруштарда жүргөнүң бир да эркекке жакпайт!», «Эгерде үйдө отуруп, жакшы «кожейке» экениңди көрсөтсөң»- «Эч жакка барбай, эч ким менен таанышпасаң, жалгыздыгың да таң калычтуу эмес!»

Эгерде кесиптик ийгиликке жетишсең- «Кызматчыл экен! Эркектер мындайларды сүйбөйт» аз иштей турган болсоң- «Бекерпоз, сага ким үйлөнүп, ким сени баккысы келсин?» Эгер аларга өз күйөөлөрү жасаган мамилеси жакпай турганын айтсаң- «Иий, сен феминистсиңби? Лесбиянка эмессиңби?» дей башташат.

Сенин узак убакыт бою турмушка чыгууга моралдык, эмоционалдык жактан да даяр эмес болгонуңа эч ким ишенейт, анткени, курбуларыман ар кандай коркунучтуу аңгемелерди уккам жана алардын бактысых жүздөрүн да көргөнмүн. Сенин өзүңө туура келбеген кишиге турмушка чыгып алып, жагымдуу сүйүү баянынан, чачыраган тойду өткөргөн 1-2 жылдык турмуштан кийинки ажырашып кетүүдөн коркконуңа эч ким ишенгиси келбейт. Сен жөн гана өзүңө жаккан, түшүнүшкөн жана эртеңки күнгө ишеничтүү бара ала турган кишини табуу ниетиңе эч ишенгилери келишпейт. Балким сен эркектерди, бала-бакыраны каалабайттырсың? Балким сен кыялдарыңды орундатуу менен өзүңдү өстүрүү аркылуу эркиндикке сугарылып жаткандырсың?

Мындай нерсени тамаша ирээтинде да айтууга болбойт-тирүүлөй жеп коюшат. Анткени, кыргыз аялдын күйөөгө тийүү жана дагы күйөөгө тийүү деген бир гана  алмаштырылгыс максаты болуш керек.

Сенин кыялдарың, коркунучуң, сезимдериң, каалоолоруң, алдыга койгон максаттарың эч кимди кызыктырбайт. Барын качан күйөөгө тийесиң деген бир гана нерсе кызыктырат. Эмнеге бул суроо элдин тынчын алып тураарын таптакыр түшүнбөйм. Мына алар үй-бүлө курушту, балалуу болушту, бактарды отургузушту, үйлөрүн курушту. Анан чын эле чоочун аялдын бойдокчулугун талкуулаганга да убакыты күч-кубаты калабы?

Эмнеге менден тууганым же мурдагы курсташым жолуккан сайын бул жылды кандай аяктаганымды, кайда болгонумду, кандай адамдар менен таанышканымды, эмнеге жетишкенимди, эмнеге кызыгарымды, алдыда кандай максаттарды койгонумду сурашпайт? Эмне үчүн аларды бир эле- КАЧАН КҮЙӨӨГӨ ТИЕРИМ тууралуу суроо тынчсыздандырат?!

Алар мени түшүндүрүүмдү, актануумду, жеке турмушумду ийне жибине чейин тизмектеп берүүмдү, дагы эле күйөөгө тийе албаган «жолсуз» экенимди айтып турууга милдеттүү деп ойлошот? Чындыгында аял турмуш кургусу келсе, ал аны токтоосуз кыла алат. Кечеңдетпей ага кубаныч менен үйлөнүп алчу киши тез эле табылат. Эгерде отуздун тегерегиндеги кыздардын максаты күйөөгө тийүү гана болсо- аны мурда эле ишке ашырышмак, 4-5тен бала төрөп, өздөрүн ошентип эле алып жүрүшмөк. Жашына, карысына, аялы өтүп кеткен эркекке, үйлөнө элегине, кедейине, байына, күчтүүсүнө, алсызына ар убакта турмушка чыкса болот. Эгер аял кааласа- аялы бар кишиге деле тийип алып, ага балдарды төрөп берет. Маселе күйөөгө тийүүдө эмес, башкада- кандай адамга тийериңде.

Айрым учурда ашыкча сураштырып жибергендерден ирээнжип, күйөөдөмүн, эки балам бар деп алдап коюууга туура келет. Алар ыраазы болгонсуп баштарын ийкеп, сени тегереги төп келген адам катары кабыл алышат. Кээде колундагы нике шакеги сени журттун алдында ушунчалык толук жарамдуу кылып көрсөтүп койгон сезим көбүнө эле тааныш болуш керек. Никеде бактылуусуңбу  жокбу, эрте турмуш курдум деп өкүнөсүңбү жокбу, жолдошун кызыл камчыбы жокбу, көзүнө чөп салабы жокбу- ал маанилуу эмес,  негизгиси колундагы шакек. Ошондо гана сага эч ким тажатып суроо бербейт, ылайыксыз кеп-кеңештерин берип, өзүнүн үй-бүлөөсү бар үчүн гана сенин алдыңда өзүн чексиз бактылуу сезбейт. Бирок, сенин жетишкендиктерин, айланадагыларга кылган боорукерлигин, татыктуу жаран катары өзүңдү көрсөткөндүгүндүн баары дароо баалуулугун жоготот. Себеби, алардын оюнда сен жашоонун маңызы болгон негизги милдетти- күйөөгө тийүүнү аткарган жоксуң. 

Эгерде сиз  күйөөгө тийе элек  жоро-жолдошторуңарды, чогуу иштешкендерди, сиңди-карындаштарынарды какшыктап жүрсөнүз, анда дагы бир ирээт аларга карата адамгерчиликтүү мамиле жасап жатамбы деп ойлонуп көрүңүз. Түшүнсөңүз боло, алар турмушка чыгууга  сиздин гана кеңеш жетишпей тургандан улам чыга элек эмес, анан да дароо эле сиз менен сүйлөшкөндөн кийин Бакыт үйүнө чуркап кетпейт. Анын толгон-токой себептери бардыр жана ал себептери менен сизди тааныштырбаса -демек, сизге алардын тийешеси жок. 

Бирөөнүн сезимине, көңүлүнө кирип, ички дүйнөсүн аңтарбагылачы. Кээде дал ошол сиздин күйөөңүз сизден жашырынып, сиз теңсинбей, күйөөдө жашаган сонун деп лекция окуган кыздын артынан  жүргөн болуп чыгат. Ал эми тиги кыз сизге караганда бир аз сылык-сыпаа болгон учун гана ал окуяны жар салган жок. Балким сиздин турмушту көрүп күйөөгө деле тийгиси келбейт чыгар. 

Алия СУРАНОВА, атайы «Жаңы Жүздөр» гезити үчүн 

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине