Эмгек мигранттары эмне тууралуу сыйынышат болду экен?

13:40, 28 Февраля 2018

Ар бир жумада Москванын собордук мечити мусулмандарга толот, алардын бир топ бөлүгүн Кыргызстандан, Өзбекстандан жана Тажикстандан келген мигранттар түзөт.

Эгер тарыхка сүңгүй турган болсок, Москванын башкы мечити татар көпөсү Салих Ерзиндин акчасына 1904-жылы салынган болчу. Совет мезгилинде ал жабылган эмес, ССРСдин борбору Москвада иштеген жалгыз мечит эле. Бирок 2011-жылы эски мечит талкаланып, бузулуп, анын ордуна 2015-жылы Орусияда жана Европада эң ири жана бийик мечиттердин бири болуп саналган жаңы мечит курулган.

Уикипедияда мынтип жазылат: “Собордук мечит византиялык стилдеги алты кабат негизги имараттан турат, анын ар-түрдүү өлчөмдөгү бир нече мунаралары жана куполдору бар. Алты кабаттын үчөөсү намазга жыгылганга ылайыкташкан. Мечитте эркектер жана аялдар сыйынган өзүнчө залдар, даарат алган жай, синхрондук котормочулар үчүн өзүнчө кабиналар орнотулган конференц-зал, көргөзмөлөр уюштурулуучу галерея бар. Сусаль алтын менен капталган башкы куполдун бийиктиги – 46 метр, диаметри – 27 метр. Эки башкы мунаранын бийиктиктери 78 метрден, алар мечитти Орусиядагы эң бийик мечит кылат. Мунаралардын сырткы көрүнүшү орусиялык элдердин көп кылымдык достугун туюнтат: мунаралар бир убакта эле Москва Кремлиндеги мунараларга жана Казан Кремлинин Сүйүнбийке мунарасына окшошуп кетишет. Комплекстин тарыхый бөлүгүндө кичи мунара орнотулган. Чатыры жана мунаралары биринчи Москва мечитиндегидей көгүш-жашыл түскө боёлгон. Куполду жана мунараларды капташ үчүн 12 килограм сусаль алтыны колдонулган; долбоорчулар муну менен алтын мунаралуу Москванын образына шилтеме кылышкан.

Мечиттин жалпы аянты – 18 900 чарчы метр (реконструкцияга чейинки мечиттин аянты 964 м2 болчу). Жаңы мечитке 10 000 адам батат”.

Асилбек Эгембердиев, Москва областындагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси, мынтип эскерет: “Мечитттин жаңы имаратынын курулушуна жеке мен өзүм катышып калдым. Ага чейин 20 жыл эски мечитке барып жүрдүм. Ал кезде сыйынганы келгендердин саны аз болчу, кичинекей мечит жума күнү толуп-толбой калат эле, а бүгүн жаңы мечитке 10 миң адам батат, жума күнү анда бош орун калбай калат”.

Эгембердиевдин байкоосунда, акыркы жылдары биздин мекендештер динге катуурак бериле башташты, сан жагынан ала турган болсок, мечитке келгендердин басымдуу бөлүгүн кыргыздар түзөт.

“Негизинен булар эмгек мигранттары, 20 жаштан 35 жашка чейинки жигиттер менен кыз-келиндер. Мечит жана ислам аларга рухий тирөөч болуп эсептелет, мекенинен, ата-энесинин үйүнөн алыста жүргөндөр жараткандан аларды колдоп туруусун суранышат”, - деп эсептейт Асилбек байке.

Эмне үчүн эмгек мигранттары экстремизм жолуна түшөөрүн Эгембердиев көп ойлонот. Анын пикиринде, глобалдык миграцияда 80%дан көбүн жаштар түзөт, алардын көбү мекенинде жалпы орто билимди да алышкан эмес, ошондуктан аз төлөнүүчү жумуштарга орношкону аргасыз, а бул жумушта адилетсиздикке, кемсинтүүлөргө көп дуушар болушат. Мекенинен алыста ушундай оор шарттарда көп жашагандардын жүрөгү таарынчка, кекке толо баштайт.

“Мамлекет өз жарандарынын тагдырына көңүл бурбайт, чет жерге чыккандан кийин аларды эч ким көзөмөлдөп текшербей калат, жыйынтыгында жаштар каалаганын кылып, айрымдары экстремисттердин колуна түшөт, акыркылар болсо адамды өзүнө тартуунун бардык психологиялык ыкмаларын мыкты билишет. Алар жаш балдардын тагдырына кызыгып, айрым маселелерин чечкенге жардамдашып, өз идеяларына акырындан сугарып, чыныгы исламдын баалуулуктарына каршы келген нерселерге үйрөтө башташат, керек болсо окуусун да төлөп беришет. Ошондуктан эмгек мигранттары айрым учурларда ушундай адискөй үгүттөөчүлөрдүн курмандыгы болуп, бара-бара радикалдашып кетишүүдө”, - деп түшүндүрөт Асилбек Эгембердиев.

Биздин бактыбызга, мындай жолго айрымдары гана түшөт. Учурда жаш балдар динди жакшырак үйрөнүп, ислам – тынчтыкты жакшы көргөн дин экенин билишет. Москва бийлигинин ислам дининдегилерге жакшы мамилеси да чоң көмөк болууда.

“Бир гана Москванын өзүндө 2 миллионго жакын мусулмандар жашайт, буларга дагы Борбордук Азиядан келген көптөгөн сандагы эмгек мигранттарын жана шаардын конокторун да кошушубуз керек. Диний майрам күндөрү Москванын бийлиги мусулмандарга кошумча аянттарды бөлүп берип, майрамдын өтүшү бардык борбордук каналдар аркылуу көрсөтүлүп, прессада сөзсүз чагылдырылат. Андан сырткары Москвада көптөгөн заманбап ислам маданий борборлору ачылган, ага үй-бүлөң, бала-чакаң менен келип, оюн түрүндөгү бир нерсеге үйрөнүп, имамдардын үгүт-насааттарын угуп, ислам боюнча ар-түрдүү китептерди окуп, ислам маданияты менен таанышсаң болот. Баса, мындай борборлорго мусулмандар гана эмес, ислам дини жана маданияты менен таанышкысы келген каалаган адам келе алат”, - дейт Эгембердиев.

Эмгек мигранттары эмне тууралуу сыйынышат болду экен? Албетте, ыйманы, ден соолугу, өзүлөрүнүн жана жакындарынын амандыгы тууралуу. Анан да мигранттар, сөзсүз, тынчтыкты, Кыргызстандын өнүгүп кетүүсүн суранышат.

Даярдаган Лейла Саралаева

Москванын собордук мечитинен фоторепортажды даярдаган Абылай Саралаев

 
© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине