Жапон мугалимдеринин кыргыз мектептерине болгон сапары

11:56, 8 Января

Өткөн жылдын декабрь айында Жапониянын Хокайдо префектурасынан жети мугалим жана мектеп мүдүрүнөн турган топ келди. Алар Кыргызстан жана анын мектеп системасы менен таанышуу, ошондой эле JICAнын программаларынын жыйынтыктарын билүү максатында келишти. Алар өз мамлекети кандай эл аралык ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткандыгын өз окуучуларына айтып берүү максатында жапон өкмөтү Кыргызстанда кандай долбоорлорду ишке ашырып жаткандыгын көрсөтүштү.

Кыргыз окуучулары жөнүндө   

Алар биринчилерден болуп Караколдогу лицейге багыт алышты, ал жерде Фукусимадан келген 29 жаштагы Само Нагаки англис тили боюнча сабак берип эмгектенип жатканына бир жылдын жүзү бодду. Бул жерге ал JICAнын программасынын негизинде ыктыярчы катары эки жылга келген. Нагаки-сан окуучулардын сүймөнчүгүнө айланган. Ал алыскы Жапония тууралуу көп кызыктуу нерселерди айтып берип, сабак учуруда анимэ көрүүгө уруксат берген, жүзүнөн жылмаюу кетпеген инсан. Бир жыл ичинде Нагаки-сан кыргыз тилин бираз өздөштүрө алган. Сабакты ал негизги мугалим менен бирге өтөт, ал эми бул нерсе натыйжалуулукту абдан жакшыртат.

“Кыргызстандык менен жапониялык окуучулардын ортосундагы айрыма тууралуу айта турган болсом, жапониялыктар англис тилинде кыргызстандыктардай эркин жана ачык сүйлөөдөн тартынат,-дейт мугалим. Бул жыл абдан жакшы өттү. Жергиликтүү мугалимдер мага чоң колдоо көрсөтүштү, окуучулар дагы жакшы мамиле кылышты. Экинчи жыл дагы ийгиликтүү өтөт деп ишенем.”

Кыргызстанда баарынан эмне көп таң калтырды деген суроого Нагаки-сан төмөндөгүдөй жооп берди: “Эгерде мен туулган Фукусима менен Каракол шаарларын салыштыра турган болсом, Кыргызстанда туугандар, кошуналар, жумуштагы кесиптештер ортосундагы мамиле менен байланыш абдан бекем, алар бири-бирине жардам берип, өтө жакын келишет.”

Келечекте жаш мугалим өз мекенине кайтып барганда, ал Кыргызстанда алган тажрыйбасын жапониялык окуучулар менен бөлүшөт.

Дунган үй-бүлөсү менен таанышуу

Кыргызстан көп улуттуу өлкө жана ар кандай элдердин салт-санаасы, ашканасы жана үрп-адаттары менен таанышуу- саякаттоонун сөзсүз бөлүгүн түздү. Кыргыз улуттук ашканасынан сырткары жапон мугалимдери дунган ашканасынын тамак-аштарынан дагы даам татты. Ал үчүн меймандар Караколун жанында жайгашкан этникалык дунгандардын Ырдык айылына барышты.

Конокторду жергиликтүү дунган үй-бүлөсү өз үйүндө тосуп алып, байыркы рецепттер менен жасалган сегиз түр тамактан турган даам менен түштөндүрдү. 

Меймандар айылды кыдырып, кооз айланага күбө болуп, жергиликтүү музей экспозициясын көрүштү.

 Бул кытайлык мусулман тобу 140 жыл мурун ушул жерде отурукташып калгандыгы тууралуу кызыктуу окуяны айтып беришти. Баардыгынан жапон мугалимдери бул эл падышалык бийликти да, совет бийлигин да башынан өткөрүп, өз маданиятын жана ашканасын сактап калып, азыркы күндө бул аймакты өз үйү катары эсептеп, гүлдөп өсүп жаткандыгына таң калышты.

Конкино айылы- балалыктын көп улуттуу чөйрөсү

Кыргызстандын мектеп системасы менен таанышуудагы дагы бир маанилүү пункту катары Конкино айылындагы мектепке баруу болду. Бул жердеги орус тилдүү мектепте кыргыз, казак, дунган, уйгур, өзбек, калмак, орус үй-бүлөлөрүнүн балдары бирге билим алышат. Биз үчүн бул көрүнүштүн эч өзгөчөлүгү жок, ал эми көп улуттуу чөйрөдө билим берген жапониялык мугалимдер үчүн бул тажрыйба кызык болду.

Окуучулардын шаңдуу концерттик программасынан кийин мугалим Ацожи-сан Kendama деп аталган популярдуу жапон оюнчугун көрсөттү, ал жапон тилинен которгондо “кылыч” же “кымбат баалуу таш” дегенди билдирет.

“Бул дүйнөдөгү эң белгилүү жапон оюнчуктарынын бири. Ал машыгууну жана чыдамкайлыкты талап кылат. Мында кармагычка байланган топту ага даярдалган үч тетиктин бирине бир аракет менен киргизүү керек. Топту ким биринчи киргизет деп, же кандайдыр бир убакыттын ичинде топту ким эң көп жолу киргизе алат деп жарышса болот,”-дейт Ацожи-сан. Ал бир нече окуучуга кантин ойноону кубануу менен үйрөттү.

Башка мугалимдер дагы өз үйрөтүүчү оюндарын көрсөтүп, кыргызстандык окуучулар менен баарлашты.

Шинья Джудо мугалим алган таасири менен бөлүштү. “Мен окуучулардан алар эмнени каалашат деген суроону узатканымда таң калдым. Алар үй-бүлөсү, жакындарына байланышкан жакшы нерселерди каалаарын айтышты. Жапонияда болсо окуучулар бул суроого смартфон же телефон кааларын айтышат.”

Жапонияда Шинья-сан үчүнчү класстарга сабак берет. “Кыргызстандын мектептеринде таратылуучу материалдар аз. Жапонияда алар көбүрөөк. Ошондой эле менин байкашымча, Кыргызстанда жакшы окуган окуучуларга көп көңүл бурулат, ал эми начар окуган же окугусу келбеген окуучуларга көңүл бурулбайт экен. Ал эми Жапонияда болсо тескеринче, жетишпеген окуучуларга көп көңүл бурулат.  Бирок мен билим берүү системаларынын кайсынысы мыкты деп айта албайм, жыйынтыктарды терең изилдеп, андан соң тыянак чыгаруу керек”,-дейт педагог.

Жалпысынан алганда жапон мугалимдери Кыргызстан тууралуу, анын элдеринин үрп-адаттары, мектептеринин өзгөчөлүктөрү жөнүндө унутулгус таасир алышты. Алар кыргызстандыктардын меймандостугуна, жаратылыштын кооздугуна жана жергиликтүү ашканасына ашык болуп, мыкты ойдо калышты.

Абылай Саралаевдин фоторепортажы

 
© Новые лица, 2014–2020
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине