Биздикилер Түркияда

21:23, 27 Апреля 2018

Жакында Түркияда иштеген мекендештерибиз үчүн жагымдуу окуя болду. Кыргызстандын жана Түркиянын президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Режеп Тайып Эрдоган өз ара социалдык камсыздоо тууралуу келишимге кол коюшту. Башкача айтканда, Түркияда иштеген кыргыз жарандары эми бул өлкөдө пенсия алалышат.

Бул тутум кантип иштээрин бир аз ананыраак айтып беребиз. Ага чейин Түркияда иштеген мекендештерибиз тууралуу сөз кылалы.

Расмий маалыматтар боюнча, Түркияда акча таап иштеп жүргөн 19 миң кыргызстандыктар бар. Алардын көбү Стамбул, Анкара, Анталья жана башка ири шаарларда иштешет. Ошондой эле расмий эмес маалыматтар боюнча 5 миңге жакын мекендештерибиз түрк жарандары менен үй-бүлө курушкан же жарандык никеде жашап келишет. Алардын басымдуу бөлүгү кыргыз кыздары экени, айтпаса да түшүнүктүү. Мыйзамсыз иштеп жүргөндөр да бар, бирок алардын санын так аныктоо мүмкүн эмес. Кыргызстандан келген туристтерди саны да бир топ. Башкача айтканда, кенен-кесири сөз кылганга толтура себептер бар.

Туризм тармагында тажрыйба топтоо максатында

Талгат Ибраимовдун Стамбулда иштегенине 6 жылдын жүзү болду. Турбизнес жаатында тажрыйба топтогону келген болчу, бирок бул жерде көпкө кармалып калды. Жумуш берүүчүлөргө ал жагып калып, алар жакшы иш шартын жана кызматты сунушташкандыктан, ал жок дей албады. Бишкекке ал белектерин көтөрүп алып конокко гана келип турат.

- Талгат, сен Кыргызстанга кайтып келип иштейин деген оюң барбы?

- Ооба, бирок өз ишимди ачканга жетиштүү акча топтогондон кийин. Бирөөнө жалданып иштегим келбейт.

- Эмнеге?

- Анткени, туристтик бизнес бул жерде жакшыраак өнүккөн. Мен мекенчилмин, кийин сөзсүз кайтам, бирок өзүм башкаларга жумуш бергим келет. Башкага макул эмесмин.

- Түркияда айлыгы жакшы жумушту табыш оорбу?

- Билгениме таянып айтсам, ооба, өтө оор. Мен бактылуу адам экенмин. Орточо айлык – 300 доллардын айланасында. Бирок бул суммадан дагы салыктарды төлөш керек, ошондуктан Түркияны эмгек миграциясы үчүн сонун мамлекет деп айтпайт элем.

- Каякта үйлөнөйүн деп жатасыңар, бул жердеби же үйдөбү?

- Азырынча билбейм. Бирөөнү сүйүп калсам белгилүү болот го. Бирок түрк кызын алуу – кыргызтандык үчүн өтө оор, мүмкүн эмес десек болот. Бул жакта салтты катуу карманышат, кыздары чет элдиктер менен ээн эркин сүйлөшүп жүрө алышпайт. Адатынча. Балким мекендеш кызды таап калаттармын. Бирок азырынчы таба элекмин.

- Түркияда ийгиликтүү болуш үчүн эмне керек?

- Өз кесибиңдин мыкты чебери болуп, бардык уруксат кагаздарын алып, тилди жакшы билишиң керек. Андан калганы – адамдын бактысына жараша.

Көп кыргызстандыктар Түркияда иш тапсам деп кыялданат. Адвокат Заирбек Малашев Анкарада иштеп, мигранттарга укуктук жардамдарды берип турат. Мигранттарга өз кесиби боюнча иштеш үчүн эмне кылуу керек экендигин ал журналисттерге көп жолу айтып берген болчу: “Кесибиң боюнча иштесең болот. Бирок айрым маселелер жаралат. Чет элдик жарандар башында дипломдорун Түркиянын жогорку кесиптик билим берүү башкармалыгында тастыкташы керек. Бул оңой эмес. Дагы башка бир жолу бар. Бул жердеги жожду же квалификацияны жогорулатуу боюнча курсту бүтүрүшүң керек. Түркиялык мамлекеттик университеттер чет элдик жарандарды кабыл алуу жана сынактар тууралуу өзүлөрү кабарлап турушат. Кээ бирлер биздин ЖРТнын жыйынтыктары менен да өтүшөт. Жеке менчик университеттерге өтүүдө маселелер жаралбайт. Негизгиси – түрк тилин билишиң керек”.

Анталиядагы кыргызстандыктар биримдигинин жетекчиси Талант Курманалиевдин пикиринде, иш издеп жүргөндөрдүн саны өтө көп, ал эми айлыктардын өлчөмү бардыгын эле канааттандыра бербейт: “Биздикилер ойлошот, Түркияда бардыгы сонун деп, бирок аз айлыкка иштегенден кийин кыйнала башташат. 300-350 доллардык ишти издеп жүрүп араң табышат”.

Түркияга сүйүп калып

Түркияга иш издеп гана эмес, жеке иштер менен да барышат, акыркылардын саны аз эмес. Бул тууралуу өзүнчө сөз кылмакчыбыз. Асель (анын ысмы, сөзсүз, өзгөртүлгөн) түрктөрдүн Мармарис шаарында 13 жылдан бери жашайт. Түрк жаранынан эки балалуу болгон, балдары өтө татынакай. Бирок экөө тең Кыргызстан жарандары болуп эсептелишет. Анткени Аселдин боюна бүтүп калганда “түрк ханзаадасынын” аялы бар экени билинген. Ооба күйөөсү аны менен жана эки уулу менен чогуу жашайт, бирок да мурдагы аялы менен расмий түрдө ажырашкысы келбейт (туугандары каршы чыгып жатышат). Бирок аталыгын документалдуу түрдө тастыктаган. Уулдарына кыргыз жарандыгын берүү – Аселдин сунушу. Чатак чыгып калса уулдарсыз калбоонунун амалы. Али, күйөөсүн ушинтип атап коёлу, сүйүктүү аялынын сунушуна башында макул болбой жаткан, кийин гана көндү. Бир карасаң бул кадимки эле үй-бүлө, башка үй-бүлөлөрдөн эч нерсеси менен айырмаланбайт. Асель Түркияда жашаш кандай экенин жакшы билет.

- Балдарыңардын атасы мурдагы аялы менен ажыраша элегин билгенде, эмнеге кетип калган жоксуңар?

- Түркияга көнүп калган болчумун. Мен бул өлкөнү өтө жакшы көрөм, тилин билем. Тобокелдикке салып көрдүм. Ал катуу ыйлап, менин калып калуумду өтүндү. А мен аны жакшы көрөт элем. Анан да баланын атасы болушу керек. Бул маселенин айланасында бизде кээде чатактар болуп турганы менен, жалпысынан айтсам, бул чечимиме өкүнбөйм деле.

- Түрк жарандарына башын байлоо биздин кыздар үчүн опурталдуу эмеспи?

- Ар кандай болот. Бирок мен муну айткым келет. Кыргыз же оруска турмушка чыксаң эле сөзсүз жакшы үй-бүлө курасыңбы? Түрккө турмушка чыксаң эле, болду, коркунучтуу кинодогудай жаман абалда калдың деген нерсе байкалбайт. Ооба айрым учурда криминалдык окуялар болуп калат, бирок бул эреже түрүндө эмес да, өтө сейрек болот, ал эми пресса болсо аны кадыресе көрүнүш кылып көрсөтүп жатат. Көбү жакшы эле, бактылуу жашат жатышат. Көбү расмий никеде. Мындай никенин, сөзсүз, көзгө көп байкалбаган өзүнчө маселелери бар.

- Айтып бербейсизби?

- Түрктөрдүн үй-бүлөгө мамилеси ал жашаган аймакка жараша болот. Ата-бабалар доорундагы мусулмандык салт-санаалар катуу сакталган жерлер бар. Стамбулда болсо биздей эле. Жигитиңер кайсы аймактан экенине көңүл буруп, туугандар менен байланышты кармап туруш керек, маселе жаралса алар жардамга келе алгандай болушсун, каякта жашай турган болдуңар, буга да кызыккыла. Көп кыйынчылыктар кездешиши мүмкүн, бирок алардын бардыгы кыз үчүн коркунучтуу деп айта албайм. Менталитетибиз көп жагынан окошуп кетет...

- А сексуалдык кулчулук тууралуу окуяларчы... Кыздар кызмат көрсөтүү тамагында иштейли деп келишет да, борделдерге түшүп калышат...

- Ушунчалык да ишенчээк болсо болобу? Мен бул индустрияда иштеген эки биздин кыз менен таанышмын, жөн эле таанышып калдым, бирок күйөөм бул тууралуу билсе мени жөн эле өлтүрүп коймок. Бирок алар – жакшы адамдар болгондуктан, алар менен баарлашып турам. Ишенип кой, алар бул жерде өз эрки менен. Тобокелдикке барып, адамды күчкө салып бул индустрияда кармап туруунун кандай кажети бар, эгерде бул тармакта өз эрки менен иштегиси келгендер толтура болсо? Чын-чынында эле толтура. Өзүнчө эле бир детективдик марафон кылып, эркиндиги менен, акчасы менен тобокелдикке ким барат, эгерде жөн эле жарыя берип койсоң өзүлөрү келе турган болушса. Бул жерде сойкулук мыйзамдуу нерсе экенин билесиңби? Бирок аны үчүн медициналык текшерүүдөн өтүү керек, а мындайларга дарыгарлердин мамилеси кандай экенин жакшы билесиң. Ага кошумча салык төлөшүң керек. Ошондуктан мыйзамсыз иштешет, ал эми притонду жаап коюшса, түрмөгө отурбаш үчүн же эл аралык кара тизмекке кирип калбаш үчүн кыздар аларды кулчулукта кармап турушкан деп арыз жазышат. Балким, чын эле мындай трагедиялуу окуялар болгондур, бирок ушундай кыздардын көбү мыйзамдын алдында жооп бербеш үчүн эле кулчулукта кармалып турганбыз дешет. Же кээде мындай болот, иш берүүчү – эгер ушинтип атаганга болсо – кыздарга жаман мамиле кылат. Мындайда да кыздар качып кеткенге аракет кылышат, бийликтен жардам сырашып, аларды кулчулукта кармат турушат деп арыз жазышат. Бирок бул ишке өз эрки менен барышат, эмне менен алектене тургандарын жакшы билип турушуп, кеминде дегенде алардын 99 пайызы. Бир гана кийин алар же полицияга түшүп калышат, же иш берүүчүлөрү аларды алдап кетишкен болот. Кулчулук тууралуу окуялар мына ушундайча жаралат.

- Жеке өзүңөргө жергиликтүү эркектер көп тийишеби?

- Көп. Негизинен, жакырлардан, какшык сыятуу угулса кечирим сурайм. Биздикилер бул жерде бардыгы сонун деп ойлогондору менен бул жерде жакырчылык бир топ. Жакырлар көп. Эркектердин көп тийишкендиги – миф эмес. Мындай учурларда аларды дароо өз ордуна коюп коюш керек. Аларга сылык мамиленин кереги жок, дароо кагып койсоң – ошону менен маселе чечилип калат. Жалпысынан алганда бул чоң маселе эмес, бирок аны эске тутуп, билиш керек.

- Эгерде мыйзамдуу түрдө бардык документерди алса, жакшы жумушту жеңил эле тапса болобу?

- Тапса болот. Бирок аны табыш оор. Мигранттарга азыраак төлөгөнгө аракет кылышат. Жакшы жумушту табыш үчүн ага кошумча жарандыгың болушу керек, анан да тилди мыкты билишиң зарыл. Түрк жана англис тилдерин билишсе студенттерге жайкы мезгилде кызмат көрсөтүү тармагында иштеген оң. Бирок жаман жери – ортомчулук кылгандардын арасында шылуундар көп болот. Ошондуктан түзмө түз отелдер менен сүйлөшкөн туура. Билет үчүн акчаларды башка бирөөнө бербей, өзүң алганың жакшы болот. Ишке орноштуруу менен шугулдангандардын арасында шылуундар көп, алардын басымдуу бөлүгү түрктөр эмес, биздин эле балдар. Бирок да... түрктөр арасында да шылуундар толтура. Бирок да жакшы жумуш берүүчүлөр да бар. Адамдын бактысына жараша дегендей. Мен мекендештериме кайрылгым келет: балдар, Түркияда иштегиңер келеби, бардыгын мыйзамдуу түрдө жасагыла. Уруксат алуу кыйын деле эмес, өзүңөр өзүңөрдүн башыңарга маселелерди үйүп албагыла.

- Өзүңүңз иштейсизби?

- Ооба, чоң дүкөндө. Сатуу-кеңешчимин.

- Айлыгыңар жакшыбы?

- Өтө деле эмес. Бирок менден да аз тапкандар бар. Шарттары жакшы, жетекчимдин мамилеси да жакшы, ынтымак жамаатыбыз бар. Кыздардын бардыгы – КМШ өлкөлөрүнөн. Эмнеге дейсиңерби? Сатып алуучулар – туристтер да. Орус тилин жакшы билгениң – Түркияда кызмат көрсөтүү тармагында иштегиң келсе жакшы артыкчылык болуп берет.

- Мыйзамдуу иштеп жүргөндөр негизинен кайсы маселелер менен кездешет?

- Аларга азыраак төлөгөнгө аракет кылышат. Бул негизги маселе. Менин жеке маселем болсо – аны айтып берсем күлөт болушуң керек... Түрктөр ойлошот, КМШ өлкөлөрүнөн келген туристтерге (негизинен алар ушул жердеги туристтик тармакты багып келишет) илгерки орус попсасы жана ыксыз кооздолгон нерселер жагат деп. “Я шоколадный заяц” деген сыяктуу ырлар туристтерди тарткандын ордуна, тескерисинче, аларды качырат деп кожоюнума эч бир түшүнүдүрө албай койдум. Аны үчүн эмне гана кылган жокмун... Сен мына күлүп жатасың. А алар болсо ушуга ишенет. Модадан чыккан, ыксыз кооздолгон товарды сунуштаганга аракет кылышат, бул жасалгаларга, кийимдерге да тиешелүү... Алардын көз карашы ушунчалык консервативдүү десең, алар тээ байыркы токсонунчу жылдардагы көз караштары менен жашап калышкан. Түрктөр жаман консервативдүү калк келет. Ушунусунун айынан кээде алар менен иштешүү кыйынчылыктарды жаратат.

Сүрөттө: Стамбулда өткөн XXII Эл аралык туризм көргөзмөсүндөгү Кыргыз Республикасынын бурчу

Аткаминерлердин кеңештери

Түркияда иштеп жатышкан КР жарандарын пенсия менен камсыздоону камтыган жаңы тутумдун иштеши тууралуу өзүнчө сөз кылалы деп чечтик. КР Соцфендунун жетекчиси Теңизбек Абжапаров журналисттерге буларды айтып берди: “Түрк тарап кыргызстандыктарга тиешелүү акча-каражаттарды Кыргызстанга берип турмай болду. Бул жерде мекениндеги эмгеги үчүн пенсиянын бөлүгүн кошуп, пенсия алуучуга бардык сумманы төлөп беришет. Мисалы, кыргызстандын жараны мекенинде 5 жыл, андан кийин Түркияда 20 жыл иштеди дейли. Мындайда Түркия кыргызстандыктын 20 жылдык пенсиясын эсептеп чыгып, аны Кыргызстанга жөнөтөт. Кыргызстанда болсо биз беш жылдык пенсиясын эсептеп чыгабыз да, жалпы сумманы төлөп беришибиз керек болот. Бирок ушуну менен гана баары бүтпөйт. Түркия пенсияны көп жыл эмгек кылгандыгы үчүн эмес эсептейт. Бул пенсиялык камсыздоодан сырткары дагы башка нерселерди камтыйт. Кыргызстандан келген мигранттар Түркиянын жарандары сыяктуу 34% өлчөмүндө социалдык төлөмдү жана камсыздандыруу мүчө төгүмүн которуп турушат. Бул сумма пенсиялык фондго, медициналык камсыздандырууга жана ошондой эле эмгек менен камсыздоо фондусуна жана социалдык камсыздандыруу фондусуна кетет. Ушуну менен Кыргызстандын жарандары Түркиянын жарандарындай эле пенсия алуу укугуна ээ болушат. Пенсиялык камсыздандыруу тууралуу Түркия менен келишимде биз үчүн жакшы көп жерлери бар. Мисалы, Түркияда иштеген жарандарыбыз өлүп калышы мүмкүн, же жарат алып, ооруп же боюна бүтүп болуп калышы мүмкүн. Мындай учурларда аларга Түркия жарандарындай эле жеңилдиктер жана жөлөк пулдар каралган”. Башкача айтканда, эми биздин жарандар мурдагыга салыштырмалуу жакшыраак корголгон, бул факт.

Дипломат Ренат Түлөбердиев Түркияга иш издеп же башка максаттар менен бараткандарга өз кеңештерин берет: “Сураныч, бардык документтерди, камсыздандыруу күбөлүгүн, уруксаттарды туура алгыла. Бизде туристтер үчүн 90 күндүк визасыз режим каралган, бирок туристтердин жумушка орношконго укугу жок. Түрк жаранына турмушка чыккандар дагы Түркияда жашаганга уруксаты жок болсо 90 күндөн ашык бул өлкөдө боло алышпайт. Жашаганга уруксат алыш үчүн документтерди өз убагында бериш керек. Болбосо 90 күндөн кийин өлкөдөн чыгып кетип, Түркияга кайра 90 күндөн кийин гана кайтып келе алышат. Бардыгын өз убагында жасагыла, сураныч. Түркияда жумуш издеп жүрсөңөр төмөнкү нерсеге өзгөчө көңүл бөлгүлө: тейлөө тармагында эмгектенген жергиликтүү жарандар адатынча 500-600 доллардан көп алышпайт. Чет элдик дагы ушунча алышы мүмкүн. Бирок ага кошумча дагы уруксатты, сөзсүз түрдө медициналык камсыздандыруу күбөлүгүн алып, социалдык төлөмдөрдү, салыктарды төлөп, жашаган жери, тамак-аш жана жол чыгымдары жб.д.у.с. үчүн төлөш керек болот. Ушулардын баарын төлөгөндөн кийин айлыктан болбогон эле акча калат. Ошондуктан жумуш издеп чет жерге чыгаардын алдында баарын жакшылап таразалап алгыла”.

Бирок эмне болгон учурда да, Түркия менен биздин байланыштар бекемделип келет, жакынкы убакта мигранттар менен туристтердин агымы өсүштө гана болот. Мамлекеттин максаты – алардын саны жүз миңдеп саналгыча, азыртадан эле мекендештерге колдоо көрсөтүү тууралуу ойлонуу керек. Жаңы мамлекет башчы бул нерсени жакшы түшүнөт окшойт. Эми калган бардык аткаминерлер ушуну жакшы түшүнүшү абзел.

Даярдаган Светлана Бегунова

Azattyk.org жана Виктор Поляковдун сүрөттөрү колдонулду

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине