КЫРГЫЗДАРДЫН ЖОГОЛГОН ЖАЗУУЛАРЫН КАЙРА ЖАРАТУУГА БОЛОБУ?

14:40, 10 Декабря 2014

Совет мезгилинде, кыргыздарда 1917-жылга чейин эч кандай жазуусу жок болгон деген стереотиптүү пикир болгон, деги эле кыргыздардын  бардык тарыхы совет мезгилинде калыптанып башталган деп эсептөө керек эле. Партиянын идеологдору жалгыз гана легендарлуу «Манас» эпосунан гана баш тарта алышкан эмес, анткени ал эл арасында оозеки формасында жалпы тарап кеткен. 

1990-жылдардан баштап, коомдо өзүнүн тарыхына, тилине, маданиятына жана салттарына болгон кызыгуу күч алды, кыргыз элинин жаралышына жана калыптанышына байланышкан ар кандай китептер чыга баштады. Азыр да бул кызыкчылык басаңдаган жок, интернеттин өнүгүшүнүн аркасында бүгүнкү күнү буларды  сактап, аны башкалар менен бөлүшүү мүмкүнчүлүгү пайда болду. 

Профессионал тарыхчы, кыргыз тарыхын мыкты билген  Назикбек Кыдырмышев, бүгүнкү күнү жоголуп кеткен «битик» кыргыз жазуусу туурасында билимди глобалдуу тармакка жайылтууга активдүү аракет кылып жаткан инсандардын бири.  Интернет колдонуучулары аны Элери Битикчи аты алдында жакшы таанышат. Интернетте кеңири жарнамаланган  «Курманжан-датка» тарыхый драмасы жазууга болгон чоң кызыгууну жаратып, биринчи жолу бардык каалагандар үчүн  «битикти» туура жазуу боюнча курстар уюштурулду.

«ЖЖ»: Назикбек, сиз өздүк тарыхка болгон кызыгууну жаратуу боюнча жакшы иш жасап жатасыз, өзгөчө глобалдуу тармактын колдонуучуларынын арасында, алардын көбүн жаштар түзөт. Жакын убакыттан бери каалагандар үчүн «битик» боюнча курсту баштаганыңызды да билем. Биздин окурмандарга, «битик» деген эмне экенин эки сөз менен түшүндүрүп кете аласызбы?

-Битик (битиг) анын түзүүчүлөрү  тарабынан берилген жалпы түрк жазмасынын аталышы.  «Орхон-енисейлик», «рунийлик» жазма – бул азыркы илимий аталыштары. Менин көз карашымда, азыркы заманбап терминдер эмес, ошол мезгилде жашаган элдер тарабынан сүйлөнгөн терминдерди колдонсок жакшы болмок. Мисалы, ошол кезде Караханиддер  (династияны негиздөөчүлөрдүн бири) Ильхандар болмок, ал эми  Газневиддер (борбор боюнча) – Барсхандар болмок, анткени алар өздөрүн ушинтип аташкан жана азыркы китептерде эмес, тарыхый булактарда ушинтип аталышкан.  Албетте, көпчүлүгү бул терминдерге  көнүп калышкан, бирок биз бул  адаттарды өзгөрткүбүз келип жатат. Жөн гана мунун баары кыргызча болсун дегендик эмес, чындыкка жакын болушун каалап жатабыз. 

«ЖЖ»:  Бул жазмага да тийиштүүдүр

- Ооба, мен алфавиттеги  тамгаларды латиница же кириллицанын тартиби боюнча жайгаштырбастан, угулушу жана формасынын окшоштугу боюнча жайгаштырдым. Мындай учурда ошол кездеги колдонулган түрк диалектилерин жана тилин эске алдым. Мисалы,  «т» жана «д» тыбыштары ар кандай түрк тилдеринде өз ара жакын (биз – «тоо» десек, түрктөр – «даг» дешет), ошондуктан, алар башында кабыл алынган европа алфавитинен айырмаланып, катар турат. Бул мен тараптан түзүлгөн таблица, мурдагыларга караганда биздин алфавит туурасында көбүрөөк түшүнүк берет.  Алфавит кыргыз  тилиндеги сингармонизм мыйзамын эске алат. Жазуунун багыты оңдон солго карай.

 «Барсбек» аты.  ‘а’ тамгасы жоон  үндүүгө кирет, ошондуктан көк түскө жайгаштырылган. Буга ылайык,  ‘барс’  муунунда үндүүлөр көк түстөгү бөлүктөрдөн алынышы керек.  ‘бэг’ мууну  ‘э’ үндүүсүн камтыйт, ал ичке үндүүлөр катарына  кирет (жашыл). Буга ылайык, калган үндүүлөр жашыл катардан алынышы керек. Алдыңкы тамгалар  (и)Ч, (о, у)К, (ө,ү) К, (ы) К ушул гана үнсүздөр менен жазылат.  Кызгылт бөлүктөрдөгү тамгалар бардык үндүүлөр менен жазылат.

«ЖЖ»: Азыркы кыргыз тилине салыштырмалуу,  битиктин кандай өзгөчөлүктөрү бар?

- Айрым үнсүздөр  үчүн эки тамга бар, мисалы  ‘Б’ эки белгиге ээ,  жоон жана ичке үндүүлөр үчүн. Атты жазып баштаганда, мындагы үндүү кайсы катарга кирээрин дароо аныктагыла. Тамгалардын да өздөрүнүн идеографикалык мааниси бар. Бул жүйөө «Манас» эпосунда сакталып калган. Бейтааныш абышка Жакып менен Чыйырдынын жаңы төрөлгөн баласына ысым бергенде,  ‘Манас’ деген аттагы ар бир тамгага түшүнүк берип чыккан.

«ЖЖ»:Азыркы кыргыз тилиндеги бардык тамгалар битикте барбы?

- Битикте  ‘ж’ жана ‘в’ тамгасы жок, мүмкүн биздин ата-бабабыз  айрым учурларда ‘й’ тамгасын - ‘ж’ катары, ал эми ‘б’ тамгасын - ‘в’  катары окушса керек (‘йол’ – ‘жол’; ‘ооба’ – ‘оова’). О.э. сырттан келген тамгалар жок, мисалы  ‘ф’ жана ‘х’. Алфавитти жаңы тамгалар менен толтуруу сунушун киргизсе болот.

«ЖЖ»:  Азыркы кыргыз тилинин битиктен принципиалдык айырмасы эмнеде?

Изилдөөлөргө ылайык, азыркы кыргыз тили орхон-енисей эстеликтеринин тилине жакын болуп саналат. Негизинен, түрк тилдери дүйнөдөгү эң туруктуу тилдерден болуп саналат. Эгер, орто эсеп менен миң жылда башка тилдерде  базалык лексикадагы 200 сөздөн 39 сөз өзгөрсө (20%)  (көп колдонулган сөздөр: эсеп, дене бөлүктөрү ж.б.), түрк тилдеринде 1% гана өзгөрөт. Битикти үйрөнүп алса,  кыргыз тилин билген дээрлик ар бир адам  байыркы эстеликтердеги тексттердин көбүн окуп, түшүнө алат.

«ЖЖ»: Лекцияда, битикте башка элдердин да сүйлөгөнүн айттыңыз, бул кыргыз жазмасыбы же эсперантонун эски вариантыбы.

-Бул жалпы түрк жазмасы, бирок анын ичинде кыргыз алфавити  өзүнчө  э  тамгасына ээ болгон жана  ‘ш’ жана ‘т’ тамгалары башкача жазылган. Мындай жазуу атайын, башка элдердин өкүлдөрү бир эле тамгалар менен жазылган сөздү өз тилинде, өз каалаганындай кылып, бир эле сөздү окуй албоо максатында түзүлгөн  (же өзгөртүлгөн). Бул жарым муун – жарымтамга алфавити болгон. Мисалы,  бир эле тамга  ‘и’ же ‘ы’ болуп окула бергендиктен, ‘миң’ сөзүн кыргыздар аны  ‘миң’ деп, а казактар  ‘мың’деп окушат.  Ал эми  ‘эл’ же  ‘эр’ сыяктуу сөздөр башындагы үндүүсү жок жазылат (‘л’ жана ‘р’), ошондо аны кыргыздар  ‘эл’ жана ‘эр’ деп окуса, түрктөр  ‘ил’ жана ‘ир’ деп окушат.

 

«ЖЖ»: Айтмакчы,  Бишкек  битик боюнча кантип жазылат?

- Эгер Бишкек тамгалар боюнча талдап көрсөк, мындай болот. ‘Б’ – ‘Бил’ – ‘билүү’, ‘И’ – ‘Илк’ – биринчи, ‘Ш’ – ‘эШ’ – дос, замандаш, ишенимдүүлүк, ‘К’ – ‘эК’ – себүү (өнгөн машак), өсүү, ‘Э’ – ‘Эс’ – аң сезим (мээнин эки жарым шары). Ошентип, Бишкекти билим, лидерлик (борбор), ишенимдүүлүк, эки эсе өсүү жана жарандардын аң сезими  салынган шаар катары чечмелесе болот. Шаар болобу, адам болобу, анын аты ураан, умтулуу жана балдарды  тарбиялоо ыкмасы боло алат.

“ЖЖ”: Сизде битикке болгон  кызыгуу кайдан башталды?

- Мен дайыма тарыхка кызыкчумун, жана өзүбүздүн жазманы билүү аны изилдөө үчүн кошумча каражат болуп калды.  Битикти мен өз алдымча үйрөндүм жана мүмкүн ошондуктан авторитеттердин таасиринен бош болдум деп ойлойм.

«ЖЖ»: Сиз жакында эле битик  боюнча биринчи элдик курстарды уюштурдуңуз…

- Режиссердун  болжолу боюнча, битик колдонулган «Курманжан датка» фильми чыккандан кийин, коомдо биздин жазмага болгон кызыгуу башталды. Мен, жеткиликтүү формада бир нече макала жазып,  ал кызыкчылыкты бир жагынан колдоп жаттым.  Өнүгүүнүн улуттук корпусу менен «Кыргыз Эл» ККсынын жардамы аркылуу өткөрүлгөн лекция-кечеден  баштап, жаштардын өкүлдөрү соц тармактарда өз атын битик жазуу боюнча эстафета өткөрүштү. Эстафетанын демилгечиси, Улан Үсөйүн  менен жолугуп. биз ушул курстарды , УӨК тарабынан сунушталган базада өткөрүп көрүүнү чечтик.  Биз каалагандардын бардыгын байыркы кыргыз жазмасын үйрөтүп, жана аларга сингармонизм мыйзамын эске алуу менен тамгаларды жазуунун өзгөчөлүгүн көргөзгүбүз келет. 

«ЖЖ»: Битик жазма катары канчалык деңгээлде  кайра  жаралышы  мүмкүн? Битиктин келечеги кандай  болот деп ойлойсуз?

- Мен битиктин кайра жаралышын аткарылчу иш катары карайм. Көпчүлүгү, латиницага өтүп, англис тилин окуп баштасак, биздин өнүгүүбүздү тездетет деп эсептешет. Биз чет тилдерин жана латиницаны үйрөнүүгө каршы эмеспиз, бирок мунун баары ийгиликтин кепилдиги эмес. Дүйнөдө латиница менен жазып, расмий тили европа тили болуп туруп, жакыр жашаган мамлекеттер аз эмес (мисалы, араб эмес Африка мамлекеттери), алар өзүнүн жазмасы бар мамлекеттерден да начар жашашат. Биздин мамлекетибиздин анча  чоң эмес өлчөмү- өз алфавитинин аныктамасы боло алат (Израиль, Грузия, Армения, БАЭ ж.б.).

Жакынкы келечекте биз битиктин болочогун – биздин элдин руханий жаралуусунун каражаты гана эмес, өлкөбүздүн туристтик рыногунун потенциалдуу сегменти катары да көрүп жатабыз.  Туристтер битик менен жазылган сувенирлерди кызыгуу менен сатып алышат, анткени ал кириллица же латиница менен жазылганга караганда,экзотикалуу көрүнөт. Мындай коммерциялык колдонуунун мисалы Венгрияда бар, ал жакта секель каты кеңири колдонулат (битиктин бир түрү). Бул мамлекеттик акча бөлүнгөн кыргыз тилин өнүктүрүүнүн кезектеги долбоору эмес– бул толугу менен өз алдынча элдик долбоор болот.

Суроо салган Алмаз Исманов 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине