Чет элде жашоо кимге жакшы?

08:36, 2 Декабря 2014

                                       

Ал жаш. Оокаты жетиштүү жана көз карандысыз. Анын башында бул дүйнөгө берчү көп суроолору бар. Бекеринен журналист кесибин тандаган жок. Өз ойлолрун «5-каналда» ишке ашырып келет. Таанышып алыңыздар, Жибек Бегалиева. Анын «Мигранттар» автордук программасы эч кимди кайдыгер калтырбайт.

- Жибек, бул долбоорду жаратуу идеясы кантип пайда болду?

- Идея кокусунан эле пайда болду (жылмаят). Менде тартуучу топ менен Түркияга баруу мүмкүнчүлүгү пайда болду жана ал жактан эмнени тартсам деп ойлонуп калдым. Биздин Башкы директор миграция темасын алууну сунуштады. Бул азыр абдан орчундуу да. Менин кесиптешим Казакстанда жана Орусияда жашаган мигранттар тууралуу материалдарды жасачу. Мен макул болуп, бул жылы АКШга бардым.

- Бул тема тыюу салынгандардан эмеспи?

- Менин көз-карашымча, мигранттардын эки түрү бар- квалификацияланбаган эмгек менен алектенгендер жана кеминде бир жогорку билими барлар. Мисалы, Түркияда биздин мигранттар тил билишет, айрымдары магистрлыкты же докторлукту аяктаган. Алар менен баарлашуу абдан жеңил. Эмне жөнүндө ойлонгонун, эмнеге кабатырланганын айтып берүүгө даяр.

- Түркиядагы мигранттар менен АКШда иштеп эмгектенгендердидн айрымачылыгы эмнеде?

- Алардын тил жана дин жагынан айрымачылыгы болушу мүмкүн, бирок жалпысынан бирдей эле. Беркилери жакшы жашоону каалаган, башкалары да жашоосун өзгөртүп, алыстарга кеткиси келгендер. Бирок, барына жетишкен алдыңкылары дагы кайра кайткысы келишет. АКШдабы, Орусиядабы же Түркиядабы мигранттардын тагдыры бирдей.

- Америкадан келип сиз тогуз сюжет, тогуз окуяны даярдадыңар. Кайсы окуя  көбүрөөк эсиңизде калды?

- Ар бир окуя бири-бирине окшошпогон, өзгөчө. Бирөөсү ийгиликке жетишкен, айрымдары жолдун башталышында гана, дагы бирөөсү үй-бүлөсүн алып келе алган болсо, башкасы туугандарын сагынып отургандар. Алардын бардыгы көзгө илинчү каармандар. Мен бирөөнү өзгөчөлөгүм келбейт.  

- Ал адамдарда сизди эмне таң калтырды, түйшүктөнттү?

- Мени бир кыз таң калтырды. Биз аны АКШга келээрибиз менен экинчи күнү тарттым. Бизде чоң шаарда адамдар ташбоор жана кайрымсыз деген ой калыптанып калган.  Ал кыз абдан зээндүү жана жардам бергенди каалоосун көрүп, мен таң бердим. Мен андай адамдарды бул жерден да жолуктурган эмесмин. Ал керек болсо мага өзү уктаган керебетин да бошотуп берүүгө даяр болду. Ушундай берешендик. Мени таң калтырганы: көп убакытка созулган иштен, окуудан  кийин дагы ал ак көңүлдүүлүгүнөн тайган жок. Чындыгында Нью-Йорк — маданий шаар. Ал жакта кишилер кичине катасы үчүн деле кечирим сурап турушат. Кокусунан жөөлөп алса да кечирим сурап турушат. Абдан адамгерчиликтүү жана жол көрсөтүп берүүгө дайым даяр. Биздин мекендештер да ал жакта ошондой болуп калышкан.

- Кандай адатка, жүрүм-турумга жана сапаттарга ээ болушуптур биздин мигранттар?

- Маанилүү саналган маселени тез чечүүгө ыңгайлашкандыгы. Бул жакта туугандары бар. Ал жакта ар бири өзү үчүн. Биздин диаспора, биримдикте жана ынтымакта жашайт.  Бирок, өзү-өзү сактоо инстинкти иштеп кетет жана батыштык маселени тез чечүү сапаты пайда болуптур. Биздин кишилер ийкемдүү болгондуктан башка шарттарга тез эле көнүп кетет окшойт. Алар жергиликтүү калктан айрымаланбаганга аракеттенишет, бирок Ата-Мекенин дагы унутушпайт.  

- Тартуу кандай өттү?

- Бизди Америкада кыргыз диаспорасынын мүчөлөрү тосуп алышты. Аппаратура, тартууга жерди табууга жардамдашышты. Барын айтып, көрсөтүп беришти. Диаспорага эмгеги сиңген каармандарды таап беришти. Бирок, жалаң гана ийгиликтүү адамдарды тартуу максатыбыз жок болчу. Бизде: эмне себептен ал жакка кетишти жана ал жактагы жашоо жагабы? деген эки негизги суроо болгон.

- Жибек, Сиз көрүүчүгө кайсы негизги ойду жеткирүүгө аракеттендиңиз?

- Көрүүчүгө жеткирели деген оюбуздун башкысы, биздин долбоордун каармандарынын көпчүлүк бөлүгү кайрылып келгиси келишкендигин көрсөтүү. Анткени, биз укмуштуудай кооз жаратылышы бар, айрым маселелерге байланыштуу гана бул жерде жашоо кыйыныраак болуп жаткан ачык адамдарыбыз бар өлкөдө жашагандыгыбызды жеткиргибиз келди.  Бул жерде жашап жаткандар ошону түшүнсө дедик.

   Сөзүбүздүн жыйынтыгында Жибек ар кайсы өлкөлөрдө болуп, бакубат турмуш, жетишкендикти көргөнүнө карабастан дайыма үйгө кеткиси келип тургандыгын айтты. Мигранттарга байкоо салып отуруп, алар чет жактан Кыргызстандагы окуяларга кандай маани берип, кантип улуттук тамактарды сагынганын, түштөрүнө Ысык-Көл кирип жаткандыгына ортого салды.  

Джамиля Дандыбаева 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине