Коркунучтуу оюнчуктар

14:47, 14 Мая 2015

Кооз, түркүн түстүү бул оюнчуктар ар бир баланы, жада калса алардын ата-энелерин да кызыктырышы мүмкүн. Аларды сатып алып жатып, анын ачык түстөрүндө кандай коркунуч катылып жатканын ойлонушкан да жок.

Кыргызстанга бир жылдын ичинде дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн 7 тоннадан ашык оюнчуктар ташылып келет, анын 70% Кытайдан келгендер. Так ушул кытай өндүрүшүнөн чыккан оюнчуктар адистердин чочулоочун жаратууда. Алар баасына карата жеткиликтүү, биздин өлкөнүн жашоо деңгээлин эске алганда, биздин рынокто (базарда) алар көбүрөөк талап кылынат.

Ошондуктан, биз кытай өндүрүшүнөн чыккан балдарга арналып чыгарылган товарларга анализ жасап көрүп, алардын балдар үчүн канчалык коопсуз экенин текшерүүнү чечтик.

Бишкек жана Ош шаарларында балдардын буюмдарын: оюнчуктар, балдардын тамагы, балдар үчүн идиш аяктар, балдардын чач жуугучтарын жана көбүктөрүн, балдардын бут кийимин сатып алдык. Сатылып алынган балдардын буюмдарын, алардагы уулуу заттардын камтылышын текшерүү үчүн Бишкек жана Ош шаарындагы лабораториялык изилдөөгө жана санэпидемстанцияга бердик.

Жүргүзүлгөн лабораториялык изилдөөлөрдүн натыйжалары, балдар үчүн буюмдардын эң коркунучтуусу оюнчуктар экенин көргөздү. Калгандары анча мынча болсо да жарактуу, балдардын желим идиштеринен башкалары. Анын курамындагы формальдегид ченемден ашык. Аны көп учурда апалары оюн үчүн гана колдонушпайт эмеспи. Ысык тамак куйганда андагы уулуу заттарды бөлүп чыгуу эки эсе көбөйөт экен. Жада калса балдар бакчаларында да балдардын желим оюнчуктардан тамак жеп жатканын көрөсүң, ал эми башка желим буюмдарды турмушта да, балдар мекемелеринде да канчалык колдонгонун айтпай эле коелу.

Жүргүзүлгөн лабораториялык изилдөөлөрдүн натыйжасында, сатылып алынган оюнчуктардын 85-90% формальдегид, фенол жана оор металлдар (коргошун, кадмий) сыяктуу уулуу заттарды камтыйт.

Санэпидемстанция адистеринин сөзү боюнча, 2004-жылы балдардын оюнчуктарында СЭС лабораторияларындагы изилдөөлөрдүн жүрүшүндө бүт тесттик партиянын 5% гана уулуу заттарды табышкан. Ал эми акыркы жылдары жүргүзүлгөн анализдердин натыйжаларынан эстен танууга болот. Балдардын оюнчуктарынын 90% үлгүсүнөн өз ченеминен эки эсе ашкан фенол, формальдегиддин камтылышын табышкан. Ошондой эле адистер, ага көз жоосун алган кооз түс берүү үчүн колдонулган оор металлдарды табышкан. Бул балдардын организми үчүн абдан коркунучтуу.

Лабораториялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө, пластизолдон жасалган оюнчуктарда уулуу заттар көп камтылаарына ишендик. Бул ачык түстөгү кармаганда жумшак желим оюнчуктар.

Медицина илимдеринин кандидаты, Ош областтык балдар ооруканасынын балдар дарыгери Аида Анарбаева, бул уулуу заттар дем алуу органдарына зыян алып келээрин айтты.

«Балдардын али бекемделе элек организми уулуу заттарды өтө кабыл алгыч келет. Баланын организмине киргенден кийин, алар сиңип, жылдар өтүшү менен чогула берет. Баланын иммунитети толук калыптана элек, ал буга каршылык көргөзө албайт», – дейт балдар дарыгери.

Анын кесепети ар түрдүү чыгышы мүмкүн. Мисалга, кычышма чыгат же кусат, ал эми ата-эне баланы тамакка ууланып калды деп ойлойт. Бала тынчсызданып баштайт, кээде мурду кычышат, анткени бала бул уу менен дем алып жатат, жана ал дем алуу органдарына терс таазирин тийгизет.

Жыл өткөн сайын уулуу оюнчуктарга ууланган баланын органдарында мутация пайда болушу мүмкүн, булар көбүрөөк уу таасир эткен органдарда байкалат.

Дем алуу органдары аркылуу уу ашказанга кирет, андан ары боорго, бөйрөккө барып, бул органдарды дартка чалдыктырат. Мындай «өз ара таасирленүүнүн» кесепетин организмден чыгаруу өтө кыйын. Муну үчүн интоксикацияга каршы терапия жүргүзүү керек.

«Бизге ооруканага мындай өтүнүч менен дээрлик кайрылышпайт. Бул, ата-энелердин баланын уулуу оюнчуктар менен ууланышы туурасында шек санабай турганынан кабар берет. Фенол, формальдегид жана оор металлдар кычышма ооруларын –аллергиялык дерматит, аллергиялык бронхитти пайда кылышы мүмкүн», – дейт Аида Анарбаева.

Уулуккан убакта балада жүрөгү айлануу, кусуу, ашказандын оорушу, алсыздык пайда болушу мүмкүн. Уулануунун кесепетинен балдардын физикалык жактан да, акыл жактан да өнүгүүсү кечеңдейт. Ошондуктан, буга окшогон белгилерди байкап калса ата-эне дароо балдарын анализ тапшыртышы керек. Боор тестине кандын жана зааранын анализин берсе болот. УДИ жасатса да болот. Адамдын бөйрөгү организмдин чыпкасы катары кызмат кылат, анын дартка чалдыгышы дароо байкалат.

Пластизолдон оюнчук өндүрүүдө өндүрүшчүлөр бул заттарды, оюнчукка жумшактык, түс, керектүү форма бергени үчүн колдонушат. Бирок анын камтылышы уруксат берилген чектен ашпашы керек.

«Эгер бул заттардын камтылышы ченемди эки эсе ашса, бул ден соолук үчүн чындап коркунучтуу. Эгер камтылышы андан да көп болсо, анда бул баланын өмүрү үчүн коркунуч келтирет» - дейтМария Кушубакова, республикалык санэпидемстанциянын адиси.

Эгер бул оюнчуктар биздин балдарыбыз үчүн коркунучтуу болсо, анда санэпидемстанциянын кызматкерлери кайда карап жүрүшөт, эмне үчүн аларды сатыктан алып салышпайт? Биз мына ушул суроону республикалык СЭСтин адистерине бердик.

«Соода түйүндөрүндө текшерүү жүргүзүү үчүн биз «Ишкердик субьектилери жөнүндө» мыйзамынын беренесине жараша аракет кылышыбыз керек. Биз аларды он күндүн ичинде эскертүү беришибиз керек, муну үчүн тиешелүү министрликтен да уруксат алышыбыз керек. Бул убакыттын ичинде алар баарын тартипке келип, үлгүрө калышат. Бардыгын жайына келтирип коюшат. Мындай учурда биздин бир нерсе табышыбыз кыйын», – дейт санэпидстанциянын адиси.

«Эгер биз тапкан күнү да, лабораториялык изилдөөлөр бүткөнгө чейин, алар бул оюнчуктарды сатуусун уланта беришет. Кээде биз уулу заттарды таап, аларды сатыктан алып салуу үчүн келгенибизде, бул оюнчуктардын партиясын сатып бүтүп салган да кездер болот», – дейт М. Кушубакова.

Чек араларда биздин санэпидстанциянын адистери отурушпайт, ал жакта изилдөөлөрдү өткөрүү үчүн лабораториялар жок. Эгер чек арада отурган күнү да, алар ишкерлердин жабык жана чапталган контейнерлерин кароого уруксаты жок.

«Бизге кээде уяттуу ишкерлер кайрылышып, текшерип, шайкештик сертификатын (тастыктоосун) берүүнү өтүнүшөт. Бирок баары эле мындай уяттуу эмес. Эгер ата-энелер бул уулуу оюнчуктарды алып бербей коюшса, ишкерлер аларды ташып келбей калышмак. Бирок бизде, тилекке каршы, мүмкүнчүлүктөр чектелген», – дейт биздин санэпидстанциядан келген маектешибиз.

Ошондуктан, ар бир ата-эне, өз балдарына оюнчук сатып берип жатып, бул маселеге өтө олуттуулук жана жоопкерчилик менен мамиле жасаганы өтө маанилүү. Сатуучулардан шайкештик сертификатын талап кылышы керек. Шектүү сапаттагы контрафактылык товарды сатып албай койгону жакшы.

Жок дегенде оюнчуктан таңгагынын, маркеринин бар экенин өз алдыңарча текшерип чыккыла. Маркерлөөгө болгон техникалык талаптарга ылайык, бизде сатылып жаткан товарда мамлекеттик же расмий тилдеги маркери болушу керек. Маркерлөөсү менен таанышкандан кийин, аны жыттап көргүлө. Эгер анда кескин, өзгөчө жыт болсо, анда бул оюнчуктун курамында жогоруда аталган уулуу заттардын камтылыш ченеми жогору экендигинин биринчи белгиси. Нымдуу кол менен кармап, анын боегу колуңда так калтырбай тургандыгын текшерүү керек. Эгер мындай учурда байкасаңыз, ана мындай шектүү сапаттагы оюнчукту сатып алуудан баш тартканыңыз оң. Анткени баланын ден соолугу маанилүүрөөк да. Ысык сууга же кайнатылган сууга жуу менен, уулуу заттардан кутула албайсыңар. Бул алардын бөлүнүп чыгуусун гана көбөйтөт.

Ош областтар аралык клиникалык ооруканасынын онкология бөлүмүнүн башчысы, онкохирург Азиз Рахимов, уулуу оюнчуктардын таасирине комментарий берип жатып, ата-энелерди баласынын ден соолугуна олутуту мамиле кылууга чакырат. Бөбөктөр менен балдардын арасында кездешкен онкологиялык оорулардын 65-70% түштүк областтарына караштуу. Биринчиден, калк балдардын оюнчуктары канчалык деңгээлдн уулуу экени туурасында тиешелүү деңгээлде маалымат алган эмес. Эгер билген күнү да, буга эч маани беришпейт.

«Бизде бөлүмдө бир жаштан он жашка чейинки балдар жатат. Балдарга шектүү азыктарды, оюнчуктарды, кийимдерди алып берүүгө кеңеш бербейм. Мунун баары баланын бекемделе элек организмине терс таасирин тийгизет», – дейт врач-онколог.

Урматтуу аталар жана апалар, биз силерди коркуткубуз келбейт. Болгону тегерегибиздеги көрүнбөс коркунучтар туурасында эскертип коелу дедик. 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине