Кыргызстан эшек менен даңкталды

14:57, 16 Марта 2015

Кыргызстан  кайрадан бүт дүйнөнү таң калтырды, бул ирээт, жергиликтүү кафе жана ресторандарга даярдалып, жеткирилип жатышы мүмкүн делген эшектин этине байланыштуу чыккан жаңжал себепкер. Окуя өтө чуулгандуу болуп, аны парламенттеги угуулар, өкмөттүн отставкасын талап кылуулар, жада калса «Себат» тутумундагы окуу жайларын жабуу сунушу менен коштолду.

Экинчи жумадан бери коомдук тамактануу жайлары менен колбаса чыгарган цехтерди ветеринардык жана фитосанитария Мамлекеттик инспекциясы текшерүү жүргүзүп жатат. Бишкектеги бир катар кафелер, «Бергул» ЖИ колбаса цехи ветеринардык жана санитардык талаптарды аткарбагандыгы үчүн ишмердүүлүүгүн токтотушту. Андан сырткары, үч кафенин эт сактаган муздаткычтары чапталып бекитилди, алардын админстрациясы текшерүүчүлөргө этке коштоочу  документтерин көргөзө алышкан эмес.

Бишкек боюнча бардыгы болуп  150 коомдук тамактануу түйүнү  текшерилди. Кафе менен ресторандардан башка, комиссия мал союучу цехтерди, эт саткан дүкөндөрдү о.э. соода түйүндөрүн текшерип жатат.

Эшектин этинин айланасында чыккан чуулган, КТРКнын журналисттери Бишкектин жанындагы эшектерди багып, союп жаткан жерге барып, алар туурасында эфирге чыгаргандан кийин, 24-февралда башталды. Бул эттер, өлкөнүн башкы телеканалынын журналисттеринин божомолу боюнча Бишкектин коомдук тамактануу жайларына жеткирилип жаткан.


Кийинчерээк, бул өндүрүштүк база – жер тилкеси жана жабдуулары менен мал союучу имарат – мамлекеттик финансы көзөмөлүнүн мурдагы төрагасы Юруслан Тойчубековдун туугандарына таандык экендиги такталды. Чиновник базаны ижарага берип келген, анда «Кай-Тал» эшектерди союу боюнча бизнес ачышкан. Укук коргоо органдары бул иш боюнча жазык ишин козгоду.

Тамак ашты уюштуруу боюнча адис Данияр Деркембаев мындай деп эсептейт: «Менин оюмча, эшек этин санкцияланбай колдонуу биринчи кезекте керектөөчүлөрдүн укугун бузат, анткени, аларга тамакты даярдап жатканда эшектин этин колдонгондугу тууралуу билдиришкен жок да. Башка жагынан алганда, бул абдан коркунучтуу, себеби эшектер маңка оорусу менен көп оорушат. Маңка – Burkholderia  mallei бактериясы менен чакырылган контагиоздуу жугуштуу ылаңдуу бактериалдык өнөкөт оору жана септикопиемия тиби боюнча спецификалык бүдүрлөр жана ириңдүү шишик пайда болуу менен жара ринити жаана лимфаденит пайда болот, муну менен теринин ириңдүү-некротикалык дарттануусу күчөйт. Негизинен маңка менен жылкылар, качырлар жана эшектер оорушат. Тилекке каршы, эшектин эти коомдук тамактануу жайларында колдонулган жок деген кепилдикти эч ким бере албайт. Азыр Кыргызстанда бул тармакта көзөмөл алсыз. Азыр, мамлекет тарабынан жалпы коомдук тамактануу жайларына болгон көзөмөлдүү күчөтүү зарыл деп ойлойм.

Ошентсе де, коомчулук  ЖМК жана интернеттин  аркасында эшектин эти туурасындагы маалыматка оперативдүү мамиле кылганы кубандырбай койбойт, бул колбаса жана эт азыктарын өндүрүүчүлөргө көңүл буруу үчүн жакшы шылтоо».

Эшектин эти – кара пиарбы же дал келүүбү?

Бирок, бул учурда эң таң калычтуусу түрк ЖМКларынын реакциясы болду, алардын бир катарында эшектин «Себат» тутумундагы окуу жайлардын ашканасына алынып келинген деген маалымат жарык көргөн. Депутат 22 жылдан бери биздин балдарды окутуп келе жаткан бул окуу жайларын жабуу туурасында чакырык менен чыкты. Мындай сунушун  «Ата-Журт» фракциясынын лидери Жылдызкан Жолдошова айтып чыкты.

 «Себат» деген эмне?

Эми бул  кырдаалды салкын кандуулук менен карап көрөлүчү. Бул чуулган маалыматтык согуштун алкагындагы чыныгы чабуулга окшош. Шаар тургундарын эшектин этин коомдук тамактануучу жайларда колдонулушу мүмкүндүгүнө байланышкан негативдин толкуну каптады. Анан, ушул чуулганды улартуунун катарында түрк ЖМКлары тарабынан даярдалып, кыргыз журналистинин берүүсү менен чыккан, мүмкүн,бул эт менен кыргызстандык лицейчилерди тамактандырышкан деген маалымат жылжып чыгып отурат.

Катардагы шаар тургуну, Түркиянын президенти Реджеп Тайып Эрдоган менен  «Себат» окуу жайларынын  түзүүчүсү Фетхуллах Гулендин ортосунда карама каршылыктар бар экендигин изилдеп отурмак беле. Биз үчүн ал чоочун саясат, анын Кыргызстанга тиешеси да жок. Ал эми Кыргызстанга, билим берүү мекемеси – «Себат» эл аралык коммерциялык эмес окуу жайы Кыргыз Республикасынын маданият жана билим берүү министрлиги менен Түрк билим берүү ассоциациясынын ортосундагы 1992-жылы майдан берки келишимдин негизинде иштеп келе жаткандыгы тийиштүү.

Бүгүн Кыргызстан боюнча «Себаттын» 15 лицейи, «Ататюрк-Алатоо» Эл аралык университети,  «SilkRoad» эл аралык мектеби, 3 толук эмес билим берүү мектептери, Бишкек шаарында студенттик жатакана бар.

Азыркы учурда биздин окуу жайларда 1912окуучу жана студенттер билим алып жатышат.

Лицейге кабыл алуу республиканын бардык аймактарынын  6-классынын окуучуларына бир жолку тест жүргүзүү аркылуу тандалат.  «Себат» билим берүү мекемелеринде шаардык окуучулар да,алыскы райондон келген окуучулар да окушат.

Бардыгын кызыктырып да, түйшөлтүп да келген жалгыз маселе – окутуу акысы. Бир жакшы жагы, мыкты окугандарга, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарына жана аз камсыз болгон балдарга жеңилдиктер бар. Ишмердүүлүгүнүн эң башында  «Себатта» окутуу акысыз болчу, бирок түрк лицейлеринин белгилүүлүгү жана кадыр баркы жыл сайын өсө берди. Ага ылайык, окугандардын контингентинин өсүшү менен тамак ашы жана жатак мектепте жашаганы үчн акы төлөө киргизилди. Жетекчилиги түшүндүргөндөй, бул акы төлөө жайгашкан жерине байланыштуу эсептелген. Нарын, Кадамжай, Кызыл-Кыядагы алыскы лицейлерде окуу акысы 900-1100 долларды түзөт. Ал эми Бишкек шаарынын лицейлеринде эң бийик акы – жылына 3100 доллар.

Чындыгында, берилген жеңилдиктерди эске алганда, ата-энелердин төлөгөн акчасы окуучуларга кеткен чыгашаларды араң жабат. Ага окуучуларды тамактандыруу, окуу корпустарын, жатаканаларды, башка кошумча жайларды, жаңы имараттарды куруу, оңдоонун бардык түрлөрүнө кеткен башка чыгымдар демөөрчүлөрдүн каржылай колдоосунан ишке ашырылат. Алар о.э.уу-материалдык базаны чагылдырууну да каржылашат.

Бардык лицейлерде турмуштук шарттары менен жатаканалар бар. Студенттер үчүн 4 жатакана ачылган: Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 1 жана Жалал-Абад шаарында 1, аларда 598 адам жашайт. 

Окуу пландары лицейдин компонентин кошкондо базалык мамлекеттик стандарттарга ылайык келет.

Түрк лицейлерине балдарын киргизүүгө аракет кылган ата-энелерди англис тилин тереңдетип окуткандыгы кызыктырат. Андан сырткары, математика, физика, биология, информатика сабактары да англис тилинде жүргүзүлөт. Бул сабактар боюнча окуу программалары «Себат» илимий-методикалык борбордон иштелип чыгат да, Кыргыз билим берүү академиясында экспертизадан өтөт, андан кийин Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим Министрлиги тарабынан бекитилет. 

Экинчи чет тили – түрк тили. «Себат»  лицейлеринде билим берүү программасын туура тандагандыгы, окутуунун сапаты окуучулардын республикалык олимпиадаларда жетишкен жеңиштеринен айкын көрүнүп турат. 

Окутуунун сапаты кесипкөй, чыгармачыл, жоопкерчиликтүү,  өзүн өркүндөтүү боюнча тынбай эмгектенген мугалимдердин колунда. Лицейлерде Кыргызстандын 885 мугалими иштейт, ал эми Түркиядан 137 мугалим келген. Техникалык персоналы 1150 дөн ашык адамды түзөт.

Эгер аны Кыргызстандын окуу жайлары  менен салыштырсак, анда белгилей кетүү керек, «Себат»  лицейлериндеги окуу процессинин майнаптуулугу алдыңкы,жаңы заманбап окутуу технологиялары, окуу-методикалык базага негизделген. «Себат» лицейлери азыркы учурда предметтик окуу бөлмөлөрү, компьютердик класстар, лабороториялар менен жабдылган, интерактивдүү такта жана аудио-видео техника менен жабдылган, Интернетке кеңири жеткиси бар, китепкана фонду жыл сайын жаңы муундагы окуу китептери, методикалык, көркөм, маалымдама адабияттары, энциклопедиялар, мезгилдүү басма сөздөр менен толукталып турат. 

1996 –жылдан бери лицейди 12468 бүтүрүүчү аяктаган. Мурдагы 236 лицейчи, педагогикалык билим алгандан кийин,  «Себат» лицейине иштөөгө кайтып келгендигин кубануу менен белгилеп кеткибиз келет. 5838 бүтүрүүчү Кыргызстанда (60%) жана чет өлкөлөрдө (40%) жогорку билим алып жатышат.

 «Себаттын» жетекчилигинин өзгөчө камкордугу өз бүтүрүүчүлөрүн иш менен камсыз кылуу болуп саналат. Адистиги боюнча жумушчу орундар менен камсыз кылуу, магистратурада, аспирантурада окуп жаткан  мезгилинде  жардам берүү  боюнча бардык чаралар көрүлөт. Азыркы учурда  «Себаттын» 5567 бүтүрүүчүсү  Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн иштеп жатышат, алар экономика менен мамлекеттик кызматтарда эмгектенишүүдө. Мicrosoft, Google жана Nestle, Cisco сыяктуу белгилүү компанияларда ийгиликтүү иштеп жатышкан бүтүрүүчүлөрдү да белгилеп кетүү ашыкча болбойт. 

Бирок, балдарды тарбиялоо жана алардын инсан катары калыптанашы алардын эң башкы жетишкендиги.  Жатаканаларда жашоо менен,уландар жана кыздар ынтымактуу болушуп, жамаатта жашап, иштөөгө билим алышат.

Чындыгында кыргызстандык ата-энелер ооздон-оозго түрк лицейлериндеги окуунун мыктылыгы туурасында айтып бүтпөй келишет.


Ушакчылыгы үчүн сотко!

«Себат» окуу жайынын өкүлчүлүгү окуучулардын дасторконуна эшектин этин беришкен деген ушак үчүн сотко бергени жатышат. 4- мартта «Себат» эл аралык билим берүү мекемесинин жетекчилиги бул чатакты изилдөөдө жардам берүү туурасында укук коргоо органдарына өтүнүч менен кайрылды. Иликтөөнүн натыйжасы боюнча билим берүү мекемесинин ар-намысы  жана беделин коргоо туурасында соттук доомат даярдалат.

Кебетеси, биз, Кыргызстандын ЖМКлары, кезектеги жолу,  «куурулган фактынын»артынан кууп баратып, өз өлкөбүздү уят кылуу менен бирге, өзүбүз да уят болдук окшойт. Эми болочокто эл аралык ченемдер менен жооп бергени калдык. Ушакчылык феномени эла ралык чатакка чейин жетти.  «Кыргызчылык» менен бизнесмендердин мурдуна тапанча такоо бул жерде суу кечпей калды окшойт. Эми колду жайып, бул чатактын мындай деңгээлге жетиши кимге пайда алып келмек жана биздин журналисттер биринчи маалыматты текшерип туруп, элге, анын ичинде эл аралык аудиторияга бериши үчүн эмне кылышыбыз керек деген суроого гана жооп издегенден башка арга жок калды окшойт.

 Айгуль Токобаева 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине