Түркия “Себатты” “Маарифке” алмаштыргысы келет

11:52, 18 Сентября 2018

Түркия бийлиги куугунтукталган диниятчы жана саясатчы Фетхуллах Гүлен менен байланыштырылган Кыргызстандагы “Себат” билим берүү тармагын толугу менен колго алганга катуу кызыкдар. Расмий Түркия бул аалымды 2016-жылдагы ишке ашпай калган мамлекеттик төңкөрүштүн уюштуруучусу деп эсептейт.

Андан мурда Анкара, дипломаттык сылыктыкты четке кагып, “Себатка” тиешелүү бардык лицейлерди, мектептерди, университеттерди жабууну Бишкектен өкүмдүү талап кылып, Кыргызстанды “гүленчилердин” “Хизмет” кыймылын колдойт деп күнөөлөгөн эле. Акыркы эки жыл аралыгында эки өлкөнүн тышкы иштер жана билим берүү министрликтери мамлекет башчылардын буйруктарын аткарып, бир-бирин күнөөлөгөн билдирүүлөрдү таратып жатышты. Бирок жакындан бери Эрдогандын өкмөтү тактикасын өзгөртүп, Анкара айып тагуудан сүйлөшүүлөргө өттү. Түркия президентинин расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча Бишкекте КР Билим берүү жана илим министрлиги менен Türkiye Maarif Vakfı аталышындагы мамлекеттик билим берүү фонддун ортосунда Меморандумга кол коюлду. Бул документ формалдуу жактан алганда эки өлкөнүн ортосундагы мамилени татаалдантып койгон Кыргызстандагы “себат” лицейлеринин келечегине байланыштуу дипломаттык тирешүүгө чекит коюшу керек болот.

Түрк мамлекетинин жетекчиси Эрдоган Бишкекке келгенинде гюленчилердин “Хизмет” кыймылынын иш-аракеттери түрк-кыргыз мамилелерин чынында эле бир аз соолгундатып койгонун, эми болсо ал маселе чечилгенин моюнга алды.

Түрк бийликтери үчүн “гүленчилердин” маселеси эң маанилүү жана эң таалуу маселелерден болуп эсептелет. 2000-жылдан бери Түркияда Гүленге каршы бир нече кылмыш иши козголгон, ал эми 2014-жылы Анкара анын ысмын Интерполдун Кызыл циркулярына киргизүүгө аракет кылган. Анын “Хизмет” деген кыймылына, ошондой эле анын саясий эмгектерине көп кошуна өлкөлөрдө тыюу салынган. Кыргызстанда болсо анын кыймылына тыюу киргизилген эмес, ал эми анын китептерин жождордо өткөрүлгөн мусулман адабияты боюнча көргөзмөлөрдө ээн эркин сатып алса болот. Баса, 1999-жылдан бери Гүлен өз ыктыяры менен Кошмо Штаттарда сүргүндө жүрөт.

Балким биз “Хизмет” (кыргызча “Кызмат”) кыймылынын Кыргызстандагы иш алып баруусунун чыныгы масштабын билбейттирбиз. Анткени билим берүү мекемелеринин кеңири тармагынын артында өз максаттарын көздөгөн чет элдик кыймыл турат. Силер ойлондуңар беле – биздин балдарды, болгондо да интернат шартында окуткандан алар не пайда табат деп? “Себат” лицейлерине балдарды 5-6 класстан кийин, кадимки мектепте окугандардын арасынан мыктыларын тандап алышаарын унутпашыбыз керек. Казармалык шартта окутуу эң мыкты жыйынтыктарды берүүдө. Мындайда алар, сөзсүз, балдардын окуудагы мыкты жетишкендиктери менен “мактана” алышат. Аймактардагы мектептердин директорлору мыкты окуучуларын “себат” лицейлери алып кетип жатат деп көптөн бери даттанып келишет.

Эгер башында “себат” лицейлеринде айрым балдар акысыз окуй ала турган болушса, бүгүн алар Кыргызстандагы эң кымбат окуу жайларынын бири болуп калышты. Бул лицейлерде окугусу келген бишкектиктер Токмокко же Нарынга барып тапшырганды туура көрүшөт: ал жакта окуунун баасы арзаныраак.

Бүгүн “Себат” (2016-жылы “Сапат” болуп аталышы өзгөргөн) – өлкөнүн бардык аймактарында жана кичи шаарларында өкүлчүлүктөрү бар жападан жалгыз чет элдик билим берүүчү тармак болуп эсептелет. Жалпысынан өлкө боюнча алардын 16 лицейи, 4 баштапкы мектеби, бир университети жана эки эл аралык мектеби бар. Бул окуу жайларында жалпы жонунан 12 миң кыргызстандык окуп келет, ал эми ал жакта 922 мугалим иштейт. Кыргызстанда алар 1992-жылдан бери иштеп келишет! Мындай ишмердүүлүк менен башка эч бир билим берүү системасы мактана албайт. Башкалар, ашып кетсе 2-3 мектеп же эле тил борборлорун иштетип келишет.

Эгер бул лицейлер башында эле мамлекет аралык деңгээлде негизделген болсо, азыркы маселелер болбойт эле. Орусия бийлигиндеги алмашууларга карабай Ельцин атындагы Кыргыз-Орус (Славян) университети иштеп келе жатат го. “Себаттын” айланасындагы азыркы маселелер бизге сабак болушу керек. Кыргызстан Билим берүү министрлиги аркылуу чечүүчү добушка ээ башкы негиздөөчүсү болушу зарыл, анткени 2016-жылы аны “Сапат” кылып өзгөртүү – бул көбүнесе формалдуу кадам болгон. Асмандан түшкөн “бакыт” менен эмне кылаарыбызды билбегендиктен, анын жолун табууну кийинкиге калтырып койгонбуз. Бул жолу биз жети жолу ченеп, бир жолу кесишибиз керек болот. Түркиядагы саясий климат өзгөргөн сайын бул окуу жайларынын келечеги тууралуу суроолор биздин башыбызды оорутпашы керек. Бул тууралуу биз 90-жылдардын башында, иш жүзүндө өзүбүздүкүнө параллель болгон билим берүү тутумун ачууга уруксат берип жатканыбызда ойлонушубуз керек эле.

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат түрк лидеринин Бишкекке иш сапарынын жыйынтыгына арналган брифингде айтканына ишене турган болсок, “Себат” билим берүү системасына кирген окуу жайлардын имараттары түрк салык төлөөчүлөрүнүн эсебинен курулган имиш. Буга байланыштуу бизде суроо туулат: андай болсо Гүлендин фондуларынын кандай тиешеси бар? Ош шаарынын “Черемушки” кичи районундагы Терешкованын атындагы мурдагы советтик интернаттын имараты же ошол эле Оштун Ош көчөсүндөгү мурдагы бала бакчанын үч кабат имараты дагы алардын эсебинен курулду беле, ушуну билгим келет. Өлкө боюнча өз учурунда “Себатка” өткөрүлүп берилген ушуга окшош дагы ондогон бала бакчаларды жана мектептерди тапса болот. Ошондуктан, бул окуу жайлардын келечеги тууралуу сөз кылуунун алдында, биринчи кезекте, ревизия жүргүзүп, ким канча каражат салганын тактап чыгуу зарыл. Мисалы, бул лицейлерди бүтүргөндөр альма-материне белек катары жатаканаларды, же башка чарбалык объектилерди куруп берген учурлар кездешет. “Себаттын” негиздөөчүлөрү жана каржылык ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтын жабыктыгы ар түрдүү ушак айыңдардын жаралышына себеп болууда.

Эрдогандын «Кара тизмеги»

Түрктөрдүн эки таасирдүү басылмалары Haberturk жана Hürriyet өз маалымат булактарына таянуу менен президент Эрдоган “Хизметке” тиешеси бар деп шектелген 130 адамдын аты-жөнү жазылган тизмекти кыргыз тарапка берди деп кабарлашты. Алардын 13үн түрк тарап өзүлөрүндө көргүсү келет.

Башкача айтканда, Туркия бул адамдарды аларга өткөрүп берүүнү талап кылууда. Эгер алардын катарында түрк жарандары бар болсо, Бишкек аларды экстрадиция кылганга жолтоо болбошу мүмкүн деп божомолдосок болот. Бул тизмекте коомдук жана диний ишмерлер тууралуу бардык жеке маалыматтары бар. Бирок түрк тарап да, кыргыз бийлиги да алардын ысымдарын атабады. Бул тизмектин жарыяланышы Кыргызстанды ичтен жарып коюшу мүмкүн, анткени жыйырма жылдан ашык убакыт аралыгында кыргызстандыктардын көбү Гүлендин кыймылы менен тыгыз байланышта болгон.

Жогоруда аталган окуу жайларынан сырткары, Интернеттеги ачык маалыматтарга ишенсек, Кыргызстандагы “гүленчилердин” кыймылына ар түрдүү коомдук уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана кайрымдылык фондуларынын тиешеси бар болгон. Мисалы, тар чөйрөдө белгилүү Бишкектин 11-кичи районунда жайгашкан Silk Road эл аралык мектеби, анда көптөгөн дипломаттардын, депутаттардын, министрлердин жана байлардын балдары окушат. Бул мектеп борбор калаадагы эң кымбат окуу жайлардын бири болуп эсептелет.

Мындай алганда, Туркияга байланышы болушу мүмкүн дээрлик бардык коомдук уюмдарды, бизнес-түзүмдөрдү, жалпыга маалымдоо каражаттарын шекке алса болот.

Түрк президентинин расмий сапарынын алдында Бишкекте күтүүсүз жерден мурдатан бери иштеп келген, биздин ыңкылаптар талап-тоноолору менен чочута албаган эки ири түрк “Бета сторес” супермакеттери жабылып калды. Бул кокусунан дал келип калдыбы, же андай эмеспи, айтуу кыйын – соода тармагынын өкүлдөрү эч бир маалымат бербеди.

«Маариф» деген эмне?

«Маариф», же толук аталышы Türkiye Maarif Vakfı, - бул Түркиядагы жаңы билим берүүчү фонд, ал Туркиянын президентинин түз көрсөтмөсү боюнча, түрк парламенти кабыл алган атайын мыйзамдын негизинде 2016-жылдын июнунда ачылган. Түрк мыйзамдары боюнча, чет өлкөлөрдө билим берүү кызматтарын Türkiye Maarif Vakfı жана Улуттук билим берүү министрлиги гана көрсөтө алышат. Мындайча алганда, түркиянын парламенти бул мыйзамды кабыл алуу менен чет өлкөлөрдөгү Түркияга тиешеси бар калган бардык башка билим берүү окуу жайларын мыйзамсыз деп жарыялады. Эрдогандын өкмөтү жөн эле алып, жаап коюу мүмкүн болбогон чет жердеги “гүлендин” окуу жайларын башка форматка өткөрүүнү каалайт. Учурда мамлекеттик Türkiye Maarif Vakfı фондунун 100дөн ашык лицейлери бар, алардын көбү Албания, Грузия, АКШ жана Африка өлкөлөрүндө жайгашкан. Жалпы жонунан алганда фонд азыр Европанын, Азиянын жана Африканын 25 өлкөсүндө иш алып барат.

Жакынкы келечекте коюлган максаттарга жетиш үчүн Türkiye Maarif Vakfı фондуна билим берүү тармагында кенен мүмкүнчүлүктөр берилген. Фонд бала бакчадан баштап университетке чейинки окуу жайларды ачып, фундаменталдуу илимий иштерди каржылай алалат.

Фондду 12 адамдан турган Көзөмөлдөөчү кеңеш башкарат, алардын жетөөсү такай иштейт. Такай иштегендердин төртөөсүн президент дайындайт, калгандарын өкмөт. Башкача айтканда, фонд толугу менен президент Эрдогандын көзөмөлүндө. Türkiye Maarif Vakfı фондун профессор Бирол Акгюн жетектейт.

Түрк лидеринин фонддун ишине түзмө-түз кийлигишүүсү оппозиция жана “Хизметке” тиешеси бар маалыматтык порталдар тараптан катуу сынга алынып келет.

Кыргызстандыктардын көпчүлүгү үчүн “себат” лицейлери дайыма түрктөрдүкү болчу. Балдарын бул окуу жайларына берип жаткан ата-энелердин бири да “Хизмет” кыймылы бар экенин, бул окуу жайлардын аларга тиешеси бар экенин билишпейт эле. Кийинирээк гана ар түрдүү маалыматтар пайда болуп, бул тууралуу биле баштадык. Ар түрдүү кырдаалдарга, шарттарга байланыштуу биз Түркиянын чаташкан ички саясий маселесинин курмандыгы болуп калдык. Бул өлкөдөгү абал биздикиндей эле туруксуз экенин, заматта эле бардыгы өзгөрүп кетээрин акыркы убакытка чейин шекшиген да эмеспиз. Ошондуктан биз Түркия менен достук мамилени сактоо менен, өзүбүздүн кызыкчылыгыбыз тууралуу ойлонушубуз керек.

Алмаз Исманов

Баса, Кыргызстандын расмий бийлиги маалымат чыкканына бир жума болгондо гана Түрк президенти учурда Кыргызстанда жашаган, алар камалып Түркияга өткөрүлүп берилиши керек болгон 130 адамдан турган тизмекти Кыргызстанга бербегенин айтып чыкты. Бул тууралуу 12-сентябрда Бишкектеги пресс-конференцияда КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине