Ольга Солошенко: «Азыркы балдар менен иштөө оор деле эмес. Ата-энелери менен кыйыныраак»

20:33, 11 Января 2018

Борбордогу №65 эколого-экономикалык лицейдин директору Ольга Солошенконун ишсиз турганын эч качан көрбөйсүң. Дайым иш үстүндө: же текшерүү келип калат, же мугалимдерге жардам бериш керек болот, же балдарга бир нерсе алыш керек, же тынчы жок ата-энелер келип калышат, же чарбалык маселелер чыгат. Телефону дайым колунда. Журналист менен сүйлөшүүнү эки чоң иш-чаранын ортосундагы убакытка коюуга туура келди.

Лицей администрациясы "чыгармачылыкка жараган жана өз ордун таба билген адептүү, бардык жагы төп келген, ден соолугу чың, экономикалык жана экологиялык билими бар адамды тарбиялап өстүрүүнү» өз максаты кылып келет. 2006-жылы мектеп энергияны сактоо боюнча мектеп долбоору - SPARE дүйнөлүк тармагынын мүчөсү болгон.

Жыл сайын лицейдин окуучулары шаардык олимпиадаларда, шаардык жана республикалык деңгээлдеги интеллектуалдык жана чыгармачылык сынактарда байгелүү орундарды алып келишет. Лицей окуучуларынын бул жетишкендиктери – жогорку квалификациялуу чыгармачыл педагогикалык жамааттын эмгегинин жана окуу менен тарбия процессинин туура уюштурулушун үзүрү.

Лицейдеги атмосфера чынында эле накта экологиялык. Бул жерде балдарга өзгөчө мамиле болуп, алардын каалоо-тилектерине көңүл буруп турушат, бул алгачкы мүнөттөрдө эле байкалат. Директордун кабинети "Бишкектеги эң жөнөкөй офис" деген сыйлыкты жеңил эле утуп алат. Ольга Солошенко компьютеринин алдында. Телефондун шыңгыраганы маегибизди анда-санда бузуп жатты.

- Ольга Владимировна, бул кесипке кандайча келип калдыңыз?

- Бул кесип менин канымда болсо керек. Кичинемен эле мугалим болом дечүмүн. Короодогу дубалда машиненин бут алдындагы килемчелери илинип тураар эле - алар менин "доскам" болчу. Аякта мен бор менен жазып, "куурчактарды" окутат элем, "дептерлерди текшерчүмүн". Анан эринбей ар-бир куурчактын үй тапшырмасын жасачумун. А менин биринчи мугалимим дептерлерди эсептегеничи - колуна көтөрүп алып, ичке манжалары менен тийип тийгизбей санайт эле. Мен анын санап жатканын демим катып карап тураар элем – мен дагы ушинтип санаганды үйрөнгүм келчи!

Кийин "мугалимдик" кесип кичине башка нерселерди талап кылаарын билдим. Дептерлерди эсептөөнү эмес. Кийин да канчалык көп кыйынчылыктарды башыман кечирбедим, бирок өмүрлүк ишиме кызыгуум эч тарабады.

- Директор болгуча кайсы сабактан мугалим элеңиз?

- 26 жыл баштапкы класстардын мугалими болуп иштедим. Чынын айтайын, азыр да ал ишимди сагынам. Бирок административдик жана башкаруу иштерин дагы бирөө алып барыш керек да, айла жок.

- Ишиңер оорбу?

- Жеңил эмес. Директор – мугалимдердин, ата-энелердин жана аткаминерлердин ортосундагы амортизатор. Үч тараптан түшкөн маселелерди чечип эле жүрөсүң. Башка жагынан алганда, окуучуларыңдын ийгилигин, мугалимдериңдин өскөнүн көргөндө өзүңдүн жеңишиңен да катуу кубанасың, шыктанасың.

- Совет заманын да бир аз камтып калып сиз 26 жыл бою кичи балдарды биринчи класска кабыл алып жаттыңар. Көз карандысыздыктын балдары кандай өзгөрдү?

- Балдарбы? Балдар ошол эле бойдон. Алар ошондой эле ачык мүнөз, көздөрү жайнап турат, мугалимге кудайындай карашат. Бул жашта аларда ата-энелеринен бөлүнө баштоонун бир этабы башталат эмеспи, алардын жашоосуна мындан ары жетелеп ээрчитээр дагы бир башка чоң киши кирип жатат. Ал – мугалим. Жашоолорундагы эң бир маанилүү учур. Балдар ошол эле бойдон, ал эми ата-энелери өзгөрдү. Азыркы балдар менен иштөө оор деле эмес. Ата-энелери менен оор.

- Мурда алар кандай эле, азыр кандай?

- Мен көргөн биринчи ата-энелер Совет мезгилинде өскөндөр болчу. Алар үчүн мугалимдин айтканы мыйзам эле. Алар менен иштөө жеңил болчу десем болот. Бирок ал замандын ата-энелери да, мугалимдери да үй-бүлөнү багыш үчүн соода кылабыз деп, колдоруна сумкаларды алып Түркияга, Кытайга жөнөп кетишти. Бардыгыбыз жөлөнөөр таянычыбызды жоготтук, мектептер “эптеп-септеп” иштеп жатышты, балдар дагы “эптеп-септеп” чоңоюшту. Алар көп нерсе албай калышты. Эми мына кылымдар тогоошкон маалда өзүлөрү ата-эне болушуп, балдарын мектепке алып келишти. Булар талапты катуу койгон ата-энелер болушту. Алар балдары менен бардыгын алгысы келишти: камкордукту, кызыкчылыкты, келечектүүлүктү жана ишенимдүүлүктү – балалык кезинде албай калгандардын бардыгын. Сөзсүз, алар менен иштешүү оңой болбоду.

Андан кийин алардын ордуна башкалары келди – адилеттүүлүктү издегендер жана өз кызыкчылыгы үчүн күрөшкөндөр. Мугалим алар үчүн эми абройлуу адам эмес, кыңк эттиртбей кармап, былыктарын ачып, “какайтып кармоо” керек болгон тейлөөчү персонал. Өз балдарын алар келечектеги жылдыз жана эбегейсиз шыктуу вундеркинддей кабыл алышат. А балдар ар башка болот да, бирөө шыктуурак, экинчиси анчалык эмес, ар-бирин колдоп, өсүшүнө жардам бериш керек. Бирок ар-бирин чемпион кылуу мүмкүн эмес. Мына ушундай ата-энелер менен иштешүү аябай оор.

Ошондой эле биздин жашообузга баарлашуунун жаңы ыкмалары, каражаттары кирди. Өзгөчө WhatsApp дегенди мен кайрадан ойгонгон хаостун эски кудайы менен салыштырат элем, бул мультфильмден. Биринчиден, азыркы ата-энелер аларга көңүл бурулушун өтө агрессивдүү талап кылышат. Экинчиден, бардыгы эле өзүн кантип алып жүрүш керек экенин биле беришпейт, класста башкалар да бар экенин, аларга да көңүл буруш керек экендигин түшүнгүлөрү келбейт. Мунун баары массалык коммункациялардын заманында, каалаган контактты табуу жеңилден жеңил болуп турган учурда болуп жатат. Жумуштан чарчап келген, жумушунда жагымсыз нерселерге дуушар болгон адам, кечинде чатка жетээри менен бүт классты дүрбөтө баштайт, анан да бул субстанция көпкө чейин тынчыбай албууттана берет. 10 окуянын жетөөсүндө болбогон бир себеп боюнча. Бирок эми бул жашоо, жаңы муун менен жаңы маселелер жаралат, эскилери чечилет, мында корко турган эч нерсе жок.

- Эми мындан ары кандай болот деп ойдойсуз?

- Менимче, алардын ордуна прагматик ата-энелердин мууну келет. Алар жыйынтыкка жана мыйзамга басым кылышат. Мен ушундай ойдомун.

- Ал эми жаңы мугалимдер – алар кандай? Окуу жайлардын жетекчилеринен учурдагы педагогикалык жождордун бүтүрүүчүлөрүнүн билим деңгээли өтө төмөндүгү тууралуу көп угуп жүрөм...

- Мен көпчүлүктүн пикири менен макул болбойт болушум керек. Окуу жайын бүтүрүп бизге акыркы жылдары келген жаштарга мен ыраазымын. Алар таланттуу балдар, алар көптөн үмүттөндүрүшөт, маалыматка жете алышат (мен Интернет тууралуу айтып жатам) жана алар менен иштей алышат. Алар мыкты мугалим болушат!

- Чын эле сиздин пикириңиз башкача экен. Анда анын сыры эмнеде, эмне үчүн башкаларга келгендер начарлар, ал эми сиздегилер мыкты? Аларды каяктан аласыз?

- Бардыгы алган эле жерден, бирок кеп анда эмес. Мен баштапкы класстын мугалими болом да. Мен жаңы адамдардын келечектүүлүгүн көрөм, мен жаңы мугалимдерди биринчи класска келген балдардай кабылдайм. Башка мектептин директорлору, балким, жогорку класстын балдарына көнүп калышкандыр, ошондуктан алар жаңы мугалимерден көп нерсени күтүшөт. А мен, башкача айтканда, чийки материалды күтөм. Эмнени күтөсүң, бардыгы ушуга жараша болот.

Директордун жаңы келгендерге колдоо көрсөткөнүнө да жараша болот. Мен, мисалы, ата-энелерди чогултуп, жаңы мугалим менен тааныштырам, аны катуу мактайм, алардын институтта окуп жаткандагы ийгиликтери тууралу айтып берем, көптүн ичинен тандап алдык дейм. Алардын азырынча тажрыйбасы жоктугун эскертип, башында аларга жардам берүү керектигин айтам. Мамиле дароо башкача болуп өзгөрөт, а муну иштин жарымы деп койсок болот. Жаңы мугалим качып кеткендей кылыш үчүн ата-энелерге жарым жыл эле жетиштүү.

Анан да жаңы мугалимдер дайыма менин көз алдымда болушат, кимиси кандай өсүп жатканын дайым байкап турам. Ооба, мектепке мугалимдикке жарабагандар да келип калган учурлар болот. Бирок алар көпкө кармалбайт, бат эле кетип калышат. Ал эми кетпей калып калгандар – болду, алар биздики.

- Мамлекеттин каржылоосу жетпеген каржы маселерин кантип чечип жатасыңар?

- Чынын айтайынбы? “Башка чыгымдардын” басымдуу бөлүгү – ата-энелердин моюнунда. Бизде, башка мектептердегидей эле, атайын фонд бар, ага ата-энелер өз эрки менен каражаттарды которуп турушат, чыгымдарды да өзүлөрү көзөмөлдөшөт. Мына ушинтип чечип жатабыз.

- А ишкерлердин демөөрчүлүгүчү?

- А да болот деп үмүт кылам. “Социалдык жоопкерчилик” деген түшүнүк биздин ишкерлерде акырындан калыптана баштады. Бирок ал азырынча сейрек көрүнүш.

- Сиздин пикириңизде азыркы мектептерде окутуу усулдары боюнча кандай негизги маселелер бар?

- Учурдун балдары сүйлөй элек жатып гаджеттер жана Интернет менен колдонгонду билишет. Алардын дүйнөсү биздикинен айырмаланып турат. Жер шары азыр бир кичинекей смартфонго батып калды. Жаңы усулдар ушуну эске алууда. Биз каалаган деңгээлде эмес, бирок эске алат. Бирок! Усул менен баланын ортосунда усулчу менен мугалим бар. Ал дагы, бул дагы таптакыр башка шартта өсүп чоңойгондор. Мына так ушул жерде тармак ордунан жылалбай калууда. Бирок бул убактылуу көрүнүш экенине ишенем, өткөөл маал, аны да бир күнү чечип, алдыга жылабыз.

- Биздин окурмандарга жаңы жылда эмне каалайт элеңиз?

- Чың ден соолук жана адептүүлүк. Жашоодо жакшы мугалимдерге кезигишсин жана ийгилик.

Маектешкен Светлана Бегунова 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине