Москва. Боз жердин алтыны …

09:27, 8 Декабря 2014

Москва жөнүндө макала жазуу – өтө кыйын иш. Анткени биздин гезиттин көпчүлүк окурмандары ал жакта көп сапар болушкан. Сиздерди эмне менен таң калтырсам, мен үчүн биринчи болгон бул сапарда силер байкабай калган эмнени тапсам болор экен? Бул дээрлик мүмкүн эмес, бирок мен аракет кылып көрөйүн.

Масштабдар жөнүндө

Биринчиден, Москва – бул бир эле шаар эмес экенин белгилеп кетүү керек. Бул бир аталыш, башкармалык, катталуу менен бирге бириктирилген ондогон таптакыр ар башка мегаполистер. Москванын бүткүл административдик аймагын бир башынан экинчи башына чейин машина менен кыдыруу үчүн (кечинде, тыгындар азайып калганда, жай ылдамдык менен) 6 саат керек. Көз алдыңа канчалаган, бири-бирине таптакыр окшошпогон пейзаждар тартылат! Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, акыркы беш жылдын ичинде райондордун чегаралары кеңейе баштады, бирок кандай айтсаң да, Москва – мамлекеттеги бир бүтүн мамлекет.

Көп түрдүү, адамдар көп жашаган мейкиндик. Депрессивдүү сүрөтчүнүн калеминен жаралган карама-каршылыктуу чыгарма катары ал акыл-эсиңизде да, жүрөгүңүздө да өз изин калтырат. Сөзсүз түрдө жалындуу сүйүү пайда болот деп айтпайм. Бирок Москваны унутуп калуу мүмкүн эмес. 

Мен көп жолу түшүмдө өзүмдү Кызыл аянтта көрчүмүн. Жолдору кылымдык таштар менен төшөлгөн, ийри-буйру, тегиз эмес жана... анчалык чоң эмес аянт. Телевизордон көрсөткөндө ал башкача. Албетте, мен түшүмө эмес, телевизорго ишенчүмүн. Көрсө, мээ ноосферанын бир жеринен таза чындыкты көргөн тура. Аянт чындыгында эле, чакан, тегиз эмес экен, бирок биринчи кадам таштаганда эле өзгөчө таасир берип, тарыхтын тереңине батырат. Ал адаттагыдай болуп көрүнүшү үчүн  аны кантип тартышат – бул мен үчүн, техникалык жактан сабатсыз киши үчүн табышмак. Бирок сүрөттөр да, видеофайлдар да, эң алгачкы мүнөттөрдө эле пайда болгон, тарых менен жуурулушуу сезимин беришпейт экен.

Ийри-буйру төшөлгөн таштарга кадам таштаарым менен, Кызыл аянттагы кооз тренддерди кармоочулардын дүкөндөрүнө жана жылаңач чырлардын  перформанстарына болгон москвалыктардын нааразычылыктарын жакшы түшүндүм. Булардын бардыгы бул жерде ушунчалык жарашпай турганын айтып берүү кыйын. Дегеле ушуну түшүнбөгөн адамдардын бар экени таң калыштуу.

Спас мунарасы, тилекке каршы, азыркы учурда кайра оңдолуп жатат, бирок куранттар, ар бир төрт саат сайын үзбөй кагып турат. Бул үн, менин жан дүйнөмдүн, Москва сыңары ар түрдүү, бири-бирине дал келбеген, бирок ошол эле учурда бир бүтүн болгон бөлүктөрүн бириктирип турду.  Бул процесс кайсыл бир башка чендикте жүрүп жаткандай, көп-кө-ө чейин созулду да, андан кийин Москва мени коё берди. «Мистикалык» жагы аяктап, кадимки байкап-караган туристтин кадимки күндөрү башталды. Москва. Боз жердин алтыны. Күн аз тийген, кар жаай элек, ноябрдын суук күндөрү кызуу кызыгуунун фонунда.

Адамдар жөнүндө

Мен бул жерден, буга чейин көп окуп, өзүмчө салыштырып көрүп, таң калган нерселеримди көрдүм. Көрсө, мен жөн гана кеп эмне жөнүндө болуп жатканын түшүнчү эмес экемин. Көптөгөн москвалыктар жашоону тирүүлүк үчүн күрөшүүгө жана сезимдерди жана максаттарды сымалдаштырууга алмаштырганы жөнүндө айтып жатам. Ар түрдүү деңгээлде, ар кандай формаларда. Мына Чоң театр тарапка, жарык тротуарда кымбат ичик жана саркеч өтүк кийген сулуу аял баратат. Анын жүзүндө учурга ылайык келген жылмаюу бар. Жашоого чын дилден ырахаттануу – бир тыйынчалык жок. Ал ага берилген ролду ойноп келет, жана көптөн бери бул ролдон бир да кадамга чыга албайт.

Мына 20 жаштагы кыз, метродо. Ал жанындагы коштоочусунун көңүлүн бурууга аракет кылууда. Смартфонун чукулап, тизесин алдыга чыгарып, койкоюп олтурат. Коштоочусу бул оюнду көрүп турат, бирок ал өзү ошол эле эрежени кабыл алган. Ал өлөөрчө зээригип турса да, оюнду аягына чыгарат.

Мына чарчап, жүдөп турган үй кожойкеси. Ал да өзүнүн ролун ойноодо, анын баштыгында, жарнамага ылайык, жашоону жеңилдетүүчү каражаттардын бардыгы бар, анын жүзү бейпилдикти эпсиз сымалдаштырып турат. Мына мигрант, Кавказдан келсе керек. Ал да адамдарды, жасалма агрессия менен карайт – бул коргоочу катмар. Москва тез эле өзүнүн эрежелерин таңуулап коёт экен, бул менен талаша да албайсың. Көп өтпөй, тажады окшойт (жакында эле келсе керек), жанында турган аялга баштыкчага салынган момпосуйдан алууну сунуштады. Аял: «Жок, рахмат» - деп баш тартты. Абдырап калган жигит: «Эмнеге?...»деп жылмаят.

Негизги чоң шаарда «эмнеге» деген суроону өзүңө берүү кыйын. Чоң шаар – берилбей койгон оң болчу баңгизат. Шаардагы таарынуунун жана көңүл калуунун, санаалардын жана канааттанбагандыктын деми шаардыктардын көздөрүндө чагылат. Москва көз жашка ишенбейт эмеспи, чындыгында эле бул жерде талкаланган үмүттөр жана бүлүнгөн өмүрлөр абдан көп. Бирок мындай нерселер ар бир күчтүү мамлекеттин ар бир борбордук мегаполисинде кездешет.

Албетте, чын дилинен бактылуу москвалыктарды жана борбордун конокторун да көп көрдүм. Таптакыр акылынан адашып калганбы деп ойлоп калбагыла. Жок, акылыман анчалык адашкан жокмун. Бирок, жогоруда жазылган капалуу саптарды оюман чыгарган жокмун. Мисалы, түпкү москвалык болгон, сөзмөр таксистке туш болдум. Ал менин философиялык сөздөрүмө кошулуп: «Москва барган сайын өзүнүн меймандостугун жоготуп бара жатат, биз, түпкү жашоочулар, бул жерден качып кеткибиз келет. Бардыгы толуп келип алганы үчүн эмес. Себеби, жашоо шире сыккычка жана эт майдалагычка айланып барат, бул жерде адам адамга карышкыр, ал эми жыгылганды тепсеп кетишет. Алсыздык, ырайымдуулук, боорукердик кылмыш болуп эсептелип, буга чыдоо ал жетпей барат».

Дагы бир байкаганым, орусиялыктар «зомби» болуп калышты дегендер аша чабышыптыр. Кайсы таксиге олтурба, айдоочу Путинди шыбап, жамандайт. Тыгындар үчүн да, аба-ырайын үчүн, жетишсиздиктер үчүн да, коррупция үчүн да. Ал эми, Москванын мэрин, москвалыктардын душманына айланган Лужковдун ордуна келген Собянинди абдан макташат.

Көп эле жамандай бербейин. Чын чынына келгенде бул шаардын кооздугу, башкаларга окшошпогон өзгөчөлүгү алдамчы кыялдын аркасынан түшкөн жүрөктү кандай талкаласа, ошондой эле аны сакайтып, жылытып, жардам бере алат.  Улуулугу жана мааниге толгондугу менен храмдар, таң калтырарлык «сталиндик» көп кабаттуу имараттар, көк тиреген жүз кабаттуу үйлөр курулган Москва-сити, «көңүл ачуучу» Чистые пруды, Воробьевы горы, шандуу Чоң театр кайталангыс чоң таасирин тийгизет. Заманбап жашоо менен үн алышкан тарых, өткөн менен азыркынын бирдиктүү ширелиши, болуп көрбөгөндөй боёктордун бүткүл палитрасы жана карама-каршы сезимдер – Москва деген мына ушул.

Москва жөнүндө кызыктуу фактылар.

Менин кыска туристтик тажрыйбамда тастыктоо табылган, төмөндө келтирилген парадоксалдуу фактыларды келтирбесем менин макалам толук болбой калчудай.

1) Москвада төртүнчү муунда жашап жаткан жашоочулар гана түпкү москвалыктар болуп эсептелишет, бирок Москвада андайлар 2%дан аз (200-210 миң адам). Акыркы 20 жылда орустардын саны 90%дан 83% чейин кыскарган. Армян жана грузиндердин бөлүгү 3 эсе, ал эми азербайжандардын саны 5 эсе көбөйгөн.

2) Москванын жашоочуларынын 3% гана кээде-кээде музейлерге барып турушат.

3) Миллиардерлердин саны боюнча Москва дүйнөлүк абсолюттук рекордсмен болуп эсептелип, анын туруктуу атаандашы – Нью-Йоркту артка калтырган. Азыркы учурда Москвада 74 миллиардер жашайт, ал эми Нью-Йорк 71 миллиардери менен кийинки орунда.

4) Дээрлик XIX кылымга чейин Москва «ак таштуу» болчу. Түзүлгөн салтка ылайык, кремлдин кызыл кыштуу дубалдарын  дээрлик төрт кылым бою акташчу. Анын себеби, Дмитрий Донскойдун ак таштуу Кремль жөнүндө мурасы гана сакталбастан, кыштын сакталышына да кам көрүлгөн. Азыр Кремль – кызыл...

5) Москва метросунда болгондор:  «эмне үчүн бир станцияны эркек жарыялайт да, башкаларын аял жарыялайт?» деп ойлошу мүмкүн. Эгер чет жактан борборго баратсаң же саат жебеси боюнча бара жатсаң, жүргүнчүлөрдү эркек коштоп жүрөт, эгер борбордон тынч райондорго бара жатсаң же саат жебесине каршы жүрсөң, анда аялдамаларды аял жарыялайт. Бул ребустун жандырмагы жөпжөнөкөй: азиздер менен начар көргөндөр москва метрополитенинин сансыз лабиринттеринен адашып кетпеши үчүн ушул амалды ойлоп табышкан.

6) Москвада 1994 –жылдан баштап шаардын токтому аракетте, ага ылайык иттерге 23.00 дөн 7.00 гө чейин үрүүгө тыюу салынган. Түнкү убакытта өзүнүн жандыктарын тынч  кармоого чара көрбөгөн  кожоюндарга айып жазылышы мүмкүн. 

7) Ондогон дыйкандар менен короо кызматкерлерин кыйнап, мыкаачылык менен өлтүргөн белгилүү көпөс аял  Дарья Салтыкованын, башка мүлкүнөн тышкары Москвада үйү да болгон. Ал  Большая Лубянка көчөсү менен Кузнецкий Мост көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Тагдырдын тамашасы менен, азыр ал жакта УКК комитети жайгашкан, ошол жердеги жертөлөдө  1930-жылдарда көптөгөн адамдарды кыйнашкан.

8) Таза көлмөлөр мурда  Булганч болуптур. Анткени айланадагы жашоочулар ага жугундуларды төгүшчү. Бир ирет, падыша-атакеси өтүп баратып, ушул «таза абадан» дем алып калыптыр, ошондон кийин бардык көлмөлөрдү тазалоого жана эч качан мурдагы абалга келтирбөөгө буйрук берген. Ошондон бери ал көлмөлөр Таптаза.

Айтор, мага баары бир Москвага кайра кайтып келчүдөй сезим калды. Мейман болуп келсем да, бир аз убакытка келсем да, бирок сөзсүз келем.

Светлана Бегунова 

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине