«Сапаттын» бүтүрүүчүлөрү дүйнөнү багындырууда

13:01, 4 Апреля

Радик Сражидинов – Кызыл-Кыядагы Исхак Раззаков атындагы «Сапат» лицейинин бүтүрүүчүсү, Гонконг университетинде окутуучу болуп эмгектенип, ошол эле учурда PhD-студент. Бүгүнкү күндө Радик эки баланын атасы жана ал көп жыл мурун, кыргызстандык «Сапат» лицейлеринде  сапаттуу билим берилип жаткандыгын билип, орусиялык мектептен которгон ата-энесине чын жүрөктөн ыраазы. Гонконгдон келген жаш окутуучу биз менен «Сапатта» өткөргөн кезиндеги элестери менен бөлүшмөкчү.

-Бүгүнкү күндө «Сапат» лицейлеринин дарегине көптөгөн сын-пикирлер айтылып, ал жерде окуучулар катуу жазаланчу деген сөздөр айтылып жатат.  Бул чынбы?

-Лицейлердин дарегине сын-пикирлер айтылып келген жана айтыла берет деп ойлойм.  Жада калса 2005-жылы  мен ал жакка окууга өтүп жатканда, көпчүлүк адамдар ата-энемди мени ал жерге бербөөгө көндүрүүгө аракет кылышкан.  Көптөгөн жалган нерселер айтылган. Башка мектептердегидей эле, лицейде тартипке жана тарбияга үйрөтүшөт.  Мисалы, сен класстан бирөө менен мушташа кетсең, сени классты тазалатып коюшат.  Эгерде сабак учурунда сүйлөшүп отурсаң, класстан чыгарып коюшу мүмкүн.  Эсимде, бир жолу мугалимдин көзүнчө сөгүнүп алганым үчүн жазалангам.  Бирок жеке мен үчүн бул жазалар нормалдуу эле көрүнүш.  Мен Орусияда төрөлсөм дагы, кыргыз үй-бүлөсүндө  чоңойдум.  Эч ким мени апамдай катуу жазалаган эмес.  Лицейдеги жазалоолор баштапкы мектептин деңгээлине тең деген сөзүм менен көптөгөн бүтүрүүчүлөр макул болушат деп ойлойм.  Өтө катуу жазалоолор тууралуу ушактарды ким чыгарып жаткандыгына жооп берүү кыйын.  Бирок, бул чындыкка караганда саясий оюн экенин баардыгы түшүнүп жатса керек.  Бул кырдаал мага кайненеси келининин таза үйүнөн кирди издеп жүргөндөй көрүнөт.  Жана келини канча убакыт бою, канчалык таза жыйнабасын, кайненеси баары бир чаң табат.  Кыргызстанда 16 лицей бар, ал жерде 1000ге жакын адам эмгектенип, 10 000дей окуучу билим алса керек. Алардын баардыгы идеалдуу адамдар деп ойлойсуздарбы?  Баары бир алардын ичинде ката кетирген, же азыркы жаштар айткандай «косяк кылгандар» бар да.  Ал эми биздин кээ бир саясатчыларыбыз мындай учурду дароо туура эмес колдонушат.

-«Сапат» дегенде сиздин эсиңизге эмнелер келет? Көпчүлүк «Сапатта» өткөргөн жылдарын мыкты жылдар деп айтышат.  Ал эми сиз эмне дейсиз?

-Жеке мен үчүн мыкты жылдар бул менин кыздарым жарык дүйнөгө келген 2016 жана 2017-жылдар. (күлүп-Ред.) Бирок анын артынан кийин эле лицейде өткөргөн 5 жыл.  Мен досторду тапканда жолдуу экенмин, биз эс алуу менен окууну айкалыштырганды билчүбүз.  Каникул учурунда биз лицейде бир жумага калып, эртеден кечке чейин окучубуз, ал эми качан тажап кеткенибизде, таң атканга чейин компьютер ойноп же тасмаларды көрчүбүз.

-«Сапаттын» билим берүү системасынын эң жакшы нерсеси эмне деп ойлойсуз?

-Балдарын лицейге берип жаткан кээ бир ата-энелер, балдары капыстан эле жакшы окуп баштап, дүйнөнүн мыкты окуу жайларына өтөт деген уламышка ишенишет.  Лицейде сиздин балаңызды акылдуураак кыла турган эч кандай сыйкыр жок.  Бирок ал жерде ал үчүн баардык шарттар бар.  Сизге муну түшүндүрүүгө аракет кылып көрөйүн.  Башка мектептерде дагы таланттуу балдар абдан көп.  Мисалы, бирөөсү химия сабагына кызыгып, 8-классында эле 10-класстын программасын билет дейли. Албетте, аны өз мектебинде гений деп эсептешет, бирок, жада калса республикалык олимпиадага катышуу үчүн бул аздык кылат.  Жакшы мугалимдер, жакшы окуу куралдары жана албетте, заманбап лаборатория керек. Тилекке каршы, мамлекеттик мектептерде айлык акы төмөн болгондуктан, өз сабагын терең билген, жогорку квалификациялуу мугалимдер өтө аз. Ал эми китептер жана лабораториялар тууралуу айтпай эле коеюн.  Лицейдеги мугалимдердин окуучулары болсо мурун республикалык жана эл аралык олимпиадалардан биринчи орундарды алышкан. Китепканада  дээрлик бүт керектүү китептерди таба аласың жана лабораториялар дагы заманбап жабдыктар менен жабдылган. Болгону окуучунун каалоосу болушу керек.

Азыркы учурда лицейде жаңы реформалар жүрүп жатат.  «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин чогулткан тажрыйбасы окуучуларды олимпиадаларга гана даярдабастан, аларды чет элдик окуу жайларга өткөрүүгө дагы көңүл буруу маанилүү экендигин көрсөттү деп ойлойм.  Англис тилинин деңгээли өстү жана дүйнөгү мыкты 100 университетине өтүүнүн талаптарын түшүнүү так аныкталды.  Жыл сайын бул университеттерге өтүп жаткан кыргыздардын саны көбөйүп жаткандыгы мени абдан кубандырат.  Бул Кыргызстандын фундаменти жана ал, менин көз карашымда, татыктуу салынып жатат.

-Сиз өзүңүз дагы эл аралык олимпиадаларга катыштыңыз беле жана бул тажрыйбаңызды мүнөздөй аласызбы?

-Ооба, мен математика боюнча эл аралык олимпиадаларга катышкам. Мен каалаган нерселеримдин баардыгына жеттим деп айта албайм, бирок мен мыкты окуучулардын бири болчумун.  Менимче, ар бир окуучу бир сабакты тереңдетип окушу керек.  Олимпиада же медалдар үчүн эмес, бир гана өзү үчүн.

-Гонконг илим жана технологиялар университетине кантип өттүңүз?

-Бул университет дүйнөнүн мыкты 30 окуу жайларынын катарына кирет.  Албетте, талаптар дагы өтө жогору.  Мага олимпиадаларга катышкандагы тажрыйбам жана окуу жай менден эмнени каалап жаткандыгын түшүнгөнүм жардам берди.  Азыркы учурда мен окуу жайдагы жалгыз кыргызмын.  Былтыр жайында биз профессорубуз менен бирге «Сапат» лицейлерине, «Ала-Тоо», «Манас» жана Борбордук Азиядагы Америка университеттерине  бардык.  Жакында биздин университетте кыргыздарды көрөм деген үмүттөмүн.  Гонконгдо кыргыздардын саны жыл сайын өсүүдө жана бул жердеги университеттер «Сапаттын» бүтүрүүчүлөрүн жыл сайын  кабыл алып турушу боюнча келишимге кол коюлду.

-Сиздин билимиңиз жана деңгээлиңиз эл аралык деңгээлде атаандаштык түзө алдыбы?

-Гонконг университетине тапшырып жатканда, бүткүл дүйнө жүзүнөн келген студенттер менен ат салышасың, алардын арасында Кытайдын күчтүү студенттери дагы бар.  Бул атаандаштык биздин окуу жайдагы каржылык жардам дагы мыкты болгондугуна байланыштуу. Университеттин расмий сайтына кирсеңиз, PhD студентинин минмалдык айлык акысы 2200 долларды түзөөрүн көрөсүз.  Менин балдарым бар болгондуктан, жылына кошумча 6000 доллар алып турам.  Ошондой эле ар кандай байгелүү сынактар жана стипкендиялар бар. Башка мамлекеттерге конференцияларга барсаң, бардык чыгымдарды окуу жай жабат. Демек, окуу жай мага ушунча коротуп жаткандан кийин, ага менин билимим керек.

-Сиздин факультетиңиз- Электрондук жана компьютердик инженериясы экен.  Бул эмне деген илим, ал кантип колдонулат жана кайда керектелет, ушул тууралуу айтып берсеңиз?

-Биз жаңы технологиялар үстүндө иш алып барабыз.  Сиз колдонуп жаткан уюлдук телефондор, сыналгылар жана компьютерлер- мунун баары электрондук жана компьютердик инженерлердин көп жылдык эмгеги.

-Келечекте эмне менен алектенүүнү кыялданасыз?

-Мен илимдин доктору даражасын алышыма дагы бир нече жыл калды.  Академиялык тармакта иштегени жатам, окуу жайларда сабак берип, илимий-изилдөөлөрдү алып барууну каалайм.  Ал эми менин эң чоң кыялым- Кыргызстанда мектеп ачуу. Бир белгилүү француз жазуучусу айткандай- «Мектеп ачкан адам түрмөлөрдү жабат».

-Кээде «Сапат» лицейлерин жабуу керек деген сындар айтылат. Сиз бул адамдарга эмне демекчисиз?

-Лицей аларга эмнеси менен жолтоо болуп жатыптыр? Муну менен эмнеге жетишет? Анын үстүнө, лицейлердин атаандаштыгы жокко эсе Кыргызстанда.  Силер лицейлерге каршы болсоңор дагы, аларды жабуу логикага сыйбаган нерсе экенин түшүнүшүңүз керек. Казакстанды карагыла.  Ал жерде жада калса лицейлерди артта калтырган күчтүү мамлекеттик мектептер бар.  Анда эч ким лицейде окугусу келбей калышы үчүн, биздин депутаттар күчтүү мамлекеттик мектептерди курушсун.  Туура мектеп кандай болушу керек экенин өз мисалында көрсөтүшсүн.  Өз иши менен алектенип жаткан адам башканын ишине кийлигишпейт, ал эми кыларга иши жок адам башканын ишине мурдун тыга берет.  Ошон үчүн бул маселеге дыкат мамиле кылып, «Сапат» лицейлеринин жана алардын окуучуларынын ийгиликтерине жакшылап көңүл буруу керек.

Даярдаган Аида Тастанова

Радик Сражидиновдун «Фейсбуктагы» баракчасынан алынган сүрөттөр

...Билим! Бул жалгыз чыгуу деп ойлойм.  Билим берүүнүн деңгээли мамлекеттин бакубаттуулугуна түздөн түз барабар.  Билимсиз саясат дагы, табигый байлыктар дагы, дин дагы дүйнөнү жакшы жакка өзгөртө албайт.  Кыргыздар бул үч көйгөйгө такалып калышкан, бирок эч ким билим тууралуу ойлонбойт.

Жаңылыктардын баары депутаттар, президент, кандайдыр бир молдо,  Кумтөр жөнүндө. Бул нерселердин баардыгы бизди чыныгы көйгөйлөрдөн алаксытып жатат.

Жок дегенде бирөө жөн гана кызыкчылык үчүн өзүнүн шаарынын же коңшу региондогу мектептерге барып көрдү беле? Алардын абалы жан кейитерлик.  Жакшы мугалимдер өтө аз. Мектептер кереги жок нерселерди талкуулоонун, дискотека жана жолугушуулардын ордуна айланган.  Эмне болсо эле өкмөт күнөөлүү.  Кыргыздар, биз биздин өкмөт алсыз экендигин моюндашыбыз керек, биз муну билебиз!  Муну түшүнгүлө, калп эле үмүттөнө бергенди  

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине