Кыргызстанда сөз эркиндиги жана жарандардын конституциялык укуктары кайрадан коркунучтуу абалга келди.

18:18, 15 Февраля 2022


Кыргызстанда сөз эркиндиги жана жарандардын конституциялык укуктары кайрадан коркунучтуу абалга келди.
Азыр чабуулдардын бутасы ЖМКлар, кесиптик милдетин аткарып жаткан журналисттер жана ата мекендик коммерциялык эмес уюмдар болуп жатат.
2022-жылдын январь айынын аягында «Temirov Live» журналисттик иликтөөлөрдүн авторлоруна, ошондой эле «Кактус Медиа» маалыматтык агенттигинин жамаатына карата кылмыш иши козголгон. ЖМКны жабуу жана журналисттерди коркутуу максатында басылма редакцияларынын алдында митингдер уюшулган. Кыргыз медиалары үчүн чет элдик агенттик макамын талап кылуу менен чогулгандардын алдында чыгып сүйлөөлөр уюштурулду. Ал эми 10-февралда парламент депутаты ата мекендик бейөкмөт уюмдарга чет элдик агенттик макамын берүү демилгесин көтөрүп чыкты.
Реакциячыл күчтөрдүн чабуулчу топтору жөн гана өз ишин ак ниеттүү аткарып, коррупциялык фактыларды ачып, адам укуктарын жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерин коргоп жаткан кыргыз жарандарын каралоо боюнча массалык иш-чараларын башташты.
Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары биздин көз алдыбызда жазалоочу органдарга айланып, ал эми мамлекеттин аракеттери мыйзамга баш ийген өз жарандарына каршы багытталууда. Коңшу мамлекеттеги кесиптештери менен теңтайлашууга жөндөмдүү армия жана чек ара кызматын түзүп, чек арадагы чечилбеген көйгөйлөрдү чечүүнүн ордуна ушундай көрүнүш орун алып жатат. Кыргызстандагы миграция агымын токтотуп, мекенибизде иш орундарын түзүүнүн ордуна экономикабызды, инфраструктурабызды, коопсуздугубузду бузуп жаткан, ошондой эле билим берүүгө, саламаттыкты сактоого жана жарандардын социалдык корголуусунун өнүгүшүнө жол бербей жаткан коррупцияны жоюунун ордуна, жогорудагыдай иштер болуп жатат.
Көз карандысыз басма сөз менен коомдук уюмдарды ооздуктоо жана Кыргызстандагы сөз эркиндигин басуу аракети менен, жогорку кызматтагы аткаминерлер жана саясатчылар мыйзам ченемдерин одоно бузуп, КР Конституциясынын жаңы редакциясы менен кабыл алынган кодекстер менен мыйзамдарды көзгө илбей жатышат. Өлкө ичинде гана эмес, өлкөнүн сыртында да күчөп келе жаткан кооптуу шарттарда кыргызстандыктардын биримдиги менен тилектештигин бекемдөөнүн ордуна кызмат адамдары Кыргызстандын жарандарын “ляппай” деп баш ийип жана жеке берилгендиги” боюнча бөлүү менен басымды күчөтүп, коомдогу ансыз деле араң турган абалды чыңалтууда.
Ата мекендик уюмдарды чет элдик агенттик катары таануу боюнча КР Жогорку Кеңешинде сунушталып жаткан демилге бейөкмөт уюмдар менен жалпыга маалымдоо каражаттарына гана каршы багытталган жок. Бул демилге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө да сокку урат. Анткени КР Өкмөтү 1991-жылдан тарта бүгүнкү күнгө чейин чет элдик жардамдын башкы жана негизги алуучусу болуп келет. Миллиардаган АКШ долларлары кыргыз өкмөтү тарабынан өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдөн, алардын ичинде АКШ, Кытай, Россия, Германия, Улуу Британия, Япония, Швейцария, Европа Биримдиги сыяктуу мамлекеттерден эки тараптуу келишимдердин негизинде алынган.
Айрым аткаминерлер жана саясатчылар жеке кызыкчылыктарын коргоо үчүн журналисттерге, жарандык активисттерге жана коомдук уюмдарга басым жасоо максатын көздөп, мамлекеттин ресурстарын жана ыйгарым укуктарын колдоно аларын биз түшүнөбүз.
Биз журналисттерге, укук коргоочуларга, Кыргыз Республикасынын жарандарына куру жалган жабууну токтотууга чакырабыз! «Temirov Live» жана «Кактус Медиа» командаларын куугунтукка алуу токтотулсун! Күч органдарынын журналисттердин кесиптик ишине тоскоолдук жаратуу боюнча аракеттерин ар тараптуу жана адилет иликтөө жүргүзүүгө, алардын жыйынтыгын ачык жарыялоого жана күнөөлүүлөрдү жазалоого чакырабыз.
Өкмөткө жана Кыргызстан жарандарына каршы багытталган КР ЖКнын чет элдик агенттер тууралуу ойлонулбаган демилгесин токтотууга чакырабыз!

 Дилбар Алимова, ПолитКлиника

Данияр Садиев,Медиашкола им Т. Турсуналиева
Жаннат Токтосунова, Телеканал “3 канал”
Айгүл Бакеева, ПолитКлиника
Ырысбү Кылычбек кызы, ПолитКлиника
Кымбат Турдубекова, ПолитКлиника
ТРК “ТМедиа групп”
Кайыргуль Урумканова,GovoriTV

Гладис Темирчиева, Vesti.kg

Институт Медиа Полиси
Назира Жусупова, Ассоциация общинных СМИ
Элира Турдубаева, Ассоциация Коммуникаторов Кыргызстана
TV1KG

Next.TV
Азамат Касыбеков,Независимый союз журналистов КР
Айкын пресс
Аделя Лаишева,Фонд расследовательской журналистики

Тамара Валиева, председатель комиссии по жалобам на СМИ, медиаэксперт
Асель Аскарова, Ассоциация Телерадиоорганизаций КР
Адиль Турдукулов,ТВ Академия
Лейла Саралаева, "Новые лица"

Алмаз Ысманов, Prevention Media

Семетей Аманбеков,Булак KG
Авланбек Жумабаев, медиа эксперт
Марс Тулегенов, ОО “Журналисты”

Гулжан Байбетова, Женская демократическая сеть

Гульнара Джурабаева, гражданский активист

Гульзат Газиева, ОО”Журналисттер”
Марат Токоев, журналист
Нурдин Дүйшөнбеков, pr.kg

Жамбы Джусубалиева, фриланс журналист
Акылбек Ташбулатов, правозащитник
Эрик Исраилов, Общественный Рейтинг

Анархан Алтымышова,Kuramastory

Асель Сооронбаева, Factchek.kg

Татыбубу Эргешбаева, "Тандем"

Рахим уулу Дилшатбек, Тмедиа

Аскер Сакыбаева, журналист

Кожобеков Тынчтыкбек, журналист 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине