Поляктар менен кыргыздар кантип достошот?

10:52, 14 Октября 2014

Польша менен Кыргызстанды жүз миңдеген чакырым, мамлекеттик чек ара, тарыхый таржымалдар жана маданий каадалар бөлүп турат. Биз эмне үчүн достошуубуз керек деп да ойлоносуң. Бирок, менталитеттердин жана геосаясий көз караштардын айырмасына карабай, бул эки мамлекеттин ортосунда достук жибин тарткысы келгендер да бар экен. Кеп ушулар туурасында болмокчу.

Майып отургучундагы депутат

43 жашар Ян Филипп Либицки, Польша сенатынын депутаты жана польша-кыргыз парламенттик тобунун төрагасы, уникалдуу тагдырдын ээси. Майып отургучуна бала кезинен отурганына карабай, активдүү жашоо образын жүргүзүп, жашоого болгон кубаты жана тамашакөйлүгү менен таң калтырат.

Филипптин атасы Сеймде үч мөөнөткө депутат болуп шайланган (Польша парламентинин бир палатасы), жана Европарламентте  бир жолу шайланды.  Төрт баланын улуусу Филипп анын жолу менен бара жаткандыгы таң калычтуу эмес.

«Мен 18 жашымда саясатка кызыга баштадым, 1989-жылы шайлоого добуш берүүгө укук алгандан баштап. Ошондо социализмдин убагынан кийин биринчи жолу Сенаттан жана Сеймден турган эки палаталуу парламент шайлашкан»,- деп өз сөзүн баштады  Филипп.

Айтмакчы, 1989-жылдагы шайлоо  Польша үчүн белгилүү окуя болуп, тарыхый шайлоого айланды. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин, Польша социалисттик жолго түшкөндө 1946-жылы референдум өткөрүлдү, анда калктын алдында «Сиз Сенаттын жоюлушуна макулсузбу?» деген суроо турган.  Калктын көпчүлүгү коммунисттик болуп калган- Сеймге  өз тагдырын ишенишип,  бир палаталуу парламентке  добуш беришкен. Бирок, азыр поляктар, ошондогу референдумдун жыйынтыгы жасалма деп эсептешет. Тарыхый акыйкаттык дүйнөдөгү биринчи жолку «түстүү революциядан» кийин, 1989-жылы калыбына келтирилген.  Ошондо Лех Валенси башында турган «Солидарность» кыймылы уюштурулуп, Гданьскда башталган. Ошол кездеги Польшанын бийлиги менен жаш демократтардын тобунун ортосунда болгон тарыхый «тегерек столдогу»  кол коюлган макулдашуунун пункттарынын  бири  - Сенат парламентинин жогорку палатасын калыбына келтирүү болчу,  ал Польшада 16 кылым иш алып барып, ага өлкөнүн эң кадырлуу адамдары киришкен. Ошондон бери  Польша парламенти төмөнкү палата  - Сеймден, ага партиялык тизме боюнча  460 депутат шайланат, жана жогорку  палата – Сенаттан турат, ага бир мандаттуу аймак боюнча шайланган  100 депутат кирет.

Биринчи жолу добуш берүүгө катышкандан кийин,  18-жаштагы  Филипп  шайлоо кампанияларга катыша баштаган, үгүттө жүргүзүүгө жана атасына,  башка талапкерлерге  жардам берчү. Ал эми 2002 –жылы достору 31-жашар Филиппке: «Жетишет! Сенде  жетишээрлик тажрыйба топтолду, өзүң депутат болууга убакыт жетти!», - дешти. Ошентип жаш депутаттын саясий карьерасы башталды.

Башында  Филипп Либицки  өзүнүн туулуп өскөн Познань шаарында шаардык кеңешке шайлоодо утуп чыкты.  Филипп өзү жетишкен ийгилигин мындай түшүндүрөт: «Журналисттер менин майып отургучунда отургандыгыма кызыгышты. Биринчи жолу мындай талапкер  - мен болуптурмун, башкалардан өтө айырмаланып тургандыктан, эсте жакшы сакталып калсам керек».

Бирок, жаңы формациядагы соясатчынын жалгыз гана күчтүү жагы ушул эле эмес.  Филипп өз жарандары үчүн мүмкүн болушунча пайдалуу болууга аракет кылды. Шаардыктардын бардык маселелерине сүңгүп кирип, саясий маселеден баштап күнүмдүккө чейин чечип берүүгө аракет кылчу. Анын жеке уюлдук телефонунун номерин ар бир шайлоочу билчү. Ар бир жаран ага чалып, каалаганын сурай алмак. Мисалы, Филипп, мотоцикл сүйүүчүлөрдүн тобуна иш чара өткөрүү үчүн сосискалардын ири партиясын сатып алууга жардам берген учурун жакшы эстеп калган.

34-жылы  Филипп Либицки «Укук жана Адилеттүүлүк» партиясынан Сеймге шайлоого ат салышат жана эки мөөнөт төмөнкү палатада депутат болуп иштейт. Андан кийин  «Жарандык платформа» партиясына өтөт, ал өзүнүн мурдагы партиясынын атаандашы болгон.

«Айрымдары мени флюгер (желекче) катары бир партиядан экинчи партияга өтүп жүргөнүмдү айтышты. Бирок, себеп башкада – менин өз партиям мени сүрүп чыгарып, башка партия мени зор канааттануу менен кабыл алды жана шайлоодон жеңип чыкты. Бул менин кандай саясатчы экенимдин көрсөткүчү»,- жылмаюу менен, өзүнө ыраазы боло жооп берет  Филипп. Ал жүз пайыз саясатчы. Тез алака түзөт, адамды өзүнө тартып алат. Анын майып отургучунда отургандагы биринчи таң калуу - ага кошумча бонус болот.

Мына, төртүнчү жылдан бери Филипп  Сенатта отурат. Ал бир мандаттуу аймак боюнча шайланган, ага 6 район кирет. Сеймге караганда ага Сенат көбүрөөк жагат, ал, сенатордун жумушу бир кыйла тынч жана ойлонууга мүмкүн деп эсептейт, ал эми кадимки депутат көп талашып, кээде чыр чыгарууга туура келет. Бирок, айлык акыга бул эч кандай чагылдырылбайт. Сенатор да, депутат да 10 миң злотых алат, ал 2 жарым миң еврону түзөт. Бирок,сенатор болуу  менен,  Филипп өзгөрүп кеткен жок, анын жеке номерин ар бир шайлоочу билет жана күнбү,түнбү, каалаган убагында чала алат.

«Мен адамдар менен баарлашууну жактырам. Бул мага зор канааттануу тартуулайт»,- дейт Филипп.

Филипп өзүнүн америкалык позициясын жашырбайт. Польшанын социалисттик өткөнүн жактырбайт. Бирок, сенатка келүү менен, ал польша – орусиялык парламенттик топ түзүүгө аракет кылды. Тилекке каршы, бул эки мамлекеттин мамилесинин сууп кеткенинен улам, бул ойдон эч нерсе чыккан жок.

«Бизде жаңы жылдык эс алуу болгондо мен Познанга келдим. Менин иним Познань университетинен жаш окумуштууну кечки тамакка чакырган экен. Ал – кыргызстандык жигит  Бакыт Орозбаев экен. Биз сүйлөшүп кеттик. Ал  Кыргызстан туурасында айтып берди. Мага бул  өлкө абдан жакты. Ошондо парламентте поляк-кыргыз тобун ачуу идеясы пайда болду.  Муну ишке ашыра алдык. Эми биз бул эки мамлекеттин ортосундагы байланышты түзүп жатабыз»,-  деп сөзүн аяктады  сенатор Либицки.

Таластан чыккан поляк физиги

37-жашар  Бакыт Орозбаев, Талас областынын Кара-Буура районунун  Аманбаев айлында төрөлгөн, Польшада  14 жылдан бери жашайт.

«9 -класска чейин өз айлымдын мектебинде окудум. Андан кийин окуумду Кичи-Кемин районунда,  Алтымыш айлында уланттым, ал жакта биринчи Кыргызстан профсоюзунун  биринчи лицейи  «Даанышман» ачылган эле. Физмат профили боюнча эки жыл окудум.  1994 –жылы  Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин  физика жана  электроника факультетине тапшырдым.  2000 –жылы «Лазердик таасир этүү аймагындагы металлда кавернанын калыптанышына электростатикалык талаанын таасири» темасында магистрдик диссертациямды жактадым. Рубин лазеринин таасиринин үстүндө иштедик, ал алюминий кычкылына негизделген (Al2O3). Бизде тиешелүү жабдуу жок болгондуктан, биздин иш теориялык жактан гана сүрөттөлүп, жүргүзүлгөн.  Бакалавриатты мен педагогика багыты – мектепте жана жождордо физиканы окутуу методикасы боюнча бүтүрдүм»,-  дейт Бакыт.

Мүмкүн, жаш адис өмүр бою өз айылында физика мугалими бойдон кала бермек, үйлөнүп, жер алмак, фасоль айдап, байымак... Бирок, 2000-жылы анын жашоосу түп-тамырынан бери өзгөрдү. КМУУга польша шаары Познандагы Адам Мицкевич атындагы университетинин ректору иш сапары менен келип, Кыргызстандан 10 адамды: магистратуранын 1-курсунан  ар кайсы адистик боюнча 9 студентти жана бир физика магистрин бир жылдык тажрыйба алмашууга чакырды.  Профессор  Юргaнын өзү ядролук-магниттик резонанс багыты боюнча физик болчу. Бактылуу-магистранттардын арасында  Бакыт Орозбаев да бар эле.  2001 –жылы кыргызстандыктар магистратураны аякташып, диссертациясын жакташып, диплом алышты да, мекенине кайтып келишти. Ал эми Бакыт аспирантурага окуп калды. Андан кийин «Диэлектрикалык спектроскопия жана ядролук -магниттик резонанстын жардамы менен Поданд тибиндеги макроциклдүү лигандаларда молекулярдык динамиканы изилдөө» темасында доктордук диссертациясын жактады жана ушул эле университетке жумушка калуу чакырыгын алды.

Ошентип, 14 жылдан  бери биздин жердешибиз Познандагы Адам Мицкевич атындагы Университеттин физика факультетинде макромолекулярдык физика лабороториясында улуу илимий кызматкер болуп иштеп келет.

«Азыркы убакта дарыларды көзөмөлдөнгөн транспорттордун үстүнөн иштеп жатабыз. Химиктер дарылар үчүн полимердик чел кабыгын синтездешет, ал эми биз, физиктер, ядролук-магниттик резонанс жана диэлектрик спектроскопия ыкмасынын жардамы менен, узак изилдөөлөрдүн натыйжасында – полимер  бизге керектүү транспорт катары аракет кылуусуна жетишебиз. Башкача айтканда, биздин милдетибиз – дары багытталган ашказан-ичеги трактынын керектүү жерине барып, тарай турган полимерди алуу болуп эсептелет»,- деп, Бакыт өз ишин түшүндүрүп берди.

Физик , Польшанын өзү илимий иштөөлөрдү өнүктүрүү үчүн ири каражаттарды бөлбөй тургандыгын айтты, алардын тобу Евросоюздун алкагында ар кандай гранттардын негизинде иш алып барат. Эки жыл мурда илимий жетекчиси,  профессор С. Юрга 35 млн евро  грант утуп алган жана Био-нано-медицина борборун түзгөн. Бул гранттын аркасында аларга жаңы, өтө кымбат аппаратура сатып алууга мүмкүндүк түзүлдү. Бул долбоордун алкагында Бакытта кыргызстандык студенттерди аспирантурага, магистратурага, о.э. илимий кызматкерлерди бир жылдын тажрыйба топтоого  чакырууга мүмкүндүгү бар.  Биздин жаш адистердин келишине сиз кантип жардам бере аласыз?- деп сурадым  Бакыттан.

- Биздин гранттан башка, көптөгөн европалык программалар бар, ал боюнча биздин студенттер, аспиранттар жана илимий кызматкерлер европага,жакшы стипендияларга келе алышат. Азыркы убакта  Адам Мицкевич атындагы Универститет «Erasmus Мundus - Tosca» ири долбоорунун башкы координатору болуп саналат. Мен бул долбоордо аспиранттардын камкорчусумун. Азыркы убакта долбоордун алкагында кызматташуу үчүн Кыргызстандан эки докторант, эки студент жана бир профессор  келди.  Биздин Кыргыз Улуттук  университет жана  Нарын мамлекеттик университети бул долбоордун өнөктөштөрү болуп эсептелет, аны кыргыз тараптан КМУдагы  Чынара Адамкулова  жана НМУдан  Жанара Байтуголова координациялайт. Кийинки окуу жылына башка студенттер менен аспиранттар келишет. Ошондой эле Польша өкмөтүнүн ар кандай долбоорлору бар, мисалы  «Жаш окумуштуулар». Бул долбоордун алкагында тажрыйба алмашуу үчүн биздин жаш окумуштуулар келишет. Дагы  американын  «Фул брайт»  программасынын  Польшада ишке ашырылган бутагы - «Киркланд» бар. Ага да биздин жаш адистер келип, тажрыйба топтошот.

- Кыргыз илиминин абалын сиз кандай баалайсыз?

Гуманитардык чөйрөсү боюнча сындай албайм.Табигый илимдер жагын  алсак, бизде теориялык бөлүгүнөн абдан күчтүү. Бирок, тилекке каршы, бизде эч кандай жабдуулар жок, ошондуктан практикалык бөлүгү өнүкпөй жатат.

-Акаев, биздин биринчи качып кеткен президентибиз, физик болгон. Демек, ал Кыргызстанда физиканын өнүгүшүнө жардам берген эмес экен да?

- Ал голография боюнча адис. Мүмкүн ал өз тармагында Политехникалык мамлекеттик университетине жардам бергендир, аны билбейм. Бирок, биздин Улуттук университетке эч жардам берген жок.

- Бизде илимдин бузулушу жүрүп жатат деген пикир бар. Илимий иштерди интернеттен уурдап алышып, ал эми илимий даражаны акчасы барлар гана жактап жатышат дешүүдө. Б.а. бул илим эмес эле, формалдуулук. Ушундайбы?

- Илимдин бузулуп баратканына толугу менен макулмун. Бардыгы сатылып жатат. Бардык зачет, экзамендер ЖОЖдордо акча менен бүтүп жатат. Кайсы мугалимден канча акча менен зачет же экзамен алаарын бардыгы жакшы билишет. Акча албаган мугалимдер да бар, бирок алар тилекке каршы абдан аз. Мындай мугалимдер өз факультеттеринде уламышка айланышууда, анткени биринчи курстун студентине  окуунун биринчи күндөрүндө эле жогорку курстагылар кимдин ала турганын, кимдин албай турганын, кимдин сабагына барыш керек экенин кеңири баяндап беришет.

Албетте, азыркы убакта паракордук менен бардык эле жерден кезигип жүрөбүз. Бирок, ушунун бардыгы Жождон башталгандыгы өкүнүчтүү, жаштар Жогорку окуу жайга келген биринчи күндөн баштап пара бергенге көнө башташат. Алар биздин болочок мамлекеттик кызматчыларыбыз, келечекте мамлекетти ошолор башкарышат. бул оорутпаган оору. Жада калса ата энелердин көпчүлүгү да бере тургандыгын жакшы билишет, акчасын, коюн даярдап турушат, бул – алуучулар үчүн да, берүүчүлөр үчүн да мыйзам ченемдүү  көрүнүш.

Албетте, аз айлык – паракордукка түртүп жаткан биринчи себеп. Бирок,башка жагынан алып караганда, айдан айга үй бүлөсүн араң баккандар да, 2-3 машинасы жана үйү барлар да алып жатышат. Негизги көйгөй- биздин менталитетке терең сүңгүп тамырлаган. Бул маселени жоюу кыйын, биздин учурда да тилекке каршы мүмкүн эмес. Ошондуктан, бардык жерде алып, пара бере беришет. Бардыгы, жада калса билим берүү министри да кандидаттык диссертация, же доктордук диссертация, адистигине жараша канча тураарын жакшы билишет. Муну эч ким өзгөртө албайт, анткени бул бизде салт болуп калган, бардыгыбыз ушул жол аркылуу өттүк,  «кыргызчылык» кылып жүрө беребиз. Ошентип, дипломдор, илимий даражалар, кызматтар сатыла берет...

Эгер табигый илимдер туурасында айта турган болсок,  Кыргызстанда табигый илимге акча бөлүнбөйт, ошондуктан ушундай жыйынтык. Акча жок, демек – өнүгүү жок. Мисалы, мен Польшада полимердеги ядролук-магниттик резонанс менен алектенем. Мен иштеп жаткан ЯМР спектрометр 2 миллион доллар турат, башка аппаратураны айтпаганда да  мындай  спектрометрден факультетте үчөө бар. Бизде аппаратура сатып алууга эч качан акча бөлүнгөн эмес. Бирок, бул жерде да  илим өнөр жай менен кызматташпайт. Илимге Евросоюз  грант катары акча бөлүп турат. Ошондуктан, мен биздин кыргыз окуу жайларын катыштырууга аракет кылам, биздин жаш окумуштуулар бул жерде иштеп, практикадан өтүшсө дейм.

- Сиз алыскы айылдан келипсиз, өз жакындарыңызга жардам берип турасызбы?

- Мүмкүнчүлүгүмө жараша аракет кылам.Менин туугандарым Польшада мейманга келип кетишти. Апам мени менен абдан сыймыктанат. Бирок, менде үй бүлө курууга таптакыр убакыт ашпай жатат. Мен окуп жүрдүм, докторантураны бүттүм, поляк тилинде диссертация жаздым. Бирок, келечекте сөзсүз үйлөнүүнү пландаштырам...

- Ал эми Кыргызстанга кайтып келүүнүчү?

- А Кыргызстанда мени кандай келечек күтүп турат? Биринчи вариант Улуттук университетте  физфакта иштөө. Мен үчүн бул бир кадамга артка кетүү. Бул жерде мен уникалдуу аппаратурада иштейм, мен иш кылып жатам, пайда келтирүүдөмүн, ал эми Кыргызстанда бул ишти уланта албайм. Мен бир орунда туруп калам, физик катары өнүгө албайм. Ал жак жаман, бул жер жакшы деп айтпайм. Бирок, адам 14 жыл чет өлкөдө жашаганда, ал өз элинде чоочун, чоочундардын арасында өз болуп калат экен. Жылына бир жолу Кыргызстанга барып келем. Жада калса досторум да  башка. Эгер, алар бир нерсени башкача жасап коюшса, же мен башкача жасап алсам, дароо башка көз карашта карашат: «Европадан кыйын болуп келген тура» деген сыяктуу.

Мен башка жолду тандадым, мен Кыргызстан үчүн ушул жерде туруп бир нерсе жасагым келет. Мунун баарын азыр түзүлгөн  Польша-Кыргызстан парламенттик топ аркылуу ишке ашырам. Биздеги артыкчылык, Борбордук Азияда биринчи болуп биздин параменттик башкарууга өткөнүбүз. Жада калса поляк саясатчылары да, мурдагы советтик  мейкиндикте  Кыргызстан  демократиялык өлкө деп эсептешет. Бул багытта ушул эле жылы  биздин мекендештердин Польшага болгон 4 сапары уюштурулду.

- Сиз четтен карап туруп  Кыргызстанды кандай баалайсыз, ал туура багытта өнүгүп жатабы?

- Өлкө өнүгүп жатат, бирок, туура багыттабы анысын биле албайм. Менин оюмча, кыргыздар байлыкка өтө кызыгып бараткандай. Орто катмар жоголду, же өтө байлар, же өтө кедейлер. Акчасы барларды гана сыйлап калышты. Жада калса өз айылыма келгенде да, аксакалдар мага айтып калышат: «Сенин айылдан кеткениңе 15 жыл болду. Эмнеге жетиштиң? Сенде үй да, аял да, чарба да жок», дейт да, бирөөнүн баласы Москвага кетип, эки жылда эле үй сатып алганын мисал келтиришет. Көпчүлүктүн көзүндө мен эч нерсеге жетишкен жокмун, мен бир жолу болбогурмун.

-  Кыргызстандын саясий жашоосуна да көз салып тураарсыз?

- Эң башкысы, бизде парламентаризм бар. Бирок, анын ишинин маңызын көбү түшүнбөйт. Депутаттар ар кандай, өнүгүү жана билиминин деңгээли ар түрдүү, бирок, башкысы-алгалоо! Кудай берип, парламент өз мөөнөтүн бүтүрүп, шайлоо татыктуу өтсө экен. Ошол эле убакта, бийлик жаштар үчүн, чет элде билим алган келечектүү адамдар  үчүн  бардык шарт түзүп бериши керек.  Эгер мен Кыргызстанда иштесем, мага чоң айлыктын кереги жок, жашоомо жана батир акысын төлөгөнгө жетсе болду. Жакшы бир аралаш  команда түзсө болот. Бизде, Кыргызстанда чет элден окубай эле, демилгелүү, чоң тажрыйбасы бар акылдуу жаштар көп.Баарыбыз биригип, жалпы потенциалыбызды жана канча жылдан бери жашап, иштеп келе жаткан башка мамлекеттердин тажрыйбасын  топтошубуз керек, жана биздин турмуш чындыгын эске алып, топтолгон тажрыйбабызды өлкөнүн өнүгүшү үчүн  пайдаланышыбыз керек. Муну үчүн биздин башкаруучулардын каалоосу, конкреттүү мамлекеттик программа, жана эң башкысы- иштөө үчүн мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек. Мекениме кайтып келүү үчүн, мен бул жердеги эшиктин баарын жабышым керек. Ал эми жарым жылдан кийин бийлик алмашып, мени жумуштан бошотуп жиберсе – мен кайда барам?

- Сиз кандай ойлойсуз, Бажы Союзу-бул зарылдыкпы?

- Бизде башка жол жок, кошуналар менен макулдукта, кызматташып жашообуз керек. Биз эч нерсе өндүрбөйбүз. Эгер өкмөт ушундай чечим кабыл алса, демек, ал бир нерсе менен негизделген.

- Мени Польшадагы  орустарды жаман көрүү жогору экендиги таң калтырды. Бул эмне менен байланыштуу?

- Поляктардын Орусия менен мамилеси өтө татаал. Качандыр бир кезде Польшаны  үч бөлүккө бөлгөн экен: Орусия, Австро-Венгрия жана  Пруссия. Польша менен Орусия дайыма согушуп келишкен. Поляктарды мындай сөз бар: «Орусия биздин боорубузда отурат». Ошол эле убакта алар Орусиядан  өтө коркушат.  Бул жерде Орустардан коркуу күчтүү. Биздин 2000-жылкы биринчи сапарыбызда көпчүлүк поляктар англис тилин билишчү эмес, ал  эми кайда баруу керек деп, орусча сурасаң – алар башка тарапты көргөзүшчү. Эгер поляк тилинде чала була сүйлөсөң да, автобуска билет алып барганга чейин барышчу. Бирок, азыр жаштарда мындай ачык байкалган сезим жок. Алар Орусияны анчалык жаман көрүшпөйт.

- Кыргызстан кантип бутуна туруп, өнүгө баштаса болот?

- Маселенин баары мектептен, университеттен башталат. Мен ал жакта да иштегем. бизде коррупция бардык жакта тамырлаган. Эгер Жогорку окуу жайда студенттерден акча алышса, бул билим  берүү эмес- формалдуулук. Бул факт – муну менен күрөшүү керек. Мени, жаштардын бардыгы бажы кызматкери болууга умтулгандыгы таң калтырат, анткени ал жакта «шабашка»  көп.  Буга ичиң ачышат. Жаштарды жана жаш адистерди мүмкүн болушунча чет өлкөгө көбүрөөк жиберүү керек. Билим берүү министрлиги чет өлкөдөгү ЖОЖдордо окутуу, стипендия алуу туурасында маалымат бере турган атайын департамент түзүшү керек. Бирок, бизде  бардык жерлерде өздөрүнүкүн жиберүүгө аракет кылышат. Кээде тил билбеген, профессионалдык планда алсыз адамдар келишет. Эгер 10 орундан биздин чиновниктер өздөрүнүкүнө төртөөнү гана берип, калган  6 орунду келечектүү студенттерге бергенде,  биздин мамлекетти жакшы өнүгүү мүмкүнчүлүгү күтүп турмак.  Албетте,  кыргыздар баары бир өз туугандарын жиберээрин биз түшүнөбүз, бул биздин оорубуз, бирок,жок дегенде  жарымы татыктуулар келсе – жакшы болмок. Жаштар эки жакка чыгышы керек, элдер кантип жашап жатканын көрүүсү керек, бул дүйнө таанууну, адамдын менталитетин  абдан өзгөртөт, - деп сөзүн жыйынтыктады Бакыт Орозбаев.

Кызматташуу жиби

 Бакыт Орозбаев менен Ян Филипп Либицкинин демилгесинни аркасында ушул жылдан баштап, Кыргызстан менен  Польшанын ортосунда активдүү кызматташуу башталды. Бул азырынча биздин адистердин бул өлкөгө барып, бир аз тажрыйба алмашып, Польша туурасында  маалымат алуусу менен чектелүүдө. Акыркы жылдарда Кыргызстан менен Польшанын ортосундагы саясий мамилелер активдеше баштады. Май айында  каржы министрлигинен өкүлдөр келишти, андан кийин премьер – министр Ж.Оторбаев жана каржы министри О.Лаврова  баштаган биздин делегаттар Варшавада уюштурулган  ЕБРРдин жыл сайын өтүүчү жыйынына  катышып келишти. Польшадагы биринчи демократиялык шайлоонун  25 жылдыгына Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева келип калышты. Бул жылы Польша Кыргызстанга пайдалуу шарттарда  40 млн евро өлчөмүндө насыя берди. Жакынкы мезгилдерде поляк-кыргыз парламенттик топтун алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун 4 кызматкерин окууга жиберүү пландаштырылууда, алар да жакшы иш тажрыйба алып кайтышат. Каржылоонун бардыгын поляк тарап  өзүнө алып жатат.

Польшадагы Кыргыз диаспорасында бардыгы болуп 40 адам бар, негизинен булар – студенттер. Ошентип, биз эки мамлекеттин достугунун  башталышында турабыз.

Лейла Саралаева

Бишкек- Варшава - Бишкек

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине