«Таланттуу болуп төрөлгөн нурун чачат»

09:18, 26 Ноября 2014

9- ноябрда таланттуу мекендешибиз, кино актеру, сүрөтчү, СССРдин эл артисти, Кыргызстандын эл сүрөтчүсү   Сүймөнкул Чокморов 75 жашка толмок.

Учурдагы  көркөм искусствосу менен баарлашып көрүп, чыныгы сезимди толкунданткан ачылышты, чийиндер менен боекторго берилген чыныгы кооздукту сейрек кездештиресиң.  Көргөзмөлөрдүн көбүндө тереңдиктеги сезимдер  болбойт, өзүнүн тажатмалыгынан жана образынын жоктугунан улам толкундантпайт..  Азыр көргөзмө графиктеринде өтө көп кездеше баштаган революциянын баатырларын даңктоо түрүндөгү конъюнктура, аео сезими менен андан да күчөгөн кусалыктан башка эч нерсени козгой албайт. Конъюнктура бардык учурда болуп келген. Ал бийликтин жанында бекем орносо да, кээ бир учурда пайда алып келет. Болгон пайдасы –  анын фонунда чыныгы искусство катуураак жана кескин чыга баштады. Күрөш  эффектиси болгон жок, анткени конъюнктура өзүнө ишенет, сынга чыдай албайт. Эгер андай пайда боло калса анда  патриот эместикке, болгон  жамандыктын бардыгына айыптоолор башталат.  Айтор, бүгүнкү публикацияда – мүмкүн болушунча ал туурасында азыраак, чыныгы искусство туурасында көбүрөөк кеп. Ооба, ал бизде бар – чыныгы искусство, Сүймөнкул ЧОКМОРОВ сыяктуу улуу сүрөтчүлөрүнүн түпкү сезимдеринен жаралган искусство.

Эгер менден, Чокморовдун  сүрөттөрүнүн ичинен кайсы сүрөттү жакшы көрөөрүмдү сурашса,  мен  «Менин уулум» (1972-ж.) сүрөтүн атамакмын. Анда Чокморовдун өзү, анын чыгармачылыгынын болгон маңызы чагылдырылган. Бул ишти  мактоодогу менин ашыра чапканым үчүн кечирим сурайм, албетте. Бирок, мунун да өз себептери бар. Биздин үй-бүлөлөр достошуп жүрүшчү, Сүймөнкул биздин үйгө көп келчү. Мен сүрөтчүнүн жубайы- Салима эженин сулуулугуна суктанып отураар элем.  Анан,  мен алардын уулу Бактыгулга болгон чыныгы ата-энелик сүйүүсүн көрүп турчумун. 

Мен жактырган сүрөтчүнүн дагы бир иши «Эне» сүрөтү.  Отуруп турган улгайган аялдын элеси бир дем менен тартылган. Аялдын жүзү олуттуу, сулуу жана Сүймөнкулдун апасын элестетип турат. Өзүңөр байкагандай, эки иш тең портрет жанрында тартылган. Бул кокусунан эмес. Сүрөтчүнүн живописиндеги негизги жанр – портрет болгон.  Адамга болгон кызыгуу тышкы көрүнүшү аркылуу адамдын удургуп жаткан, ички дүйнөсүнө кирүүгө болгон умтулуу болсо керек. Ошентип, сүрөтчү  (актер), өз ролунун маскасын чечип, анын чыныгы жүзүнө үңүлө караган. Бул процессти сүрөтчү автопортреттерде абдан кызыктуу чагылдырган.  Мисалы, 1976-жылдагы «Автопортретинде» (экинчи аталышы  «Өтө жооптуу комиссар») образдык –пластикалык чечим  фильмдин каарманынын (Низаметдин Ходжаев)  мотивин чагылдырган  сценарий-режиссердук менен айкалышкан (мүмкүн, бул жерде  Чокморовдун экинчи кесиби – актердук  да өз ролун ойносо керек).  Олуттуулук,  компромиссиздик, бир кырдуу түс гаммасы.  Чокморов өзүн палитра жана кыл калем менен элестетип турса да, анын көз карашы бизге, көрүүчүлөргө багытталган , ал эми  – «ири план» композициясы өздүк эгону субьективдүү изилдегенге караганда  фильмге болгон кумарлануусун тартуулап тургандай .  Кийинчерээк, графикалык   «Автопортретте»  (1985-ж.)  актердук оюнга жана живописке болгон апелляция алынып салынган. Биздин назарыбызда  Сүймөнкул Чокморовдун жүзү. Катаал чийин жарык менен көлөкөнү  билгизбей берип турат. Болгону ири план калыптыр, «объектив» бетке тардык кылгандай, толугу менен баракты ээлеп алган.  Ал эми сүрөтчүнүн 1991-жылдагы автопортретинде биз таптакыр башка нерсени көрөбүз,  анда сүрөтү өзүн караңгы элес кылып берген, анда алыскы чыгыш гравюраларынын ыкмаларына окшош манера берилген.

Кыргыз живописинде негизинен портреттерди жазган жана тарткан сүрөтчүлөр көп эмес. Бул живопистеги эң оор жанр деп эсептелип келген, азыр да эсептелет. Сүймөнкул Чокморовго оңой болсо керек, анын актердук натурасы көпчүлүгүн өзүн тартып турган жана чыгармачыл, башкалардан өзгөчө инсанды чагылдыруу эреже катары, оңой ишке ашырылган. Кинематограф да бул жерде жардам берип турган. Сүрөтчү бекеринен эки муза – кино менен искусствонун ортосундагы терең байланышты сезип тургандыгын айтпаса керек. Чокморов  холстто жалгыз гана өзүнө жакын адамдардын эмес, кинематографиялык цехтеги өз жамаатташтарынын жүзүн да чагылдырган («Кыргыз кинематографисттери», «Т.Океевдин портрети», «Кыргыз ССРнин Эл артисти А.Жанкорозованын портрети ж.б.).

Сүймөнкул Чокморовдун сүрөтчү катары чыгармачыл жолу кантип башталган? Ал абдан жакшы башталган. Өзү  жаратылышынан таланттуу болгондуктан– сүрөтчү же музыкант болуунун бирин  тандай алмак. Дароо эки окуу жайга тапшырды да,  Чокморов бир нече айдан кийин өзү каалаган кесибин тандады -  ал сүрөтчүлүк эле.  1953-1958- жж.  Фрунзе көркөм окуу жайына тапшырды.  Кесиптик окуу жайда  билим алып жаткан мезгилинде ал өзүнүн сүйгөн жарын жана түбөлүк сүйүүсү, жапжаш, кара көздүү  Салима Шабазованы жолуктурду.  

  1959-жылы  С.Чокморов  Ленинграддагы И. Репин живопись, скульптура жана  архитектура институтуна тапшырды (жубайы менен чогуу), ал   станоктук  живопись бөлүмүндө,  СССР Эл сүрөтчүсү Е.Е.Моисеенконун чеберканасында окуду.   Жаш жубайы Салима Шабазова искусствонун тарыхы бөлүмүнө тапшырат. Салима көркөм ЖОЖго тапшырган Кыргызстандагы биринчи аял болгон.  Кийинчерээк,  1985-жылы  Салима Шабазова Г.Айтиев атындагы улуттук  көркөм искусство музейин башкарып калат жана директорлук кызматта дээрлик он жыл иштеген. Музей кызматкерлеринин эскерүүлөрү боюнча, музейди Чокморовдун жубайы, искусствовед, Кыргызстандын эмгек сиңирген маданий ишмери Салима Шабазова башкарып турган  мезгилди музейди Кульжике Усубалиева башкарган мезгил менен көп салыштырышат.  Эки аял тең, Г.Айтиев атындагы улуттук  көркөм искусство музейинин коллекциясын орус жана чет элдик устаттардын сүрөттөрү менен толтуруу үчүн көп эмгек жумшашты.  Ошентип, алардын жеке аракеттеринин аркасында музейдин коллекцияларынын жеке собранияларынан Кустодиевдин, Врубелдин, Репиндин, Фальктын, Лентуловдун жана башкалардын эмгектери  пайда болду.

Бирок, кайра Сүймөнкул Чокморовго кайталы. Ленинграддагы  көркөм институтка тапшыргандан кийин,  аны азыркыга чейин Көркөм Академия деп атап келишет жаш сүрөтчү жароо эле өзүнүн багытын тандайт – Ренессанс чеберлери жана XIX- XX к. Башындагы орус живописи. Мында ага эски ЖОЖдун мугалимдери жана Эрмитаждын жана Орус музейинин улуу чыгармалары жардам берди.   Студент мезгилинде П.Веронезенин  «Нахождение Моисея» сүрөтүнөн сепия техникасында С.Чокморов тарабынан  аткарылган кызыктуу эмгеги дагы  эле сакталып турат (1963-ж.).

  Фрунзеге кайтып келгенде, С.Чокморов  СССРдин Эл сүрөтчүсү С.А.Чуйков менен жакшы болуп кетет, аны менен баарлашуу туулган жеринин жашоосун чагылдыруу зарылдыгы туурасында оюн дагы бекемдейт. Өз айылдаштары, Чоң-Таш айылынын тургундарынын жашоосу  жөнүндө  сүрөттөрдүн үстүнөн иштеп баштаганда, тагдыр аны кинорежиссер  Б.Шамшиев менен жолуктурат жана Сүймөнкул анын «Караш-Караш окуясы» фильминдеги башкы каарманы болуп калат.

Айтмакчы, Семен Чуйковдун сүрөтчүлүк  ыкмаларынын таасири Чокморовдун пленэрдик  композицияларында даана байкалат. Анын пейзаждарынын көбү – сюжеттик негизди жаратылыш чөйрө менен бириктирүү. Мисалы, «Гүлдөгөн алма багынын алдында». Так ушул пейзажда  Чокморов өзүнүн туулган жери Кыргызстандын тигил же бул бурчун гана таасын чагылдырып бербестен, өз палитрасын таза, декоративдүү угулдан түстөр менен толтура алган («Жол жээгиндеги мырза теректер», «Күзүндө», «Бакчадагы үндүктөр»). Өзгөчө бул сүрөтчүнүн дүйнө жүзүн кыдырып жүргөндөгү жаралган пейзаждарында даана байкалат. Европа шаарлары Чокморовдун алдында ирээти менен чубурган кол менен ийленгендей эски курулуштар, күнгө чагылышкан каналдар менен кооз көпүрөлөр аркылуу көрүндү. Мисалы,  Мексика менен ысык-чаңдуу Египет салкын күүгүмдөрү менен тартып турган. Ал эми Фудзияма тоосу ошол эле аталыштагы сүрөттө чийиндери боюнча жана түсү, формасы боюнча каллиграфиялык таза жана кынтыксыз аткарылган.

Өз чыгармачылыгында  Чокморов  акварелдик эскиздерди түзгөн. Алардын жеңилдиги, кээде бүтпөй калгандыгы – курч мүнөздүүлүктүн, кайталангысты байкоолордун, кармап калуунун жана табуунун натыйжасы. Күндүн ысыгынанбы же ойго батып отурганбы, үргүлөп отурган аксакалдар  барактарда тыкан жайгаштырылган. Алардын чапанга катылган колдору, бүгүлгөн тизелери  алардын түнттүгүн, сырткы дүйнөдөн бейкапарлыгын тастыктап тургансыйт. Сүрөтчүнүн дайыма ушундай жандуу жана карапайым адамдардын дүйнөсүнө болгон туруктуу кызыгуусунан улам, май менен тартылган сүрөттөрү аягына чыккан, өз алдынча жарым жанр – жарым портреттер –бул мүнөздөр менен тагдырлардын галереясы  («Колхозчу Сатыбалды», «Тебетейчен кыз», «Акылбек», «Аксакал»).

Таланттуу сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун бул жашоо менен кош айтышканына  12 жыл өттү. Бирок, убакыт өтсө да анын чыгармачыл мурастары жагымдуулугун жоготкон жок. Тескерисинче, бүгүн Устаттын сүрөттөрү өзүнүн живопистик баалуулугу, адам менен жаратылыштын ортосундагы шайкештиги менен таң калтырып турат. Сүймөнкул Чокморовдун айтканы бар: «Чеберчилик – бул сен тарабынан ачылган жана табылган ыкмалардын жыйнагы». Устат чын эле өз замандаштарына жана бизге, артисттик чеберчиликтин жаңы жактарын көргөздү, ал өзүнүн Искусствого  кылган кызматын бизге үлгү кылып калтырып кетти.  «Таланттуу болуп төрөлөгөн нурун чачат» (Сезан).

Елена Воронина

Ворониндердин үй-бүлөлүк архивинен.

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине