Эрмек Исмаилов: COVID-19 - экинчи толкун жакындоодо

08:43, 26 Октября 2020

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны кескин көбөйдү. Бул күндөрү 480ден 530га чейин адам күнүгө ооруга чалдыгууда. Экинчи толкундун туу чокусуна качан жетебиз, митингдерге чыгуу оорунун жайылышына кандай таасир бере тургандыгы тууралуу жалпы хирург жана ургенттик терапевт Эрмек Исмаилов менен болгон маегибизде.

Биринчи толкун учурунда Исмаилов кыргызстандыктарга өзүнүн телеграм социалдык тармагындагы «Дарыгердин күндөлүктөрү» каналы аркылуу кеңештерди берип келген. Аталган каналды күнүгө 15 миңднй уеикалдуу кодонуучу көрүп турган.

Экинчи толкун жана шайлоо

-Эрмек, 4-октября шайлоонун өткөрүлгөндүгү экинчи толкундун күчөшүнө алып келдиби же ал ансыз деле болучу нерсеби?

-Түштүк Корея биринчи толкун маалында шайлоо өткөргөн, андыктан, шайлоо өткөрүлгөндүгүндө эч кандай жаман нерсе көргөн жерим жок. Тескеринче, шайлоо өткөрүлгөндүгү туура болду. Анын үстүндө шайлоо тилкелеринде 1.5 метр социалдык аралыкты сактоо, беткап тагынуу жана колдорду антисептик менен тазалоо сыяктуу санитардык эпидемиологиялык талаптар аткарылып жатты.  Бирок шайлоодон кийин эл митингге чыгып, экинчи толкундун күч алуу процессин тездетүүгө жол ачышты.

–Шайлоо алдында эл баардык талаптарды аткарып, беткап тагынып, колдорун санитайзер менен тазалап жатышты, бирок 5нен 6на караган түнү өз өмүрү үчүн эч коркпостон ок алдына чыгышты. Эмне үчүн ушундай жагдай түзүлдү?  

-Менимче, жалпы эл шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, анын жыйынтыктары жасалгалангандыгына кыжырланып, коронавируска карабай митингге чыкты. Бирок мунун кесепеттери белгилүү убактан кийин чыга баштайт. Шайлоого чейин дагы депутаттар аймактарды кыдырып, ал жерлерде массалык жыйындар менен иш-чаралар өткөрүлүп жатты. Кээ бир жерлерде санитардык карантиндик талаптар аткарылса кээ бир жерлерде аткарылбай жатты. Анын үстүнө дагы 10 күнгө созулган митингдер кошумча болду. Эл аймактарга тарап кетти, жана анын кесепеттери дагы айтылат.

–Экинчи толкун башталды деп айтууга болобу?

  -Азырынча так айта алайбыз, анткени биринчи толкун учурунда болгондой туу чокусуна жете элекпиз, бирок ооруга чалдыккандардын саны көбйгөндүгү байкалууда. Оорунун туу чокусу ноябрь айынын ортосуна же аягына туш келет деп эсептейм. Биринчи толкунга салыштырып, өзүмдүн статистикамды түздүм. Биринчи толкундун туу чокусу 9-10-июлга туш келген. Анда ооруга күнүгө миңден ашуун адам чалдыгып жаткан. Азыркы күндө ооруну жаңы жуктургандардын саны күнүнө 480-549 адамды түзүүдө. Салыштырма мүнөздөмө түздүм. Ага ылайык, биз азыр биринчи толкун учурундагы 20-июнь маалында турабыз. Тагыраак айтканда, биз экинчи толкунга жакындап бара жатабыз.

–Кыргызстан экинчи толкунга даярбы?

-Ачыгын пйтайын. Кыргызстан даяр эмес. Албетте, кээ бир жерлерден даярдыгыбыз жакшыраак, мисалы кабыл алына турган чаралардын алгоритми, тез жардам, 118 кызматтарынын ишмердүүлүгү жагынан. Бирок эгерде оору жугузгандардын саны көбөйө турган болсо, биз жардам берип үлгүрбөй калабыз.

Даярдык нөлдөбү?

-Кыргызстан эл аралык өнөктөштөрдөн жарым миллиард доллар өлчөмүндө жардам алды. Каражаттардын бир бөлүгү бюджеттик кызматкерлердин төлөмдөрүн берүүгө сарпталды. Ал эми индивидуалдык коргонуу каражаттары жетиштүү деңгээлде сатылып алындыбы?

-Саламаттык сактоо министрлиги берип жаткан маалыматтарга караганда, бизде коргонуу каражаттары жетиштүү. Бирок биринчи толкун учурунда дагы бизде баардыгы жетиштүү экендиги тууралуу баардык жактардан айтышып, отчет берип жатышкан, бирок жыйынтыгында дарыгерлер массалык түрдө оору жуктуруп жаткандыгын жана биз такыр даяр эмес экендигибизди көрдүк. Андыктан, бизде азыр баардыгы бар деп айтуу оор.

-Биринчи толкун учурунда кетирген кайсы каталарды эске алып, үйрөнүшүбүз керек?

-Биринчи кезекте, бул стационарлардын жетишсиздиги. Биз карантин киргизгенден кийин, башка өлкөлөрдүн тажрыйьасына таянып, стационарларды, ооруканаларды курушубуз керек эле. Мисалы Кытай эки жумада жаңы оорукана курду, Казакстан курду, Өзбекстан ачты, ал эми биз даяр эмес болдук. Биздин жетекчилер мурунку каталардан сабак алып, ооруканаларды куруп баштайт деп ишенем. Бирок алар салынып бүтө элек.

-Коронавирус жуктурган бейтаптарды кабыл алып жаткан ооруканаларда орундар азыртан эле жок калды деген маалыматтар пайда болду.

-Бишкек боюнча 12ден ашуун медициналык мекеме бар, андан тышкары, Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлеринин айтымында, стационарлар кезек-кезеги менен ачылууда. Тагыраак айтканда, бир стационар толгондо, экинчиси ачылат. Аларда иш аракеттердин алгоритми бар, бирок, менимче, оору күчөгөн учурда бейтаптарды жаткыруу үчүн атайлашкан стационарларды даярдап, ачуу керек. Бирок бул кырдаалдын экинчи жагы дагы бар: эгерде биз азыр ар кандай медициналык мекемелерде стационарларды ача турган болсок, башка оорулары бар бейтаптарды жаткырууга орундар жок калат. Бул жерде кырдаал өтө оор. «Оңго барсаң жаман болот, солго барсаң, кыйналасың» дегендей. Ошондуктан Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги баардыгын дыкат ойлонуп чыгышы керек.

Өлүм жөнүндө

-Биринчи толкун учурунда өлүмдөр өтө көп болду. Экинчи толкун учурунда дагы ушундай кырдаалга кабылып калбоо үчүн эмне кылуу керек?

-Биринчи толкун учурунда көптөгөн бейтаптар өзүн-өзү дарылап, ооруканаларга өтө кеч кайрылгандыктан өлүм көп болгон. Алардын оорусу өтө оорлошуп кеткендиктен сактап калуу оор болгон. Анын үстүнө оорлошуп кеткен өнөкөт оорулар дагы болгон. Сиз цитокиндик бороон тууралуу уксаңыз керек? Цитокиндик бороон – бул организмдин коронавирустун жаңы түрүнө болгон өтө кооптуу реакциясы, ал көптөгөн ички органдардын, өпкө, боор, бөйрөктүн жабыркашына алып келет. Дарыгерлер эскертет: цитокиндик бороон CОVID илдетин жуктурган дени сак адамда дагы өөрчүп кетиши мүмкүн. Эгерде бейтапка өз убагында жардам көрсөтпөсө, анда цитокиндик бороон өөрчүп кетиши мүмкүн. Бейтаптардын көпчүлүгү ооруканаларга цитокиндик бороондон кийин кайрылышкан. Ошондон улам өлүм көп болгон. Ошондуктан биздин жарандарга аларда оорунун белгилери пайда болоору менен ооруканага кайрылууну сунуштайм.  Ошондой эле эскерте кетсем, коронавирус жуктургандардын 80 пайызында оору жеңил формада өтөт. 20 пайыз учурда гана бейтап госпитализацияланат. Жеңил формага кабылган учурда ооруканага жатуунун кажети жок. Эгерде сиздин акыбалыңыз начарлап бараткандыгын байкасаңыз, дарыгерлерге кайрылыңыз.

-Биринчи толкун учурунда дарылоонун бирдиктүү рецептиси бобогондуктан дагы леталдык учурлар көп болду. Дарылоо ар кандай жүргүзүлүп жатты жана туура эмес кеңештер дагы берилип жатты. Ал эми азыр дарылоонун бирдиктүү алгоритми иштелип чыктыбы?

-Вирус жаңы болгондуктан, аны менен кантип туура күрөшүү керек экендигин эч ким билген жок. Башында Кытайда дагы өлүм көп болуп жатты, жана бийлик ал коронавирустан улам болуп жаткандыгын жашырган жок. Вирус өзүн кандай көрсөтөөрүн эч ким билген жок. Мисалы, Кореяда, биз колдонгон эле методдор колдонулгандыгы менен, тромбдордун жаралышы байкалган эмес. Ал эми бизде андай көрүнүш болгон. Ошондуктан баардыгына дарыгерлер күнөлүү деп айткан туура эмес. Өлүмдүн көп болгондугунун дагы бир себеби – бизде дени сак  эмес адамдардын көптүгү. Биздин жарандардын 60 пайызында өнөкөт оорулары бар жана алар жыл сайын текшерүүдөн өтүп турбайт деп айта алам. Алар тиги же бул дарты бар экендигин билбейт дагы. Мисалы, бизге 20 жыл бою медициналык текшерүүдөн өтпөгөн адамдар келет. Жана биз аларда кант диабети бар экендигин же алар миокарда инфарктысын алгандыгын аныктаганда алар таң калышат. Ошондуктан, өлүмдүн көп болгондугу улутубуздун дени сак эместиги менен дагы байланыштуу.

-Коронавирустун башкы белгилерин дагы бир ирет кайталап өтсөңүз.

-Башкы белгилеринин бири- жыт же даам сезүүнүн жоголушу. Экинчиси – дене табынын 38-39 градуска чейин жогорулашы. Жана башка белгилери – ич өтүү, дененин ооруксунуусу.

Коронавирус жана медиктер

-Кандай ойлойсуз, кайра карантин киргизүү керекпи?

Азыр кайрадан карантин киргизүүнүн мааниси жок. Анткени биз шайлоо алдындагы агитация, митингдер учурунда бири-бирибиз менен контакт болуп бүттүк. Анын үстүнө тойлор жана башка иш-чаралар дагы өткөрүлүп жатат. Андыктан карантинден майнап чыкпайт. Башкысы азыр адамдар баардык санитардык талаптарды аткарып, өзүнүн иммунитетин бекемдеши керек.

-Биринчи толкун учурунда иштегендиги үчүн дарыгерлердин бардыгы төлөмдөрүн толук алыштыбы?

-Көпчүлүгү алышты, бирок оору жуктуруп алгандыгы үчүн компенсация ала элек дарыгерлер бар экендиги тууралуу маалымат бар. Ушул убакытка чейин ала алышпай келет. Бул дарыгерлер документтерин кеч өткөрүп калгандыгына байланыштуу.

-Дарыгерлер ооруга иштеп жүрүп чалдыккандыгын далилдеп берүүсүн талап кылынуусу нормалдуу көрүнүш деп эсептейсизби?

-Бул нормалсыз көрүнүш. Анткени дарыгерлер эч качан алар жумушта жүрүп оору жугузуп алгандыгын айтып атайын акча талап кылышпайт. Алар чындап эле оорушту, көпчүлүгүнүн оорусу оорлошуп кетип, алар дарылануу үчүн карызга да батышты.

-Эмне себептен кыргыз медицинасы коронавирус сыноосун көтөрө алган жок?

-Бул биз 30 жыл бою медицинаны арткы планга коюп, башка нерселер менен алек болуп жүргөнүбүзгө байланыштуу. Бизди саясий күрөш менен коррупция менен күрөшүү көбүрөөк кызыктырды. Медицинаны жай-баракат таштап койдук. Азыр биз совет медицинасынын калдыктары менен колдонуп жатабыз, ал дагы жакында толугу менен жоголот. Ал эми коронавирус ал процесстин тездешине өбөлгө түзөт.Тагыраак айтканда, бизде медицина тармагы жетиштүү деңгээлде каржыланбайт.

-Ал эми биздин дарыгерлердин жалпы даярдыгы кандай деңгээлде?

-Азыр биздин дарыгерлер коронавируска жакшы даярданышты, анткени алар январь айынан бери ар кандай конференцияларга катышып келе жатышат, коронавируска даярдануу боюнча атайын программа бар. Биз чет элдик кесиптештерибиз менен такай байланыштабыз, алар бизге профилактика, дарылоо жана оору өтүшүп кеткен учурда эмне кылуу керектиги тууралуу кеңеш берип келишет. Бул жерде башкы маселе дарыгерлердин укуктарын коргоодо жана аларды коргонуу каражаттары менен жетиштүү деңгээлде камсыздоодо жатат.  Биз бул эки талапты аткарып, дарыгерлерибизди моралдык жактан колдоп турсак, алар бизге жардам көрсөтүүгө ар дайым даяр болушат деп ойлойм.

«Дарыгердин күндөлүктөрү» телеграм-каналы тууралуу

-Сиз алып барып жаткан Телеграм-канал тууралуу айтып берсеңиз, анын максаты эмнеде жана аудиториясы кандай?

-Телеграм каналды 3-4 жылдан бери алып барып келем. Анын максаты- биздин жарандарга жардам алууда убакытын үмөмдөө. Мен өзүм жумушка жаңы орношуп жаткан учурда кайсы оорукана кайсы жерде экендигин билбей, көйгөйгө кабылгам. Жана дарыгерлер өзү ушундай кырдаалга учурап жатса, анда жөнөкөй жарандарга эки эсе оор болот. Биздин жарандар жөн гана дарыгерге барып келүүгө бир күн убакытын коротушат. Ошондуктан мен Телеграм каналда алгач ооруканалардын жайгашкан жерлерин жазып баштагам. Бул убакытты абдан үнөмдөйт. Кошумча дени сак жашоо образы тууралуу жазып баштадым. Жана акыркы багыт- бул дарыгерлерди коронавирустук инфекция тууралуу маалымдоо. Биз аталган чатты 118 жана 103 номуруна болгон чалуулардын санын азайтуу максатында ачтык, анткени биринчи толкун учурунда негизсиз чалуулар өтө көп болгон. Ошондуктан биз жарандарга онлайн кеңеш берип турууну чечтик.

-Паника көп болдубу?

-Телефон чалгандардын 80 пайызында паника болгон, андыктан биз психолог жана псохотерапевттер менен сүйлөшүп, алар дагы өзүнүн каналын ачышты. Муну менен биз жарандарга коронавирус тууралуу кеңеш берүүдө олуттуу салым кошо алдык.

-Сиздин каналда акыркы учурда кайсы суроолор эң көп берилип жатат?

-Коронавирустун кесепеттери. Көпчүлүк адамдардын чачы түшүп, даам жана жыт сезүүсү калыбына келбей, эс тутуму начарлап, концентрациясы төмөндөп жатат. Биз азыр ал бейтаптар менен иштешип, аталган прцесстерди калыбына келтирүүгө жардам көрсөтүүдөбүз. Бул жаңы вирус, биз аны  9-10 ай мурун гана билдик жана азырынча толугу менен изилдене элек башка кесепеттер дагы болушу мүмкүн.

-Эмне үчүн экинчи толкун биринчиге салыштырмалуу олуттуураак болот деп айтышууда?

-Бул мезгилдик оорулар келе жаткандыгына байланыштуу: курч респиратордук вирустук инфекция, грипп. Эгерде адамга КРВИ+ коронавирус жуга турган болсо, ал микс инфекцияга айланып, аны дарылоо өтө оор болот. Кошумча ал адамдын өнөкөт оорулары болсо, аны дарылоо үч эсе кыйын болот. Ошондуктан азыр Саламаттык сактоо министрлиги менен баардык адистер мезгилдик гриппден эмдөө алууну сунуштоодо. Аралаш инфекцияга кабылбоо үчүн.

-Вирус менен ооруп айыккан адамдардын иммунитети барбы же алар вирусту кайра жуктуруп алышы мүмкүнбү?

-Бул жерден дагы изилдөөчүлөрдүн ою экиге бөлүнүүдө. Азыр дүйнө жүзү боюнча кайра оору жуктурган учурлар катталууда. Учурлардын көпчүлүгү Европада катталууда, бирок алар 15-20 бейтапты гана түзөт.  Бизде дагы жакында эки адам ооруну кайра жугузгандыгы аныкталган. Биз баардыгын изилдеп чыгуубуз керек, анткени ал адамдар вирустун башка штаммын жуктургандыгы тууралуу шектенүүлөр бар.Бүгүнкү күндө коронавирустун 43 ар кандай штаммы аныкталган. Тилекке каршы, бизде дагы кайра жуктуруу коркунучу бар.

-Биз өзүбүздү коронавирустан кантип сактай алабыз?

-Тилекке каршы, биздеги кырдаалды эске алуу менен коронавирустан сактануу мүмкүн эмес деп корком. Бирок биз организм вируска күчтүү реакция бериши үчүн иммунитеибизди бекемдей алабыз. Бул витаминдерди ичүү, толук кандуу тамактануу жана физикалык жактан активдүү болуу. Окумуштуулардын айтымында, D витамини ооруну жеңил формада көтөрүүгө жардам берет. Ошондуктан, эгерде сиз бул үч эрежени сактасаңыз, вирусту жеңе аласыз деп ишенем.

-Жөн гана дени сак жашоо образын алып баруу керекпи?

-Толук кандуу тамактануу, санитардык эрежелерди сактоо, витаминдерди ичүү жана физикалык жактан активдүү болуу.

Маекти алып барган Лейла Саралаева.

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине