Адеп-ахлактуулуктун жолун издеп

15:38, 4 Января

Учурда биз маалыматтык чоң кысымдын алдында жашап жатабыз, маалымат булактары ушунчалык көп болуп, кайсынысына ишенээриң билбейсиң. Кечээ эле бир телеканал, бир радио болуп, ал эми Интернеттин жыты да жок болгон заманда, биз эмне жөнүндө сөз болуп жатканына көп деле маани бербейт элек, түшүнүүгө аракет кылбайт элек, анткени баардыгын биздин ордубузга эчак эле чечип коюшкан болчу. Бүгүн болсо зор маалымат агымынын алдында жалгыз калдык, күндө жаңы бир нерсе болуп жатат, а биз бул процессти башкаруу мүмкүн экендигин көп аңдабай, алардын эрки менен болуп, бардыгына алардын көзү менен карайбыз. Мындайда өзгөчө балдар менен жаштарга оор. Каякка баратабыз, биз үчүн адеп-ахлактуулуктун белгиси эмне, ушул жана ушуга окшош суроолорго белгилүү теолог, “Дин, укук жана саясат” көз карандысыз талдоо борборунун директору Кадыр Маликов менен жооп тапканга аракет кылдык.

Эл катарынан чыкпайлы деп биз таш боор болуп баратабыз...

Учурдагы жаштар келечекте ким болгусу келээрин билиш үчүн борбордогу мектептердин биринде сурамжылоо өткөрдүк. Алардын бардыгы бай, белгилүү адам, прокурор, министр, депутат, атактуу ырчы, дарыгер болууну каалагандарын айтып, бири да мугалим, окумуштуу же китепканачы кесибин тандап албады...

Бул жалган чындык жаштарды бул дүйнөдө “адам адамга карышкыр” деген тыянакка келүүсүнө түртмөлөйт. Ошондуктан жаштар өзүлөрүн чындык дайым күчтүү тарапта болгон, бул жашоодо өз ордун табалбагандарга кайрымдуулук болбогон, боорукердик эмне экенин билбеген дүйнөдө жашаганга даярдашууда, бардыгы мектептен башталат эмеспи.

Эсимде, биздин класста өтө жакыр үй бүлөдөн бир бала болоор эле, атасы дайыма мас болуп уулун сабап койчу. Ал начар окучу, аз келгенсип ал майып да болчу. Бирок ушунун бардыгына карабай ал абдан боорукер, эч кимге жамандык каалабан бала эле. Класста балдар аны дайым шылдыңдашып, кемсинтип турушчу, уруп, түкүрүп, бут кийимдерин тазалатышып, ал эмес көчөгө чыгарып, кайыр суратышчу. Анын каяша айталбагандыгын, эч кимге жооп бералбастыгын көрүшкөн балдар таш боор болушаар эле. Ушул окуядан адам баласы көпчүлүктө өзүн кантип алып жүрөрүн жакшы байкаса болот, а мындай нерселер, моюнга алышыбыз керек, мектептерде дагы деле болуп жатат!

Баарынан таңгалычтуусу, эң кызыгы –эл катарынан чыгып калбаш үчүн (!), бактылуу жана ийгииктүү болуш үчүн биз таш боор жана уятсыз боло баштайбыз.

Бүлгүн дүйнөдө эмес, адамдын аң-сезиминде

Жогорку билимдүү болгону менен өзүн үйдө да көчөдө да орой, текебер алып жүргөн, адепти билбеген “маданиятсыз” деп атыккан канча адам бар. Эч кимден уялбаган, катуу кыйкырып сүйлөгөн, сөгүнгөн.

Ошондуктан биз билимдүү адамды эмес, адептүү адамды тарбиялашыбыз керек. Бардыгы үй-бүлөдөн башталат, балдары ата-энесин көрүп өсөт. Короо шыпыргыч бар, бул үчүн ал айлык алат деп таштандыны жерге ыргыткан жаш бала – адепти билбегендиктин, маданиятсыздыктын мисалы.

Маданият – бул балага жаштайынан, энесинин сүтү менен сиңириле турган нерсе. Адам интеллигент болуп төрөлбөйт, улуттук интеллигенцияны калыптандыруу көп убакытты, зор эмгекти талап кылат. Акыркы жылдары анын үнү бизде такыр эле угулбай калды десек болот.

Бардыгына Жараткандын амириби?..

Акыркы убакта жол кырсыктары жаман көбөйдү, жолго чыккандан коркосуң. Эң курч маселелердин бири – адамдардын жоопкерчиликсиздиги, айдоочулар өз ден соолугун, коопсуздугун Жаратканга же кокустукка артып коюшкандыгы. Айдоочулардын көбү машинелерине Курандан аяттарды, ар-түрдүү тумарларды илип коюшуп, сыйынышат да, ошол эле кезде жол эрежелерин одоно бузушуп, адам өмүрүнө коркунучту жаратышат. Мисал келтирейин. Жол эрежесин сактабаган ушундай бир адамдын машинесинде “Өзүңөрдү өзүңөр коркунучка түртпөгүлө” деген аят илинип турат. Айдоочу намазга жыгылып жүрчү, бирок арабча билбейт эле. Бул эмне тууралуу аят экенин сураганда, курандан алынган бул аят аны жолдо кырсыктан сактап тураарын ишенимдүү айткан! Бирок айдоочу өзү жол эрежесин одоно бузуп жатса, же мас абалында рулга отурса, бул ал өзүн-өзү коркунучка түртүп жатканы эмеспи?

Кырсык болгондо, бул эми жазмыш, айдоочунун Жараткандын алдында күнөөсү деле жок деген создөрду көп угуп калам. Ушундайбы, чындыгында? Төөсүн байлап да койбой Мукамбет пайгамбарга (Саллаллаху алейхи ва саллям) кирип келген бедуин тууралуу бир хадис бар. Эмне үчүн ушундай кылдың деген пайгамбардын суроосуна, ал мен өзүмдү да, төөмдү да Жаратканымдын амирине койдум деп жооп бериптир. Пайгамбар анда ага айткан экен, Жараткандан бир нерсе сураардын алдында, адам өзү ага жетиш үчүн аракеттенип көрүшү керек, б.а. ал барып төөсүн байлап коюушу зарыл. Бул эмнени айтат. Алгач өзүңөр колуңан келгенди кылышыңар керек, б.а. эрежелерди сактоо зарыл, андан кийин гана Жараткандын амиринен үмүт кылуу керек.

Агрессивдүү чөйрө

Акыркы кезде коомдук тармактарда, кыргыз тилдүү колдонуучулардын арасында динчилдер тараптан да, динге ишенбегендер тараптан да сабырдуулуктун жоктугу байкалат. Дегеле коомдук тармактарда кайсы гана темада талкуу болбосун колдонуучулардын ортосунда ушундай кастык мамилелер кадыресе көрүнүш болуп калды, анткени сабырдуулуктун жоктугу диний, светтик, этникалк, аймактык жана уруулук негиздерде да болууда. Бизди бир аз соороткон нерсе, мындай агрессивдүү мамилелер азырынча коомдук тармактарда гана байкалууда, бирок ал бир күнү көчөгө чыгып кетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Тилекке каршы, ушундай кастык мамилелерге от тамызгы болуп, аны күчөтүп жатканардын арасында билимдүү адамдарды да кезиктирсе болот, алар муну билип туруп, атайылап жасап жатышат. Билими, акылы жетпегендиктен, башка бирөөнү урматтоо эмне экенин билбегендиктен ушундайга баргандар да бар, коомдук тармактын анонимдүүлүгүн, жоопкерчиликке тартылбастыгын билип коомдук тармактарда башка бирөөнө заарын чачып, кастыкты күчөтүшүүдө.

Айтылган максаттарына кылгандары таптакыр туура келбеген ар түрдүү маданий программалар ишке ашырылууда. Мисалы, исламга чейинки ишенимдерди жана маданиятты сактап калуу боюнча чет элдик каржылоодогу долбоорлордун алкагында ар түрдүү конференциялар уюштурулуп, ар кайсы мазарарларда көзү ачыктардын ырым-жырымдары уюштурулуп, ошол эле Америкадана шамандарды алып келип жатышат.

Маалыматтык согуш бүгүн маданият, фильмдер, коомдук тармактар жана кадрларды даярдоо сыяктуу нерселер аркылуу “жумшак күчтү” колдонуу аркылуу жүргүзүлүп жатат. Бул маалыматтык таасир берүү коомдо туруксуздукту жаратууга, моралдык негиздерди талкалоого, ар түрдүү социалдык топтордун ортосунда араздашууну жаратып аны күчөтүүгө багытталган: жакырлар менен байлардын, шаардыктар менен элеттиктердин, светтик менен динчилдердин, түндүктөгүлөр менен түштүктөгүлөрдүн, орус тараптагылар менен америка тараптагылардын ж.б.д.у.с. Тилекке каршы, биз жаңы форматтагы маалыматтык согушка даяр эмес экенбиз. Руханий жана маданияттык баалуулуктарыбызды сактап турган өз патрулдарыбыз жана хакерлерибиз азырынча жок бизде.

Ыгы жок чектен чыгуу жакшылыкка алып келбейт

Эсимде, ушундай бир окуя болду эле, намазга жыгылган бир жаш жигит кыш күнү даарат алмай болду. Бул Суусамырдагы бийик тоолуу айылдын биринде болчу. Сыртта абанын температурасы минус 20, түшүнүктүү, эч бир керектүү шарт жок эле. Аны айынтканы аракет кылышты, мисал катары исламда топурак менен даарат алуу бар экендигин айтып жатышты. Бирок жаш жигит эч кимди укпай, айтканынан кайтпай жатты. Жыйынтыгында ал темирге туруп даарат ала баштады. Ушундай суукта аны буту темирге жабышып калат. Араңдан зорго аны бошотуп алышып, ооруканага жеткиришет, майып болуп калды. Чектен чыгуу исламды бурмалап, адамды өлүмгө алып келет.

Азыркы убакта динге берилгендер жагдай-шарттарды эске албай эле күнөөсү үчүн адамды катуу сынга алган учурлар аз эмес. Көп учурда ушунусу менен алар же башкаларды исламдан алыстатышат, же түшүнбөстүк жаратышат.

Кээде, өзү жакында эле таптакыр башкача жашоо кечирип, эми-эми гана намаз окуганды үйрөнгөн жаш жигит жоро-жолдошторун катуу сындай баштайт. Аз келгенсип, ал исламды таңуулап, тозок оту менен коркута баштайт.

Кээде унчукпай коюп, кылган ишиң, жүрүм-турумуң менен үлгү көрсөткөнүң артык.

Байыркы шумерлердин бир акыл-насааты бар: “Суунун агымы менен болгон адам чаң жол менен кайрылып келет” деген, бул жашоодо белгилүү бир максатты койбой, өзүн жашоо агымына тапшыруу дегенди түшүндүрөт. Эмне болбосун баары бир жолуң башталган жерге кайрылып келе тургандыктан, жашоону өзгөртөм деп аракет кылуунун зарылчылыгы жок. Бирок адам өзүн-өзү руханий жактан өстүрбөсө, кеч болуп калбайбы?...

Жазып алган Алмаз Исманов

Сүрөттү тарткан Вячеслав Оселедко 

© Новые лица, 2014–2018
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине