Пуччининин «Тоскасы» Бишкекте. Саналуу күндөр гана калды…

09:59, 30 Ноября 2018

Кыргызстандагы эң чоң музыкалык окуя жакындап келе жатат. Анын башаталышына абдан аз убакыт калды. Уюштуруучулар болсо күн санап жаткан учуру. Пуччининин белгилүү «Тоскасы» 13- жана 14-декабрда борбор калаанын жаңыланган опера жана балет театрынын сахнасынан жаңырат.

Бул окуяныны көлөмдүүлүгүн байкоо үчүн афишига көз жүгүртөлү. Постановканын музыкалык жетекчиси жана дирижеру- Валентин Урюпин, Орус академиялык симфониялык оркестринин башкы дирижеру, сэр Георг Шолти атындагы эң жогорку даражадагы сыйлыгына татыган жалгыз орусиялык музыкант-жеңүүчү. 

Сүрөттө: Валентин Урюпин

Музыкалык консультант- грек примасы Медея Ясониди, Пермь академиялык опера жана балет театрынын кастинг-жетекчиси,  анын артында белгилүү Карнеги Холл, Париж операсы, Болониядагы Элеонора Дузенин театры, Афина операсы. Ассистент-дирижер- Азербайжандык  Москва консервоториясынын бүтүрүүчүсү Орхан Гашимов. Башкы партияларды Пермдин опера жана балет театрынын солисткасы Лариса Келль , «Маданият» телеканалындагы «Чоң опера» сынаганын жеңүүчүсү, өзбек  «Чоң театрынын» солисти Рамиз Усманов жана түрк Ankara State Opera and Balletттин солисти  Үмүт Көсмандар аткарат. Ошондой эле иш-чарага Рахат Осмоналиев жетектеген биздин  Мамлекеттик академиялык симфониялык оркестр,  хормейстр Карагул Тиленчиев алдындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын академиялык хору жана Ж.Шералиев атындагы БИМин балдар хору катышат. Бул саптардан жада калса музыкадан алыс адамдар дагы илш чаранын масштабдуулугун көрө алышат. Операнын жылдыздары- Бишкекте. Ишенүү кыйын, бирок бул чындык.

Бул укмуш иш чараны “Prima” фонду уюштурууда. Алар өлкөдө жыл сайын Tengri Music фестивалын өткөрүп келишет. Дал ушул фонддун алмашкыс жетекчиси жана идеологу Виктория Юртаева менен биз маек курмакчыбыз.

-Сенин башына бул акылга сыйбаган идея кантип келди?

-Келди дегениңер кандай? Алар менин башымда жашайт, жана абдан көп. Чынын айтсам, биз өткқргөн акыркы фестивал- бул чогултма оркестрлер кандай иштээрин көрсөткөн эксперимент болду. Биз укмуштудай жыйынтыкка жеттик. Биздин артисттер эң мыкты ойнойт экен. Көбүнчө, биздин кыргыз музыка дүйнөсүнүн негизги көйгөйү- бул жөнөкөй, чыгармачыл коллабрацияныны жоктугунда болчу. Ал ар бирибизге жетишпегени анык эле. Дал ушул коллабрацияда постановка кою идеясы жаралып дагы эмес, кристаллдашып пайда болду деп айтсам жаңылышпайм. Адегенде биз “Тосканы” өз күчүбүз менен, ички долбоор катары коёлу дегенбиз. Андан кийин ар кандай “А бул ролго башка бирөөнү чакырып көрсөкчү?” дегендей ар кандай идеялар пайда боло баштады. Чынында, бул акылга сыйбаган идея... Мен муну ойлосом жүрөгүм токтоп калайын дейт, иш чара кандай болот деп мен абдан санаа тартып жатам.

Редакциянын изилдөөсүнөн: Аталган постановка тарыхта биринчи жолу коюлганда көрүүчулөр тарабынан сынга кабылган. Буга бир себеп катары мелодиялардын өзгөчөлүгү, көнүмүш эместиги  жана... мыкаачылыгы болгон. Айта кетсек,  публикага кыйноо сценасы жаккан эмес.

-Либреттону кайдан алсак болот? Окурмандарга бул трагедиялык музыкалык окуя эмне жөнүндө экени кызык болсо керек.

-ticket.kg сайтынан.

-Долбоордун катышуучулары менен сүйлөшүү оңой болдубу?

-Оор. Чынында, абдан оор болду. Негизи долбоордун өзү эле абдан кымбат. Билесиңби, адамдар бекер же үч тыйынгы иштеп бербейтта. Алардын эмгеги татыктуу бааланышы керек,  акча түрүндө дагы.

-Азыр менин суроомо таң калба, бирок эмне үчүн айымдарга караганда мырзалар көп чакырылган?

-Бул операда болгону бир эле аялдын партиясы бар. Андыктан өзүңдүн феминисттик санааларынды Джаккомо Пуччиниге даректе. Анын үстүнө бизде Медея Ясониди бар, ал канчалык деңгээлде күчтүү аткаруучу экенин сен элестете албайсын. Ал биздин артисттер менен бирге иштейт – а бул нерсе болсо өзү эле окуяга барабар. Билесиңби, “Тоска”- өзгөчө материал. Абдан популярдуу, эң белгилүү репертуарлардын бири, бирок абдан татаал. “Тосканы” эки спектакль катары менен ырдаган солисттер да бар. Бул өтө чоң эмоционалдуу толкундоо, нерв системасына болгон өтө чоң басым жана үн үчүн өтө чоң сыноо.

Сүрөттө: Медея Ясониди

Редакциянын изилдөөсүнөн:  “Тосканын” алгачкы премьерасынын абдан кызыктуу тарыхы бар. Ал алгачкы жолу 100 жыл мурун коюлуп абдан чоң ызы-чуу жараткан. Бардыгы театрдын залына полициялар кирип келгенинен башталган. Көрсө кимдир бирөөлөр имараттын ичинде бомба бар деп айтып койгон экен. Жыйынтыксыз издөөлөрдөн кийин спектаклды коюу улантылган. Оркестр ойноп баштагычакты эле залдын ичи нааразычылыкка жана кыйкырыктарга толгон. Анын себеби жардыруунун коркунучу эмес, римдин театр салтынын бузулушу болгон: шаарда барюдык спектаклдар кечигүү менен башталчы эле. Калк дал ошого эсептеп келген, ал эми дирижер болсо операны өз убагында баштап салган. Жаңы гана келген көрүүчүлөр ачууланынп спектаклды кайра башынан баштоону талап кылышкан. Дирижер жана солисттер багынып беришкен.

-Эмне үчүн силер дал ушу “Тосканы” тандадыңар?

-“Тоска” операсы- опера тарыхынын  кульминациясынын бири, ал ушунчалык эмоцияга, сулуулукка жана кубатка бай чыгарма. Операнын музыкасы- сезимге толгон, көркөм,терең, ал алгачкы адабий булактын мактанчаактыгын жылмалап, угуучунун так жүрөгүнө тийен касиетке ээ. Көрүүчүлөр сахнадагы каармандар менен чогу жашап жаткандай эле аларга санаа тартып, толкунданат. Операнын жанры- музыка дүйнөсүнүн элитасы. Бизде созсуз аткарылуучу дресс-код бар, ал-кечки кийим.  Бул эрежени баары сактап сулуу болуп келишсе дейбиз...

-Бир жыл мурун “Тоска” консервоторияда коюлган эле...

-Ооба, бирок ал кезде анын бөлүктөрү гана коюлган. Мунусунда болсо ал толугу менен көрсөтүлөт. Бирок спектаклды стенография жана жасалгалоо менен коюуга биздин алыбыз жетпейт, ал оңой иш эмес.

-Билеттерге болгон баалар кандай?

-Биз билеттерди максималдуу түрдө жеткиликтүү кылууга аракет кылдык. 1000 сомдуктары бар, жана 2800 сомдуктары бар. Шериктештер билеттерди кымбатыраак кылууга сунуш кылышты, бирок мен ал бааларга макул болгон жокмун. Бул баа биздин өлкө үчүн нормалдуу. Негизигнен, маданият тармагында иштеген адамдар аз эле маяна табышат, эгерде билеттерди кымбаттатсак алар спектаклге кире албай калышат. Ага спектаклды көрүүгө милдеттүү болгон адамдар барганы абдан маанилүү. Биз скидка жана ойнотууларды жасаганга мүмкүндүгүбүз жок болгондуктан, бааларды коюуда буга дагы көңүл бурдук. Албетте, билеттер өтө кымбат деп эсептегендер дагы бар. Бирок мен дагы бир жолу кайтайлайм, мындай маданий иш чараларга салым кошуп, катышкан гана адамдар буга баа бере алат.

Редакциянын изилдөөсүнөн: Пуччини өзүнүн чыгармасында XIX кылымдагы Римдин атмосферасын тартуулоого бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонгон. Атайын бул чыгырма үчүн ал храмдын кызматкери дон Паниккелинин жардамы менен Ыйык Петрдун соборунун коңгуроолору аркылуу чыгармага жан берген.

-Сиздер рекламаны дээрлик такыр жасабай элесиңер. Эмне үчүн? Мындай маанилүү иш чара бирок маалымат булактарында жымжырт...

-Биз реклама тууралуу ойлонгондо популяризация кылбайбыз деп чечим кабыл алганбыз. Спектаклдын кереги жок деп эсептеген адамдар бар. А кээ бирлер болсо бул окуянын чыдамсыздык менен күтүп жатат. Биздин угуучу- ой-толгоосу кенен, билимдүү, өзү үчүн жаңы эмоциялык ачылыштарды жасагысы келген адам. Ал адамга бул маанилүү экендигин түшүндүрүп кереги жок, ал өзү келет.  Албетте, биздин эшиктерибиз Тенгри мюьзик фестивалындагыдай эле ар бир адам үчүн ачык.

-Сен үчүн кайсы долбоор оор болду?

-Ички жумуштары боюнча бул долбоор фестивалга караганда абдан оор. Биринчиден, бул коммерциялык форматтагы иш чара. Бизге жана артисттерибизге тамак аш, турак-жай тартуулоочу шериктештерибиз бар. Бирок, чыгымдарды жабуу жана гонорарларды берүү басымы билеттердин сатылышынан көз каранды. Экинчиден, масштабы... Өзүң түшүнөсүң...

-Мындай масштабга биздин театрдын алы жетеби?

-Менин оюмча, биздин театр бул операга татыктуу. Анткени абдан чоң оңдоп-түздөө иштери жүргүзүлгөн. Биз театрдын жетекчилиги менен сүйлөштүк, алар бизди абдан колдоду. Жыйынтыгында баары жакшы болду.

-Долбоордун катышуучулары жөнүндө бираз айта кетсең...

-Валентиг Урюпин- дүйнөлүк театрдын чыныгы жылдызы. Ал эки спектакль аяктагандан кийин дароо Баден-Баденге кайрадан “Тоскага” дирижер болуу үчүн учуп кетет. 

Сүрөттө: Рамис Усманов

Рамис Усманов- бул тенор, Ташкенттеги операнын солисти. Ал “Маданият” телеканалындагы “Чоң опера” сынагынын финалчысы. Лариса Келль- чыныгы Тоска, ал үчүн жаралгандай эле. Медея жөнүндө мен айткам...

Сүрөттө: Лариса Келль

 Биздин дагы бир жеңишибиз- Үмүт Көсман- баритон. Ал  Туркиянын элчилиги биздин  шериктешибиз болгону үчүн  катышат. Ал “Тоскада” алгачкы ирет, Бишкекте ырдайт. Ал терс каарман- Скарпийди аткарат. Мен андан бул дирижер менен иштеп,ушул каарманды аткаргысы келеби деп сураганда, “Бул менин кыялым, мындан башка эч нерсени сурабай эле кой, мен барам, атымды дароо жазгыла” деди. Бул абдан жагымдуу болду.

Сүрөттө: Үмүт Көсман 

 Дирижердун ассистенти бизге Азербайжандан келет. Ал- Орхан Гашимов. Айдын экинчи күнүнөн тарта ал баш оту менен жумушка кирет. Балдар хорун, хорду, солисттерди айкалыштырат...

Сүрөттө: Орхан Гашимов

Жумахатов атындагы оркестрдин жетекчиси Рахат Осмоналиевге терең ыраазычылык билдирем, ал өзүнө мынчалык чоң жумушту алгандан корккон жок.

Сүрөттө: Рахат Осмоналиев

Редакциянын изилдөөсүнөн: Монсеррат Абалье  Vissi dArte сыйынуусундагы акыркы төрт нотасын бир дем менен ырдаган жалгыз ырчы катары Гиннес рекорддор китебине кирген.

-Түшүп келаткан көшөгө алдына салттуу провакация: заманбап угуучуга операнын эмне кереги бар?

-Музыкалык төшөлгүлөр бизди эмоцияналдык жактан үучтүү, эмоцияга бай кылып, биздин эмоциялык интеллектибизди өнүктүрөт. Заманбап адамдар смартфондордун ичине кирип кетип, өзүн жоготуп, ал эмнени каалап жатканын билбей калат. Опера адамды кайра өзүн тирүү жан катары сезүүго жардам берет.

Негизинен, классикалык музыка керекпи же  жокпу деген суроо жөнүндө ойлонуу эсти оодарат. Бүткүл музыкалык искусство андан башат алат. Рынок барда жогорку математика керекпи? Интернетте посттор барда адабият керекпи? Менимче, ар бир адам акыл эсинде ал керек экенин түшүнөт. Ошондуктан жакында Бишкекте дүйнөлүк операнын жылдыздары “Тосканы” беришет.  Бизде дагы бир чоң майрам болушу керекда.

Даярдаган Светлана Бегунова

Билеттер https://ticket.kg/event/tosca сайтында

Маалымат үчүн телефондор: + 996 559 773083 / +996 770 787674

dress code: black tie

 
© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине