#Астанахаб- келечек программалануучу жер

13:31, 25 Апреля

Ата-мекендик IT адистеринин массалык камакка алынып жатканынын фонунда менин Astana Hub аттуу керемет жер тууралуу баяным өзгөчө драматикалуу болуп көрүнөт. Бирок биз, жөнөкөй кыргызстандыктар, жок дегенде IT технологиялары деген эмне экенин жана дүйнө каякка жылып, ал эми биздин өлкө каякка түшүп бара жаткандыгын түшүнүшүбүз керек.

2017-жылы Казакстанда дүркүрөгөн ЭКСПО-2017 аталышындагы эл аралык көргөзмө өткөндүгү көпчүлүктүн эсинде.  Атайлап бул иш-чара үчүн курулушуна 1,3 миллиард доллар каражат сарпталган заңгыраган көргөзмө борбору салынган.  Көргөзмө 90 күнгө созулуп, ал аяктагандан кийин эми каражаттар кайтпайт, ал эми имарат болсо ээн бойдон калат деген сөздөр айтыла баштаган.

Бүгүнкү күндө Astana EXPO City – бул борбор калаанын чыныгы мактана турган жери, анда креативдүү көргөзмөлөр, концерттер, мода көргөзмөлөрү байма-бай өткөрүлүп турат.  Бул жерде белгилүү эл аралык ишканалардын кеңселери, банктар, ресторандар, мейманканалар жана жада калса турак үйлөр жайгашкан. ЕХРО миңдеген жумуш орундарын камсыздап берип турат.

Биз Astana Hub аталышындагы IT-стартаптарынын эл аралык технопаркына бардык. Келечектин кеңселери айнек жана бетондон курулган хайтек стилиндеги имараттарынын чыныгы ансамблин түзгөн ЕХРОнун павильондорунун биринен орун алган. Биз потологу төрт кабатты түзгөн холлго киргенде абдан таң калдык, ал эми айланадагы имараттын баардык дубалдары айнектен салынгандыктан, жарык менен аба абан көп болуп турду. Коопсуздук кызматы бизди текшерүүдөн өткөрүп, бизге белгисиз болгон IT долбоорлору ойлоп табылып, ишке ашкан дүйнөгө алып киришти.

Төрт кабатта тең шумдук идеяларды ишке ашырган компаниялардын командаларынын ондогон кеңселери жайгашкан. Кабат канчалык жогору болсо, долбоордун ишке ашышы дагы ошончолук жогорку деңгээлде турат. Эгерде биринчи кабатта жаңы келгендерди тандоо, аларга кеңеш берүү жана мастер-класстар өткөрүлсө, экинчи кабата болсо тандалып алынган долбоорлордун акселерациясы жүргүзүлөт. Аларды дүйнөгө таанымал ишканалар менен тааныштырып, кайра кеңеш берип, даярдайт. Үчүнчү кабатта болсо туруктуу иштеп, киреше алып келген долбоорлор жайгашкан. Ишкана бутуна туруп, киреше алып келе башташагандан кийин, ал эркин сүзүүгө кетет, ал эми анын ордун жаңы келген ишкана ээлейт.

«Astana Hubга кириш үчүн, даяр долбоор болушу керек. Бул өнүгүп, кеңейип, киреше табуучу жер. Бул жерде долбоорлор такшалат. Аягында болсо стартап киреше алышы керек»,- деп түшүндүрдү Меруерт аттуу технопарктын кызматкери.  Моралдык колдоо жана кеңеш алуудан сырткары, ишканалар хабдын ыңгайлуу кеңселеринде акысыз жайгашат, алар коомуналдык кызматтар үчүн төлөмдөрдөн жана жада калса салыктардан да бошотулган.

Жана, бизди биринчилерден болуп таанышкан долоорубуз- бул «Шиберхана» аттуу прототиптештирүү Лабораториясы болду.  Чакан устаканада 3D принтер, лазердик жана фрезердик станоктор, лаборатория жайгашкан жана анда электротехника боюнча комплекттер да бар.  Бул жерден студенттер менен окуучулар иштеп чыккан жабдыктарынын прототибин пайда кылып, аны дароо сынап көрө алышат.

Бизге көрсөткөн экинчи стартаптын кеңсеси экинчи кабаттан орун алган. «Компра» ишканасы Astana Hub ачылгандан бери иштеп келет. Бирок ал дал ушул жерден толук кандуу иш алып бара баштаган.

-Биз ишканаларды жана юридикалык жактарды ишенимдүүлүккө текшеребиз.  Өздүк сайтыбызда биз ишканалар тууралуу баардык ачык маалыматтарды жайгаштырабыз: салык төлөмдөрүн, карыздарын, соттук териштирүүлөлүн, чыгууга тыюу салынгандыгын же жоктугун, ишкананын негиздөөчүсү ким экендигин, ишканалардын тарыхын.  Кардарларыбызга  бир нече мүнөттүн ичинде толук маалыматты тартуулап беребиз. Өздөрү болсо бул маалыматты саатап чогултмак.  Биз убакытты үнөмдөп, текшерилген маалыматты беребиз, ал биз алып жаткан учурда жаңыланып турат.  Биз чоң банктар тармагына,  каржылык уюмдарга, курулуш, май жана өндүрүш тармагындагы чоң уюмдарга тейлөө көрсөтөбүз,- деп айтып берди долбоордун жаш жана татынакай жетекчиси Диана Елюбаева.

Ишкананын төлөм кабыл алуудагы абдан ийкемдүү сиситемасы бар, ага бир жыл бою сайттын кызматтарын бекер колдонууга жол ачкан акысыз жазылуу бар. Ишкана Казакстан боюнча иш алып барат, бирок Орусиядагы маалыматтар менен дагы иштей баштады.  Ал эми эмдиги жылы Өзбекстандын маалымат айдыны менен иштөөнү көздөөдө.

Кийинки стартап- «Сеним», бул дүйнө жүзүнө белгилүү WeChat жана Apple Pay тиркемелерине жооп катары чыгарылган казак тиркемеси.

-Бул сиздин банктык картаңызга байланышкан, ичинде балансы бар смарт капчык. Бул онлайн-сервис аркылуу сиз унаага май куюуудан баштап, унаа тоутотуучу жай үчүн, коомдук унаада жүрүүдөн баштап ресторандагы кечки ашка төлөөгө чейинки көптөгөн чыгымдарды бир эле басуу менен төлөй аласыздар.  Биз бизнесмендер үчүн реалдуу маркетингдик-каржылык мансап беребиз. Алар биздин тиркеме аркылуу кэшбэктерди бере алышат.  Жакында биздин колдонуучуларыбыздын саны  50 миң адамдан ашты. Алар Алматынын, Астананын жана Кызыл-Орданын тургундары.  Биз Өзбекстандын жана Кыргызстандын рынокторуна чыгууга даярбыз,- дейт өнүгүү боюнча жетекчиси Диаз Нургожин.

Ишканада 50 кызматкер эмгектенет, алардын арасында президенттик «Болашак» компаниясынын бүтүрүүчүлөрү дагы аз эмес.

Үчүнчү кабатта, тагыраак айтканда эркин сүзүүгө чыгууга жакын калган «Антидолг» стартапы жайгашкан.

Антидолгдун» карыздарларды коргоо бюросу онлайн карыз алган адамдардын карызын төмөндөтүү менен алектенет,-деп айтып берди ишкананын кызматкери Талгат. Казакстанда элдер айлык акы алганга чейин чоң үстөктөр менен онлайн карыз алып, көйгөйгө туш болгон жагдайлар абдан жайылган. Былтыркы жылга чейин кээ бир каржы компаниялар жылына 2,5 миң пайыз үстөк менен карыз берип келишкен.  Жана мындай карызга жарым миллиондой адам түшкөн.  Азыркы учурда бизде орточо 4 карызы бар 200 кардар бар. Көпчүлүк учурда бул балдарынын, үй-бүлөсүнүн муктаждыктары үчүн карыз алган жалгыз бой энелер.  Мисалы, алар 50 миң теңге карыз алышат да, өз убагында кайтарып бере алышпай калат. Ал эми каржы компаниялар болсо алардан 200 миңден жарым миллион теңгеге чейин талап кылат. Биздин маселе- ушундай келишимдерди сот аркылуу туура эмес деп таап, иштерди жеңүү. Биз карыз берген уюмдар менен медиация түзүү үчүн 75 миллион теңге өлчөмүндөгү инвестиция тарттык. Ишкананын экинчи максаты- бул каржылык сабаттуулукка үйрөтүү.

Astana Hubда абдан чыгармачыл жана достук атмосфера турат. Бул жерде кофенин жыты буркурайт, ал эми дубалдарла болсо Стив Джобстун, Билл Гейтстин, Марк Цукербергдин жана Илон Масктын сүрөттөрү илинип турат. Бул жерде ошондой эле Huawei, Nokia, IBM аттуу компаниялардын дагы кеңселери бар. Бул чоң ишканалар стартапчылар үчүн билими же жабдуулары менен ар качан жардам берүүгө даяр. Бул ишканалардан өкүлдөр келип, ар дайым укмуш мастер-класстарды өткөрүп турушат.

Жана албетте, таланттуу IT адистери бул алптарга өз кызматтарын түздөн-түз сунуштай алышат. Мисалы, IBM өкүлдөрү презентациялык күндөрдү өткөрүп, техникалык тапшырмаларды берип турат. Жана, эгерде команданын стартапы компаниянын тапшырмасын мыкты аткара турган болсо,  алар кийин IBM компаниясына тейлөө көрсөтө алышат.

Ал эми кээ бир стартапчылар мамлекеттик түзүмдөр менен иштешет. Мисалы, каржылык стартап-компания каржы министрлиги менен биргеликте блокчейн-технологияларын колдонуу менен салыктарды жөнгө салуу долбоору үстүндө иш алып барууда.

Эл аралык технопарктын бир жарым жылдык ишинин аралыгында 150дөн ашуун команда жана 500дөй жаш адистер акселерациядан өтүштү. Astana Hubдын аянтчасында 11 миң адам катышкан IT тармагындагы 200 иш-чара өткөн.

Эгерде мамлекет колдоо көрсөтпөгөндө, Astana Hub мынчалык бийик деңгээлде өнүгө алмак эмес.

-Astana Hubды куруу демилгеси биринчи президент жана Елбасы Нурсултан Назарбаевге таандык,- деп түщүндүрдү Astana Hubдын жетекчиси Адилет Нургожин. Ал аны былтыркы жылдын ноябрь айында жеке өзү ачкан.  Ошондон бери биз Маалымат министрлигин жана «Зерде» Информкоммуникациялык холдингинин карамагы алдында иштеп келебиз. Биздин «Санариптүү Казакстан» аталышындагы глобалдуу санариптештирүү программабыз бар. Бешинчи багыттын алкагында дал ушул Astana Hub курулган.

Жарым жыл ичинде технопарк төрт акселерациялык кампания жүргүзүп, 150 команданы даярдап, 300 миллион теңге өлчөмүндөгү инвестиция тарткан. Орусиялык Сколково, кыргыз жогорку технологиялар  паркы жана армениялык технопарк менен кызматташуу жана долбоорлор менен алмашуу боюнча төрт тараптык чоң меморандум бекитилген.

Бир сөз менен айтканда, бүгүн Казакстанды келечеги жаш таланттар менен түзүлүп, программалаштырып жатат. Жана бул нерсе IT адистери үчүн түзүлгөн мыкты шарттарда, керемет акысыз кеңселерде, салыктардан бошотуу менен, эң мыкты эл аралык адистерден бекер мастер-класстар менен жүрүүдө.

Ал эми Кыргызстанды санариптештирүүнүн үстүндө иш алып барып жаткан биздин IT адистерибиз эмне болгонун эстеңиз. Алдыңкы адистер ойдон чыккан айыптар менен СИЗОдо отурушат.

Кандай ойлойсуз, Казакстанды жана бизди кандай санариптик келечек күтөт?

Лейла Саралаева

Бишкек-Нур-Султан-Бишкек

 
© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине