Эмнеге кыргызстандыктар динчил болуп баратат?

11:12, 11 Декабря 2018

Бүгүнкү күндө диний мектептер, кафе, дүкөндөр, жада калса Ысык-Көлдөгү жээктер менен эч кимди таң калтыра албайсын. Диний климат коомду дагы акырындан өзгөртүүдө. Кечээ көнүмүш болуп көрүнгөн нерселерге адамдар башка көз караш менен мамиле кылууда. Ар бир өзгөрүү негатив менен кабыл алынып, кылымдар бою калптанып калган түзүлүш бузулууда. Ошондуктан диний таанымдын өнүгүшү коомдун ар бир эле өкүлүнө жага бербейт.

Күндөн күнгө өзгөрүүлөр күч алып, адамдын жүрүм-турумунда жаңы нерселер пайда болууда. Жакында эле жаштар порталдарынын биринде «ким эмне кийгенди жактырат?» деген суроого «саркеч» сурамжылоо жүргүзүлгөн. Анда ар бир анкетада «Мен Кудайга ишенем» деген сөздү кезиктирүүгө болот. Жаштардын ою боюнча, Кудайга ишенүү дагы азыркынын модасы экен. Биз болсо эки кыргызстандык жарандын жашоосунан алынган окуяны айтып беребиз. Алар эмне себептен динге берилип, башкалар аларга кандай мамиле кылгандыгы жөнүндө айтып беришмекчи.

«Мен көп убакыттан бери диний чөйрөдө жүрөм, сиңдим экөөбүз тогуз жашыбыздан бери намаз окуйбуз. Биз ата-энебизден биринчи болуп динди кармана баштаганбыз. Алар намазды кийинчерээк окуп баштаган. Ислам менен бизди чоң апабыз тааныштырган. Үй бүлөдо биз Рамазан айынын аякташын жана Курман айтты гана белгилейбиз. Биз үчүн эч кандай туулган күндөр жана жаңы жылдар жок. Ал эми жума күндөрү болсо биз кошуналарыбызды конокко чакырып турабыз.

Апам тарабындагы туугандарыбыз дагы (атам тарапка караганда) абдан динди карманышкан адамдар. Алар кээ бир эрежелерди карманышат, бирок баарын эмес. Мисалы, кыздар жоолук салынбайт, ал эми эркектердин баары эле беш маал намаз окушпай бербейт. Туугандарыбыз биздин тандообузду сыйлашат,бирок  мурун түшүнбөстүктөр дагы болгон.

Мен алтынчы класста окуп жүргөндө мектептеги кыздардын дээрдик эчкимиси жоолук салынчы эмес, алар бардыгы мени жоолук салынганга бирөөлөр мажбурлап жаткандай ойлошчу. Артымдан көңүлүмдү ооруткан сөздөрдү айтышчы. Кээ бир мугалимдер мени жоолукту чечтирүү үчүн моралдык басым көрсөтүп, жада калса мектептен кууп чыгабыз деп коркутушчу.

Алгачкы айлар мен үчүн абдан татаал болду. Билесиңерби, мен мектептен кетип калуу жөнүндө  дагы ойлонгом. Ар бир мугалим мени басынтууну милдет катары көрчү эле. Мен капаска түшүп калган айбандай эле болчумун. Чынында абдан кыйналгам.

Бирок мен баскетбол боюнча мектептин командасында ойноп баштаганда бардыгы өзгөрдү. Мени команданын капитаны кылып щайлашты, анан биз көптөгөн турнирлерде жеңишке жете баштадык, облустук деңгээлге да чыктык. Мага болгон мамиле дагы өзгөрө баштады, айланадагылар жоолукчан кыздар деле спорт менен машыгып, топ ээлеп, ойногонду билгенин көрүштү. Биз жоолук салынгандын айынан, коом терс кабыл алып, артыбыздан көптөгөн жаман сөздөрдү айтышат. Мындай мамиленин айынан менин дагы ыйлаган күндөрүм болду.

Бирок, бактыга жараша, жакшы адамдар дагы бар. Алар менин тандоомо урматоо менен мамиле кылып, мени түшүнүү менен кабыл алышты. Бүгүн мен мектепте болгон негативди сезбейм. Бул көптөгөн кыздар жоолук салына баштаганына байланыштуу болсо керек. Бирок кээде мен башкача көз караштарга дагы кабылам, кээ бирлер «биз тезирээк турмушка чыгуу үчүн гана жоолук салынып жүрөбүз», же «Бул модалуу» деп ойлошот.

Исламга ар бир адам оз жолу менен келет деген нерсе чын. Исламда мажбурлоо деген нерсе жок. Менин досторумдун жана курбуларымдын болсо өз себептери бар. Үй бүлөдө болуп жаткан маселелерге чечим табуу үчүн көптөгөн жаштар динге кайрылат. Мамлекет диний билим берүүнүн сапатына көңүл бура баштаганы абдан жакшы болду. Ошондуктан азыр диний ишмерлерди исламдын жана мыйзамдарды билүүсү текшерилип баштаганы туура деп эсептейм. Биздин үй бүлөдө мен эжемден биринчи жоолук салына баштагам,  биздин коңшу молдоке болсо эжемди элдин көзүнчө, «сиңдиңди карабайсңбы, оронуп, динге  берилип кетиптирго» деп шылдыңдаган эле. Менимче, ал туура эмес иш кылган. Ал эжемди өзүнүн сабырсыздык жана тартипсиздиги менен түртүп жиберген.

Мен никенин мыйзамдуу болуусун колдойм, бирок көп жубай алуу жөнүндө эч нерсе айта албайм, бул суроого жооп берүү кыйын. Бирок эгерде менин болочок жолдошум экинчи аял алам десе мен каршы болбойм.

Атам мени өзүмө окшогон динчил адамга турмушка берүүнү каалайт. Ал күндө бул үчүн сыйынат. Исламда кыз киши тандоого жана өз оюн билдирүүгө укуктуу экенин билесиңерби? Эгерде ал каршы болсо, аны эч ким турмушка чыгууга мажбурлай албайт. Нике кыйып жатканда молдоке жаш жубайлардын экөөнөн тең алар ыктыярдуу түрдө турмушка аттанып жаткандыгы жөнүндө сурайт.

Менин оюмча, турмушка жогорку билим алгандан кийин чыгуу керек, анткени кийин мен балдарыма дагы татыктуу билим беришим керек. Жоолукчан аял деле өзүнүн карьерасын кура алат, жөн гана кээ бир эрежелерди сакташы керек.

Мен сүрөт тартканды жакшы көрөм. Чоң атам сүрөттү мыкты тартчу. Анын таланты мага өтсө керек. Мен адамдарды тартканды жактырам, бирок динде бул нерсени кылууга болбойт, ошондуктан мен пейзаж тартам», - дейт 19-жаштагы Майрам. (Каармандын аты анын өтүнүчү боюнча өзгөртүлгөн).

«Менин жашым 52де, күнүнө эки маал намаз окуйм. Диний парздарды аткарууга аракет кылам, бирок аларды канчалык деңгээлде туура кылып жатканымды билбейм. Мен динчил адам экенимди жарыялагым келбейт, ошондуктан жумуштагы кесиптештерим менин намаз окуурумду билишпейт.

Кудай ар бир адамдын жан дүйнөсүндө болушу керек, өзүңдүн динчилдигиңди жарыялап кереги жок. Ар бир пенде жасаган иштери жана ниеттери үчүн Жараткандын алдында жооп берет.

Менин өмүрүмдүн жарымы Советтер Союзунда өттү. Атам коммунист эле. Сыртынан караганда ал жашоодо эч кандай дин жок болчу. Бирок азыр, көп убакыт өткөндөн соң ал кезде деле диний баалуулуктар болгонун мен түшүнүп жатам. Бизди ата-энебиз эч качан адамдарды сатпоого, уурулук кылбоого, бирөөнө жаман сүйлөбөөгө үйрөтчү эле.

Бүгүнкү күндө биз үй бүлөдөгү майрамдарды спирт ичимдиктерисиз белгилейбиз. Быйыл жети жылдын жүзү болду. Менин агам ажыга барып келди. Үй бүлөдөгү көп нерсе өзгөрдү. Исламга мен апамдан жана досумдан айрылып, жакын курбумдун саткынчылыгынан киийн келдим. Бул нерсенин барын башымдан өткөрүш оңойго турган жок. Мени ичимден жеп жаткан суроолорго жоопторду динден таптым.

Биздин радикалдуу көз караштарды карманган алыскы тууганыбыз бар. Анын ой-санааларын биз бөлүштүрбөйбүз. Ал болсо  Кыямат күнү келгенде бардык күнөө жана каталар үчүн жооп бересиңер деп бизди дагы бир нече жолу коркуткан. Мен ойлойм, ал бул нерселерди билими жоктугунан жана тартипсиздигинен айтып жатат. Адамдар өзүнүн көз караштарын башкаларга дагы байлап, ишенүүгө мажбурлаганы өтө чоң көйгөй деп эсептейм. Тилекке каршы, муну менен алар башка адамдарда өзү жөнүндө туура эмес ой жаратат. Бул жакшы эмес. Ким тозокко же бейишке кетерин Жараткан өзү билет, ар кимдин өзүнүн тагдыры бар.

Хиджаб кийүүгө каршымын. Бир жээним аны кийем деди, биз бардыгыбыз каршы болдук. Чынын айтканда, намаз окусамда эмнеге каршы болдум, өзүм билбейм. Балким, бул советтик тарбиянын издери. Ал менден бул тууралуу сураганда, эмне деп жооп беришти өзүм дагы билбей калдым. Ал абдан жакшы окуу жайды аяктады, билимдуу адам, жумуш менен чет мамлекетке көп жолу барып келген.

Эмнегедир, эгерде ал хиджаб кийип алса, жакшы жумушка орношо албай калчудай сезилди. Карьера кура албачудай көрүндү. Жооп катары ал хиджаб кийип эле, жакшы кызматтарда иштеген курбулары жөнүндө айта баштады. Биз аны баш тартууга көндүрдүк. Ал багынды. Билбейм, балким мен туура эмес кылдым. Билбейм.

Биздин коомдун 70% хиджаб кийүүгө каршы деп ойлойм. Биз светтик мамлекетте жашайбыз, андыктан анын мыйзамдарына баш ийүүбүз керек. Адамдын диний жашоосуна ал жашы жеткиче эч ким кийлигишкенге укугу жок. Мен өзүм динге 45 жашымда келдим. Балким, балдар начар адамдардын жана уюмдардын таасири алдына калбашы үчүн ата-эне алардын тандоосуна кийлигишүүсү керек.

Мен чын жүрөгүмдөн Кыргызстандын өнүгүүсүн каалайм . Эч ким эч жакка кетпесе дейм. Оор экенин түшүнөм. Кээде өзүм деле баарын таштап салып кетип калгым келет. Тилекке каршы, жумушсуздуктун айынан элдер кесиби боюнча жумуш табуусу кыйын» - деп айтып берди Кимият эже.

Алмаз Исманов

 
© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине