Босогодон өтүү

13:16, 10 Апреля 2015

Бет ачаардан соң

Жакында борбордогу «Октябрь» кинотеатрында кинорежиссер Марат Сарулунун  «Көчүү» тасмасынын бет ачаары болуп өттү. Тасма «Кыргызфильм» киностудиясы жана «Мандала Филмз Компани» менен биргеликте 2014-жылы чыгарылды.

 Нью-Йоркто тасма, сынчылар тобунун мыкты режиссердук эмгек сыйлыгына арзыды, Эстониядагы  «Black Nights» ( Кара түндөр) Таллин фестивалында баш айланткан ийгилик менен дароо эки сыйлыкты алышты: Азиядагы мыкты тасма үчүн NETRAC жана мыкты режиссердук иш үчүн өзүнчө сыйлык. Бул ийгиликтер кыргыз киносунун кадыр баркын эл аралык денгээлде көтөрүп, кезиндеги «кыргыз кереметин» сыймык менен улантууда. Себеби, көз карандысыздыкты алгандан берки «А» тобуна кирген, Батыштын фонд жана компаниялары аркылуу эмес «Кыргызфильм» эмблемасы алдында чыккан алгачкы тасма болуп жатпайбы.

«Көчүү» - бул насыяны төлөй албай, жашаарга үйү жок калган жөнөкөй үй-бүлөөнүн турмушу тууралуу үч сааттык баян. Чоң дарыянын жээгиндеги анча чоң эмес үйдө чоң атасы менен небереси күнүмдүк тиричилигин өткөрүп келишет. Карыя орточо пенсиясынан сырткары, жергиликтүү сордуруучу станцияда иштейт, жумушуна чейин кайык менен барып келет. Кичинекей небере кызы эртели кечке өзүнө оюн таап, табиятта ээн-эркин күн өткөрөт. Бейкуттукту капыстан шаардан ажырашып келген энеси бузат, Перизаттын баласы атасында калган. Карыяны үйүн сатып, аны менен шаарга көчүп кетишин жалынып жалбарып суранат. Кокус чоң атасы менен бир нерсе болуп кетсе, кичине кыздын тагдырын азыртан ойлош керек деп түшүндүрөт. Сагындык ата болбогон акчага үйүн сатат, анын достору кичинекей Айназике балык белеке беришет, чогуу шаарга узашат.

Заңгыраган шаарда биринин артынан бири кырсыктар башталат. Перизаттын калпы чыгат- көрсө карызга алган үйү толугу менен оңдолуп бүткөн эмес. Үй-бүлөө темир жолдун түбүндөгү вагондо эптеп-септеп күн кечиришет. Ал жерде жада калса ичүүчү суу да жок. Көнүп калган булактын суусунун ордуна эскирген цистернанын суусун колдонушат. Ажайып жаратылыштын ордуна күн сайын темир жолдун ызылдагы жана боз дубалдар. Ал аз келгенсип, чала-була тааныган алдамчыга акчасын алдаттырып, кызы банктын насыясынан кутула албай калат. Соңунда үйдү карыз ордуна алып коюшат. Жашоодон тажаган Перизат Россияга кетүүнү чечет.  Өз кызын аял, мурдаакы күйөөсүнө калтырууну чечет, бирок күйөөсүнүн жаш аялы каршы болуп, жолдошу акыры аны менен макул болууга аргасыз. Айназикти башка туугандары деле алышпайт-бул заманда дагы бир ашык ооз кимге кереги бар эле? Перизат кызын балдар үйүнө алып келип, атасын карылар үйүнө таштап кетет. Балдар үйүндө өзүнүн катаал мыйзамдары башталат-балыкты тартып алышып, жалпы  аквариумга кое беришет. Кыздын чачын кырып, боз чамбулала көйнөкө кийгизип, кемсинтишет. Чоң атасынын сүйүүсү менен чоңойгон Айназик катаал шартка чыдабай, балдар үйүнөн атасын издегени качып кетет. Тасма кейиштүү жана  коркунучтуу аяктайт-кыз караңгы шаарда, темир жолдун жанында жалгыз турат. Аны мындан ары эмне күтөт? Жакындагы үйлөрдө жарык күйө баштайт. Тырмактай Айназикте үмүт болобу? Режиссер Марат Сарулу тасма тууралуу ой бөлүшөт.

 - Чынын айтайын тасма өтө эле катаал экен. Улуттук кино эч качан мынчалык ачыктыка даай алчу эмес эле.

 - Билесизби бүгүнкү күндүн урааны: «жаш болуу», «эч кандай маселе жок» жана  «жашоодон баарын бүгүн жана азыр алуу». Дал ушул ырахат, азыркы искусствого өзүнүн идеологиясын мажбурлап жатат. Ошентсе да, өлүм жашоого терең кирип, ырахатты өзүнүн жаштагы менен чийип салган. Өлүм турмуштагы жарыбаган нерсенин баарын ордуна коет.


- Бирок сиздин тасмада өлүмдүн түздөн түз орун алышы жок. Макулмун, жалгыздык, кейип, айла кетүү бар бирок, өлүм жок.

 - Үмүт үзүү, жалгыздык жана үрөй учуруу- бул өлүмдүн бет кабы, анын жүзү, түз эмес катышы бар. Бул калгып турган абал, жашоону жылаңачтап калыптанышынын негиздерин ачыка чыгарып коет.

- Бул учурда биздин жашоо каардуубу же сиздин тасма көркөм ойдон чыгаруубу?

 - Антонен Арто өзүнүн театрын - «ырайымсыздык театры» деп атаган. Белгилуу философ бир жолу, «ой өлүмдүн мыйзамдары аркылуу ишке ашат» деп айтыптыр, башкача айтканда үмүт жок калганда гана кырдын башка жагын көрүүгө чечим чыгарабыз . Жаны күчтүү, акылы тунуктар гана ал босогону көрө алашат, себеби катардагы акылдар ал жака жетпейт дагы, бул биринчиден. Экинчиден, бул өтө маанилүү: көйгөйлүү жана чектелген нерселерди убагында искусстово алкагында чечип алыш керек, антпесе, күнүмдүк жашоодо кездешип калса өтө коркунучтуу болот. Психоанализде ушуга окшош «жооп берүү» ыкмалар кездешет. Мисалга жашоодогу капаланткан учурлар, адамга кайрадан кездешип, анын мүнөзүн курчутат.

 - Бирок көрүүчүлөр экранда болуп жатканда чындык катары кабыл алат эмеспи.

- Балекеттин баары ушунда. Эгерде экрандын ичкелиги менен биздин аң-сезимди салыштыра турган болсок, анда жашоодо же экранда деле адамдар айланада болуп жаткан кубулуштарды табыгый кабыл алышат. Кокус адам акылы жана эмоциясы менен өзүнүн ачуулангандыгынан четтесе, анда сырткы кубулушту эле эмес, окуянын чын-аныгын да көрө алат.


 - Демек, көрүүчүлөрдү экранда болуп жаткандарды анык эмес кабыл алууга үйрөтүү керекби?

- Бул нерсеге оңой-олтон үйрөтүп кое албайсын, бул өзгөчө, биздин билим берүү тармагында кездешпеген метафизикалык маданият аркылуу берилет. Ошол үчүн биз жашоодо жана экранда болуп жаткандын баарын чын кабыл алып, жашоонун символикалык ченемдерин көрбөй калып жатабыз.


 - Балким ошол себептенби, көпчүлүк тасманы «оор» жана «пессимисттик» деп табышты?

- Тилеке каршы , биздин кабыл алуу жөндөмүбүз тез, бирок кабыл алууну бузган таасирди бир аз кечеңдетүү керек. Дагы бир жагдайды эске салуу зарыл, көрүүчү турмуштун жеңилдетилген тасмаларына көнүп калган. Андай тасмалар жупуну түшүндүрмөлөргө жык толгон жана эч кандай ой жүгүртүүгө муктаж эмес. Ал эми искусстводо жана турмуштагы нерселерди терең кабыл алуу үчүн кадыр көңүлдүн таалыкпас эмгеги керек,  «жапа чегүүнүн эмгеги» керек, бирок ал баарынын эле колунан келе бербейт . Мына ошол себептен, азыркы тасмаларда эмоция, оптимизм көп, жөнү жок пафос толтура. Мунун баары көңүлдүн өсүп жетиле электигинде, кыскасы боткодон башка колуңдан эч нерсе келбегендигинде.


 - Мен туура түшүнсөм анда сиздин тасма оңой акча таап алууну самаган башкы каармандын үй-бүлөөсүнүн талкаланышына алып келди?

- Эгерде сюжетти алсак анда ошондой деп айта алам. Ошентсе да, ал жакта дагы бир катмар бар, экзистенциалдык. Ал учурда социалдык маселе артка кетип, алдыга жашоодогу адамдын жалгыздыгы, анын жеке тагдыры алдында коркунучу жана өкүнүүсү чыгат. Ар бир каарман бул учур менен жападан жалгыз беттешет. Дагы бир метафизикалык жашыруун катмар бар- ал кызга байланыштуу- коркунучтуу заманда төрөлгөн аруу кыздын тагдыры.

 - Тасманын көлөмү жана кулачы чоң- үч саатык болгондонбу аны үй-бүлөөлүк эпикалык сага катары кабыл алышат. Бул атайылап ойлонгонбу?

- Бул ойдо жок болчу. Ар бир иш өзүнүн көлөмүн таңуулайт эмесби, режиссердун милдети өзүнүн ойлогонун башка нерселерге аралаштырбай так аткаруу. Дал ушундай иштедим. Эмгегим мына ушундай көлөмгө жеткенде, кептин баары анын чоң, кичинесинде эмес эле, ички түзүлүшүндө экендигим түшүндүм. Демек, аны ченемге ылайыктоо туура эмес.

 - Актерлор тасманын стилинен калып калбай, токтоо ойношкон. Баардыгы терең жана олку-солкузуздугу жок. Кесипке тийиешеси жоктордон мындай оюнду талап кылуу оңойго турбаса керек? (Карыяны - Сагындык Макекадыров, кызын - Перизат Эрманбетова, небересин - Айназик Бекбалаева ойношкон).

- Башында чындап эле оор болду, анткени менен кийинчерээк көнүп кетишти. Бул жердеги маселе алардын жөн гана актерлугунда эмес, андан да алдуураак оюнчу экенинде. Актер айлана-чөйрөнүн ири куралы- ал тигил же бул көрүнүштү каарманга караганда башкара алат, ошол себептен ал улуу күч, социалдык Аалам керек болсо. Мына ушул жагдай тасманын дээрлик баардык стилин айгинелеп жатты. Актердук чеберчилик менен бирдикте жалпы түшүнүктү бере алдык.


 - Тасманын музыкалык чечимине да улуттук кинематограф көнүп калгандай эмес башкача мамиле байкалат. Кантип жетиштиңиз?

- Көбүнчө композитор Александр Юртаевке ыраазыбыз, ал ишке өтө кылдат мамиле кылат, дайыма жаңы тема жана тапшырмалар менен тажрыйбалап турат.
Саша дароо эле мага музыкалык уюштурулган, синтезделген добуш, камырабаган, билинер-билинбес, менин тигил же бул учурдагы абалымды бере алган учурду байкап койду. Бул экөөбүздүн алгачкы тажрыйбабыз эмес, андыктан аны менен биргеликте иштөө мен үчүн көңүлдүү жана үлгүлүү болду.

 - Сиз Эстон жеринде тасманын моно форматында жазылганына карабастан стерео добушун белгилешти деп айттыңыз? Үн жазуу режиссеру жаш адис эле.

- Мурат Ажиев- көптү үмүттөндүргөн үн режиссерлордун бири. Ал студияга жана андан сырткары добушту жазууда тажрыйбасы мол. Мен мазмуундуу добушту жакшы көрөм, Мурат техникалык жактан абдан дассыккан адис болсо да, мен маалы менен алдыңкы план менен добуштун өз ара байланышын, терендиктин элесин жаратууну, көп катмарлыкты берүүнү түшүндүрүп жаттым. Бирок ал иштерман, баардыгын мен каалагандай аткарды ошол үчүн анын эмгеги Эстон жеринде бааланды.

 - Өзүңүздүн тасманы бүгүнкү турмуштун кесилиши деп айта аласызбы?

- Ооба жана жок. Бродский айткандай «искусство жашоо жөнүндө эмес» жана минтип кошумчалаган : «жашоо жөнүндө жашоо эмес». Анда эмне тигил же бул жөнүндө? Мына ушул суроо.

- Демек эмне жөнүндө жашоо жана искусство?

- Бродский жашоодо жана адабиятта метафизиканын жактоочусу болгон, советтик жана андан кийинки адабиятты, киномотографты алсак, анда дайыма реалисттик (миметикалык) багыт орун алган. Ошол үчүн мурдаакы советтик мейкиндикте ушул күнгө чейин инфантилдик, искусствого одоно мамиле орун алган. Биздин көрүүчү «реализмдин» туура эмес мурасы менен тарбияланып, символикалар социалдык чындыкта жана  маданиятта кездешеерин ушул күнгө чейин түшүнгөн жок. Башка сөз менен айтканда, биз өзүбүздү эч нерсе түшүнбөгөн тили бурларга окшоп, метафизикалык мейкиндике жана аруу абалга жете албай жатабыз.

 - Түшүндүрүп берсениз.

- Айрым суроолорго түз жооп берүү мүмкүн эмес, шартка жакындатуу керек. Бир көрсөтүүдө мен мисал келтирген окшоштукту дагы бир жолу кайталашым керек. Мен байыркы гректер персттерге ырайымсыздык мамилесин айтып жатам.

- Менимче сиз «Лезвие Оккама» көрсөтүүсүн айтып жатасыз? Ошол ойду биздин окурмандарга кайталап кетсениз.


 - Гректердин ою боюнча ырайымсыздык цивилизациянын сырткы белгилери эмес ( перстер деле гректерден кем калчу эмес ), тилдин жоктугу негизги нерсе. «Тилдин» астында гректер каада-салт, дин жана уламыштардан тазаланган деп ойлошкон. Дал ошол тазаланган мейкиндикти тил же философия деп аташкан. Алар адам таза тил (философияга) өткөндө гана ырайымсыз болбой жана шайтандардан алыс болот деп эсептешкен. Кыйыр түшүндүргөндө күнүмдүк турмушта биз сүйлөбөй эле кекечтенип жаткандайбыз, себеби иделогиянын шайтандары бизди жетелеп жүргөндөй.

 - Сиздин оюнуз боюнча, депсихологизация дүйнөнү нукура кабыл  алуудан бошонуу?

- Дүйнөнү гана эмес, искусствону дагы. Депсихологизация - бул философия айтылгандай жөнөкөйлөштүрүү. Ар дайым конулубуздун, акыл-эсибиздин, сөз, ойлорубуздун жөнөкөйлөштүрүбүз керек, себеби болбогон жөнү жок нерселердин ордуна өз мээбиз менен ой жүгүртүп, жүрөк менен сезип, жашоодо өз бутуң менен басып, сыймык менен эркин адам болуу негизгиси.


 - Кайрадан тасмага кайрылсак. Эгер мен туура түшүнгөн болсом анда тасма кыздын балдар үйүнөн качып, талаада жалгыз калганы менен бүтпөйт? Андан ары каарга оролгон, кооз айыл көрүнөт, андан ары көпүрө аркылуу үйүнө бет алган карыя менен кызды көрөбүз ... Бул эмнени билдирет? Бактылуу соңубу?


 - Жок. Өтө кунт коюп көргөн көрүүчү, карыя менен неберисинин дал ошол ээн талаада жүргөндө, кыздын чоң атасына айтып берген түшүн эстесек болот. Анда кыздын түшүнө кышындагы айыл, андан кийин жаз келип, чоң ата менен кызы үйүнө кайтышкан эле... Башкача айтканда соңунда кыздын түшү  көрсөтүлүп жатат. Түш бирок чындык эмес.

- Мен эми сиздин тасманы толук, терең түшүнүш үчүн кунт коюп көрүү керектигин түшүндүм.  Эгерде баарын чындай, нукура кабыл алсак анда сырткы эмоцияларды тасманын аныгы катары баалап калуу коркунучу бар турбайбы. Көбүнүн кабыл алуусу " пессимисттик" же бир нерсеге дуушар болгондой болуп калууда.

 - Бул оор кабыл алуу. Буга чейин айтып кеткендей, ой менен сезимдин ылдамдыгы дайым самындын көбүгүндөй сыртында эле калат, биздин тарбия жана адаттардын калдыгы. Андан кийин катмарлыкты көрүү үчүн ички күч, көңүлдүн жетилүүсү жана тайманбас акыл керек. Искусствону  - Павловдун ити сыяктуу «ачуу- таттуу», «оптиситтик-пессимисттик» дегендей кабыл албай- бул өзгөрүүлөрдүн талаасы, адамдын абалы чегине чейин жетип, адам жаратылышынын негизи аныкталаарын билүү керек. Эмгектениш керек, жөнөкөй психологиялык учурдан , четтетилген метафизикалык абалга жетүүнү үйрөнүш керек. Ошондо гана өзүңдүн көңүлүңдү, социалдык чындыкты, искусствону түшүнө билесин.

- Дагы бир ирээт КРнын Маданият министрлигин, кинематография Департаментин,  «Кыргызфильм» киностудиясын жана жеке сизди жеңиш менен куттуктап кетүүгө уруксаат этиңиз.

- Ыраазычылык!

Маектешкен Толкун Наматбаева  

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине