По-русски

Кыргызстандагы «Орус дүйнөсү»

13:47, 8 Мая 2015

Бир айдан кийин Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин толук кандуу катышуучусу болот. Ал эми, Кыргызстандагы тигил же бул ишмердүүлүктү жүргүзүп жаткан орусиялык уюмдар менен фонддорго болгон коомдук кызыгуу дагы эле басаңдай элек. Биз алардын айрымдары туурасында айтууга аракет кылалы. 

Орус дүйнөсү

Бул жерде Москванын өзүнөн каржы жагынан жана методикалык жактан колдоо алып жаткан уюмдар тууралуу айтканыбыз туура. Башкалары да бар – алар орустардын, татарлардын, чечендердин жана башка этникалык коомчулуктардын  демилгелери менен түзүлгөн. Алардын баары жеке сүйлөшүүлөрдө, Москвадан, Казандан, Грозныйдан колдоо алууну каалагандыктарын айтышат. Бирок ал жок. Каржылай дагы,моралдык дагы. Ачык интервьюларда мекендештер мындай билдирүү жасай алышпайт, бирок «социалдык жетимдик» - ата-энеси тирүү туруп жетим калган балдарды түшүндүргөн термин  - ушул жерге туура келет. Өлкөнүн үстүнөн кандай гана геосаясий шамал урбасын, бир нерсе өзгөрүүсүз калат: тарыхый мекенинин кызыкчылыгын коргоп, салтын сактаган мекендештер чоң Орусиядагы өз тектештерине кереги жок, алар өз көйгөйлөрү менен жалгыз калышкан. Бул тезисти талашка алууга болот, ага нааразы болсо да болот, бирок бул сөздөрдө камтылган чындык Кыргызстандагы өтө көп адамдардын жүрөгүн өйүгөн оору болуп кала берет. 

Бүгүн биз биздин өлкөдө расмий иштеп жаткан орусиялык уюмдар туурасында кеп кылабыз. Тагыраак айтканда бирөө туурасында, көп учурда анын туусунун алдында өлкөбүздөгү бардык орусиялык  уюмдарды жаңылыш эсептеп жүрүшөт. Маңызы боюнча, «Орус дүйнөсү» - өкүлчүлүгү Кыргызстанда жайгашкан фонд ушул. 

Анын жетекчилеринин бири Вячеслав Никонов уюм туурасында мына буларды айтып берди:

-  «Орус дүйнөсү» фондунун артыкчылыгыбул орус тилин окутуу  борборлорун колдоо жана алдыңкы университеттик борборлор менен дүйнө китепканаларында өзүбүздүн борборлор  менен кабинеттерибизди ачуу. Бүгүнкү күнү бизде 76 ири борборубуз бар. Бардык эле жерде бизди кучак жайып тосуп алышпайт. Бирок, ошого карабай, орус тилине болгон кызыкчылык азыр жогору деп айткым келет. Чынында,  бул токсонунчу жылдарда болгон зор кулоодон кийин болуп отурат. Менни эсептөөлөрүм боюнча, орус тилинде сүйлөгөн адамдардын саны акыркы 20 жылда 50 миллион адамга азайды. Бир да тил дүйнө жүзүндө мынчалык тездик менен жоголгон эмес.  Казакстанда, айтмакчы, орус тилине байланышка ири көйгөй жок. Ал жакта балдар милдеттүү үтүрдө орус тилин да, казак тилин да, англис тилин да  окушат. Кыргызстанда абал начарыраак. Ал жакта көпчүлүгү орус тилин окугулары келишет, бирок окутуучулар менен окуу куралдары жетишпейт. Мисалы, Грузияда мамлекеттик саясат орус тилин окутууну караган эмес. Биздин ал жакта борборубуз жок, анткени биз да экстремалдар эмеспиз. Мисалы, Арменияда Орусияга абдан жакшы мамиле кылышат, бирок биринчи президенти Тер-Петросяндын тушунда эле бардык орус мектептерине тыюу салышкан. Бул чечим дагы эле алынып сала элек. Бирок, башка жагынан алып караганда Армениянын президенти   Саркисяндын, орус тилин билүү – жогорку окуу жайларында тапшыргандагы милдеттүү болуп саналаары туурасындагы чечими бар. Ал жакта көптөгөн окуу жайларла орус тили бир гана филологиялык факультетте эмес, башкаларда да окутулат. Же Монголияны алалы. Ал жактан орус тилин 7-класстан баштап милдеттүү түрдө окушат. Түркмөнстандан айырмаланып, ал жакта бүт өлкө боюнча бир гана орус мектеби бар. Бир сөз менен айтканда, биз орус тилин жана орус маданиятын окуп үйрөнүүгө жардам берип жатабыз.

Фонддун ишмердүүлүгү бул декларацияга каршы келип жаткандыгы туурасында бир да далил таба алганыбыз жок. Мүмкүн, мунусу да жакшыдыр. Кандай болгон күнү да, Кыргызстандын ички иштерине кийлигишүү туурасында кеп бир жактуу болгон жок. 

Орускызматташуу (Россотрудничество)

Кыргызстандагы  «жумшак күчтүн» борбору деп аташкан дагы бир курам – бул, «Кремль тыңчылары»  туурасында ар бир макалада эске алынган  Орускызматташуу (Россотрудничество).  Батышчыл ЖМКлардын маалыматтары боюнча, мына ушул жерде бардык каалагандарга гранттар  берилет. Негизги көйгөй, өтө каалаган учурда да грант алуучуларды табуу мүмкүн эместигинде (мисалга, ошол эле «Сорос» фондунан грант алууну каалагандардан айымраланып).  Анткени, мындай табигатитта болгон эмес. Орускызматташуу же  Илим жана маданият Орусиялык борбору өзүнүн гана долбоорлорун: акындык кечтерин, адабий жолугшууларын, тил күнүн, ретроспективдүү кинокөрсөтүүлөрүн жаеа чыгармачыл кечелерин гана каржылайт. Ар кайсы ЖМКлардын бул курамдан бир нерсе алууга болгон аракети дайыма бир гана сөз – Акча жок менен аяктайт. Мүмкүн, ошол себептен айрымдары таарынышып, Орускызматташуусунун жашырын айлантуулары туурасында коркунучтуу имиштерди таратып жатышса керек. Айтор, бул сөздөрдүн чыныдыгын ар бир каалоочу текшерип көрсө болот – айтылган борборго барып, орус кызыкчылыгын алга жылдыруу туурасындагы өз кызматыңарды сунуштап көргүлө. 

Илим жана маданият Орусиялык борбору Бишкектин  тарыхый бөлүгүндө, Эркиндик гүлбагында, темир жол бекетинен алыс эмес жайгашкан. 

«Илим жана маданият Орусиялык борборунун негизги багыты – Кыргызстандагы гуманитардык долбоорлорду колдоо жана жылдыруу, коомчулукту Орусия Федерациясынын тарыхы жана маданияты менен, анын ички жана тышкы саясаты, илимий, маданий жана экономикалык потенциалдары менен тааныштыруу, мекендештердин, жергиликтүү  өнөөктөштөрдүн уюмдары –музейлер, театрлар жана кинотеатрлар, концерттик жана көргөзмө залдары, талкуу клубдары жана башка маданий профилдеги уюмдар менен байланышты бекемдөө жана кеңейтүү», - Интернеттеги Орускызматташуусунун визиттик баракчасында ушундай жазылуу. Ал эми Москвадагы жеке булактар, 2015-жылга карата Кыргызстанда боло турган жөнөкөй маданий демилгелерди каржылоо таптакыр кесилип салгандыгын айтышууда. 

«Евразиялыктар – жаңы толкун» фонду

 

Грант берүүчү катары бул фонддун аты да көп аталып калат. Чындап келгенде, бул фонддун капиталдык фонду таптакыр жок. Евразиялыктар  студенттер  жана жаш волонтерлор менен  иштешет.

Иш жүзүндө мунун баары – Жеңиш күнүнө жана УАМ согушка  таандык башка күндөргө же студенттик конференцияларга карата өткөрүлгөн аскердик-патриоттук иш чаралар (ЖОЖдордун ресурсу менен окутуучулар жана студенттердин күчү менен даярдалат). Кээде студенттер менен жаш журналисттерди Москвага же Екатеринбургга алып келишип, ар кандай Журналистика мектептерине катыштырышат. Мени, мындай иш чаралардын көп катышуучусу катары, катышуучуларга кремлдик көз карашты таңуулоо аракети дээрлик жоктугу дайыма таң калтырып келет. Андан сырткары, машыктыруучулар, лекторлор катары, «Кремлдин тыңчысы» стереотибине ылайык келе турган көз караштарды үгүттөгөн адамдар да чыкпайт. Бул, эреже катары, жөн гана квалификацияны жогорулатуу курстары. Анын таза жана таштапкы түрүндө. Анын үстүнө, акыркы мезгилдерде,тагыраак айтанда, акыркы бир жылда фонддун аты менен чыгып жаткан чет элдик сапарлар дээрлик жок болду. Жаштардын демилгесин каржылоону абдан кыскарткандыгын айтышууда.

ЖМКдагы «Жумшак күчтөр»

Азыр орус ЖМКлары бар, алар тууралуу жазуунун зарылдыгы деле жок, анткени алар толугу менен өзүнүн чыгарышы менен гана чектелген, аны окуп туруп – ар бир окурман өз корутундусун чыгарып алат.  Дагы активисттер, журналисттер жана аналитиктер бар, бирок алар жалгыз гана Кыргызстанда эмес. Алардын өзүнүн жеке позициясы жана өз итеграциясын киргизүү идеялары бар. Өздөрү. Ошондуктан, алар өзүнүн туура экендигине ишенишет. Алардын мотивдери, эмнени жана эмне үчүн кылып жаткандыгы туурасында бул материалдын авторуна берген өз интервьюсунда Ригалык кесиптеш, «Однако» веб-долбоорунун  шеф-редактору,  аналитик, евразиядык мейкиндиктеги процесс боюнча эксперт  Виктор Мараховский  жакшы айтып берди:

- Эгер евразиялык коом курулбаса, бардыгы утулушат, майда улуттук элитаны түзгөн, бай көпөстөрдүн алдында буйрук жазуучу болуп иштөөгө даяр жүз миң адамдан башка эч ким утпайт. Ал эми ал көпөс кандай болгон күнү да, ЕАЭС тен башка бардык учурларда  пайда болооруна шек санабай эле коюу керек.  Эч ким чыныгы көз карандысыздыкты ала албайт. Азыркы  «ар векторлук» аныктамасы боюнча убакыттан аяктайт: ал Орусия бир ийинин тосуп турганга чейин гана жашайт. Эгер ал ийинин тартып алса эмне болоорун  - Прибалтика, Грузиядан көрүнүп турат , азыр Украина да аны жон териси менен сезип жатат. Грузия да, Прибалтика да толугу менен көз карандысыздыгын жоготкон аймак болуп калды. Бул учурда, алар өз көз карандысыздыгын  кимдир бирөөнүн канатанын алдындагы тынчтыкта өнүгүү үчүн алмашпаганы маанилүү болуп турат. Алардын бардыгы болуп көрбөгөндөй депопуляцияны баштан өткөрүшүүдө (эл жөн гана ал жакка кетип жатышат) жана коом чындап бузулууда ( жашоосунда  «башкарууга алмашкан баш ийүү» принцибин кармап калышкан).  Бир гана жөнөкөй мисал менен: Батыш  өз колонияларындагы  коомду өнүктүрбөйт.  Биз ошону үчүн иштеп жатабыз. 

- Окурман бүгүн кимге ишенет?

- Дүйнө туурасындагы айткандары, болуп жаткандарды онлайн-жазуусу анын издөө мыңызына туура келгендерге. Ал мааниге туура түшүнүк бергендерге.

Бул макаланын автору катары, мага ишенүү же ишенбөөнүн  эч кандай зарылдыгы жок. Бул текстте келтирилген фактыларды текшерүү оңой. Ал эми  «Жаңы жүздөрдүн» окурмандарына мен дүйнөгө болгон так, калыс эана обьективдүү көз карашты каалайм.

Мария Никитина
 

© Новые лица, 2014–2015
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине