Таттуу дарбыздардын сезону… Курсак чыдашынча тоёлу!

14:35, 22 Сентября 2018

Ооба-ооба, июлда эмес, августта да эмес, так ушул сентябрда Кыргызстандын таттуу жандуулары эч нерседен коркпой, чочулабай эң ширин жемишти – дарбызды каалашынча жей алышат.

Зыяны кийин билинген...

Майда, июндун башында Бишкек тургундарынын Өзбекстандан жана Тажикстандан алынып келген дарбыздарга шекшип карагандары дагы эле эстен кете элек. Чынында эле, бул дарбыздарда нитраттардын деңгээли нормадан бир топ жогору эле, бул тууралуу Бишкек шаардык мамветсанинспекциянын жетекчисинин орун басары Шамен Сыдыков эскерткен болчу. Анын билдирүүсүндө, борбор калаанын базарларында иш алып барган жыйырма чакты лабораторияларда фитосанитардык талаптарга жооп бербеген 13 тонна бакча өсүмдүктөрү аныкталган.

Андан кийин Кыргызстандын өзүндө дарбыздар эч кандай жер семирткичсиз эле быша баштаганда, пестициддик мутанттар менен уулануу коркунучу азая түштү. Бирок да шылуун алып-сатарлар, же дарбызды өстүргөндөрдүн өзүлөрү жол боюнда саткан жемиштер адамдын ден соолугуна коркунучту жарата берди. Эл арзандыгына кызыгып алып жатышты, ал эми ал жактагы дарбыздар авто унаалардын түтүнүндөгү оор металдарды өзүлөрүнө сиңирип, зыяны кийинирээк билинген уулуу миналарга айланаарын эске алышпады!

Ошол эле кезде органикалык таза дарбыздар биздин элдик чарбабыз үчүн өтө маанилүү, тийиштүү маркалоо жана калибрлөө кылына турган болсо ЕАЭБке экспорттоонун зор мүмкүнчүлүктөрү бар. Ал эмес, КР Айыл-чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиевдин билдирүүсүндө, биздин өлкө бакча өсүмдүктөрүн өз брендине айлантууну ойлонуштурууда! Жакшы ой-тилек, бирок аны иш жүзүнө ашыра алабызбы, анткени... Бирок да КРдеги көйгөйлүү маселелер тууралуу биз кечирээк сөз кылмакчыбыз. Ал эми азыр болсо дарбыз феноменин жалпысынан ачып бериш үчүн тарыхка кайрылып көрсөкпү деген ой бар.

Фараондордун артыкчылыгы...

Дарбыздын мекени болуп Африка эсептелет. Бирок жапайы дарбыздар майда жана супсак болушат, бирок да суусунду жакшы кандырат, аны саванада жашагандардын бардыгы: эки бутту абориген-чогултуучулардан баштап фаунанын төрт буттуу өкүлдөрүнө чейин бардыгы жакшы билет эле.

Ала-була таттуу жемиштерди илгери, биздин доорго чейинки ХХ кылымдарда эле байыркы египеттиктер өстүрө башташкан, ал эмес пирамида-күмбөздөргө коюп коюшаар эле, аркы дүйнөдө фараондор, анын арасында легендарлуу Тутанхамон дагы, дарбыздан жеп рахат алышсын деп.

Андан кийин табигаттын бул таттуу белеги Персияда, Вавилондо, Аравияда, Сирияда, Индостанда, Түркестанда өз баасын алды, бул жерде аба ырайы кургак жана ысык болуп, сугат суусу боло турган. Рим империясында да аны баалашат эле. Кресттик жүрүштөр заманында аны Жакынкы Чыгыштан жана Палестинадан Батыш Европага алып келишет. Орусияга бир аз кечирээк келди – аны негизинен Волга, Дон жана Кубан сууларынын бойлорунда, азыркы Астранханда, Ставропольеде жана Краснодарщинада өстүрө башташты.

Азыр дарбызды 100дөн ашык өлкөдө өстүрүшөт, анын 1200дөн ашык түрү бар, алардын катарында өтө сейрек кездешкен орусиялык “Айлуу” (“Лунный”) сорту бар: бул дарбыздын эти сары келип, канттуулугу жогору болот (дарбыздардыкы адатынча 6-7% болсо, аныкы 13%га чейин жетет) жана ал лимон даамданып турат.

Дарбызды баарынан көп Иранда, Египетте, Мексикада жана да жайы узак жана кургак, ал эми кышы кыска жана жумшак болгон Венгрияда, Болгарияда, Грецияда, Италияда, Испанияда, Францияда, экс-Югославия өлкөлөрүндө, ошондой эле тропикалык Бразилияда, Коста-Рикада, Таиландда ж.б. өлкөлөрдө өстүрүшөт.

“Ошондой болгон күндө да биз жакшы билген дарбыздын ачыла элек дагы толтура сырлары бар, ал азыркыга чейин көп талаш-тартыштарды жаратып келет. Айрымдары аны жерде өскөн мөмө десе, башкалары зор өлчөмдөгү жер-жемиш дешет, үчүнчүлөрү – ашкабактын бир түру дешсе, төртүнчүлөрү – ал кабакча жана бадыраңдарга жакын деп эсептешет”, - дейт Кара-Балталык эколог Анвар Укушев.

Сүрөттө: Өсүп жаткан дарбызга ар түрдүү форманы берсе болот. Сикоку аралыгындагы жапондор муну жакшы билип, көптөн бери атайын пластик-темир калыптарда өстүрүлгөн төрт чарчы дарбыздарды экспорттоп келишет, мындай дарбыздарды тоголок дарбыздарга караганда алыска ташып баруу бир кыйла ыңгайлуу. Жапондордон бул нерсени үйрөнүп алышкан кытайлыктар учурда үч бурчтуу, пирамидалдуу, конус, жүрөк түрүндөгү, ал эмес мультфильм каармандарына окшоштуруп дарбыздарды өстүрө башташты.

Банкада эрте күздүн даамын жана жыпар жытын кантип сактаса болот?

Дарбыз – бул азыр кесип алып жеп кое турган гана даам эмес. Андан ар түрдүү даамдуу нерселерди жасаса да болот, бирок КРдеги ашканаларда жана тойканаларда аларды эч ким жасабайт. Ал эми дарбыздын кадимки эле кабыгынан укмуш даамдуу цукаттарды, этинен – конфитюрду жана жакшы сергиткен смузини, сыгып алынган ширесине муз кошуп – пайдалуу фрештерди жана лимонаддарды жасаса болот, ар түрдүү коктейлдер жана крюшондор тууралуу унчукпай эле коелу! Бизде ашып кетсе кайсы бир банкеттик столдон дарбыздын майда кесимдери кошулган мөмөлөрдөн жасалган микс-салатты кезиктире аласың, ушуну менен болду! Башка өлкөлөрдүн гастроном-шефтери болсо укмуш нерселерди жасашат: тоок эти менен бышырышат, фритюрда клярга малып даярдашат, сүрсүтүлгөн бастырма менен, туздатылган жашылча-жер жемиштер менен, моцарелла жана эжигей менен беришет, чыктарга кошушат, дегеле, алардын бардыгын санап бүтө албайсың! Бир жолу мага Австрияда дарбыздын кесимдери, фето сыры жана зайтун мөмөлөрү бар, бальзамико чыгына жалбыз, райхон, зайтун майы жана бал кошулган муздак рагуну беришти – укмуш даамдуу эле! А мындай карасаң, татаал эч нерсе деле жок.

Анан да биздеги жергиликтүү орустар илгери Фрунзенин базарларында тузга чыланган дарбыздарды бочкалардан сатаары эсимде. Ал туздатылган алма, жүзүм сыяктуу биз үчүн укмуш кызык бир нерсе болчу, бирок ага карабай аны саткан кемипирлерге узун кезек тизилип калат эле. Азыр Бишкектен андайды таппайсың.

Ай, эринбей нардек жасагыла, бышкан дарбыздардан мындай даамды Орто Азияда жүз жыл мурда эле жасашчу. Ансыз да Кыргызстанда сентябрда дарбыздын баасы дайыма арзан болот эмеспи, ошондуктан керектүү сырьену каалашынча даярдап алсаңар болот. Коюу шире даярдаш үчүн кашык менен дарбыздын этин алып, аны эзип, же сүрүп майдалап, марлиге салып ширесин сыгып алыш керек. Андан кийин аны мискейга куюп, отко коюп, балга окшоп коюу болгуча улам-улам көбүгүн алып, бат-баттан аралашытырып туруу зарыл. Аягында ал күрөң түстөгү тунук, абдан ширин суюктукка айланат. 1 кг нардек даярдаш үчүн 16-17 кг бышкан дарбыз керек болот. Кышкы суук күндөрү андан жегенде эрте күздүн даамы жана жыты дароо эсиңерге келет...

Сүрөттө: Саратовдук тамак-аш өндүрүшчүлөр орустардын эски рецепти боюнча уксус менен кантта маринаддалган дарбызды азыркы заманга ылайыктап жасай башташты. Ал дарбыздын эти рассолдо калкып жүргөн консерва түрүндө сунуштала баштады.

Кыргызстандык бакчачылар сак болушу керек

Борбордук Азиянын дарбыздары тууралуу сөз болгондо көбү Түркмениянын, Өзбекстандын, Тажикстандын дарбыздар бышып жаткан талааларын же Фергана өрөөнүнүн Кыргызстандагы бөлүгүн элестетишет. Бирок мунун баары стереотип. Чындыгында Азияда дарбыз өстүрүү боюнча биринчи орунда Кытай турат, ал жылына 62 млн тонн дарбызды өндүрөт! Ал Азияда гана эмес дүйнөдө дарбызды эң көп өндүргөн өлкө болуп саналат. Кытайлыктар илгертеден бери - Х кылымда соодагер-саякатчылар Жер Ортолук деңизден дарбыздын үрөндөрүн алып келгенден баштап, бул жемишти эң көп өндүрүп келишет. Таттуу жемиш аларга ушунчалык жагып калгандыктан аны хандардын (хань – кытай эли. кот.) эң ыйык жана улуу майрамы “Чжунцю” – Айдын жана түшүмдүн майрамында үй-бүлөлүк дасткорконго кое башташат, бул майрам ай жылнаамасы боюнча сегизинчи айдын 15-күнү белгиленет (2018-жылы бул күн 24-сентябрга туура келет).

Кыргызстан менен чектешкен ысык Синьцзян-Уйгур автоном районунда дарбыздарды өзгөчө көп өстүрүшөт, бул жерде Хами округунун дыйкандары алдыңкы орундарды кармашат. Жергиликтүү элдин дасторконунан сөзсүз дарбызды көрөсүң. Мен өзүм Кашгарда мурутчан, такыя кийген байкелер узун жана ийри келген атайын бычактар менен дарбызды кесип, анын тилимдерин бирден элге сатып жаткандарын көргөн элем. Ысык күндө дарбызды жегиси келгендер дайыма табылат!

Бирок да кытай аграрийлеринин көп акча табууга умтулгандары кээде ири фиасколорго алып келет. 2011-жылдан бери КЭРде химикаттар менен ашыкча азыктандырылган дарбыздар фугас сыяктуу жарылган учурлар бир нече жолу катталган болчу. Бул негизинен форхлорфенурон деген препаратка байланыштуу болгон, ал бакча өсүмдүктөрүнүн өсүшүн катуу тездетет, анын жардамы менен эки жуманын ичинде эле дарбыздардын түшүмдүүлүгүн 20%га өстүрсө болот. Ошондуктан коңшу Кытайдан жер семирткичдерди жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өсүшүн тездеткен препараттарды сатып алып жаткан дыйкандарыбыз этият болушу керек – уулуу дарбыздарды жеп калбайлы...

Сүрөттө: Өсүшүн тездеткен препараттарды, жер семирткичтерди өтө эле көп берип койгондуктан өзүнөн өзү жарылган дарбыздарга байланыштуу чатактар КЭРде бир нече жолу болгон. Ошондуктан кыргыз дыйкандары Made in China деген жазуусу бар жер семирткичтерди алып жатканда этият болушу керек.

Бир жарым центнерлик дарбыз? Ооба, андай да болот!

Учурда Кытайга АКШ катуу атаандаштык кылып жатат, аларда да учу-кыйры көрүнбөгөн бакча талаалары бар, өзгөчө өлкөнүн ортосунда жайгашкан түздүктөрдө, Калифорнияда жана Мексика менен чектеш жерлерде. Ашкана дарбыздарынын аянты 120 миң гектарды түзөт, ал эми тоютка кетүүчүлөрдүкү – 600 миң гектардан ашык. Бул жакта данеги жок дарбыздарга басым кылынат, дарбыздын мындай түрү селекция жолу менен ХХ кылымдын орто ченинде алынган, ал америкалыктарга абдан жагып калган.

Так ушул АКШда Гиннес китебине кирген эң чоң дарбыз өстүрүлгөн – 159 кг! Рекордсменди Теннеси штатынын тургуну Крис Кент 2013-жылы өстүргөн. Мурдагы рекордсмен дагы Америкадан болчу: 122 килограммдык дарбыз 2005-жылы Арканзастык Брайттар үй-бүлөсүнүн бакчасында өсүп чыккан.

Жыл сайын 3-августа янкилер National Watermelon Day (Улуттук дарбыз күнү, кот.) аталышындагы майрамды белгилешет. Ал эми “АКШнын улуттук дарбыз ассоциациясы” “Дарбыз ханышасын” аныктоо боюнча сулуулук сынагын такай уюштуруп турат. Аны жеңип алган сулуу дарбызды колдонууну жайылтуу максатындагы толтура жарнамалык иш-чараларга катышат. Бул иши үчүн ал жылына 13 миң доллар алат, ага кошумча ал 10 миң доллар өлчөмүндөгү стипендия жана өлкө боюнча акысыз саякаттаганга мүмкүнчүлүк алат.

Сүрөттө: Кооздоп кесүүнүн мастерлери, кулинардык карвингдин чеберлери накта арт-чыгармаларды жаратышат.

АРТ-буздук креатив

Дарбыз фестивалдары бардык жерлерде такай өткөрүлүп турат. Тилекке каршы, бизде гана алар өткөрүлбөйт, алар өткөрүлө турган болсо биздеги дарбыз өстүргөн негизги аймактарыбыз Чүй, Ош жана Жалал-Абад областтарына келген туристтер үчүн алар кызыктуу болоору шексиз.

Дарбызды өстүрүүгө адистешкен башка аймактар мындай фест-шоулардын пайдалуу жактарын жакшы билишет. Мисалы, жогоруда айтылган Кытайда, Пекиндин четинде жакында эле отузунчу жолу Дасин дарбыз фестивалы өттү. Анда эң кооз, эң чоң, эң жука кабыктуу жана эң даамдуу дарбыз сынактары өткөрүлдү. Гран принин өлчөмү да аз эмес – 10 миң юань (болжолдуу 100 миң сом, кот.). Бул жерде кадимки Дарбыз музейи да бар, анын сырткы көрүнүшү да дарбызга окшошуп турат.

Түркияда дарбыздардын Диярбакырда өткөрүлүп турган майрамы белгилүү: бул жактын дыйкандары 60 килограммга чейинки жемиштерди өстүрүшөт! Ал жакта дарбызга ал эмес эстелик тургузулган.

22-июлда Армениянын борборунда “Ереван жайы - 2018” иш-чарасынын алкагында алтынчы жолу дарбыздын фестивалы өткөрүлдү, анда сынактар уюштурулуп, оюндар өткөрүлүп, концерттик программалар жана ар түрдүү даамдар сунушталды.

Жашыл Австралиянын Дарбыз борбору деп Квинсленд штатындагы Чинчилл шаары эсептелет, бул шаардын мэриясы жылына эки жолу Chinchilla Melon Festival өткөрүп турат. Ар түрдүү жемиштер сунушталып, кызыктуу оюндар өткөрүлүп турган бул фестивалга 15 миңге жакын адам катышат. Ар бир фестивалда 20 тоннага жакын ширин дарбыздар желет. Бул майрамда ким дарбызды бат жейт, дарбызды ким алыска ыргыта алат, дарбызга мылтык менен атуу сыяктуу мелдештер жана дагы башка көптөгөн кызыктуу иш чаралар уюштурулат: костюмчан параддар, жарык шоусу, концерттер, кулинардык мастер-класстар, өнөрчүлөрдүн жарманкеси.

Кара деңиздин боюндагы Херсондо да дарбыз менен алектенгендер салттык иш-чараларын үзгүлтүксүз өткөрүп турушат. 4-августта ал жакта “Украин дарбызы – таттуу керемет” деген аталыштагы XV фестиваль өттү. Ага 30дан ашык дыйкан чарбалары катышты. Бул майрамга Израилден, Румыниядан, Белорустан жана Украинанын башка аймактарынан дарбызчылар келишти. Конокторго дарбыздан жасалган медовуха, цукаттар, кыямдар сунушталды...

Ал эми Волгоград областындагы Камышин шаарында 2018-жылдын 25-26-августтарында кезектеги 11-дарбыз фестивалы өттү, ага 30 миң киши катышты. Бул жолку супер-чогулуштун темасы: “Дарбыз борборунун фантастикалык жүздөрү!” болду. Акысыз “Дарбызга тойбостор”, дарбыз тематикасындагы сувенирлердин жарманкеси, “Учкан кесимдер” сынагы, дарбыз матрастарында сүзүү, “Бакча сакчысы” аталышындагы короо каракчыларынын, “Дарбыздык дефиле” аталышындагы креативдүү костюмдардын көргөзмөлөрү уюштурулду. Ал жакта “АРТ-буздун кабыгы” деген жаштардын аянтчасы, фотоаянтчалар жана флешмобдор, дарбыз карвинги боюнча мастер класстар жана квесттер, ырчылар менен бийчилерди концерттери, шаардын борбордук көчөлөрү аркылуу фейерверктердин коштоосунда карнавалдык жүрүш уюштурулду.

Жогоруда аталган дарбызга арналган бардык майрамдарга өз шаарын пиар кылып муниципалдык органдардын өкүлдөрү сөзсүз катышат. Тилекке каршы, биздеги Бишкектин мэриясы бул тууралуу ойлонуп да койбойт...

Сүрөттө: Көптөгөн бармендер, коктейлдерди ойлоп чыгаргандар үчүн дарбыз – жаңы рецептуралардын эң сонун булагы болуп эсептелет...

Азиз Карашев

Фото WWW

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине