Ажылык-2018: 500 доллар жана биометрикалык паспорт

16:33, 7 Марта 2018

Быйылкы Мекке менен Мединадагы ыйык жерлерге ажылыктын башкы өзгөчөлүгү – Кыргызстандык зыяратчылардын саны мурдагы өлчөмгө чейин көбөйтүлгөндүгү жана алар сөзсүз биометрикалык паспортту алышы керектиги. Бул жылы Сауд аравиясынын ажылык министрлиги кыргыз зыяратчылары үчүн 5 миң 400 орун бөлдү. Биринчи зыяратчылар 16-мая – 17-июндарда боло турган Рамазан айынан кийин Жиддага учуп кетиши күтүлүүдө. Алар ыйык жерде Курман айтка чейин (ал болжолдуу түрдө 21-августка туура келет) болушмакчы. Так датасы Рамазан айына жакын айтылат.

Бул жылы, чынында эле, мурдагы жылга салыштырмалуу квота көбөйгөн, бирок ал көбүнесе Меккедеги аль-Харам башкы мечитиндеги оңдоо иштери бүткөндүгү менен түшүндүрүлөт (бирок айрым маалыматтар боюнча, оңдоо иштери дагы деле жүрүп жатат). Эки-үч жыл мурда бул мечитте оңдоо иштери башталганына байланыштуу сауд бийлиги ажылыкка барууну каалагандардын санына чектөө киргизген. Бул чектөөгө Кыргызстан дагы дуушар болгон.

2013-жылга чейин көп жыл катары менен Кыргызстанга берилип келген квота 4 миң 500 орунду түзөт эле. Бир-эки жолу өлкөбүздүн Мусулмандар диний башкармалыгынын суранычы боюнча сауд бийликтери бул квотаны беш минге чейин көтөргөн болчу.

2014-жылы квота аль-Харамдагы оңдоо иштерине байланыштуу 3600 орунга чейин кыскартылган. Бул чектөө 2017-жылга чейин колдонулду. Өткөн жылы ал кайра эле мурдагы 4760 орунду түздү.

Айтылбаган эреже боюнча, ар-бир өлкөдөн келе турган зыяратчылардын саны 1 млн мусулманга – 1 миң орун деп эсептелет. Мисалы, Орусияда, ар-түрдүү маалыматтар боюнча, 20 миллионго жакын мусулмандар жашайт, демек орусиялык квота 20 миң орунду түзөт. Кыргызстан үчүн болсо акыркы 10-15 жылдарда стандарттык квота 4500 орунду түзчү, кээде гана 5 миңге чейин жетчү.

Somon Air авикомпаниясынын ордуна Flynas

Кыргызстандын мусулмандар диний башкармалыгы кыргыз зыяратчыларын ташыгысы келген тажиктердин Somon Air авиакомпаниясын авиаташуучулардын арасында жарыяланган сынакка катыштырбады.

Somon Air – Тажикстандагы биринчи жеке менчик авиакомпания, ал 2008-жылы түзүлгөн. Баса, ал IATA уюмунун мүчөсү болгон жападан жалгыз тажик авиакомпаниясы болуп эсептелет. Бул компанияны сынакка катыштырбаганга сауд бийлигинин катуу талаптары себеп болду. 2015-жылдан кийинки эрежелер боюнча, зыяратчыларды ташыганга же жергиликтүү авиакомпаниялар, же сауд аравиясынын компаниялары гана тартылышы керек.

Ошондуктан акыркы жылдары зыяратчыларды Flynas аттуу сауддун бюджеттик авиакомпаниясы ташып келүүдө. Бул компания 2013-жылдын аяк ченинде эки араб авиаташуучу компанияларынын биригүүсүнүн жыйынтыгында пайда болгон. Анын пайда болушу сауд аравиясынын зыяратчыларды ташуу боюнча чектөө киргизген убакытка туура келип калды.

Ажылыкка байланыштуу жемкорлук көрүнүштөр

Бул жылкы ажылыкты уюштурууга арналган жыйында Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов акыркы жылдардагы ажылыкка байланыштуу эки негизги маселеге токтолду. Бул квоталарды бөлүштүрүүдөгү жана ажылыкка баргысы келгендер тууралуу маалыматтарды чогултуудагы жемкорлук, жана ошондой эле ажылыкка барып жаткандардын коопсуздугун көзөмөлдөө маселеси.

Ар-бир жылы ажылыкка байланыштуу жемкорлук чатактардын чыгып турушу жана зыяратчылар нааразычылыктарын билдириши – бул өзүнчө эле бир салттуу көрүнүш болуп калды. Мусулмандардын диний башкармылыгы эмне гана кылбасын бул көрүнүш дайыма эле кайталанып турган кадыресе нерсеге айланды. Ал эмес муфтийлердин алмашы да абалды эч өзгөртө албады.

Өзүңөр да байкап көргүлө, бул чатактардын чакан хроникасын келтиребиз. 2006-жылы ажылыкка бара албай калгандар Диний башкармалыктын Бишкектеги имаратынын алдында пикет уюштурушту. Ажылыкка 4500 орун берилгенине карабай уюштуруучулар 7 миңден ашык адамды каттоого алышкан.

2007-жылы зыяратчылар алардан кошумча дагы 30 доллардан чогултулгандыгына нааразычылыгын билдиришкен, бул сумманын 10 доллары медициналык бригаданын коштоосуна, 20 доллары – боз үйдү тиккенге жумшалат деп айтылган аларга.

2010-жылы ажылык-визага байланыштуу алдамчылык иштерге байланыштуу бир катар адамдарга кылмыш иши козголгон, алардын катарында Мусулмандардын диний башкармалыгынын жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жоопкерчиликтүү кызматкерлери жана Иран өлкөсүнүн жараны Сайед Джафар Табатабаи бар эле. Тергөө ишинин жүрүшүндө ажылыкты уюштурууда 4 млн доллар жоголгону аныкталган.

2010-жылдын ноябрында атайын кызматтын кызматкерлери “Манас” эл аралык аэропортунда Ирандын жаранын кармашкан, анда кыргыз жарандары үчүн берилген, бирок ирандыктардын ысымдарына кайра каттатылып жазылган 146 ажылык-виза болгон. Эртеси ошол эле аэропортто КР жараны кармалган, андан КР жарандарынын 271 паспортун жана бир катар араб өлкөлөрүнүн мөөрлөрү басылган көп сандагы ар-түрдүү документтерди табышкан.

2012-жылы КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети салыктарды төлөөдөн качуу фактысы боюнча муфтиятка карата кылмыш ишин козгогон. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча, Соц фондго 5,5 млн сөм өлчөмүндөгү социалдык төлөмдөр төлөнгөн эмес. Кылмыш ишинин алкагында муфтияттын эсептик счетуна арест салынган, ал убакта счетто 14 млн сом бар болчу.

Ажылыкка байланыштуу чатактар токтобогондуктан Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров ажылыкты уюштурууну мамлекеттик органдарга өткөрүп берүү демилгеси менен чыккан.

2016-жылы Стамбулдун “Ататүрк” эл аралык аэропортунда уйгур улутундагы КЭРдин 98 жараны кармалган, алардын колунда умрага ажылык визасы бар Кыргызстандын жасалма паспорттору болгон.

2017-жылы муфтияттын өкүлдөрү “Ажылык-2017” деген мобилдик тиркеменин ишке киргизилип жатканын билдиришкен, бирок тиркеме иштеген жок. Формалдык жактан алганда тиркеме бар, бирок ал иштебейт. Так ушуга окшош окуя 2013-жылы дагы болгон, анда муфтият hadj-borbor.kg деген сайтты иштеп чыккан, бирок бул күндөрү ал сайт тууралуу эч ким билбейт.

Өткөн жылы ажылыкка катталыш үчүн 400 доллар өлчөмүндөгү кепилдик төлөмдү да төлөш керек деген талапка карата көп нааразылыктар айтылган болчу. Быйыл бул төлөмдүн суммасы беш жүз долларга чейин көтөрүлдү. Эң кызыгы – аны төлөгөн күндө да ажылыкка бара турган зыяратчылардын катарына кирбей калышың мүмкүн.

Аль-Харам мечитинин эмнесин оңдошту?

Бул жылы ажылыкка бара тургандар дүйнө мусулмандарынын башкы мечети болуп эсептелген аль-Харамдагы чоң өзгөрүүлөргө күбө болушат. Биринчи кезекте мечиттин өткөрмө жөндөмдүүлүгү арттырылып, сыйымдуулугу көбөйтүлгөн. Бирок айрым курулуш иштери дагы да жүрүп жатат. Оңдоо иштери толук бүткөндөн кийин бул мечитте бир убакта 2,5 миллион адам сыйына алышат. Айрым маалыматтар боюнча, 4 миллион адамга чейин. Учурда мечиттин сыйымдуулугу 1,5 миллион адамды түзөт.

Мечиттеги оңдоо иштери толугу менен 2020-жылы бүтөт деп айтылууда. Бул иштер 2012-жылы башталган болчу. Сауд бийлиги мечитттин айланасындагы 10 миң имаратты сатып алган, алар толугу менен талкаланмакчы. Кайра куруп, оңдоо иштеринин жыйынтыгында мечиттин жалпы аянты 99 миң чарчы метрге чейин жеткирилген, ал эми террасанын аянты 68 миң чарчы метрге чейин.

Жогоруда айтылган убакыттын аралыгында Мукамбет пайгамбардын Мединадагы мечити да кайрадан курулуп, оңдолуп, анын сыймыдуулугу көбөйтүлөт. Бул иштер бир нече максатта жүргүзүлүүдө, бирок алардын эң негизгилери – зыяратчыардын коопсуздугун камсыздоо жана мечиттин сыйымдуулугун көбөйтүү. Атактуу Зам-Зам кудугу да оңдолууда. Аны оңдоо иштери Рамазан айына чейин бүтүрүлүшү күтүлүүдө. Аль-Харамды оңдоо иштеринин жалпы баасы 10 млрд долларга бааланган.

Каабанын жанындагы биринчи мечит 638-жылы курулган, ал эми аль-Харам мечити 1570-жылы. Ал убактан бери мечит бир нече жолу оңдолуп, кайра курулуп чыккандыктан алгачкы мечиттен аз гана нерсе сакталып калган. Жыгач тирөөчтөрү бар эски мечиттин сакталып калган бөлүгү учурда ислам архитектурасынын эстелиги болуп эсептелет. 1616-жылга чейин ал алты мунарасы бар дүйнө жүзүндөгү жападан жалгыз мечит болуп келген, бул жылы Стамбулда атактуу Көк мечит (ал Султан Ахмеддин мечити деп да аталат) курулган болчу, анын да алты мунарасы бар эле. Меккенин имамы муну Кудайга жакпаган иш деп баалап, бир дагы мусуман мечити Кааба менен атаандашпашы керектигин айткан. Ошонун жыйынтыгында аль-Харам мечитинин жетинчи мунарасы пайда болот. Кийинчирээк алардын саны тогузга чейин жетти, экөөсүнүн бийиктиги 89 метрди түзөт, бул 30 кабаттуу үйдүн бийиктигиндей.

Бүгүн мечитте 95 дарбаза бар, бирок эң башкысы деп төртөө саналат. Экөөсү сауд падышаларынын атынан аталган, бул падышалар мусулмандардын эң маанилүү эки ыйык мечиттеринин сактоочулары катары саналат. Баса, Аль-Харам ар-башка бөлмөлөрдө болсо да бир убакта эркектер да, аялдар да сыйына алган дүйнө жүзүндөгү жалгыз мечит болуп саналат.

Мусулман дүйнөсүнүн башкы мечитиндеги оңдоо иштеринен кийин жаңы эрежелер киргизилди. Биринчи тыюу селфи жасаганды жакшы көргөндөргө тиешелүү: Аль-Харамдын имамы мечиттин ичинде сүрөт жана видео тартууга тыюу салды. Ошондой эле имамдар Меккедеги аль-Харамдын жана Мединадагы Мукамбет пайгамбардын мечитинин сөлөкөттөрү түшүрүлгөн сувенирлерди сатууга тыюу салганга аракет кылышты.

Кайра куруп, оңдоо иштери зыяратчыларга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү максатында жүргүзүлдү. Алардын, эң негизгиси, сөзсүз, коопсуздук маселеси болду, мурда болгондой куралчан адамдарын мечитти басып алып, зыяратчыларга кол салуусун болтурбоого көңүл бурулду.

Кыргызстан үчүн болсо негизги маселе – ким гана ажылыкты уюштурбасын, ал бердыгына жеткиликтүү болуп, аны ачык-айкын уюштурулушу керектигин камсыздоо.

Алмаз Исманов

Абылай Саралаевдин сүрөтү

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине