Врачтардын кутумдугу же доцент Иманбаеваны каралоонун чыныгы себептери кандай?

12:13, 4 Июня

КР Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталдын Көз микрохирургия бөлүмүндө төрт айдан бери ызы-чуу басылбай келүүдө. Жамаат 18 жылдан бери бөлүмдүн жетекчиси болуп иштеп келген Салтанат Иманбаевага каршы “көтөрүлүшкө” чыккан. Күн-түн дебей камын ойлоп келген эмгек жамааты ага кара санатайлык кылаары, Улуттук госпиталдын жетекчилигинин атына арыз жазаары, ал эми арызда, анын пикиринде, кымындай да чындык болбоору доцент, Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан сырткаркы башкы офтальмологу жана глаукомотологу, эмгек сиңирген врач, Салтанат Суйламановна үч уктаса да түшүнө кирбейт эле.

Туура ой жүгүрткөн адам катары бул арызга кол койгондордун ар-биринин аны жумуштан алдырыш үчүн өз себептери болгонун ал жакшы түшүнөт – бирөө анын ордуна баргысы келсе, башкасы иштеги кемчиликтерин жашыргысы келет. Ал эми бул жагдайдын эң коркунучтуусу – бул ызы-чуунун айынан, айрым врачтардын дымактарынын чоңдугунан бөлүмдөгү бейтаптар жабыр тартып калышы мүмкүн, алардын басымдуу бөлүгү улгайып калган адамдар, аларга врачтын такай көзөмөлү керек, кээде тез жардам көрсөтүлүшү да зарыл. Биз бул жагдайдын чоо-жайын аныктап, врачтардын дооматында эмне чындык, эмне жалган экенин билүүгө аракет кылдык.

- Салтанат Сулаймановна, сиз Көз микрохирургия бөлүмүн 18 жылдан бери жетектеп келесиз. Бөлүм үчүн эмне кыла алдыңыз?

- Бөлүм жетекчиси болуп 1999-жылы дайындалган болчумун. Ошондон бери бөлүм операциялардын, кеңеш берүүлөрдүн, госпитализациянын сандары боюнча Улуттук госпиталда алдыңкы катарда болуп келген, жылдын жыйынтыгы боюнча эң мыкты көрсөткүчтөр биздин бөлүмдүкү болчу. 18 жыл аралыгында биздин бөлүмдө жалпы жонунан 64 000 бейтап дарыланган, 50000 операция жасалып, алар боюнча бир да нааразычылык болгон эмес. 2010-жылдан бери жыл сайын “Врачтар үчүн глаукома мектеби”, ал эми 2012-жылдан баштап “Бейтаптар үчүн глаукома мектеби” форматында конференциялар өткөрүлүп турат. 2014-жылы бөлүмүбүздүн 75 жылдыгына арнап Бишкектин гана эмес, областтардын да офтальмологдору катышкан чоң конференция уюштурганбыз. Медиктерибиздин илимий статьяларынан турган жыйнакты басып чыгарганбыз. Бөлүмдө иштеген врачтар билимин дайыма жогорулатып туруусуна кызыкдармын, ошондуктан демөөрчүлөрдөн каражат таап, алты врачыбыздын Москва шаарындагы Гельмгольц атындагы Көз оорулар боюнча илимий-изилдөө институтунда тажрыйбаларын тереңдетип келүүсүн уюштургам. 2012-жылы Швейцариянын Кызыл Крестине долбоор жазып, бөлүмгө жогорку класстагы жабдыктарды алдыргам. Анын ичинде көздүн көрүү мейкинин аныктаган октопус-автопериметр, мындай жабдык Кыргызстан боюнча бизде гана бар. Менин чакыруум боюнча чет элдик адис атайын келип, бул жабдуулар кандай иштээрин үйрөтүп кеткен. Ал эми иш шарттары тууралуу айта турган болсом, бөлүмдө, ашканада сапаттуу капиталдык ремонт жасалып, эмеректер жаңыланып, врачтар үчүн жакшы шарттар түзүлүш үчүн көп чуркап, аракет кылууга туура келди. Башкача айтканда, мен баш-отум менен берилип иштейм.

- Анда кантип түшүнсө болот, буга чейин 18 жыл сиздин иштегениңиз бөлүмдөгүлөргө да, жетекчиликке да жагып келсе, анан эле заматта туруп сиздин кесиптештериңиз арыздарында жазгандай, “агрессивдүү, адамгерчиликсиз жана кесипкөйлүктөн алыс мамилеге” каршы чыга калышты?

- Менин баамымда, мага каршы чыгуулардын чыныгы себеби – менин врачтын стажына карабай бардыгына койгон катуу талаптарым. Ооба, мен талапты көп коем, көп эскертүү берем, көп сунуш айтам, анткени мен биздин бөлүмдөгү иш эң жогорку стандартта болушун каалайм.

Мен азыр да катка кол койгон врачтардын иштериндеги айрым кемчиликтерди ачык айтып санап бере алам. 2017-жылдын декабрында каттын авторлорунун бири Бушуева Л.И. врач катары ката кетирип, бул катасы У. деген бейтаптын өлүмүнө алып келген. Бирок бул трагедиялуу окуядан бир жума өткөндөн кийин доктор Бушуева бейтаптын өлүмүнө алып келген каталарын эми Ж. деген байтапка карата кайра кайталай баштаган. Текшерүүгө жибербестен, анализдердеги өзгөрүүлөргө көңүл бурбастан операция жасаган, жыйынтыгында Ж. деген бейтаптын жалпы абалы начарлай баштаган. Менин эскертүүлөрүмө карабай Бушуева Л.И. эч бир чара көргөн эмес, ушундан кийин бардык анализдерди, кеңеш берүүлөрдү тез арада уюштурууга туура келди. Аягында мен башкы врачтын буйругуна таянып, Бушуевага бейтаптарды амбулатордук кабыл алууга тыюу салганга аргасыз болдум.

Дээрлик ар-бир 5 мүнөттүктө кызматкерлерге тамчылатып колдонулуучу “Тимолол” препараты боюнча эскертүүлөрдү берүүгө туура келип жатты, анткени ал β-блокатор, анын бир эле тамчысы брадикардия менен ооруган бейтапта бронх астмасынын туткагынын себепчиси болуп, жүрөгүн токтотуп коюшу мүмкүн. Эң көп дегенде аны эки жолу гана тамчылатса болот. Бирок катка кол койгондордун бири врач Найманбаева А.С. “Тимололду” колдонууну такай белгилеп келет. Бул препарат брадикардия менен ооруган бейтаптардын дары алуу кагаздарында, оорусунун таржымалында жана кеңеш берүү кагаздарында 5 жолу кезигет. Бул жоопкерчиликсиз мамиле, бейтаптардын ден-соолугуна жана жашоосуна коркунуч жаратуу болуп саналат.

Ошондой эле дээрлик ар-бир 5 мүнөттүктө врач А.А.Кадыралиеванын туура эмес койгон диагноздорун белгилеп жаттым. Акыркы жарым жылда эле ага төмөнкү эскертүүлөр берилген болчу: көзү чалыр баланын диагнозу туура эмес коюлган; брадикардия менен ооруган бейтаптарга “Тимолол” бир нече жолу белгиленген; анализдерди окуудагы этиятсыздык кылган, анемия бар экенин байкабай калып, диагноз туура эмес коюлуп калган; оор этмоидити, гайморити жана ринити бар баланын лимфоцитозун көңүлгө албай, аны наркоз менен жасалган операцияга шылтоолоп койгон. Операцияны токтотконго өз убагында жетишип калдым, ушуну менен баланын өмүрүн сактап калдым десем болот.

Доктор Б.Ш.Шаршеевага оорунун таржымалын жазуу боюнча бир канча эскертүүлөр берилген: дары белгилөө кагазында дарыны кабыл алууну токтотуу датасы жок; анамнез начар чогултулган, локалдык статусу начар баяндалган, маанилүү текшерүүлөр жүргүзүлбөгөн (глаукома менен ооруган бейтаптардын көрүү мейкиндиги тууралуу).

Туура эмес жасалган иштердин, кемчиликтердин тизмегин дагы да уланта берсек болот. Бирок да, мени түшүнгүлө, врачтын ката кетиргенге эч бир укугу жок, анткени врачтардын катасы, өз ишине жакшы көңүл бурбагандыгы же аны жеткиликтүү жасабагандыгы бейтаптын ден-соолугуна зыян алып келип, ал көрбөй калышы мүмкүн. Балким, мен эскертүү берип жатканымда чектен ашып катуу айтып койгондурмун, аны моюнга алам. Бирок мен эч качан адамды кемсинтип, кордогон эмесмин. Ал эми иш боюнча катуу талаптарды койгонго мен милдеттүүмүн, анткени биз адамдардын өмүрүнө жана ден-соолугуна жооптубуз.

- Алардын дагы бир дооматы боюнча, сиз бейтаптарды сизге таандык “Офтамед” деген жеке менчик клиникага текшерилгени жиберет экенсиз. Ошондой эле ал жерде сиз Швейцариянын Кызыл Крести сатып берген жабдуусун колдонуп келет экенсиз.

- Булар эч бир негизсиз, ойдон чыгарылган дооматтар. Биринчиден, мен “Офтамеддин” ээси эмесмин. Экинчиден, мен бейтаптардын жеке менчик клиникаларга жана лабораторияларга кайрылуусуна тыюу сала албайм, менин пикиримде, кимге кайрылат бул алардын укугу, негизгиси бейтап үчүн жакшы болсо болду. Үчүнчүдөн, Көз микрохирургиясы бөлүмүнө таандык жабдуунун “Офтамед” жеке менчик борборунда колдонулуусу жалган жалаа болуп эсептелет. Бардык жабдуулар биздин бөлүмдө турат, бардыгы оң, иштейт. Швейцария Кызыл Крестинин комиссиясы такай текшерүүлөрдү жүргүзүп турат, эч бир мыйзам бузуулар аныкталган эмес, бул тууралуу тийиштүү маалымкат бар.

- Ал эми даттангандардын диагностикалык жана операциялык жабдууларга эч кимди жолотпойт, аларды жалгыз өзү гана колдонот деген дооматтарына эмне дей аласыз?

- Бул дагы жалган. Жабдуулар тууралуу айта турган болсом, линзалардын топтомдорун врачтар өзүлөрү уурдашат, абдан начар колдонушат. Маал-маалы менен линзаларды толуктап турам, колдонгондон кийин аларды тапшырып турушун талап кылам, бул алардын кыжырын келтирет. Чекеге бекитилчү офтольмоскоп бөлүмдө, оперблокто чаң басып жатат. Эмне үчүн, билесиңерби? Врачтар аны кантип колдонуш керек экенин билишпейт, үйрөнүүнү да каалашпайт. Бул аппарат тагыраак диагностика бере тургандыктан, аны үйрөнгүлө деп сурангам болчумун. Ал эмес швейцариялык автопериметрде иштегенди үйрөнбөгөндөрдү жазалайм деп коркуткам. Жаңы жабдуулар турган бейтаптарды көрүүчү жайга баш багып да коюшпайт, анткени алар жылчык лампаларынын моделдерин да билишпейт. Мен бул жабдууларда иштегенди үйрөнүшсүн деп Швейцариядан адисти атайын чакырткан болчумун, бирок алар көңүл кош мамиле кылышат, эч нерсеге үйрөнгүлөрү келишпейт, кесиптик деңгээлдерин жогорулатууну каалашпайт. Ал эмес атайы адабиятты окушпайт. Эгер офтальмология жаатындагы жаңы нерселер менен таанышып турбасаң, өз ишиңди кантип жакшыртасың? Ошондуктан учурда натыйжалуу эмес деп эсептелген эски ыкмаларды гана колдонуп келишет.

- Эмне үчүн Улуттук госпиталдын башкы врачы Динара Сагинбаева даттанууну алган күнү эле, 29-январда сизди бөлүм жетекчилигинен бошотуп, комплекстүү текшерүү жүргүзүү боюнча комиссияны дайындаган?

- Мен текшерүүлөрдөн коркпойм, жашыра турган эч нерсем жок. Комиссия бөлүмдүн 2016 жана 2017-жылдардагы ишин текшерип чыкты. Жашырып не кылам, комиссия айрым кемчиликтерди тапкан, бирок алар, учурдагы мыйзам боюнча, мени жумуштан алганга негиз боло алышпайт. Ошол эле кезде Жогорку Кеңештин жумуш тобу Улуттук госпиталдын башкы врачы Д.З.Сагинбаеванын да ишин текшерип, биздин бөлүм боюнча олуттуу кемчиликтерди тапкан. Мен жогоруда айтканымдай, врачтар Бушуеванын жана Кадыралиеванын каталары У. деген бейтаптын өлүмүнө алып келген. Мен трагедия болгон маалда сыркоолоп калып, дарыланып жаткам. Ишке тез кайтып келип, кызматтык териштирүүнү жүргүзүүнүн зарылдыгын айткам, керек болсо кылмыш ишин козгош керек дегем. Бирок УГнын башкы врачы Д.З.Сагинбаева Бушуевага өз арызы менен иштен кеткенге мүмкүнчүлүк берген. Балким Сагинбаева менен Бушуева ушул фактыны жаап-жашыргысы келип жаткандыр? Ошондуктан бирөөсү жалган жалаа жапкан арыз жазса, экинчиси ушул арыздын негизинде мени иштен алып жатат. Бул КР Эмгек Кодексинин 76-беренесинин айрым пунктарына карама-каршы келет. Өз кезегинде ЖКнын жумуш тобу бул фактыны “абийирсиз кесиптештеринин жалган жалаасынын курмандыгы болгон чоң кесипкөй адисти куугунтуктоо жана жазалоо фактысы” деп мүнөздөйт. Мен, сөзсүз, Д.Сагинбаеванын кызмат тордуман бошотуу тууралуу мыйзамсыз буйругун жокко чыгаруу жөнүндө арыз менен сотко кайрылдым. Учурда сот ишимди калыс карап берет деп үмүттөнүп отурам. Бирок бул окуяда мени эң катуу кейиткен нерсе – ЖМКларда жана коомдук тармактарда мага карата чабуулдар жана мени каралоо аракеттери.

- Арызында врачтар, эгер сизди кызмат ордунда калтырышса, анда жумуштан кетүүгө аргасыз болобуз дешиптир. Сиз чын эле алардан куугунтуктайсызбы?

- Мен эч кимди куугунтуктабайм. Мен үчүн Көз микрохирургия бөлүмү кадимки ишин уланткандыгы башкы орунда, биз бейтаптарга болгон жардамыбызды көрсөтүшүбүз керек. Ал эми чагымчылдык жана өз ара чырлашуу мен үчүн маанилүү эмес. Ишибиз жемиштүү болушу үчүн кызматкерлер менен сүйлөшүүлөргө барганга даярмын.

Интервью алган Аида Тастанова

© Новые лица, 2014–2018
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине