Даталар дүйнөсүндө

12:41, 18 Февраля 2015

Биринчи жолу ал туурасында мектепте окуп жүргөндө билдим. Ал кезде бардык театр сүйүүчүлөрдүн оозунан артист Дмитрий Ложниковдун ысымы тушчу эмес. Анда Шекспирдин пьесаларындагы кайгылуу каармандарга таандык болгон кумар да, асылзаттык да, тереңдик да бар эле. 

Дмитрийди бир нече жолу телевидениеге чакырышты, бирок, ал өз жашоосун бир саатта өзгөртө турган адамдардан эмес болчу. Ал Орус драмалык театрында иштеп, алдыңкы артисттердин бири болгон. Бирок, өзгөрүүлөрдүн убагы келди, аны бүгүн  эл журналист катары, «Бешинчи каналдын» алып баруучусу катары таанышат.

 - Театрдан эмне үчүн кеттиңиз?

 - Менин ордум ушул жер экенин түшүндүм. Экөөнү бирге иштөө мүмкүнчүлүгү бар кезде, чогуу иштеп келдим. Айтор, мен баарына акчанын айынан кеттим деп айтам. Ушинтип түшүндүрүү жеңилирээк. Телевидениеде акча чын эле көбүрөөк. Бирок башка жактары да бар. Адамдын орду – ал жумушуңан  ырахат ала турган  жер. Мен көп акча төлөгөн, бирок өзүңдү күчтөп иштей турган жерде иштей алмак эмесмин.  Телевидениеде мен процесстин өзүнөн ырахат алам. Театрда да кубаныч бар болчу, бирок, башка жагынан,  баңги затына окшош. Дагы бир себеби – театрда ыңгайсыз боло баштады. Бул  ыңгайсыздык дагы эле токтой элек. 

- Биринчи жолу телевидениеге кантип келип калдыңыз?

 - Мен телевидениеге баргым келген эмес. Бир жыл мамлекеттик радиодо жаңылыктар кызматында иштедим.  Ал жактан көп нерсени үйрөтүштү, пайдубал курушту. Ошол кезде бардыгы, радио – бул биринчи баскыч, андан кийин телевидение болот деп айтышты. Бардыгы ошол жакты самашканы менен, менин баргым келген жок. Бирок, натыйжада мени күч менен телевидениеге сүйрөп барышты. (Жылмаят).   «Ала-Тоо» программасын алып бар дешти, анан мен акырындап тартылып кеттим. Мен журналист болуп да, алып баруучу да, чыгаруучу редактор да болуп иштедим. «Бешинчи каналда» негизделгенден бери иштеп жатам. Алып баруучу болуп келип, эми шеф-редактор болуп иштеп калдым.

- Сиздин шеф-редакторлук беш осуятыңыз кайсы?

- Бирөөнө зыян кылба, эч качан эч кимге ишенбе. Тютчев мындай деп жазган: «Айтылган ой - жалган».  Бардык адамдар калп айтышат, кээде байкабай айтканы менен, калп айтышат. Журналистиканын негизги принциби – алынган малыматты кайра текшерүү. Кийинки осуят -  эч кимдин жетегинде жүрбөөгө аракет кылуу. Анан, бешинчиси – салкын кандуулкту жоготпоо. Жаңылыктардын ар бир чыгарылышы – бул  кандайдыр бир форс-мажор.  Бирок ар бир кырдаалдан чыгуучу жол бар. Башкысы – өз ишиңди  жаса, башканыкына тийишпе. Журналист өрт өчүрүүчү жерге келгенде, ал чакалап суу ташыбайт. Ал өз жумушун аткарышы керек, өз сезиминин жетегинде калбашы керек. Интервью алат, көргөндөрдү сураштырат. Негизи эле, ар бир адам өз ишин кылышы керек, ошондо дүйнөдө баары жакшы болот. 

-   Сиздин  «Дата» автордук программаңыз кантип жаралды эле? Процесс туурасында айтып берсеңиз, идеядан баштап ишке ашырылганга чейин…

- Идеянын пайда болгонуна көп болду. 10 жыл, болгону ал кезде ишке ашырууга мүмкүн эмес болчу. Азыр да чындыкка жатпайт, бирок, акырындап колдон келип жатат. Биринчи кезекте, бул  жерде иштеген адамдардын эмгегинен.  Мына, мисалга, режиссер  Иван Чижиков, ал  «Датаны»  топтойт (монтаждайт), биздин бардык видеоархивдерди  кылдаттык менен изилдеп чыккан, кайсы кадрларды кайда коюу керек экенин билет.  Ансыз чын эле алым жетмек эмес. Негизи эле,  «Дата»  программасы – тарых туурасында көп жана эч кимге таңуулабай айтып берүүнүн жөнөкөй түрү. Бул  менин шаарым, менин мекеним, менин жерим.  Канчалаган чыгаан адамдар менен жолуктум, алар өз эскерүүлөрү туурасында айтып беришти, башкысы, өз шаарына жана мекенине болгон сүйүүсү менен болушту.  Мына ушул сүйүүнү  мүмкүн болушунча көп тургундарга жеткиргим  келди.  Бир гана сүйүү эмес, өз туулган  жерин жана анын тарыхы  менен сыймыктануу.

- Тарыхый материалдар менен иштеп жатып, кандай байкоолорду жүргүздүңүз?

-Азыр тарыхты каалашынча бурмалап жатышат.  25 жыл мурун дээрлик бир державаны кулатышты, ал тарых боюнча окуу китептерин кайра жазып чыгууга мажбурлады.  Жаман жазышты, ар кандай жазышты, эми болгон тарыхты каалагандай түшүндүрүп жатышат.  Тарых саясий куралдын бири болуп калды. Бир гана кубандырган нерсе, биздин деструктивдүү саясатчылардын көбүнчөсүнүн сабатынын аздыгынан бул  шайманды анчалык колдоно алышпайт. Азыр эл кара жана ак гана түшүнүктөр  менен ойлонуп жатышат.  Советтик мезгилди кара боекко боешуп, ал эми азыркыны… Аны кара боекко боеп да кереги жок. Мисалга, Совет мезгилинде кыргыз тилине көңүл бурулган эмес деп айтууга болбойт. Исхак Разаков аны мектеп программасына киргизген. Ага чейин  Тыныстанов да, Поливанов да кыргыз тилинин үстүнөн иштешкен.  «Манас» эпосун  да чыгарышкан, андан кийин изилдеп, кайра басып чыгарышкан. Ошондуктан, тарыхта баары эле бир жактуу эмес. 

-   Программанын максаттуу аудиториясы кайсы ?

- Мен, менин программамды рухий мурастардан оолак жүргөн жаш муун корушун каалайт элем, бирок аны көп учурда ортоңку интеллегенция көрөт, алар ансыз да баарын билишет. Жаштар, биздин мамлекет кантип курулганын билишпейт. Мисалга,  Токтогул ГЭСин жыйырма жылдан ашык убакыт миңдеген кишилердин курганын ким билет? Анан бул маалыматты баалоо керек.  Мамлекет  кармалып турган  туркуктор бар. Эгер алар жок болбосо, мамлекет кулайт.  Бишкек-Ош жолун алып салышса, эки мамлекет болуп калат. Мунун баарын куруу канчалык оор болгонун көп адам биле бербейт. Албетте, биздин мамлекеттин адамдарында сыймыктануу үчүн предметтер көп болсо экен дейсиң:  жазуучулары, ырчылары, балет, кыргыз киносу. Казып баштайсың да, таң калычтуу ачылыштарды жасайсың. Согуш жылдарында «Манас» фильмин тартышканын ким билет? Калктын арасында идеологиялык көтөрүлүштү ойготууга аракет кылышкан. Болуп көрбөгөндөй акча каражатын салышкан. Фильмге декорация куру үчүн ондогон ишканалар иштешкен. Анан эмне үчүн бул  долбоор ишке ашпай калган, түшүнүксүз.  Сценарийдин үстүнөн Жоомарт Боконбаев иштеген, бирок авто кырсыгынан каза болуп калган.

 - Сиз учун  «Дата» программасы эмне?

- Каармандарым кээде түшүмө да кирет. Ташкент сепилин алган кезде, менин түшүмө генерал Черняев кирген, аны эмне үчүн алганын абдан түшүндүрүп берип жатыптыр.  Мага тарыхый портретти изилдеген жагат, сырларды ачканды жакшы көрөм. Мага тарыхчылар нааразылыктарды айтышы мүмкүн. Мен тарыхча жаңылыкты алып барган  журналист катары мамиле кылам.  Так эместиктер, иштелип чыкпай  калган жерлери болушу мүмкүн. Алар жок дегенде билинбей калса экен деп аракет кылам. Деги эле, көп нерсени өзүм аркылуу өткөрөм. Ушундай кырдаалда мен эмне кылат элем деп ойлоном.   Соломондун сөзү эсиңердеби? «Билимин көбөйткөн кайгысын көбөйтөт».  Кандайдыр бир моралдык оорчулук чогула берет, тарых баары бир  «кысат».  Бир жуманын ичинде ар кандай 28 окуя даярдашың керек. Ар бирине сары санаа болом. Мына, мисалга,   Рафа Айдарбекова, биринчи аял-хирург, анан белгилүү  мамлекеттик кызматкер    Иманалы Айдарбековдун кызы.  Бирок, ал азыр белгилүү инсан, ал кезде эл душманы болчу. Анан бул кыз, ал кезде –  жолунун баары буулуп турганын жакшы түшүнгөн. Анан эле согуш, ал алдыңкы согуш катарына операция кылууга жөнөйт. Берлинге чейин жеткен, атышуулардын  алдында миңдеген операцияларды жасаган. Аман- эсен, сыйлыктары менен кайтып келди.  Анан менин түшүмө , ал улгайган кезинде автобуска түшсө, ага эч ким орун бербей жатканы кирет. Ошондо жаштарга ал туурасында айтып берип жатыптырмын, алар дароо атып турушуп, аялга орун беришет.  Абдан кызыктуу түш. Ошондуктан, баары эле жаман эмес.

- Сиз учун жаны тарыхтагы эн маанилүү дата?

- Бүгүнкү күн. Бүгүн  пайдалуу бир нерсе жасоого мүмкүндүк бар. Мамлекет үчүн пайдалуу нерсе жасабай эле кой, өзүң жана жакындарын үчүн жаса. Ошондо мамлекетке да пайда болот.

Биздин интервью убагында иш бөлмөгө кесиптештери менен балдар кирип турушту (практикадагы балдарды ушинтип аташат экен). Бардыгына Дмитрий Ложников кичипейил мамиле кылып жатты. Алар  өз жумушчу маселелерин чечип жаткан убакта, жумушчу ордун карадым. Эң керектүү буюм – иш дептери. Ар бир күндүн алдында тарыхтагы  окуялар туурасында жазылган. Чыдабай кетип, жеке суроо бердим .

- Сиз жетеленме адамсызбы?

- Ооба. Бирок, буга акыл менен  мамиле кылам. Биз баарыбыз жетек менен жүрөбүз. Бирок, бизди кайда жетелеп баратканын билишибиз керек. Мага, агымга каршы бара жаткан адамдар да бар да, деп айтуунун кереги жок. Агымга каршы багыт алган адамдар, натыйжада эч  бир жакка келишпейт. Сен кайсы күчкө иштеп жатканыңды билишиң керек. Мага көп акча төлөп берүүгө даяр адамдар бар, бирок мен алар менен иштешким келбейт. Ар бир адамдын өз тапшырымасы бар. Бул адамдын, же Кудайдын тапшырыгы болушу мүмкүн. Мен өз намысыма каршы иш кылбайм. Албетте, менде  да, бардык адамдардай эле, өз кемчиликтерим  бар.  Аларды бир нерсе кылуу керек, аларды  жеңип чыгуу керек, оңдоо керек. 

Коштошуп жатып, китептерге, маалымдамаларга жана энциклопедияларга толгон китеп  текчесине дагы бир жолу көңүл бурдум. Бардыгы Кыргызстан тууралуу. Каарманыбыздын өзү- бул китептердин бардыгын окуп чыга электигин өкүнүү менен  мойнуна алды. Убакыт жетишпейт. Анан, кайгылуу жылмайды.

Жамиля Дандыбаева 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине