Ким келди?

10:10, 22 Октября 2014

Маданият, маалымат жана туризм министри үч жума дегенде араң дайындалды. Жогорку Кеңеш бул министрликке Алтынбек Максүтовдун талапкерлигин жактырып, 88 депутаттын 84ү “макул” деген добушун берди.

Бүйүр кызыткан жагдайлар

Бул жолу маданият министрин дайындоонун айланасында бир топ убакытка чейин бүйүрдү кызыткан жагдайлар көп болду. Маданият министрлигине талапкерди Жогорку Кеңештин “Ар-намыс” фракциясы сунуштамак. “Чү” деп ат салышуу башталганда эле талапкерлердин тизмесинен белгилүү кинорежиссер Садык Шерниязды чийип салышты. Бул коомчулук арасында нааразычылыкты пайда кылды. Андан соң талапкерлердин ичинен көпчүлүк добушту алган Алтынбек Максүтов өкмөткө сунушталган эле. Көп өтпөй, аталган фракциянын лидери Феликс Кулов фракция ичинде талапкерлердин арасынан экинчи орунду алган Жылдыз Бакашеванын дагы талапкерлигин өкмөттүн кароосуна жиберди. «Мен тандоого мүмкүнчүлүк болсун деген максатта эле экөөнүн тең талапкерлигин сунуштадым» деди Кулов. Бирок, фракция лидеринин бул кадамы «Ар-намыс» Максүтовго маданият министрлигин ыраа көрбөй жатат” деген шектенүүлөрдү жаратты.

Министрликти ыраа көрбөгөн “Ар-намыс”

Ошол эле маалда, айрым маалымат булактары өкмөт башчы жана маданият тармагын тескеген вице-премьер-министр Алтынбек Максүтовду чакырышып «сени эл тааныбайт экен, 200 маданий ишмерден кол топтоп кел, Жылдыз Бакашева министр, сен орун басары болуп иште» деп кеңеш айтканын жазып чыкты. Бул маалыматтан соң, айрым маданият кызматкерлери кол топтоп, ал турсун өкмөт үйүнүн алдына Максүтовду колдоо акциясын да өткөрүп жиберишет. Мындай маалыматтардын болгонун Алтынбек Максүтов өзү дагы «Азаттыкка» тастыктаган. «Ушундай сөздөр болду, ким экенин айтпай эле коеюн. Мурда-кийин саясатка аралашпагандан кийин мунун баары процедура боюнча болуп жаткан иш экен деп ойлодум. Мен болсом министр болом, болбосо филармониядагы ишимди улантам. Эгер менин ордума татыктуу бирөөнү мыйзамдуу жол менен тандашса унчукмак эмесмин. Бирок тандоого катышып, жеңип чыккандан кийин аягына чейин турам. Менин да маданият үчүн жасай турган көптөгөн пландарым бар»,- деди ал.

Максүтов жайсаңчыбы?

Ал ортодо Алтынбек Максүтов «Манас» эпосунун Саякбай Каралаев, Сагынбай Орозбаковдордун айткан варианттарын танган «жайсаңчы экен» деген да маалыматтар айтылып, маданият чөйрөсүнө эмгеги сиңген инсандар бул боюнча Жогорку Кеңешке, Өкмөт башчыга атайын кайрылуу да жасап жиберишти. “Биздин угушубузча, А.Максүтовду маданият министри кызматына колдогон адам депутат Каныбек Иманалиев экен. Ал эми Каныбек Иманалиевди атпай журт, жалпы кыргыз интеллигенциясы, жаамымаданият ишмерлери улуу манасчылар Сагымбай менен Саякбайдын өлбөс-өчпөс варианттарын танган, элибиздин кан-жаны менен тең болуп калган ал варианттардын ордуна кыргыздын улуу рухуна шек келтирген, элдин элдигине көө жапкан Бүбү Мариям Муса кызы дегендин Жайсаңын койгусу келген жайсаңчы, жайсаңчылар тобунун анабашчысы катары билишет. Кыргыздын кыргыздык насилине шек келтирген, Бүбү Мариямдын чачпагын көтөрө, Жайсаңдын арбагына табынган адамдын тарбиялаган кадры кандай киши болушу мүмкүн?.. Мындай учурда «алма сабагынан алыс түшпөйт» деп коёт акылман элибиз. Демек, А.Максүтов улутубуздун рухунун негизин түзгөн, маданиятыбыздын түп башаты болгон улуу эпосубузду, эпос менен кошо элибиздин тарыхын жокко чыгаргысы келген топтун колдоосуна ээ болуп жатышы жалпы кыргыз интеллигенциясынын, маданият, илим-билим ишмерлеринин арасында зор кооптонууну, тескери пикирди пайда кылууда. «Урматтуу Төрага, урматтуу Премьер-министр, урматтуу депутаттар, жалпы элдин келечек тагдыры менен өзгөчө тыгыз байланышта болгон маданият, маалымат жана туризм министри кылып маданият чөйрөсүнүн көйгөйлөрүн ичкериден билген, ушул тармакта зор абройго ээ, чыныгы мекенчил уул-кыздарыбыздан шайлап беришиңиздерди өтүнөбүз»,- деп жазылат кайрылууда. Бул кайрылууга Бексултан Жакиев, Анатай Өмүрканов, Геннадий Базаров сыяктуу ондогон маданиятка эмгеги сиңгендер кол койгон. Ал эми Алтынбек Максүтов өзү жайсаңчы эмес экенин айтып чыкты. «Мен жайсаңчы эмесмин. Улуу Манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгы боюнча уюштуруучуларына барып, дүйнөлүк деңгээлде өткөрөлү деп аракет кылгандардын биримин. Бизди «Манасыбыз» менен дүйнө эли таанышы керек. «Манас» эпосу биздин улуу мурасыбыз экенин канча талашып, далилдөөгө аракет кылдык. Муну айрым адамдар башкача түшүнүшөт экен” деди Максүтов.

 “Депутаттарга акча таратканыңыз чынбы?”

Маданият министри катары бекүү үчүн депутаттарга акча тараткан деген шектенүүлөр дагы пайда болду. Бул боюнча суроону депутат Исмаил Исаков узатты. «Сизди акча берип, бир депутат башка эл өкүлдөрүнө 3-5 миң сомдон таратып чыккан деп айтып атышат. Бул чынбы?» деп сурады Исаков. Максүтов болсо эч кимге акча бербегенин айтты. «Мунун баары ушак. Мен жоопкерчилик менен айтам, эч кимге акча берген эмесмин» деди ал.

Алтынбек Максүтов 42 жашта. Буга чейин Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда режиссер болуп иштеп келген. Ал эл аралык «Кийиз дүйнө» фестивалынын, «Макал Арт» чыгармачыл тобунун уюштуруучусу жана жакында өткөн «Көчмөндөр оюнунун» башкы режиссеру катары белгилүү.

Бөдөш Мамырова, ЖК депутаты: «Кыргыз маданиятында кара тамгалар менен басылып калды»

-- Алтынбек Максүтов Камила Талиева маданият министри болуп келгенде «маданият өлдү» деп өкүрүп келгендердин бири. «Мен ошолорго кошулуп бардым» деп, жетеленме экенин көрсөтүп атат.  Бул киши «маданият өлдү» деп өкүрүп, кыргыздын каада салтына жат нерсени көрсөтүп, кыргыз маданиятында кара тамгалар менен жазылып калды. Булардын өкүрүгүнөн кийин кыргыз маданиятында опол тоодой орду бар төрт адамдан айрылдык. Бул министрликти шоу, шаан-шөкөт катары көргөн адам министр болду. Маданият бул бир эле ырчы-чоорчу, сүрөтчү эмес. Кондучалова эч качан ырдаган эмес, сүрөт тарткан эмес, же спектакль да койгон эмес. Бирок ал жетекчи катары өзүнүн мыктылыгын көрсөтүп бул тармакты көтөргөн.

Каныбек Осмоналиев, КРнын ЖКнин депутаты: «Жакшы режиссердон айрылып, жаман министрлүү болдук»

-- Биринчиден, мен жаңы маданият министри болуп шайланган Алтынбек Максүтов мырзаны куттуктагым келет. Бирок, бул жерде мен эки позицияны карманып ал кишиге каршы добуш бердим. Биринчи позиция – бул кесипкөйлүк, профессионалдык деңгээл. Биздин мыйзамдардын бузулушу мени ынандырган жок. Мыйзамдарга ылайык, мамлекеттик кызматта иштеп, бардык тепкичтерди басып өткөн кишилер өкмөт мүчөсү, министр болушу керек эле. Бул жигит мамлекеттик кызматта бир күн да иштебептир. Экинчи жагынан, Максүтов укуктук-нормативдик документтерди, токтом, мыйзамдарды кантип иштетери тууралуу бизге түшүндүрүп бере алган жок. Ушулардын баарын эске алып, мен ачык эле микрофондон айттым, «Айланайын иним, мен сага каршы добуш берем. Себеби, сен бышып-жетиле элексиң. Жакшы режиссер экениңе ынандык, азыр эми ошол жакшы режиссердон айрылып, жаман министрлүү болуп отурабыз» деп айттым.

Эрнис Абдыжапаров, кинорежиссер: «Элдин башын бириктире турган инсан келди»

-- Мен Алтынбекти тээ 90-жылдардан бери билем. Жаңыдан актер болуп келип, театрга иштегенден тартып. Ошондон баштап режиссерлукту алып кетти, музыкалык аспаптарды өздөштүрдү, карапачы болду, карапаларды чыгарды, бир топ жайыт алып фермер болуп иштеди. Андан кийин филармониянын башкы режиссеру болгондон бери укмуштуудай иштерди жасап жатат. Кийиз дүйнө фестивалын, Токтогул, Саякбай сыяктуу улуу инсандарыбыздын юбилейлерин өткөрүп жатат, дүйнөлүк оюндарды уюштуруп жатат. Менин оюмча,  маданиятты түшүнгөн, элдин башын маданиятка бириктирген, келечекте элибиздин каада-салтын, үрп-адатын жаңы деңгээлге көтөрүп, дүйнө жүзүнө дүңгүрөтө турган инсан келди деп ойлойм.

Азамат Болгонбаев, төкмө акын: «Саясый оюнчу болуп кетпесе болду»

-- Мен Алтынбек Максүтовдун министр болуп келишин колдодум. Ал киши чыгармачылыктын ар тармагын түшүнөт жана аралашып иштеп да келген. Акылы тунук, жаш, саясаттын сасык оюнуна аралашкан эмес, менеджмент тармагын түшүнүп алып кетет деп ойлойбуз. Аны менен катар эле маалымат жана туризм деген чоң тармактарды унутта калтырбайт деген ишеним бар. Маданиятты жакшы билет, саясий оюнчу болуп кетпесе эле болду.

Каныбек Иманалиев, ЖК депутаты: “Мен да, Алтынбек Максүтов да жайсаңчы эмеспиз”

-- Маданият, маалымат жана туризм министрлигине искусство кишилери ишеним арткан, чыныгы профессионал, маданият көйгөйүн ичинен билген, билимдүү, уюштуруучулук тажрыйбасы жетиштүү, кыргыз маданиятын жаңы деңгээлге көтөрүп чыгарып кете турган, патриот инсан келди. Туризм тармагын билбейт экен деген сөздөр негизсиз. Туризм боюнча 100% туристтик компаниялар иштейт, бул боюнча мамлекеттин саясатынын өнүгүү стартегиясында так жазылган. Бул министрликтин негизги функциясы маданият, туризм боюнча атайын департамент бар, ошол жерде адистер жетиштүү. «Каныбек Иманалиевдин кызыкчылыгындагы талапкер экен» деген сөздөр дагы суу кечпейт. Мен Алтынбек Максүтов менен айылдаш да, партиялаш да, жердеш да эмесмин. Бирок Алтынбек сыяктуу кыргыздын ар бир жигити менен сыймыктана алам. Экөөбүздү жайсаңчы деп да чыгышты. Коррупциячыл деп айта албайт, ызы-чууга аралашкан эмеспиз, адамдан кемчилик таба албай калганда ушинтип чыгышты да. Элди бөлгөн мындай жикчилдердин сөздөрү суу кечпейт. Эл бузук сөзгө ишенбейт, түзүк сөзгө ишенет. Мен дагы, Максүтов дагы жайсаңчы эмеспиз. Бул болгону 2-3 кишинин ойлоп тапкан ушак-айыңы. «Жакшы деген бир ат бар кууса жетпейт, жаман деген бир ат бар жууса кетпейт» деген элдин жакшы сөзү бар. Жакшы адамга канча жаман сөз айтылса дагы жукпайт. Ошондуктан 88 кишинин 84 добушун алды.

Дилбар АЛИМОВА 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине