Ош күткөн майрам

11:19, 23 Апреля

19-20-апрель күндөрү Оштун 2019-жылдагы бүткүл түрк дүйнөсүнүн маданий борборунун ыйгарымдарына кириши чоң салтанат менен белгиленди.

Эске салсак, 2018-жылдын 18-декабрында ТҮРКСОЙ мамлекеттеринин маданият министрлери бул наамга Оштун талапкерлигин бир добуштан колдоп берген. Бишкекте бул кадам Кыргызстанга ТҮРКСОЙдун башкы колдоочусу болуп саналган расмий түрк бийликтери тарабынан көрсөтүлгөн саясий колдоо катары кабыл алынган. Ошондуктан Ошто бул иш-чарага карата даярдыктар дыкат даярдалган.

Салтанатта тогуз түрк мамлекеттеринен келген расмий өкүлдөр, ага кошумча элчилер жана түрк дүйнөсүнүн 12 мамлекетинен келген 200дөн ашуун өнөр өкүлдөрү катышты.

Майрам 19-апрелдин кеинде Оштун чок ортосунда жайгашкан Жаштар паркында башталды, ал жерде жергиликтүү уустар коноктор жана Ош калаасынын тургундары үчүн жазгы сүмөлөк бышырып даярдаган. Расмий түрдө дүркүрөгөн  маданий программа 20-апрель күнү эртең менен дароо бир нече жерлерде башталды. Жасалгаланган сахналарда кыргыз артисттери өздөрүнүн чет элдик кесиптештери менен биргеликте өз өнөрүн тартуулап жатышты. Өнөрү бийик Гүлзада өзүнүн керемет үнү менен биринчи обонду созгондо эле Сулайман-Тоонун этегиндеги элдин көңүлүн майрамга бөлөдү, ал эми борбордук аянтта болсо чыныгы элдик жүрүш боду. Көрүүчлөр кайда, артисттер кайда экени билинбей да калды. Оштун тургундары майрамдык атмосферага ушунчалык сиңип кетишти.

Ыр менен бийлердин ортосунда уюштуруучулар Оштун туристтик потенциалын жогорулатууга арналган илимий конференцияны жана бизнес форумду өткөргөнгө жетишти, ал эми кечинде болсо меймандарды жаңы оңдоп-түзөөдөн өткөн шаардык стадиондо гала-концерт күтүп жатты. Айта кетсек, бул жолу баардык иш-чараларга катышуу акысыз болду, бул албетте абдан жакшы, анткени Оштун 3000 жылдыгында шаар бир катар секторлорго бөлүнүнп, андан жылуу абдан оор эле. 15 миң адамга эсептелген шаардык стадион каалоочулардын баардыгын батыра алган жок. Ош шаарынын башкармалыгы кандайдыр бир себептерден улам стадионго кире албай калган жарандардан алдын ала кечирим сурады. Социалдык тарматарда кээ бир активдүү жарандар баардык каалоочуларга парктардын жана скверлердин айланасындагы отургучтарга келип, концертти телефондор аркылуу түз эфирден көрүүгө чакырып жатышты.

Кооз гала-концерт эч кимди көңүл кош калтырган жок. Ош тургундары ар бир артистти чыдамсыздык менен күтүп, алардын баардыгына шаңддуу кол чаап, дем берип жатышты. Өтө так жана туура коюлган театралдаштырылган сахна менен катышуучулардын колориттүү кербени эстен кеткис таасир калтырды. Бул салтанатта 90-жылдары «Садагам Оштой жеримден» аттуу ыры менен белгилүү болгон Ырыскелди Осмонкулов обон созуп, атактуу Гүлшайыр Садыбакасова тарабынан уюштурулган «Түштүгүмө түгөнбөгөн ыр десте» сынагынын гран-присин жеңип алды.

Кеченин башкы жылдызы совет жана казак эстрадасынын сулуусу Роза Рымбаева болгондугу шексиз. Ошто мындай иш-чараларда негизи Ташкенттен чакырылган, «Ялла» сыяктуу артисттер өз өнөрүн тартуулап келген. Бул жолу баарын соолубаган Роза Рымбаева  алмаштырды.  Ал эми «Ялла» болсо апрель айынын аягында Бишкектин туулган күнүндө ырдап берүүгө сөз берүүдө.

Салтанаттуу иш-чарада мындай учурлардагы саясий мактануулардан сырткары мамлекет башчынын сөзүндө тарыхый инсандар тууралуу да айтылган сөздөр көп болду.

«Ошто көптөгөн акылмандар, теологдор, ислам дининин устаттары, белгилүү акындар жашап, өз өнөрүн өркүндөткөн. Ош ошол учурдагы улуу окумуштууларынын бири Омар ибн Муса аль Ошинин кичи мекени болгон. Мусулман дүйнөсүндө Сиражиддин аты менен белгилүү, XII кылымда жашаган Али ибн Осман дагы Ош шаарынан чыккан. Анын «Фетави Сиражитте» же «Сиражуд-диндин фатвасы» аттуу кол жазмасы 1827-жылы Калькуттада басылып, кийин 1915-жылы Англияда кайра чыккан. Биздин дагы бир мекендешибиз Абдаллах аль Оши Багдаддын илимий чөйрөсүндө чыгаан дин таанучуусу жана окумуштуу катары белгилүү болгон. Ал Багдаддын илимий борборлорунда өз лекцияларын окуган. Бул нерсенин баардыгы биздин шаарыбыз байыркы кездерде эле илим жана билимдин борбору болгондугунан кабар берет. Ош шаарынын айланасында биздин заманга чейинки 4-5-кылымдарга таандык он чакты чептин урандылары жатат.  Алар бүткүл дүйнөнүн архитекторлорунун көңүлүн бурат»,-деп белгиледи өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков.

Бул атактуу тарыхый инсандардын тизмесинде мамлекет башчынын сөзүндө бир нече жолу эскерилген атактуу Захир ад-дин Мухаммед Бабур өзгөчө орунду ээлейт. Индостанда белгилүү Моголдор империясын түптөп, кийин урпактары дүйнөгө таанымал Тадж-Махалды курган Бабур Ошто анча бааланбайт.  Ал жөнүндө биз «Бабур-наме» трактатынан алынган сөздөрдөн башка эч нерсе билбейбиз.  Бирок, албетте, тарыхчылар эмес.  Биз анын тарыхый мурасынын көлөмүнүн маанилүүлүгүн түшүнө элекпиз, ал эми Индия менен Пакистанда ал тарыхый инсан катары бааланат. Ошондуктан 1995-жылы  Сулайман-Тоодон  Бабурга сыйынуу үчүн атайлап Бишкектен Ошко Пакистандын премьер-министри Беназир Бхутто келген. Он жылдан кийин ушул эле жолду андагы Пакистандын президенти Первез Мушарраф жасаган.  Бхутто сыяктуу эле, Мушарраф дагы аймактык бийликтер менен кыска жоолугушуу гана өткөрүп, убакыттын басымдуу бөлүгүн Сулайман-Тоодо өткөргөн, анда ал тоону батыштан түндүккө карай жөө басып өткөн. Эмне үчүн биз Бабурдун таасиринин потенциалын колдонбой келгенибиз, табышмак бойдон калат.

Оштун символуна айланган, Сулайман-Тоо менен байланышкан дагы бир дата бар. Быйыл Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргендигине он жыл толот. Он жылдын аралыгында Сулайман-Тоону анын аймагына көз жазгырып же кафе, же көп кабаттуу үй салууну көздөгөн жергиликтүү бизнесмендерден коргоого туура келди. Бул мааракелик жылда Сулайман-Тоону толугу менен коргоого алып, анын аймагындагы президент Сооронбай Жээнбеков эскерткен мурастардын деталдуу изилдениши боюнча илимий долбоорлорду ишке ашыра алабыз деп ишенебиз.

Шаар көчөлөрүндө, аянттарда жана стадиондо уюштурулган түрк маданиятынын фестивалы Ош тургундарынын эсинде али көпкө сакталып калат. Тогуз жыл кармануудан кийин жашоочулар шаттыкка, кубанычка бөлөнүп, бугун чыгарып алгысы келгендигинен болсо керек.

«Бул элдерди бириктирген эстен кеткис майрам болду. Мындай окуя көптөгөн жылдарга эсте калат. Стадион толугу менен ачык жана жакшылыкка толгон эмоцияларга толуп турду. Артисттердин ар бир сахнага чыгышы дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштолуп турду.  Ал эми театралдаштырылган көрсөтүү тулку боюмду дүркүрөтүп, бир кезде мен ушунча бай тарыхы бар Ош шаарынын бир бөлүгү экениме сыймыктанып, көзүмөн жаш айланып кетти»,-деп өз таасири менен бөлүштү журналист Хулькар Исамова.

Майрам колдон келди. Уюштуруучулар баардыгын татыктуу деңгээлде өткөрө алышты. Алдыда өтчү иш-чаралар али көп, анткени 20-апрельде биз «Ош - түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» аттуу чоң кампаниянын стартын гана бердик. Эс алууга али эрте, биз Оштун маданий мурасын алдыга жылдыруу үчүн башка региондорду, борбор калааны тартышыбыз керек. Бул биздин жалпы тарыхыбыз жана маданиятыбыз.

Алмаз Исманов

 
© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине