Миграция. Ылай суудагы чагылуу

09:26, 21 Января 2015

Төрөлгөнүнө 5 ай болгон Адилет учакта уктабай келатты. Башында ал жүргүнчүлөрдүн колун тарткылап, жаңы көрүп жаткан адамдарга жылмайып ойноп жаткан. Бир саамдан кийин мунун баары аны тажатты көрүнөт, чырылдап ыйлап кирди. Болжолдуу 15 мүнөткө чейин анын апасы Айгерим аны соорото албай убара тартып, ал эми атасы жан-жакабелине ыңгайсыздана карап жатты. Наристенин апасы Айгерим «Самолетто учканды жактырбайт»-деп айтты. Бул Адилеттин төртүнчү учуусу эле.

Айгерим менен Тилек Москвадагы иштеген эмгек мигранттары. Өздөрү караколдон. Адилетти чоң-эне –чоң атасына калтырууну каалашкан жок, өздөрү менен алып алышты. Адилет Москвада төрөлгөн. Анын ата-энесинин жумуштары жакшы, атасы Банктта коопсуздук кызматында иштейт. Бирок азыр Тилек гана иштеп жатат, Айгерим болсо наристе менен үйдө. Үч жылдан бери турмуш ушундай уланууда. Эмне үчүн алар Караколдо же Бишкекте ийгилик издешпейт? «Келечеги кең»-деп ишеним менен Тилек айтып жатты. Жакында алардын Орусия жарандыгын алып, Москвада катоого турушат. Катоого туруу- аларды сөз жеткис кубанычка бөлөдү. Акыры алар кыргызстандык келгиндер болбой, түбү Кыргызстандык, бирок өздөрү Москвалык болуп калышат. Эмне үчүн өлкөдөн жөндөмдүү, иш билги адамдар кетип жатышат? Бул суроо көкөйгө тийген көк таштай болду, ошондуктан бул суроону бергим келет...

Жооп экономикалык мейкиндикте жатат. Бишкек Кыргызстандык баарын бага албайт, ал эми аймактарда абал «Ат өлбө, араба сынба» дегендей эле.

Москвада кыргызстандыктар абдан көп. Россиядан жумуш издеген мекендештерибиздин дээрлик жарымынан көбү Москванын көзүн карап турушат. Бул жерде-эбегейсиз мегаполисте жумуш ордулары абдан чоң. Бирок башка шаарлар да өз мекенинде түнөк таппаган адамдар үчүн койнун ачып, кабыл алууга даяр. Андай шаарлардын бири  Екатеринбург. Адамдардын агымы күчөгөн сайын кыйынчылыктар да көбойүүдө.

Мигранттардын өздөрү билдиргендей алардын негизги көйгөйлөрү каржы кыйынчылыктары, жумуш издөө, турак-жай-комунналдык маселелер жана миграциялык полиция болуп олтурат.

Дагы бир анча мааниге ээ болбогон көйгөйлөрдүн айрымдары катталуу системасынын татаалдыгы, укуктук жактан сабаттсыздык, орус тилин начар билүү жана адистик жактан даярдыктын жетишсиздиги, мыйзамдардын толук кандуу эместигинин найтыйжасында жумуш ордундагы дискриминациялар.

Федералдык Миграциялык Кызматтын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы айткандай 2013-жылы Россия Федерациясынын аймагына кирген кыргызстандыктардын саны 657 миңди түзүп, 2012-жылга салыштырмалуу 144 миңге көбүрөөк болду. Ал эми 2014-жылы бул көрсөткүч дагы өсүшү күтүлүүдө.

- Биз мигранттардын агымын жөнгө салууга аракет жасап жатабыз. Бул албетте мигранттардын укугун коргоо болуп саналат. Канчалык тартип болсо, өз учурунда мигранттарга каршы маанайдагы чакырыктар аз болуп, бул мигранттарга мыйзамдуу жана жөнөкөй жумуш менен камсыз боло алышат.

Баарыга белгилүү болгондой өткөн жылдын 30-декабрынан тарта РФнын аймагына кирүү эрежелери өзгөртүлгөн. Мунун баары ошол учурдагы мыйзам бузуулардын жыйынтыгын аныктап чыккандан улам болуп олтурат. Эгер мурун чет өлкөнүн жарандары РФнын аймагына визасыз эле 90 күнгө киргени менен жумушка орношуу уруксат кагазын албаса же каттоого турбаса өлкө аймагынан чыгып кетиши керек эле. Бирок мигранттар эч бир документтерди толтурбай эле 85-89 күндөн кийин чегарадан өтүп карйра эле кайтып келише беришчү.

2014-жылдын 1-февралынан тарта виза режими менен кирип, бирок документтерди толтурбагандар өлкө аймагынан чыгарылат жана кайра 3 айдан кийин гана кайра келүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Эске сала кетсек мындан ары Орусияда эмгектенүү үчүн орус тилин билет деген сертификат талап кылынат. Бул жаатта мирганттарды колдоо үчүн РФ аймагында 200гө жакын борбор иш алып барууда. Андан тышкары Кыргызстанда Орусия маданияты борборунун көмөгү менен мигранттарды даярдоо борборунун ачылышы күтүлүүдө.

Миграциялык шарттар жана артыкчылыктар жөнүндө айта турган болсок Бажы Биримдигинин алкагында казакстандыктар РФнын аймагында каттоого 30 күндүн ичинде турушса, башка өлкөлөрдүн жарандары 7 күндүн ичинде турууга милдеттүү. Алар РФнын жарандары сыяктуу эле эмгеке уруксат албай эле жумушка орношушса болот жана аларга квоталар жөнүндөгү нормалар жайылтылбайт. Бул чоң артыкчылык. Абал өзгөрүүдө, келе жаткан жылда биз башкача көрүнүштөргө күбө болобуз. 
Миграция чөйрөсүндөгү көйгөйлөр-айдалбаган жер сыяктуу. Мигранттарга дайыма кыйын.  Айлыксыз калышат, тышка чыга албай, документтер менен көйгөйлөр кайталанып турат. Бул кыргызстандыктардын эле көйгөйү эмес, бүткүл мурунку союз өлкөлөрүнүн баарына тиешелүү. Коомдук ишмер, бизнесмен Камиль Дилмурадов Орусияда эмгек мигранттарынын профсоюздарын түзүү демилгесин биринчилерден болуп көтөрүп чыкты. 

«КМШ өлкөлөрүнөн келгендер Эмгек мигранттарынын профсоюзуна көбүн эсе айлык маянасын өндүрүп берүү суранычы менен кайрылышат. Айлык акысы боюнча көйгөйгө кабылган башка өлкөлөрдүн жана КМШ өлкөлөрүнүн жарандарына профсоюз юридикалык жактан жардам көрсөтөт. Жумуш берүүчүлөр айлык акыны болушунча азайтууга кызыкдар, ал эми мигранттар болсо бул жаатта оңой олжо болуп беришет. Айталык жумуш берүүчү айлык акысын мигрантка бербей койду, ал эми кайра кетүүгө акча жетпейт. Эгер адамдын мекенине кеткенге акчасы жок болсо, жумушка орношуу үчүн тил билбесе, жашоого жайы болбосо бул ошол адамдын эле эмес ошол коомдун да көйгөйү болуп саналат»-деп билдирет.

КМШ өлкөлөрүнүн коомдук уюмдарынын терең жана көптөн берки жүргүзгөн изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы боюнча мигранттардын төрттөн бир бөлүгү гана мыйзамдуу жумуш таап иштешет жана мыйзам тарабынан коргоого алынган.

«Арзан эмгек феномени-адамдар адатта элестетишкенден таталыраак экономикалык кубулуш болуп саналат. Ал кубулуштун табигаты жумуш берүүчү тараптан караганда тунугураак көрүнөт. Бул жаатта жумуш берүүчү айлык маянадан үнөмдөп эле калбастан, башка төлөмдөрдөн да кутулат. Жергиликтүүлөрдү  жумушка алууга караганда эмгек мигранттары мыйзамсыз жумушка макул болушуп, жумуш берүүчүгө көбүрөөк пайда алып келишет. Мындан тышкары мигранттар эмгектенүү жана турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу боюнча унчукпагандыгы жагынан да жумуш берүүчүлөргө пайда алып келишет. Көпчүлүк учурда мигранттар акы төлөнгөн эмгек өргүүсүн жана дарылануу акысынан куру жалак калышат. Медициналык камсыздандыруу дегенди билишпейт. Мигранттардын дээрлик жарымы дайыма аткаруучу жумуш менен камсыз болуу кепилдигинен куру калышат. Жада калса эмгек келишими күчүндө турган учурда да жумуш берүүчү эч кандай эскертүүсүз эле мигранттарды жумушунан кетирип сала алат».

 Чынында эмгек мигранттары эмгек келишими жок иштеше. Ошондуктан алар мыйзам менен өз укуктарын коргой алышпайт, айлык маяналарын өндүрө алышпайт. Көпчүлүк мигранттар укугу бузулганда кайда арыздануу керек экендигин билишпейт. Милицияга жана мамлекеттик сотторго мигранттардын жарымынан көбү ишенишпейт. Калгандары алардын укугу одоно бузулган учурда да мындай жерлерге кайрылууга даяр эмес. Азыркы учурда көпчүлүк мигранттар алардын укугун коргоочу профсоюздар бар экендигин билишпейт. Профсоюздарга аз сандаган мигранттар гана кайрылышат»-дейт КамильДилмурадов.

Кыргыз мамлекети  мигранттарды көзөмөлдөө жана аларга жардам берүүдө шалаакылыгын гана көрсөтүп олтурат. Көйгөйдүн чектерин аныктоого да күчтөрү жетпейт.

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин мүдүрү Ирина Оролбаева абалды мындайча сүрөттөп берди: «Мени дайыма тышкы эле эмес ички миграция да тынчсыздандырат. Биз чет өлкөлүк жумушчуларга виза берүү менен алектенебиз. Алардын саны белгилүү. Бул жаатта өзүнчө анализ жүргүзүү керек . Өз кезегинде биздин өлкөбүздүн  Орусияда иштеген жарандарынын айрымдарынын бул өлкөдө да 2-жарандыгы бар. Мындан улам кезектеги көйгөй Пенсиялык фонд боюнча маселе жаралды. Айрым жарандар пенсиясын Кыргызстанда да Орусияда да каттатууга аркет кылууда. Бул бардык нормаларды бузуу болуп саналат. Муну такташ керек. Кийинки суроо Орусияда төрөлүп, ал жакта окуп жаткан мигранттардын балдары кайсыл өлкөнүн жараны деп эсептесек болот? Чет жакта жүргөн жарандарды кантип классификациялайбыз? Айрымдарын мигрант, ал эми айрымдарын диаспора деппи? Бул учурда мындай бирикмелер менен иштей турган департамент түзүү зарыл».

Евразиялык өнүктүрүү банкынын изилдөөсү боюнча: «Миграция жаатындагы оң учурлардын бири мурдагыдай эле акча агымы болуп саналат».

Бүгүнкү күндө бул каражаттар күнүмдүк турмушка жумшалып жатканы менен аз-аздан кичи ишкердике да инвестициялар тартылууда»-деп билдирет. Көйгөй ордунан акырындап табигый жол менен жылып баратат, адаттагыдай эле чөгүп бараткандардын көйгөйү- бул алардын өзүнүн көйгөйү. Албетте Кыргызстандыктар кыйынчылыктан өздөрү чыгуу жолдорун мурун эле өздөштүрүшкөн. Эгер мамлекет да өз балдарынын көйгөйүн сезе билсе жакшы болмок.

Айгүль Токобаева даярдады 

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине