Азыркы дүйнөдөгү «Фейк» жаңылыктар – массалык психоздун куралыбы?..

16:16, 21 Сентября 2018

Кыргызстандагы “фейк” жаңылыктардын бетин ачкан башкы адам, factcheck.kg сайтыны башкы редакторду Болот Темиров такталбаган маалыматты окуп алып дүрбөлөңгө түшпөөнүн сыры менен бөлүшөт.

- Алгач “Фейк” деген эмне экенин аныктап алсак?

– «Фейк» – калп, жалган жаңылык, ал сөзсүз эле жаңылык басылмасында жарыяланышы шарт эмес. Бул чагымчылык кылган сүрөт, аудио же видео болушу мүмкүн. Алар коомдо кызуу талкууга алынып, уу-дуу жаратышат. Кээде бул талкуулар адеп-ахлактык чектерден чыгып кетет...

Кыргызстандык сулуу бийкечке байланыштуу окуя (кыргызстандык Сусанна Егорян 2017-жылы республикалык деңгээлдеги сулуулардын сынагынын финалында “Армения” деген жазуусу бар таңууну тагынган, бул КРде көп адамдын кыжырын келтирген. – Ц-1) ушуга окшош жаңылыктардын бетин ачууга түрткү болду. Ошондо армяндарга тиешеси бар сыяктуу сайт кыргыздар тууралуу жаман жазган болчу. Бардыгы бул макаланы талкуулай башташкан. Кыргыздар менен армяндардын ортосунда чагымчылдык башталды. Мен дароо шекшидим: армяндардын расмий сайты ушундайды жазмак беле деп. Тактай баштадым... Ага көп болсо он мүнөтүм кетти. Бул армяндарга тийиштирги бар имиш сайт экен. “Фейкти” Азербайжанда жасашыптыр. Биз айласыздан карабах чатагынын курмандыгы болуп калдык.

Ошондо мен, ушуга окшош жаңылыктардын бетин ачып, анын калп экенин элге көрсөтүү маанилүү экенин түшүндүм. Жарыялангандын бардыгын эле чындык деп кабыл албаш керек. “Фейсбукта” өз баракчамды ачып, колум бошой калган убакта ушул иш менен алектене баштадым. Бара-бара “фактчекинг” хоббиден ишиме айланды. Биз ал эмес factcheck.kg деген сайтты иштете баштадык.

– Дагы кайсы жаңылыктар Кыргызстанда уу-дуу жаратты:

– Быйыл өз баракчамды ачып жатып “армян темасы” бүткөндө, эмне кылам деп ойлондум эле. Эмки жумада эмне кылам? “Фейктер” болбой калсачы? Бирок так ошол учурда Мьянма темасы башталып калды (2017-жылы Мьянмада буддисттер менен мусулмандардын ортосунда диний кагылышуулар болгон. – Ц-1). Элдин кыжырлануусун, жинденүүсүн жараткан “фейктердин” толкуну башталды. Алар ушунчалык көп болгондуктан мен алардын бетин ачканга жетишпей жаттым.

Жакында эле бир тажик сайты Кыргызстанда менингит менен ооругандардын саны кескин өстү деген маалыматты жарыялаган. Ал эмес Елена Баялинованын билдирүүсүн келтиришиптир. Кийин аныкталгандай, ал эч кимге ушуга окшош интервью бербептир, ооруга байланыштуу маалымат да жалган болуп чыкты. Бул окуялар – дароо эске келгендери гана. Күндө мониторинг жүргүзүп, эң аз дегенде ушуга окшош 5-6 “фейкти” табам. Ал эмес окурмандарыбыз What’sАpp жана башка тиркмелер аркылуу тапкандарын бизге жөнөтө башташты.

“Фейктер” дайыма тирешүү, конфликт болгон жерде пайда болот. Мисалы, Украинада конфликт бар, Сирияда да конфликт бар. Диний аралык жана улут аралык конфликттер бар. Ички саясий конфликттер болот. Арменияга байланыштуу окуяга токтолсок – ал жактагы чатактын биздин маалыматтык айдыңга таасир этери эч кимдин оюна келбесе керек.

“Фейктерди” тараткандардын негизги максаты эмне?

– Бизге жеткен “фейк” жаңылыктардын серпиндилеринен сырткары, интернет колдонуучуларды кызыгуулары боюнча бөлүштүрүшөт, КРде айрым максаттагы “фейктер” пайда болушу мүмкүн. Менингит тууралуу маалыматты таркаткан тажик сайтын алып көрөлү. Алар жалгыз гана бир максатты көздөшкөн: Кыргызстандын аудиториясын багынтуу. Биз атайын онлайн-картаны колдонуп, жалган маалымат чыкканга чейин Кыргызстандан бул сайтка киргендер болбогонун аныктадык. Тажикстандан жана Англиядан гана киришет эле. Аз-маз Казакстандан жана Өзбекстандан. Ал эми калп маалымат жарыяланганганына эки күн болгондо бул сайтка эң көп киргендер Кыргызстандан жана Орусиядан болгон. Бул жерде “фейк” жаңылык ЖМКга аудиториясын көбөйткөнгө жардам берди, бирок да аларды ЖМК деп атоо жарабас, ага татыбайт.

Экинчи себеп – бул кызыкчылыктар. Эки тарап бар. Саясий тараптар деп коелу. Мына азыр биздеги маалыматтык талаада экс-президент менен азыркы мамлекет башчынын командалары катуу тирешип жатышат. Кээде “фейк” маалыматтарды да таратканга чейин барышууда.

Мисалы, июнда болгон окуяны алалы... Атамбаевдин кезинде биздин тик учактар Африкага сатылып кете жаздаган деген маалыматты көп сайттар жарыялаган. Биз такыр тик учаксыз калдык дегенге чейин барышты. Бирок кийин такталгандай, бул аягына чейин чыкпай калган ижарага алуу тууралуу келишим болуп чыкты. Тик учактар бизде калган. Эч жакка учуп кетишкен эмес. Муну далилдеш үчүн биз Google кызматынын спутник карталарын колдондук.

Эми тиги тарап тууралуу: “фотофейкте” азыркы президенттин басма сөз кызматынын бир кызматкеринин колуна полиэтилен баштыкты карматып коюшкан (мындай баштыктарды адатынча тойлордо беришет). Ал кийин өзүнчө бир флешмобго айланды: баштыкты президенттин жубайына да, ал эмес Дональд Трампка да карматып коюшту. А башында протокол боюнча иштебейт деп кызматкерди жаман көрсөтөлү деген ойдо болушкан.

– “Фейктердин”, жалган жаңылыктардын бетин ачып жатып, аларды жаряылаган ЖМКлар менен мамилени бузуп алуудан коркпойсуңарбы?

– Бизде чын-калпын текшерүүгө оор, же такыр эле мүмкүн эмес болгон ушак-айыңдарды көп жарыялашат: бул биздин жергиликтүү өзгөчөлүгүбүз болуп калды. Гезиттердеги макалалардын көбү ушул принципте даярдалат. Мындайда журналистиканын салттуу ыкмаларын колдонуп, маалымат булагына кайрылууга туура келет.

Анан да жалган маалыматтын жалгандыгын далилдеп жатып, мен кайсы бир адамдын кызыкчылыгында иштебегенимди элге түшүндүрүү өтө оор болот. Армян-сулуусуна байланыштуу “фейк” боюнча мага азербайжандар таарынышты. Диний темага байланыштуу да ушундай нерселер болуп жатты. Ал эми саясат темасы болуп калса, ал муну жактырат, тигиге тартат дей башташат.

Ал эми ЖМКга келгенде, мен аларга дароо эле кызматташууну сунуштайм. Өзүн урматтаган, кадыр-баркына көңүл бурган басылмалар так маалыматты бергенге өзүлөрү кызыкдар. Биз чогуу иштеп, калпты ачыкка алып чыгабыз. Кызматташуу аркылуу биз маалыматтык талаабызды ушуга окшош терс нерселерден тазалашыбыз керек.

– Азыркы заманда, кимде маалымат болсо, ал дүйнөнү башкарат деп коюшат эмеспи. Бул согушта “фейктердин” авторлорун ким менен салыштырсак болот?

– Балким, алар – артиллеристтер. Бул пропаганданын жана адамды башкаруунун кубаттуу куралы. Массалык талкалоо куралы. Жөнөкөй жаңылыктар адамдарга анчалык катуу таасир бербейт. “Фейктер” адамды дендирөө кылат, эмоцияга басым кылат. Учурда көп өлкөлөр “фейктерге” байланыштуу тынчсыздана башташты, ал эмес президенттердин деңгээлинде талкууланып жатат. Кыргызстанда “фейктер” менен бир аз кеч күрөшө баштадык. Бирок, менин пикиримде, бул элди жазгыруудан жана пропагандадан куткаруунун, сактап калуунун эң жакшы куралдардын бири.

“Фейкти” кантип аныктаса болот?

– Биринчи кезекте, адам бардыгына сын көз караш менен караганды үйрөнүшү керек. Кээде мен өзүм калптын кайырмагына илинип калам. Мына, мисалы, бир жолу биздин мурдагы президентибиз айыл тургунун кемсинтти деген жаңылык жарыланган болчу. Биздин “экс” ажобуз темпераменттүү экенин эске алып, мен анда бул маалыматтан шек санаган жок элем. Кийин гана ал “фейк” экени билинди.

“Фейктер” аларга ишенүү жеңил болгон учурларда пайда болот. Менингиттин мисалын алып көрөлү. Ал убакта бул ооруу коңшу Казакстанда күчөп турган эле, ошондон соң бул оорууга байланыштуу кырдаал бизде да болушу мүмкүн деп болжосо болот эле. Башында шек жаратпаган жаңылык да кийин калп болуп чыгышы толук мүмкүн.

“Фейк” жаңылыктарды аныктоонун ыкмалары. Болот Темировдун кеңештери

1. Бардык жаңылыктарды шектенүү менен кабыл алыш керек. “Фейк” негизинен – абсурдга өтө жакын жаңылык. Мисалы, беш буту бар ит сыяктуу. Эгер бул саясий “фейк” болсо, ал адатынча бир тараптын айткандарынын негизинде даярдалат.

2. “Фейк” жаңылыктардын 50%ынын калп экенин Google издөө кызматын колдонуп беш мүнөттүн ичинде аныктаса болот. Жаңылыктын аталышын жазып “фейк” деген сөздү кошуп коюу керек, балким сага чейин бирөө бул жаңылыктын калп экенин аныктап, бул тууралуу жазган болушу мүмкүн.

3. Жаңылык жазган сайттын интернет дарегине көңүл буруш керек. Эгер сайт мурда көп белгисиз болсо, ал эми интернет дареги түшүнүксүз тамгалардан, белгилерден турса 99% учурда бул жаңылык – “фейк”.

4. Датасына көңүл бургула! Жаңы араздашууну жаратыш үчүн, мурда жарыяланган жаңылыктар кайра колдонулушу мүмкүн.

5. «Фотофейкти» жаңы Google Chrome браузеринде аныкташ үчүн, курсорду сүрөткө коюп, жүгүртмөнүн (мышь) оң бармакчасын басып, “Googleда сүрөттү издөө” деген функцияны тандоо керек. Бул жол менен сүрөттүн түпкү нускасын, тартылган жерин, датасын аныктаса болот.

6. Видеонун калп-чынын аныкташ үчүн YouTube data viewer деген тиркемени колдонсо болот. Видео сүрөт түрүндөгү көптөгөн фрагменттерге бөлүштүрүлүп, ар бир сүрөт боюнча изделе баштайт.

7. Коомдук тармактардагы фейк аккаунт кимдин кызыкчылыгында иштеп жатканын аныкташ үчүн stalkscan.com деген сайт жакшы. Ал профилдин активдүүлүгүн алаканга салып берет: ал эмне деп жазды эле, эмне пикир калтырды, эмнени жактырды ж.б.д.у.с. Бул маалыматтардын негизинде анын кызыкчылыгын жеңил эле аныктаса болот.

Андрей Назаров, Ц-1дин Кыргызстандагы кабарчысы

http://www.factcheck.kg/ru/post/45

https://centre1.com/kyrgyzstan/fejkovye-novosti-v-sovremennom-mire-oruzhie-massovogo-psihoza/ 

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине