Канткенде диний касчылыкка жол бербөө керек?

11:38, 26 Февраля 2015

Орто Азияда аныкталган бир мааниге жеткире турган саясий технологдордун ойной турган карталардын бири – диндердин ортосундагы ажырым. Ксенофобия, улуттук жана регион аралык каршылыктар  менен катар бул карта – салмактуу көзүр. Аны, биздин өзүбүздөн башка эч ким бизде буга окшогон сценарийлерден коргой албайт.

«Кудай  же бар, же жок…»

Динди кармагандан алыс адамдар ислам менен христиандардын ортосунда эч кандай каршылык жок, болгону таптакыр мусулман эмес, о.э. акчага туйтунган поптор эмес эле коркунучтуу террорчулар бар  деп эсептешет. Алардын пикири боюнча алар бир эле кудайга  ишенишкен адамдардын жашоосуна мына ушулар жолтоо болушат. 

Мына ушул кырсыктардын бардыгынан куткаруучу  чара катары эл жакындоо, андан да жакшысы, биригүү, дин окутуу маселелеринде жалпы бир пикирге келүү деп санашат. Диндердин ортосунда согуш болбосун үчүн. Бирок бул жол – жаңылыш жана маданитясыздык  деп эсептешет.

«Ислам»  деп  жана «Христиандык»  деп аталган диний окуулардын ортосунда базалык деңгээлде карама-каршылыктар бар. Бул эки конфессиянын жолдоочулары бир эле нерсеге ишенишпейт, андан сырткары, диний окуу деңгээлинде бул концепцияларды элдештирүүгө таптакыр мүмкүн эмес. Бул деңгээлде Кудай жок деп ишенген атеист менен бардыгынын түркүгү- Кудай деп ишенген монотеист - четтеги  «тынчтык орнотуучу» канчалык компромисстерди таап, сунуштабасын эч качан келише алышпайт. Үч  вариант бар. Же жаңжал. Же кимдир бирөө экинчисин өзүнүн тууралыгына ишендирет. Же ар бири экинчисинин ишенимине сый мамиле кылып калат. Албетте, баарыбызга жаңжалдын кереги жок экени түшүнүктүү, мусулмандардын баарын чокундуруп же христиандарды күч менен мусулманга айлантуу – жапайы сандырактык, ал эми бирин бири өз ара сыйлашуусу- биздин өз мамлекетибизде жетишүүгө аракет кыла турган максатыбыз.  

Республиканын Конституциясында жазылуу:  «Ар бирине ар намыс, динге ишенүү, диний жана атеистттик ишмердүүлүк эркиндиги кепилденген. Дин жана бардык культтар мамлекеттен бөлүнгөн». Бирок, мамлекеттин милдети – конфессия аралык мамилелерди жөнгө салып туруу- бул анын ыйык милдети, аны эч ким алып салган эмес. Бийлик жалгыз жетише албай жаткандыгы башка иш, жана бул обьективдүү кыйынчылык.

Кыргызстандагы православ  христиандары кимдер?

Жамааты өтө эле көп, славян калкынын үчтөн экисинин көбү – өздөрүн православ христиандарына таандык деп эсептешет. Чиркөө коомдору жетиштүү, динге болгон кызыкчылык социалдык чыңалуунун өсүшү  менен бирге өсүп жатат, айтор, бардык мамлекетте эле ушундай.

Кыргызстандык православ чиркөөлөрү жок жана эч качан болгон эмес, азыркы иштеп жаткан чиркөө коомдору Орусия Православдык Чиркөөсүнүн Москва патриархына баш ийишет.

Кыргызстандагы христиандар кимдер?  Негизинен, булардын басымдуу бөлүгү окуунун түпкү маңызына сүңгүп киришпейт жана айрым гана ырым-жырымдарды аткарышат. Бирок, алар туура динди кармап жатканына ишенген жана терең диний көз карашта жашап баштаган адамдардын саны жыл сайын өсүүдө. Бул окуунун негизин – жакындарга жардам берүү, колдоо принциптери  түзөт, христиандык - бардыгына  ылайык доктрина болуп саналбайт.

Белгилүү православ поп Андрей Кураев бул темага бир нече жолу кайрылып келген: «Светтик, чиркөөлүк эмес ынанымдардын эң кызыктуусу –бул, бизди, христиандарды  эч нерсени соттой албайт деп ишенип алышкандары. Бул – христиандардын христиан эместер үчүн ойлоп тапкан Христиандык жүрүш туруштун стандарты. Эгер силер христиан болсоңор – дайыма экинчи жаагыңарды тосууга даяр болушуң керек, бардыгына көнүшүңөр  керек, бардыгына жүгүнүү керек, айтор, эгер силердин Евангелия сүйүүгө окутуп жатса, анда жан дилиңер менен, мисалы, вуда культун сыйлап, ал туурасында кескин нерсе айтууга укугуңар жок экенин  чын дилиңерден мойнуңарга алышыңар керек.

Ал эми  христиандык татаалыраак: биздин принцип – күнөөлүүнү сүй, бирок, күнөөнү жек көр. Демек, өзүңдүн зулум жосунга болгон мамилеңди( же жаңылыш пикириңди) бул жосунду аткарган адамга болгон мамилеңден айырмалай билишиң керек».

Христиандар Кудай үчилтиктен турат деп ишенишет, Атасы, Уулу жана Ыйык Рух, жана булар ажырагыс жана бир бүтүн. Эгер христиандыктын маңызын дагы кыскараак бере турган болсок: Иисус Христос христиандар үчүн – Кудай. Аны коргоо үчүн христиандар  өлүмгө (дагы бир жолу тактай кетели, өлтүрүү эмес, өлүүгө)  да даяр болгон Постулат ушул.  Мына муну чындап ишенгендер олуттуу кабыл алышат. Ошондуктан, Иисус Христосту пайгамбар катары  эсептешкен жана аны кудай деп кабыл алууну сандырактык катары кабыл алган ошол эле мусулмандар менен диний окууда эч кандай макулдашуу болбойт. Бул  эч кандай  социалдык макулдашууну мүмкүн кылбайт. 

Чиркөөдөгү иерархиянын күчү  менен, динге ишенгендерге айрым бир учурларга багыт алууга жардам бере турган айрым диний  окутуучу эмес, социалдык документтер да бар. Тагыраак айтканда, бул документ православдар үчүн мыйзам эмес багыт берүүчү болуп саналат. Анда да, исламдын өкүлдөрү менен достук, өз ара сыйлашуу мамилелерин орнотуу боюнча жазылган. Жада калса кызматташуу дагы -  кайрымдуулук акциялары жана долбоорлордун алкагында.

Анан, албетте, православ христиандары менен айрым жалган христиан секталарын бир социалдык көрүнүш деп, социалдык бириктирүүгө таптакыр болбойт (мисалга, «Иегова күбөлөрү»). Секта деген секта. Алардын позициясы менен аракеттери – Кыргызстандагы ОПЧ га (Орусиялык православ чиркөөсүнө) эч кандай тиешеси жок. Бир сөз менен айтканда, христиандардын «христиандары бар» .

Светтик кайда да, советтик кайда

Кыргызстандагы  ислам каадалары жагы кандай болуп жатат?  Кыргызстандагы расмий ислам – суннит маанисинде. Белгилүү болгондой, исламдын таасири түштүктө: Баткен, Ош жана Жалал-Абад областтарында күчтүү.  Динге ишенген калктын 70-80% өздөрүн мусулман деп эсептешет.

Ислам биздин аймакта кыйынчылык менен байыр алды.  Араб  миссионерлерине бул жерде тамырын жайылтуу үчүн  эки жүзгө жакын жыл талап кылынды. Бул жерде эмнени гана үгүт кылышкан жок: синкреттик культтар, будда, зороастристтик, манихейство, христиандык, теңирчилик, шамандык.  Алардын бири да басымдуулук кыла алган жок. Ислам да, өзүнө бутпарастыкты көз караштарды сиңирүү менен көнө баштады.

19-кылымдын аягында ушундай эле көрүнүш катталган.  Пржевальский бул туурасында минтип жазган:  «Аялдар беттерин жабышат. Эркектери Аллага да, тоолорго да,  жырткычтарга да, сууларга да табынышат». Большевиктердин келиши менен көп нерсе өзгөргөн жок. Азыр салттуу ислам менен катар радикалдык топтордун таасири да күчөдү. 

Бүгүнкү күнү Кыргызстанда 2128 мечит бар. Жергиликтүү калктын негизги бөлүгү кандай динге болсо да жол берүүчү болуп калууда. Бишкекте таксиге отуруп туруп,  чачкын куран аяттарын көрүп чокунуп туруп, айдоочунун жактырган  көз карашына ээ болушуң  мүмкүн. Анткени  «Кудай бирөө».  Өздөрүн мусулман деп эсептеген Кыргызстандыктардын көпчүлүгүнүн философиясы ушундай. Бирок бул тышкы күчтөрдүн, анын ичинде радикалдык ислам аркылуу аракет кылган  саясий кызыкчылыгын буза албайт. Ошондуктан, жыргабай кое туруу керек.

Күч - достукта!

Азыркы учурда диний аралык мамилелердин чөйрөсүндө эмне бар жана биз терс сценарийлерден  эмне менен коргоно алабыз?

Аймактарда протестанттык прозелиттик коомдор менен секталарды кабыл албоо бар, бул айрым айылдардын өз ара согушуна чейин алып келет. Ал эми расмий конфессиялар тынчтыкта жашашат. Бул этапта мындай– толугу менен руханий лидерлердин эмгеги.

Мусулмандарды Руханий башкармалыгынын башчысы  (МРБ) Рахматулла ажы Эгембердиев мындай дейт: «Биз салттуу, жалпы таанылган конфессияларды кармаган христиандар менен ар дайым тынчтыкта жана макулдукта жашайбыз».

Православ иеромонахы Макарий (Маркиш)мындай дейт: «Исламды Орусия менен чектеш Орто Азия мамлекеттеринин жарандарынын көпчүлүгү тутушат. Православ менен Исламдын ортосунда кудайды жана дүйнө таануу боюнча айырмачылыктардын көбүнө карабай,  эки диндин нравалык принциптери өтө окшош. Бул негиз менен  биз мүмкүн болгон тармактардын бардыгында ар кандай конфессияларга ишенгендердин кызматташууну бекемдетебиз». Башка сөз менен айтканда, диндердин ортосунда сүйлөшүү бар.

Ооба, ушундай,  христиандар менен мусульмандар бири бирине таптакыр шайкеш келбеген базалык идеяларды тутушат. Биз буга, балыкты учууга жана керексиз демагогикалык риториканы  үйрөткөн факты катары мамиле кылалы.  Бул диний окууларды аралаштырууга болгон бардык аракет концепциялардын биринин жок болушуна алып келет. Албетте, анын жолун жолдоочулардын бир бөлүгү өз идеяларына ишенген бойдон кала берет. Ал эми социалдык деңгээлде, кайрымдуулук деңгээлинде, коомдун жана мамлекеттин колдоосу менен кызматташуу мүмкүн жана зарыл. Мамлекет болсо бул маселени көңүл  чордонунан чыгарбашы керек...

Светлана Бегунова

Фото В. Оселедко

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине