Абалың кандай биринчи революциянын кичи мекени?

14:29, 2 Февраля 2015

(же кичи мекенден келгенден кийинки айтылган сөз)

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Суу айыл аймагы Кыргызстандын айыл аймактарынын ичинде өзгөчө орунду ээлейт. Биринчиден, бул жер реликтилик  жаӊгак токойлору, дарылык касиети күчтүү балы, флорасынын жана фаунасынын ар түрдүүлүгү менен атагы чыкса, экинчиден үй-бүлөлүк башкарууга каршы биринчи элдик революция 2002-жылы январда ушул жерде башталган. Анда ЖК депутаты Азимбек Бекназаровду коргоого балдарынан чалдарына, кыздарынан кемпирлерине чейин  көтөрүлгөн бул жерликтер жарандык каршылык көрсөтүүнүн саясат таануу боюнча окуу куралдарына кирип кала турган үлгүсүн көрсөтүшүп, манчыркаган үй бүлөлүк бийликти чөгөлөтүшкөн. 2005-жылдын 24-мартындагы биринчи революция Аксы окуясынын логикалык уландысы болгондугу эч кимге жашыруун эмес.

Советтик мезгилде бул айыл аймагынын Чалдыбардан төмөн жагындагы Кезарт, Көпүрө Башы, Жаӊы айыл, Жүзүмжан, Кожо-Ата айылдары  «Кызыл-Туу» совхозунун бир бөлүмү катарында тыбыт, тамеки өндүрүүгө адистешип, 7 жолу катары менен Союздук өтмө Кызыл-Туутокой-чарбасынын жаӊгак, бал, отун, эмерек фабрикаларына баалуу  жыгачтарды  ж.б. саткан  участкалары катарында кыйналбай тиричиликтерин  өткөрүп  келишсе, чарба таркагандан кийин аябагандай оор акыбалда калышкан. Элүү миӊден ашкан породалуу эчкини, миӊдеген жылкыларды шылуундар тез эле  короо сарайлары менен кошо мойсоп бүтүшүп, иштеткенге жери же мурдагыдай малы, тамекиси жок жайдакталып калган эл сөздүн толук маанисинде ачарчылыкка, жакырчылыкка туш болушкан. Анткени, мурда совхоздо иштегендерине үлүш бөлүштүрө келгенде жан башына жарым сотуктан жер тийсе, токой-чарбанын аймагында жашагандар үлүш деген эмне экендигин деле билбей калышкан.Токой фондусундагы жерлер менчиктештирилген эмес. Эгерде совхоздун бир азго жакын майда жандыктары менен эптеп тиричиликтерин кылышчу. Алгач эл мурдагы инерция менен 3-4 жылга чейин ундан тартып чайга, көмүргө чейин өкмөт камсыз кылат, өкмөт берет деп үмүттөнүп келишсе, ал психология катал турмуштун өкүмүндө  өзгөрдү. «Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты» деген заманда ар ким алы, акылы жеткендей тиричилик кылганга өттү. Мурдатан мал-келге шыктуулар тоо-таштардын арасынан орок менен чөп жыйнап, чык татырбас Чынарбайдай эшигиндегилердин  туяктарын санап жандыктарын,  бодолорун көбөйткөнгө киришти. Айрымдар 2-3 жылда шекердин, дары-дармектердин таӊсыктыгына карабастан бал челектерин 200-300гө чейин жеткиришти.Токойлорду  кожолуктарга бөлүп алышып, чычкандарга да бир тоголок жаӊгак калтырбастан тере башташты. Аймактагы элдин алгачкы тентиши же ички, тышкы миграциясы мына ошол 1992-1996-жылдарда башталды. Ошол убакта элдин 80 пайызы тегирменден чыгарылган кара нан жешчү. Аймактагы элдин 2002-жылы А. Бекназаровду жактап чыгуусуна  бир жагынан чындыкты сүйлөгөн жердеш депутатка карата адилетсиздикке нааразылыктан келип чыкса, экинчи жагынан жаштардын, карылардын түп көтөрүлүүсүнө көз карандысыздыктан берки социалдык, экономикалык кыйынчылыктар да өз таасирин тийгизбей койгон эмес.

го жакын

Андан бери он беш-жыйырма жылдай убакыт өттү. Элдин азыркы акыбалы кандай?

Мына ушулар жөнүндө ой жүгүртүп, артка карата саресеп салган адам ар кандай жаман нерсенин жакшы жагы да болот сөздүн чындыгына ишенбей койбойт. А. Акаевдин, андан кийин К. Бакиевдин  бийликтери кандай жаман болбосун алардын бир жакшы жагы-өздөрү элди жумуш менен камсыз кыла алышпаган менен өз алдыларынча иштегилери, ар кандай жолдор менен киреше тапкылары  келгендерге жолтоо болушкан жок. Эгерде алар айрым коӊшулаш авторитардык мамлекеттердегидей, элге өз алдынчалык бербей, элдин ар кандай жолдор менен тапкандарын көзөмөлдөп, текшерип  туруп алышса, абал андан да жаман болмок. Мына ошондой ээ-жаа бербеген эркиндиктен  пайдаланып республиканын башка жерлериндей эле биринчи революциянын кичи мекениндегилер да башаламан мезгилде бири спирт, арак, бозо сатса, экинчилери жаӊгак, кайнаалы сатып, үчүнчүлөрү чөптүн, жайыттын аздыгына карабастан мал-келдерин көбөйтүшүп, төртүнчөлөрү Бишкекке, Ошко сүрүлүшсө, айрымдары андан ары Россияга, Казакстанга мандикерликке кетишип жүрүп жакырчылыктан чыгышты. Айрымдары абалдарын бир топ эле оӊдоп алышты. Аларды жаӊыдан салынып же пайдубалынан тартып оӊдолуп жаткан жакшынакай үйлөрдөн, айылдардын тар көчөлөрүндө күндөн күнгө көбөйүп жаткан кымбат баалуу автоунаалардан, аш-тойлордон, элдин маанайынан байкоого болот.

- Биздин айыл аймагыбыздагы 8 элдүү пунктта 2007 кожолук бар, жалпысынан 8,5ден ашык адам жашайт,- дейт Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы  Эмилбек уулу Талантбек. Мындан он жыл мурдагыга салыштырганда элдин реалдуу кирешеси 4-5 эсеге өстү. Турмуш –шарттары оорлор дагы деле аз эмес, бирок өткөн кылымдын 1990-жылдарындагыдай жакырлар, жегенге-ичкенге  эч нерсе таппай калгандар жок.

-Элдин турмуш-шарттары эмнелердин эсебинен жакшырып баратат?

- Биринчиден, малдын эсебинен. Мындан он жыл мурдагыга салыштырганда элдеги төрт  түлүк малдын саны 3-3,5 эсеге көбөйдү. Элдин мурдагы совхоздун аймагында жашагандары асыл тукум эчкилерди  бир нече эсе көбөйтүп, орто эсеп менен жыл сайын 100 тоннага жакын тыбыт өндүрүшүп чет  өлкөлөргө чыгарып сата башташты эле, тилекке каршы, 2012-2013-жылдардагы катуу  сууктарда эчкилерди кара өпкө ылаӊы аралап, 30-40 пайыздайы чыгымга учурады.Алардын башы эми араӊ ордуна келүүдө. Бизден деле Нарындагыдай 2-3 миӊден койлору, жүздөгөн жылкылары, бодолору барлар тез эле чыкмак, бирок бизде тоюттук  база абдан чектелүү, жайыттар жетишпейт. Ошентсе да ирдүү деген кожолуктарда жүздөгөн кой-эчкилер, ондогон бодолор, жылкылар бар. Көпчүлүгүнүкү 30-40 жандыктын, 2-3төн уйдун, ошончодон жылкынын тегерегинде. Чычкак улактары жоктор бирин-экин, алар тубаса жалкоолор. Элибиз ушунча малына да аябагандай чоӊ кыйынчылыктар менен жем-чөп камдашат. Айыл өкмөтүнүн көпчүлүк аймагы корголуучу зонага киргендиктен ал жерлерден жетиштүү тоют даярдаганга, жайыт катарында пайдаланууга болбойт.

Экинчиден, токой чарбасына караштуу Чат, Түрдүк, Кызыл-Көл участкаларында жашагандар жаӊгак, алма сыяктуу мөмө-жемиштерди, бал  сатуу  менен ирденип жатышат. Акыркы жылдарда огороддоруна, токойлорго кайнаалы отургузуп, алардын түшүмүн саткандар көбөйүүдө. Үчүнчүдөн, Россияда иштеп жүргөндөрдүн жиберген акчалары да элдин турмуш шарттарын жакшыртууда аябагандай чоӊ роль ойноодо. Азыр бизде 2 миӊге жакын адам же күчкө жарактуу жаштардын дээрлик бардыгы  сырт жактарда иштеп жүрүшөт. Алардын жөнөткөн каражаттары бул жердегилердин жылдык иштеп тапкандарынан ашса ашат, бирок кем эмес.

-Элдин турмушу өзү менен өзү болуп жатыптыр. Өкмөт элге эч нерсе бере албаса, жок дегенде жолтоо болбошу керек экен. Ал эми жол, суу, тейлөө сыяктуу социалдык маселелерди кантип чечип жатасыздар?

-Аймактын мындан аркы  өнүгүү келечеги  эмнелерде деп ойлойсуз?

-Бизде түрт түлүк малды башка аймактардын элдериндей көбөйткөнгө  шарт жок. Биздин мындан аркы өнүгүү келечегибиз - туризмде, кен байлыктарын иштетүүдө жана токой байлыктарын пайдаланууну жакшыртууда. Биздин аймакта Малаташ алтын кенинен тартып башка пайдалуу  кендер да аз эмес. Алар өздөштүрүлө баштаса, жаӊы жумушчу орундар түзүлмөк, элдин турмушу жакшырмак.

Аймактын жогорку зонасында токой чарбасы уюштурулгандыгына 60 жылдан ашты. Бирок мурда ал жерлерге өрүк, кайнаалы, алма, жаӊгак сыяктуу пайдалуу нерселер менен бирге кара жыгач, кайыӊ,тал сыяктуу декоративдүү дарактар деле отургузула берген экен. Эгерде токойлордун, бадалдардын арасы мөмө-жемиш берүүчү дарактарга толтура болсо, эл ошолордон эле жыл сайын миллиондогон кирешелерди табышмак. Мындан ары бул сөзсүз эске алынуусу керек. Анан жаратылышы абдан кооз, флорасы  жана фаунасы көп түрдүү аймакта жашайбыз, экологиялык туризмди өнүктүрүүгө мыкты шарттар бар, бул багытта азыноолак саамалыктар болгон менен  азырынча ал мүмкүнчүлүктөр да жетишерлик кыймылга келтирилбей жатат.

Биз бул жерде акыркы жылдардагы элдин турмушундагы сезилерлик өзгөрүүлөр менен бирге саясый позицияларында, көз караштарында кескин өзгөрүүлөр болгондугун айта кетели.  Кара-Суулуктар аябай саясатташкан, кандай бийлик болбосун оппозициялык маанайды карманган, адилеттүүлүктү, калыстыкты жогору койгон  эл. Бирок  акыркы жылдарда радикалдуу маанайдагылар азайып, орточулдар көбөйүп бараткандыгын да адилеттүүлүк үчүн белгилей кетели. Анткени, мурдагы муундагы Аксы окуясында негизги ролдорду ойношкон  Өзүбек Нуралиев, Сагыналы Ыманкулов, Аалы Сатыбалдиев  сыяктуу  жергиликтүү саясатчылардын  көбү жарыкчылыктан өтүп, калгандары карып-арый  башташса, кийинки муундагылардын саясатка караганда каражат табууга көбүрөөк кызыккандары байкалат. Тиричилик үчүн күрөш күч алып, анда  аздыр-көптүр ийгиликке жете  баштаган жерде тирешүү-сүрүшүүлөргө орун деле калбай, ар ким өз арабасын гана ойлоп калат окшобойбу. Башкысы, өлкөдө стабилдүүлүк, туруктуулук, ырашкерлик болуп турса, эл өз тирилигин өзү өткөрө берет тура…

Ким эмне дейт, кандай ойлойт, билбейм, бирок кичи мекениме барып, элдин турмуш-шарты, айылдагы өзгөрүүлөр менен азыноолак таанышкан соң мен ушундай ойлорго кептелдим.  Анткени,  кичи мекенимдегидей элдин тирилик кылып, жашоо үчүн күрөшүүдөгү,  психологиясындагы, ой туюмдарындагы өзгөрүүлөр өлкөнүн башка аймактарында да жүрүп жатканы чындык эмеспи.

Мирлан Дүйшөнбаев

Фото Вячеслав Оселедко

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине