Диний билим берүүнүн ар-түрдүүлүгү бизди каякка алып барат?

20:32, 8 Февраля

Вячеслав Оселедконун сүрөтү

Чет жерде диний билим алып жаткан кыргызстандыктардын санын, мисалы, ислам дини боюнча, эч ким так айталбайт. Мындай маалымат Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияда да, Мусулмандардын диний башкармалыгында да жок. Алардын бардыгы божомол гана сандарды айта алышат. Мурда чет жерден билим алгысы келген адам тийиштүү мамлекеттик органга өтүнүч менен сөзсүз кайрылышы керек болчу. Бүгүн болсо билим алганы чет жакка туристтик виза менен чыгып кетип жатышат! “Булан институту” жүргүзгөн иликтөөнүн авторлору ушундай тыянакка келишти.

Адистер бул тармактагы кейиштүү фактыларды аныкташты. Караса, биздеги имамдардын 20 пайызы гана базалык дин билимине ээ экен, ал эми алардын саны 2000ден ашык эмеспи. Дагы бир жолу кайталайм. Мусулмандардын диний башкармалыгынын кызматкерлеринин 80 пайызы атайын диний билими жоктор! Ал эми билими барлардын 20 пайызы медреселерди аяктаса, 10 пайызы имамдардын кыска мөөнөттүк курстарында окушкан.

Учурда Кыргызстанда 112 ислам окуу жайлары өз ишин алып барат, алардын 10у жогорку окуу жайлар деп эсептелет. Бирок, муну баса белгилеп кетиш керек, былтыр гана алардын бирөөсү (!) – муфтият менен бир имаратта жайгашкан Ислам университети – мамлекеттик лицензия алган. А бул университет тээ 90-жылдардан бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет, аны көптөгөн белгилүү диний ишмерлерибиз жана имамдарыбыз аяктаганы жетишкен.

Калган 102 окуу жайлары – бул бүт өлкөнүн аймагы боюнча чачыраган медреселер. Алардын сегизи учурда, мыйзамдын эч бир талаптарына жооп бере албагандыктан, жабылуунун алдында турат. Алардагы билимдин сапаты жана сырткы коомдук көзөмөлгө жабыктыгы көптөн бери чоң суроолорду жаратып келет.

Өлкөнүн ичиндеги диний билим берүүнүн (негизинен исламдык) начардыгы жарандарыбызды чет жерден билим алууга түртөт. Бул жараян негизинен чаржайыт болуп, аны көзөмөлдөө мүмкүн эмес. Мындай билим алгысы келгендер жожду же медресени тааныштары, достору аркылуу же интернеттен табышат. Бул күндөрү бир гана Түркияга окутууга жиберүү жөнгө салынган. Бул негизинен Дианет Вакфы деген түркиялык мамлекеттик фондунун өлкөбүздө активдүү иш жүргүзгөндүгү үчүн болду. Ал алгач ОшМУда теология факультетин ачканга жардам берип, андан кийин ушундай эле факультеттердин башка жождордо ачылышына көмөктөштү.

Акыркы жылдары (негизинен жождордун ортосундагы келишимдер боюнча) түркиялык жождордо жүздөгөн кыргызстандыктар теологиялык билим алалышты. Алар башкаруунун, социологиянын жана политологиянын көз карашында диндин ар-түрдүү аспектилерин окуп үйрөнүштү. Түрк жождорун бүтүрүп келгендер интервьюларында айткандай, алар динди илимий жактан изилдеп окушкан. Баса, мына так ушул нерсеге байланыштуу Кыргызстан Мусулмандарынын диний башкармалыгы түрк жождорун бүтүрүп келгендерди көп жактыра бербейт. Муфтият кызматкерлеринин айтымында, алар имамдын же диний ишмердин күнүмдүк ишинде зарыл болгон араб тилинде окуп, сүйлөй алышпайт, Куранды да жакшы билишпейт.

Өз өлкөсүндө да тийштүү лицензиясы жок чет элдик медреселер биздеги адистердин өзгөчө тынчсыздануусун жаратат. Алардын ишмердүүлүгүн эч ким көзөмөлдөбөйт, алар толугу менен аларды каржылап, калкалаган ар-түрдүү диний фонддорго жана кыймылдарга көз каранды, өз кезегинде акыркылар боюнча да толтура суроолор бар.

Биздин жарандар медреседе билим алганы негизинен Пакистанга, Индияга, Шри-Ланкага жана Бангладешке жөнөшөт. Адистердин айтымында, Пакистандагы айрым медреселер диний аскер мектептерине көбүрөөк окшош, аякта балдарга диндин негизин гана окутпастан, курал жаракты колдонгонду жана диверсиялык иштерди жүргүзгөндү да үйрөтүшөт.

Пакистан бийлигинин маалыматы боюнча, бул өлкөдөгү 13 миң медреседе 2 млн балдар окуйт, бул орто мектептердин алдында ачылган медреселерди эсепке албаганда.

Бул медреселердин көбү “Таблиги Жамаат”, “Ахл-у Хадис” жана башка дагы ушуга окшош кыймылдарга таандык. Алар негизинен Пенджаб, Пешавар жана Белуджистан провинцияларында жайгашкан. Кыргызстандыктар Пакистанга негизинен туристтик виза же чеке чакыруу менен барышып, “Таблиги Жамаат” көзөмөлдөгөн медреселерге жөнөшөт. Бирок бул кыймылдын динди жайылтуу боюнча ишмердүүлүгүнө кыргызстандагы коом ар-түрдүү көз карашта, бири жактырса, башкалары каршы. Коопсуздук боюнча адистерди бул уюмдун сырткы башкаруусу жана аларда кайсы бир расмий атрибутиканын жоктугу тынчсыздандырат.

Пакистан бийлиги да өлкөнүн ичиндеги саясий абалга тынчсыздануу менен карайт (ал жакта так ушул ар-түрдүү диний окуу жайларда билим алгандар өкмөткө каршы акциялардын негизги күчү болуп саналат). Ошондуктан бул өлкөнүн расмий бийлиги Пакистанда диний билим алгысы келген чет элдиктерге студенттик визаларды берүүнү токтотуп койгон. Анда суроо туулат, биздин жарандар Пакистанга кандай жол менен барып калууда, документтерди, каттоо кагаздарын кантип жасап жатышат? Бул жакта толтура мыйзам бузуулар бар деп божомолдосок болот.

Пакистандык окуу жайларды бүтүрүп келгендердин биздеги эң атактуусу учурдагы муфтий Максатбек ажы, ал 1996-жылдан 2005-жылга чейин Пенджабдагы эң ири медреселердин бири “Аравия Райвандда” окуп билим алган. Ушул эле медресени аймактарда имам болуп иштегендердин бир катары да өз кезинде бүтүрүп келишкен.

“Бул медреседе билим алууну мага улуу агалар кеңеш беришкен, медресенин өкүлдөрү менен байланыштым. Билет сатып алып, окуганга жөнөдүм”, - дейт Чүй областындагы мечеттеринин бириндеги имам Максат (муфтий эмес! – ред. эск.) Максат ал жакта 8 жыл окуган! Аякка кетээрдин алдында ал Кадамжай районундагы Азам имамынын медресесин бүтүргөнү жетишкен.

“Башында сабактарга барышым үчүн мага урду тилин үйрөнүүгө туура келди. Андан кийин араб тилин үйрөнө баштадым, б.а. араб тилин урду тили аркылуу үйрөндүм. Андан кийин эки жыл Куранды жаттадым. Башында жаман кыйналдым, жаңы жерге көнө албай жүрдүм. Үйгө кетип калгым келген учурлар да болду. Бизге стипендия беришчү эмес, окуубузду, жаткан жерибизди, тамагыбызды толугу менен кабыл алган тарап төлөп берип жатты. Ал жакта бай адамдар медресеге чоң жардам берип турушат. Азыр ал жакка окуганы барганыма эч кейибейм. Аякка барганым, окуу жылдары мени чыйралтты, чыныгы инсан болуу кандай экенин биле алдым”, - дейт Максат.

Борбор калаанын казысы Садриддин ажы дагы пакистандык жожду бүтүргөндөрдөн, ал Абу Хурайра атындагы университетте окуган. Ага чейин ал бир нече айга Индияга жана Пакистанга даваатка чыккан болчу.

Пакистандык медреселерди Кыргызстанда, коңшу өлкөлөрдө жана да, баарынан кызыгы, Пакистандын өзүндө да, катуу сынга алышат. Мисалы, бизден айырмаланып коңшу өлкөлөрдө “Таблиги Жамааттык” ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Алардын ар-түрдүү экстремисттик кыймылдарга жакындыгы, каттоосунун жана окуу программасынын жоктугу көп суроолорду жаратат. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы жетекчиси Орозбек Молдалиевдин айтымында, Кыргызстандын муфтийи окуган “Арабия Райванд” медресесинин Пакистанда мамлекеттик лицензиясы жок, ошондуктан ал диний билим алгысы келген жарандарыбызга сунушталбашы керек.

“Чынында, Пакистанда медреселер өтө эле көп. Айрымдары каттодон өтсө, башкалары – өткөн эмес. Айрымдарында экстремисттик нерселерге окутушса, айрымдары “Талибанга” тиешелүү, дагы башкалары салафизмге жакын. Баса, салафизм аякта гүлдөп өсүп жатат. Пакистандын өзүндө аяктагы мусулмандардын 99 пайызы Ханафий мазхабындагылар дешет, бирок калкы 145 млн адам болгон өлкөдө, ушунчалык жеке менчик медреселер турганда ишенимдүү бир нерсени айтыш кыйын. Мен анын баарын өз көзүм менен көрдүм”, - дейт Бишкектин казысы Садриддин ажы.

Ата-энеси балдары менен кошо туристтик виза менен Индияга же Бангладешке барып, аякта балдарын 8-10 жылга окуганы калтырып келе берген учурлар да кезигет! Биринчи жолу ушундай окуя коомчулукка 2012-жылы маалым болгон эле.

Диний иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Зайырбек Эргешов ушундай окуялар болгонун тастыктады: “Бизде Бангладешке кетип жаткан даваатчылар тууралуу маалымат бар. Кыргызстандыктар аякка үй-бүлөсү менен туристтик виза алып кетишет. Чет жерге турист катары саякаттап чыкканга бардык адамдын укугу бар эмеспи. Бирок, ал жакта балдарын медреселерге окуганы таштап келгендер да болууда. Алар кайтып келгенде, алардан балдарын кайда таштап келгенин сураганга эч кимдин укугу жок экен. Азыр биз бул жаатта укук коргоо органдары менен биргеликте тийиштүү иштерди жүргүзө баштадык”.

Эгер Араб булуңундагы, Жакынкы Чыгыштагы, Магриб өлкөлөрүндөгү жана Түркиядагы диний жогорку окуу жайлары боюнча бизде кайсы бир маалыматтар бар болсо, анткени алардын сайттары, кампустары, окуу программасы ж.б.д.у.с. бар эмеспи, башка медреселер тууралуу бир нерсе айтыш кыйын. Аларды эч ким каттабайт, аларда эмнеге окутуп жаткандарын эч ким билбейт, алардын дээрлик бардыгы ар-түрдүү диний фонддордун жана кыймылдардын каржылоосунда жана калкалоосунда.

Кыргызстанда да медреселердин бардыгы жеке менчик болуп саналат, аларды кайсы бир бай адамдар же чет элдик кайрымдуулук фонддор каржылап келишет. Мыйзам боюнча, бардык медреселер КР Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өтүшү керек, андан кийин алар негиздөөчү документтерди, медресенин окутуучулары жана каржы булактары тууралуу маалыматтарды камтыган документтер топтому менен Диний иштер боюнча мамлекеттик комиссияга кайрылышы абзел. Болду. Башкача айтканда Билим берүү министрлиги аларды эч текшерип, көзөмөлдөй албайт. Бир чети бизде дин мамлекеттен ажыратылган, мамлекеттик органдар диний уюмдардын ишмердүүлүгүнө кийлигише албайт, бирок, башка жагынан алганда, коомдук жана улуттук коопсуздук, өлкөнүн келечегин окутуп, тарбиялоо маселеси жаралат.

Иш жүзүндө иштеп келген 78 медресенин арасында заманбап, компьютердик класстары бар медреселер да, аны менен катар орто кылымдык окуу жайлардан эч бир айырмаланбагандары да бар. Адистердин айтымында, акыркыларына окшоштордун көбүндө адатынча каттоо документтери да жок. Алардын ишмердүүлүгү демөөрчүлүк каражаттарга толугу менен көз каранды. Медреселердин ушундай негизде иш алып баруусу диний билим берүүнүн өнүгүшүнө бут тосот.

Биз капканга түшкөн абалдайбыз. Бир жагынан – мамлекет диний маселелерге кийлигише албайт. Башка жагынан – ал маселелерге көңүл бурбоо кийин чоң терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Компромисс керек, бирок коомдо чыңалуу күчөп жаткан азыркы учурда кантип ага жетсе болот?

Алмаз Исманов

© Новые лица, 2014–2018
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине