ВИЧ-бар адамдар: Бишкектеги ишке орношуу

14:17, 1 Декабря 2014

  Владимир  бадыраңдан майрамдык дасторконго салат туурап жатат. Көк көздөрүнүн  мээримдүү жана курч карашы дароо көзгө урунуп, көңүлүңдү бурат. Ал жубайы менен бирге  тамак даярдашууда. Көрүнүшүнө караганда, борбордун белгилүү райондорунун биринде жайгашкан жеке үйүндө мейман тосууга даярданып жаткан кадимки жуптар.  Күлүп, тамашалашып, сөз менен  бири-бирин акырын чымчып коюшат. Бул таңда Владимир өзүнүн сүйүктүү ишин: тамак жасап  жатат. Көптөн бери ал жашоого мына ушул менен акча тапчу, күнүнө жүздөгөн кишилерди тамактандырып, буюрутма боюнча Алма-Атага бир автобус тамак жөнөтүп турчу. Анан эле ооруп калды, алгач кургак учук табышып, анан ВИЧ-инфекцияны табышты.

«Мен мындан ары тамак жасай албай калам го, мүмкүн болбойт, мүмкүн жасатпай коюшабы деп коркком. Тамак жасоону билүү таланты кудайбан берилет. Бул оору – мени үчүн жазалоо деп ойлодум. Бирок, кудайым ырайым кылды, азыр баары жакшы. Айыктым, менде тубдиспансердин, бейтапкананын  атайы буйругу  бар, ашпоздук ишмердүүлүк менен алектене берсем болот», – дейт  Владимир.

Көп байкала бербеген бир кабат кенен үй. «Матрица»  борбору – Бишкектеги ВИЧ- инфекциясы бар адамдар үчүн колдоо көргөзүүчү үй, үй-бүлө, алар туурасында ал көйгөй жоктон бетер, айтууну анча жактыра беришпейт. Мына ушул борборго,  бул дарты аныкталгандан кийин,  бир нече ай мурда Владимир да кайрылган. Ага баңги заттарды колдонуп жатканда жуккан, бирок, аны жеңип чыга алды: ал башында баңги заттан көз карандылык менен күрөштү, андан киийн кургак учукту жеңди, эми ВИЧ да токтоду.

Бул жерде бардык шарттар түзүлгөн, кичинекей үй-бүлө, коммуна. Күндүн так бөлүштүрүлүшү – тартипти жана адамдык рухту кармоо үчүн зарыл. Дубалдарга мотив берүүчү чакырыктар менен кооздолгон.  Күн сайын тамак жасоо, үй жыйноо, үйдө балдар чуркап жүрүшөт, короодо ажылдаган ит үрүп жатат, баары эле кадимки адамдардыкындай. Күн нуру кенен бөлмөлөрдү жарык кылып, керебеттерге жылуулук берип турат. Күнүмдүк жумуштардан башка – дарыгерлердин милдеттүү кароосу, дары ичүү жана психологиялык кеңештер. Борбор 12 адамды жайгаштыра алат, ар бирине бирдей мамиле, камкордук жана колдоо, бирок, чектен чыкпайт.  Бул мейманкана же ресторан эмес.  Кандайдыр бир убакыт өткөндөн кийин борбордун директору өзүнүн  багуучуларына жумуш таап, эч бир кыйынчылыкка карабай андан ары жылууга  көмөк көргөзөт. 

«СПИД» республикалык борборунун маалыматы боюнча,  Кыргызстанда  5000 ге жакын ВИЧ-инфекциясы бар адамдар катталган. Күн сайын алар кыйынчылыктарды жеңип өтүшөт, алсыздыктан баштап, дарыгерлер, эмгек жамааты, жада калса үй бүлөсү  тарабынан болгон психологиялык кысымга чейин көтөрүшөт. Бирок, эң башкы кыйынчылыгы – борбордогу ишке орношуудагы кыйынчылык.

Кесиби боюнча жумушту  Владимир таба алган жок. Бардык жерде медициналык китепче талап кылышат.   ВИЧ  менен дароо баш тартышат. Эми ал кууш чөйрөдө: өзүнүн жакындарында жа үй-бүлөсүндө гана ашпоздук кылат. Тигини да, муну да ал  «Матрица» борборунан, өз жашоосун кичинеден курап отуруп, таба алды. Өз жубайын ушул жерден жолуктурду, ал дагы ВИЧ-инфекциялуу, бирок бул аларды жакындаштырып турат. Экөөндө тең бай турмуштук тажрыйба бар. Ошентсе да Владимир өзүн жолдуу деп эсептейт.   

Борбордун башка оорулуусу – 36-жашар Марат. Ал өзүнүн дарты туурасында бир жыл мурда билди.  Владимир сыяктуу эле ал да теше тиктейт, анын көзүндө коогалаң бар.  Шорлош достору жанында, Марат борбордон анча алыс эмес жерде өзүнүн Руслан деген досу менен батирде турат. Ал да ВИЧ инфекцияланган. Өзүнүн жеке кайгысын Марат өз алдынча тартат, ошол эле буакта Русланга да жардам берет.  Экөө тең   «Матрицада» реабилитациядан өтүшкөн.  Марат  биринчи келинчегинен жугузган, экинчи келинчеги анын оорусу туурасында укканда кетип калган, достору жүз үйрүп кетишти. Бир заматта жашоосу түп тамырынан бери өзгөрдү. Русландын оорусунун тарыхы башкача. Ал ийгиликтүү, бутуна турган жаш жигит эле. Рестораны бар болчу. Айына  $1000 - $1500 тапчу, батирде өзү, карындашы, анын баласы болуп турушчу. Оор жоготуу болуп, дароо үч жакын адамынан: атасынан, жакын досунан жана ошол жээнинен айрылды. Депрессияга түшүп, андан чыга албай калды: ичимдик, баңги зат, оңду-солду жыныстык катнаштар. Июлда, анын дартын аташканда, ал да Марат сыяктуу, коомго кереги жок адамга айланды. Өзүнө ылайыктуу жумуш таап, көнгөн турмуш нугуна түшө албай кыйналууда.

Алардын күнү жеңил тамактануу менен дары ичүүдөн башталат.  Чыгым көп, дарылануу кымбат турат.   Марат да,  Владимир сыяктуу, коомдук тамактануучу жайларда иштечү. Декабрда дартынын айынан тигүү цехине орношкон. Бирок, аяктан да кууп жиберишти.

«Цехтин кожоюну жада калса акча да сунуш кылды. Андан көрө азырынча дарыланып тур деди. Мен ага:  баары жакшы, эч жерим оорубайт дедим. Ал болсо, менден кыздардын коркуп жаткандыгын айтты. Ал, бир адамдын айынан иштеп жаткан кыздарымдан айрылгым келбейт. Өзүң деле түшүнсөң, деди»,- деп эскерет Марат.

Ошондон бери Марат дагы эле жумуш издеп жүрөт, азыр болсо күнүмдүк иштерди иштей калат. Анын жащоосунун маңызы – өз уулуна жакшы келечек берүү. Акыркы күндөрү жумуш таба алганы жок.  Ал кандай гана жумуш болбосун иштөөгө даяр.    

Жумуш туурасындагы кезектеги жарнама. 9 айдын ичинде мындайлардын миңин окуду. Марат, резюмесин таштоо үчүн көргөзүлгөн дарек боюнча бара жатат. Ал Бишкектин бардык цехин кыдырып чыкты. Тигүү өндүрүшүндө бардыгы бирин-бири билишет, оорусу тууралуу имиш өтө тез тараган.
«Иш издөөдө эч кандай үмүт жок. Жада калса орун бар болсо да, бардыгы баш тартып  жатышат.  Эл бизден коркушат»,-  деп улутунат  Марат.

ВИЧ  турмуштук жол менен берилбейт, бирок Марат муну кесиптештерине,  досторуна, жада калса үй-бүлөсүнө да айтып, түшүндүрө албай койду.   

Анын ортосунда Владимир  кафель коюш үчүн,  цементтен  аралашма жасап жатат. Ал курулушта да колунан баары келет. Жашоо керек, бригададагы туруктуу жумушунан башка,  Владимир тааныштарындыкында, жана жеке тапшырыктар боюнча иштейт.  Кардарлары ага ишенишет. Бирок, дайым эле ушундай эмес болчу. 
«Жылы бою оорудум. Бир жыл кыйналдым,  алапайымды таппай калдым. Өлөмбү деп ойлогом. Бирок, өзүмдү колго алдым. Баары адамдын өзүнөн көз каранды  Бул оору көйгөйдөн башка көп жакшы нерсе берди, бир жерден жоготсок, экинчисинен табабыз», - дейт ал.

 Владимирдин кыялы – неберелери менен таанышсам дейт. Жалгыз кызы анын кадимки жашоого кайтып келгенине ишенбейт.     Бирок ВИЧ ага акыркы өкүм болгон жок. Тескерисинче, жаңы,  ойлоно билген жашоого түртүкү берди.

Бегимай Сатаева 

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине