Энелердин өлүмү: үрөй учурган статистика

09:41, 19 Марта 2015

30 жаштагы  Нуржамал 4 айдан бери  кесардик кесип алуудан кийинки уланып кеткен оорудан айыга  албай жабыркоодо. Бул жарык дүйнөгө келиши менен мындай  кыйын көйгөйгө кабылган ымыркайы – үчүнчүсү. 

Башка  эки баласы да али кичинекей, аларды калтыра турган эч кимиси  жок, ошондуктан, жада калса мамлекет кепилдик кылган медициналык жардамды да Нуржамал ала албай жаткан кези. Үй-бүлөнүн атасы Нурсултан  аялын жана балдарынын курсагын тойгузуп, ижарага алган батирдин акчасын табууга жан үрөп иштеп жүрөт. Бул жагдайды аргасыздык деп гана атасак жарашат.  

Расмий маалыматтар боюнча, акыркы 15 жылда Бишкекке аймактардагы  калктын чейрегинен көбү көчүп келишти. Жалгыз борборго көчүп келгендери ушунча. Элдер каттоосу жок жашап жатышат, ага ылайык  кепилденген медициналык тейлөө да ала алышпайт. Аймактардагы медициналык тейлөө да мактанаарлык эмес, бирок акыркы мезгилде аларда бир аз жылыш байкалгандай. Бирок бул чындап жетишсиз. Дарылоону убагында баштаганда, жаш энелердин арасындагы өлүмдүн жана оорусунун өтүшүп кетишинин дээрлик жарымынын алдын алса  болмок. Бирок бул туурасында азыр сөз жок. Бул үрөй учурган статистикага өз салымын кошуп жаткан тышкы миграция туурасында айтуу кыйын.

Айбек экинчи баласын  төрөп жатып көз жумган аялын жерге жашырды. Колунда эки жаш бала, туугандарынын баары – Ошто.  Ал эми күзүндө жаштар барып, иштеп акча таап келгени Москвага кеткени жатышкан. Эми бүт өлкөдө үрөй учурган балдардын үстүнөн болгон зомбулуктар туурасындагы окуялардын таасири алдында, Айбек балдарын туугандарына таштагысы келбей турат. Бирок, эптеп иштеш керек, социалдык жөлөк пул ( айтмакчы, аларды жалгыз калган ата кыйынчылык менен жоболоштуруп алды) эч нерсеге жетпейт. Ачыкталбаган себептерден улам сүйүктүү жарынан айрылган бул адамга  психологиялык жактан жардам керектиги туурасында эч ким ооз ачкан да жок. Бактыгүлдүн өлүмүндө алардын эч күнөөсү жок экенин ишенимдүү далилдеген дарыгерлер менен соттошуп жүрүү үчүн анда убакыт да жок. Күчү да калбады.   

Калкты жайгаштыруу тармагындагы БУУнун фонду, Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинде энелердин өлүмү боюнча алдыңкы орунда экендигин билдирген. Ал эми медициналык тейлөөнүн деңгээли ортодон төмөн. Расмий статистиканын артында  мурдагыдай эле коррупциялык схемалар турат, алар туурасында өзүнүн башынан өткөн тажрыйбасынан улам көптөгөн аялдар жакшы билишет. Кызматкерлердин жакшы мамилесин, көңүл буруусун, кандайдыр бир кепилдик алгың келеби – төлө. Төлөй турган акчаң жокпу – анда маңдайыңа жазганы. Ал эми өлкөнүн көпчүлүк калкынын төлөй турган шарты жок.

Репродуктивдүү ден соолук борборлорунун бирине келген  Айсалкын, ооруканада операция болгон кызы жатканын  айтты. «Кызым төрөттөн кийин жараты  кабылдап кетип, дары, кан үчүн төлөгөнгө туура келди. Күйөө балам, 8 миң сомго жакын төлөгөнүн айтты. Төрөт үйлөрүндө баардык кызматтар бекер деп эмне үчүн жазып коюшаарына таптакыр түшүнбөйм», - дейт аял.

Анна Ивановна 3 жашар небересин жалгыз багат.кызы төрөт учурунда дарыгерлердин шалаакы мамилесинен улам, каны көп кетип каза болгон. Убагында көп чуу көтөргөн бул ишти иликтөө дагы эле уланууда. Андан бери күйөө баласы алардан алыстап, жаңы үй-бүлө күттү. Ал да азыр наристе күтүп жаткан мезгили. «Бул жашоо», - деши мүмкүн окурман. Бирок, жашоо ушундай болушу керекпи?

Марттын башында Бишкекте,  «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун колдоосу менен

өткөн Кыргызстандагы Аялдардын Улуттук форумунун убагында дээрлик бир секция  «Аялдардын жана кыздардын ден соолугу» деп аталды.

«Чыныгы феминистканын»  акылына келген биринчи сөз – аялдар менен кыздар эркектер менен балдардан эмнеси менен айырмаланышат, эмне үчүн алардын ден соолугу ушунчалык кымбат баалуу? Бирок, докладчылар тарабынан айтылган фактыларга сүңгүп киргенден кийин гана биздин мамлекет кандай туңгуюктун үстүндө турганын түшүнөсүң.

«Мен өзүм КММАнын акушердик жана гинекология кафедрасында иштейм, ал жакта бүт өлкө боюнча демилгелүү изилдөөлөрдү жүргүзөм. Кыргызстандагы эң чоң шаар болгондуктан, Бишкекте өткөн акыркы изилдөө  өтө капа кылды. Анын натыйжасы өспүрүмдөрдөгү кош бойллулук менен бойдон алдыруунун жогорку көрсөткүчү байкалды. Репродуктивдүү мүнөздөгү оорулар биринчи орунга  чыгыптыр. 14 жашында ар бир 6-7 кыз жыныстык жашоодо жашаары аныкталды. Ушул эле учурда,10-11-класстын кыздары бойдон алдыруунун зыяны жана анын кесепеттери туурасында билишпейт. Дени сак кош бойлуулук туурасында алар эч нерсе билишпейт», - деди мамлекеттин биринчи айымы  Раиса Атамбаева.

Энелердин өлүмүнө, жалпы социалдык жакшы жашоо жана жаш энелердин ден соолугуна  таандык сандар таасирленткидей.

КР гинекологдор Ассоциациясынын маалыматтары боюнча, кош бойлуулардын  90 % - жумушсуздар. Алардын 30% гана – жашоого жетишээрлик каражатка ээ  (б.а. аларды күйөөсү же ата – энеси толугу менен камсыз кылып турат). Энелердин өлүмү ушунчадык акырын  төмөндөп келаткандыктан, аны табуу үчүн акыркы беш жылдын статистикасын салыштыруу керек. Бир- эки жылдын маалыматтарын текшерүү эч нерсени көрсөтпөйт. Ал эми ушул эле учурда  2010 –жылы бул фактордун укмуштуудай көбөйүп кеткендигин ишенимдүү айтып чыгышкан.  Баарына айкын болгон бир нерсе – коомдун  улуттук медицинанын бул тармагында болгондорго көңүл буруусу өскөндүгү.

«Жүз миң төрөлгөн балага бизде 82 эненин  өлүмү туура келет. Бир жыл ичинде балдардын өлүмү да 1,5% өстү, б.а. жаңы төрөлгөн бир миң балага 20 бала. Андан сырткары, онкология боюнча ооругандардын саны да 5,4 % өстү, 100 миң калкка 94 учур. Жана дагы ВИЧ менен жабыркагандар 24% көбөйдү», - деп билдирет КР вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева.

Саламаттыкты сактоо министрлигинде, энелердин өлүмүнүн жогорку көрсөткүчтү болуп жаткандыгы медицинадык жана социалдык-экономикалык факторлор менен шартталаарын түшүндүрүшөт. Мурдагыдай төрөт үйлөрүндөнү жабдуулар жаңыртылбайт, квалификациялуу  мед кызматкерлер азайды, транспорт жетишпейт.

«Бирок, кээде энелердин өлүмү медициналык алкактан чыгып, социалдык аспектилерди да камтыган учурлар бар. Кош бойлуу аялдардын начар тамактанышы, экономикалык кыйынчылыктар, жана, жогорку миграция, кош  бойлуу адамдардын сапаттуу жана толук кандуу төрөтөк чейинки медициналык кароодон өтпөгөндүгү өлкөдөгү энелердин өлүмүнүн көбөйүшүнө себеп болууда», - дешет адистер.

1990-жылдарда жаңы төрөгөндөрдүн өлүмүнүн себеби: шишик жана кан басымынын көтөрүлүп кетиши болгон, 2003-жылдан бери аялдардын өлүмүнүн себеби кан кетүү болуп калды. Андан сырткары, жаңы төрөгөндөрдүн жарымынан көбү аз кандуулук менен жана дээрлик 20% - бөйрөк оорусу менен жабыркайт. Кан кетүүнүн себеби да ушунда. Ал эми биринчи себеп – начар тамактануу  жана начар социалдык шарт. Андан сырткары, тоталдык турмуштук сабатсыздык жана өз ден соолугуна кош көңүлдүк дагы көп сандаган трагедиянын себебине киргизилди. 

Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2014-жылы өткөрүлгөн коллегиясынын материалдарынан: «Кош бойлуулук учурунда  К. С. Медициналык мекемеде каттоодо  турган эмес. Жети-Өгүз айылынын«тез жардам»  бөлүмүнө тирүүлүк белгиси жок алынып келди. Патологиялк-анатомиялык диагноз «гемморагиялык шок».  Ички органдардын өтүшүп кеткен аз кандуулугу. Тондун калып калышы.

М. А. Ак-Суунун аймактык ооруканасына келип жаткан, төрөгөндөн кийин кан кете баштады, операция жасалды, он күндөн кийин үйүнө чыгарылды. 10 күндөн кийин акушер-гинеколог үйүнө барып текшергенде, буттарынын шишигенин көрүп, хирургга көрүнүүгө сунуш берген. 3 күндөн кийин гана хирургга көрүнгөн, ага  «эки буту  тең курч тромбофлебит, сол бутунун кан тамырларынын курч тромбозу, төрөттөн кийинки операциядан кийинки кандын зилдениши» диагнозу коюлду, дарыгерлин коштоосунда барып ооруканага дароо жатууну сунуштаса, күйөөсү макул болбой койгон. Ошол эле күнү 17.00 дө аялды оор абалында алып келишти, кабыл алуу блогунун короосунда каза болду. Туугандарынын баш тартуусунан улам ачуу жүргүзүлгөн жок».

Кыргызстандагы БУУнун бешинчи координатору  Александр Аванесов, көйгөйдүн кыйынчылыгы анын комплекстүү мүнөзүндө деп эсептейт:

«Энелердин жана балдардын жашоосун сактоодогу негизги милдет комплекстүү гана чечилиши мүмкүн. Медициналык мүнөздөгү чараларды кабыл алуу гана жетишсиз. Транспорттук маселелерди чечүү керек, коммуналдык инфраструктураны өнүктүрүү керек, жакырчылык менен күрөшүү керек. Энелердин өлүмүн көп чыгымк етирбей азайта турган дагы бир маанилүү аспект бар – калк менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек, анын ичинде эмгек мигранттарына зор көңүл буруу менен. Биздин изилдөөлөр көргөзгөндөй, аялдар кош бойлуулк жана төрөткө байланышкан жөнөкөй нерселерди түшүнбөгөндүгүнөн улам, жашоосу менен кош айтышууда».

Проблемалардын бузула элек дыңы, аны эртең эмес, бүгүн чечишибиз керек. Болбосо бир суроо жаралат, деги эле кыргызстандагы аялдардын мүмкүнчүлүгү барбы? 

Даярдаган Айгуль Токобаева

© Новые лица, 2014–2017
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине