Кыргызстан жалганчылыктын жана жек көрүүчүлүктүн кучагында

13:25, 19 Января 2015

Бүгүн бүт дүйнө көз алдыбызда өзгөрүп жатат. Европанын чок ортосу Парижде «Шарли эбдо» сатиралык журналынын кызматкерлерин Мухаммед пайгамбарды шылдың кылышкан карикатуралар үчүн толугу менен атып кетишти. Анан дароо эле бүткүл Париж сөз эркиндигин коргоп чыккан соң, бүт дүйнө экиге бөлүндү да калды: ошол уятсыз мамилени жөн гана кабыл алышкандар жана да өз сезимдеринин көп жылдардан бери шылдыңга алынып келе жатканы үчүн өздөрүн өч алгандай сезип калышкан адамдар болуп.

Анан дагы, ошол Париждеги кырдаал Кыргызстандагы массалык-маалымат каражаттарынын тегерегинде болуп жаткан иштер менен таң каларлыктай шайкеш келип турат. Биздин коомду көп жылдардан бери чынында эле өтө төмөнкү деңгээлдеги, коомчулук арасында бөлүнүп-жарылууну жайылткан журналистика менен кыйнап бүтүрүшкөндөй болду.  Эптеп-септеп эле ойдон чыгарыла жазылган макалалар, эч такталбаган, далилдерсиз жана талдоосуз берилген  «имиш-имиш» деңгээлиндеги, тек гана асмандан алынган, эч негизсиз ой жүгүртүүлөрдүн баары тең – бир гана максатты көздөп айтылып жатканы белгилүү – баягы эле тез арада  популярдуу болуу менен бирге өзүнүн нускасын өстүрүү үчүн.

Сөз эркиндигине болгон укук бизде абсурддуу формаларга чейин өсүп жетти, эч кандай аты-жыты белгисиз журналисттер бардык Кыргызстандыктарды тең, - Президенттен баштап, катардагы жарандарга чейин, шылдың кылып, кемсинтип же ушак менен көө сүйкөп кою укугуна ээ болуп калышты.

Ооба, Кыргызстан – постсоветтик аймакта «демократия аралчасы» болгон жана ушундай болуп кала бермекчи. Ооба, кыргызстандык массалык-маалымат каражаттары либералдуу мыйзамдар менен, окурмандар болсо – көп түрдүү газеталар жана журналдар бар экендиги, пикирлердин көп түстүүлүгү менен мактана алышат. Ошондуктан, 24 жылдан берки көз карандысыздык учурунан бери биз сыймыктана ала турган бир гана нерсе – бул сөз эркиндиги.

Бизде башынан бери эле журналисттер үчүн абдан ыңгайлуу шарттар түзүлүп, советтик журналистиканын бай тажрыйбалары батыш журналистикасынын принциптери менен тыгыз байланыштырылып, ошонун натыйжасы жаман болгон жок – азыркы кыргызстандын журналистикасы жаралды. Эгерде биз ошол жолдон тайбай, андан ары өнүгүп кеткен болсок, анда журналисттер абдан кубаттуу күчкө айланып, өлкөдөгү болуп жаткан кырдаалга жана коомдун өнүгүшүнө реалдуу таасир  эте алмак.

Бирок, биз жеңил жол менен кеттик да – саткын журналистиканын жолун тандап алдык. Келиңиздер, ачык сүйлөшөлүк. Финансылык жактан массалык-маалымат каражаттарын каржылоо абдан эле кыйын иш. А журналисттер болсо – жаш балдар сыяктуу, алар өз эмгектеринин бааланышын каалашат, демек, аларга эмгек акы төлөш керек. А акчаны кайдан алса болот? Акчаны өз кызыкчылыктары бар ар кандай саясий күчтөр сунуш кылып жатышат. Жана дагы, өз кызыкчылыктары бар эл аралык уюмдар дагы бар. Ошондой эле, коңшулаш өлкөлөрдүн саясий күчтөрү да бар, аларда болсо Кыргызстанга карата өзгөчө кызыгуулар бар. Ушундай көп түрдүү массалык-маалымат каражаттарынын арасынан, эки гана орус тилдүү гезит өзүн өзү каржылоого кудуреттүү, алардын бири көп жылдык кесиптик-адискөйлүк эмгектин натыйжасында, экинчиси – рекламалардан улам. Болду. Калган бардык гезиттер массалык-маалымат каражаттарын колдошкон чет өлкөлүк гранттарды алып жашап келе жатышкан. Бул булакча тыйылып калган соң, эптеп күн көрүп, жашап кетүү маселеси алдыга чыкты, ошондуктан, каржылык булактар үчүн көп гезиттер жана ресурстар бардык нерсеге барууга даяр болуп турушат.

Эми болсо Кыргызстандагы бийлик чыңдалып, туруктуулук жана өнүгүү башталганына кызыкдар эмес, өлкө ичиндеги жана чет өлкөлүк саясий күчтөрдүн пайда болуу кырдаалын карап көрөлүчү. Бул жерде ар кандай себептер бар. Ички саясатчылар тезирээк эле ресурстарга жетүүнү самап жатышканы түшүнүктүү. Ал эми чет өлкөлүктөр… Алардын кээ бирине башкарууга боло турган хаос керек, башка бирөөлөрүнө коркута турган мисал керек, «мына, көрдүңөрбү, силер мактап жаткан демократия эмнеге алып келерин?» дегенге, үчүнчүлөрү болсо – ачык элебиздин аймакка көз артып турушат. А демек, аларга дайыма саясий туруксуздук болуп турганы, бир дагы инвестор биздин экономикага каражат салбай, эл жумушсуз бойдон, кыжырданып, каалаган учурда козголоң чыгарууга даяр болуп олтура бергени пайдалуу.

Бул үчүн эмне кылышат? Эң эле жөнөкөйү –  жасалма сын айтылган макалаларды жазышат, азыркы бийлик тууралуу ар кандай  ушактарды таркатышат. Муну чет өлкөлүк массалык-маалымат каражаттары үчүн иштешкен журналисттер колдоп кетишип, Кыргызстандыктар жөнүндө эч кандай ойго да келбеген, абдан эле терс маанидеги маалыматтарды издей башташат, анткени, сенин өз мекениң жөнүндө эң жаман жазган нерселер эң жакшы баада сатылып кетип  жатпайбы. Кандайдыр бир качып жүргөн саясатчы мемуарын жазат да, анда бардык фактыларды өзүнө ыңгайлуу тартипте берип, жалганды кошуп, өз баасын бере берет. Бардык газеталар ошол оппозиция өкүлү сыяктанган неменин сөздөрүнө жүз ирет кайрылышып, түшүндүрмөлөрүн бере башташат, алар деле өз кезегинде муну чын дилинен жасап жатышкан жери жок, чет жактан каржылоо алып жатышат. Натыйжада, кичинекей эле бир жалган сөздөн же ушактан митинг чыгарса да болот, а андан ары  кезектеги  революцияга чейин деле анчейин алыс эмес.

Ушундай болуп жатпайбы, журналист жергиликтүү же чет өлкөлүк массалык маалымат каражаттарына өз  материалын сатуу үчүн, Кыргызстан жөнүндө же азыркы аракеттеги бийлик жөнүндөгү негативдүү маалыматтар сөзсүз түрдө басылаарын, калем акы төлөнөрүн билет, ошон үчүн жандили менен аракет кылат. Мына ошентип,  Кыргызстанды жамандаган макалалар биринин артынан бири жазылаберет.

Таанымал жазуучу Мар Байжиев көп жылдардан бери кыргызстандык журналисттерди тартипке чакырып келет.

- Сөз эркиндиги дегенбул каалаганыңдай «былжырай бер» деген эмес. Биз Кыргызстандагы тиешелүү мыйзамдарды иштеп жаткан кезде ар бир түзүм, агым, эксперт өз пикирин айта алышын эске алганбыз. Ар бир эле келесоо өзү каалаган нерсесин жаза бергенин эмес! Жазасыңбы – былжырабагын! Былжырадыңбы  – кечирим сурап, кетирген зыяныңдын ордун төлөп бергин. Ал эми шылдың-маскара тууралуу мен айтпай эле коеюн. Бул эч кандай акылга да сыйбайт, азыр болуп жаткан нерселер. Бизде гезиттер «редакция жоопкерчиликти өзүнө албайт», «автордун пикири редакциянын көз карашына дал келбей калышы мүмкүн» деп жазып калышты. Бул эмне дегендик? Ким ушак-айыңды, жалган маалыматты, шылдың кылууну жарыяласа, ал сөзсүз жооп бериши керек. Биздегидей эч ким эч нерсе үчүн жооп бербеген, коркунучтуу, жаман жана чирик тажрыйба өлкөнү жакшылыкка алып барбайт, - деп эсептейт урматтуу  классик Мар Байжиев.

Эң эле кызыктуусу, Кыргызстандагы абдан тажрыйбалуу саясатчы Өмүрбек Текебаев дагы жалганды жазган  журналист  Адилет Айтикеевди жоопко тарта алган жок.

- Айтикеев мени алдын ала билип туруп каралаган. Мен  милицияга кайрылдым, ал жазган фактыларды тактагыла деп, а эгерде алар такталбаса, анда жалган ушак таркатуу боюнча, парламент жакында эле кабыл алган жобо боюнча кылмыш ишин козгогула дедим. Кылмыш иши азырынча козголо элек, мен да милицияны шаштырганым жок. – дейт Текебаев. – Мен муну бул кылмыш ишти козгоо прецедент болуп калып,  коррупцияга каршы күрөшүү токтоп калбасын деген ой менен байланыштырып жатамын. Балким, кылмыш кодексинин бул жобосу анча терең ойлонулбай туруп кабыл алынгандыр. Бул кош тараптуу, курч жобо болуп жатпайбы, бир жагынан алып караганда коомчулук кызыкчылыктарына да каршы келген. Мүмкүн, укук коргоо органдары мындай кайрылуулар абдан көп болуп кетет жана чиновниктер же бийлиги барлар муну коомчулук кызыкчылыктарына каршы пайдаланып кетишет деп коркуп жатышса керек. Менде деле ушундай шектенүү бар, ошондуктан мен шаштырганым жок. Мага келгенде, мен өз максатыма жеттим деп ойлоймун, анткени, бул  журналист туура эмес жазгандыгы далилденди. Ал чет өлкөгө качып кетип, өзүнүн кандай күрөшчүл экендигин көрсөттү. Качан гана эч кандай коркунуч жок экендигине ишенгенде гана кайтып келди. Мен өкмөткө дагы бир ирет дыкаттык менен талдап көрүүнү сунуш кылар элем. Эгерде бул жобо коомчулук кызыкчылыктарына каршы пайдаланылып кетиши мүмкүн деген тобокелчилик бар болсо, балким, аны кайра чакыртып алуу керектир.

УКМКнын Ош областы боюнча бөлүмү журналисттин ачык эле жалганды жазганына дуушар болушту. Бөлүмдүн начальниги Асылбек Кожобеков мындай дейт: «Журналист Шохрух Саипов  «Фергана» сайтында УКМКнын кызматкерлери Ош областындагы бардык сакалчандарды кармап, аларды башкармага алып барып, 500 доллардан беришин зордоп талап кылып жатышат деп жазган. Мен Саиповдон биз кимди кармап, акча талап кылып жатканыбызды көрсөтүп беришин сурандым, ошол кызматкерлерди жазалап, кызматтан кетириш үчүн. Саипов бул маалыматты тек гана өзүнүн таанышынан уккандыгын айтты. Биз бул жерде өз абийирибизге шек келтирилип жатат деп чечтик, себеби, биз терроризм менен реалдуу күрөшүп жатсак, ал биз жөнүндө ачык эле ушундай ушак, жалаа таркатып жатпайбы. Биз сотко кайрылып, ага карата 1 миллион сом доо койдук. Журналист бул  фактыны сөз эркиндигине кысым катар көрсөтө баштады.  Ушундан соң, мага  «Фергананын» башкы редактору Даниил Кислов телефон чалды. Биз экөөбүз сүйлөшкөндө ал бул маалымат жалган экендигин моюнуна алды, жалпы эл алдында кечирим суроого даяр экендигин сунуш кылды. Биз макул болдук. Ал бул маалыматты жарыялады,  биз канааттанып калдык. Эч кандай куугунтуктоо болгон жок. Ал эми Шохрух Саипов жөнүндө айта турган болсок, анын улуу агасы Алишер Саипов чынында эле Өзбекистандын саясий режими тууралуу курч макалаларды жазчу. А Шохрух болсо бул кырдаалды чет өлкөгө чыгып кетүү үчүн пайдалангысы келген».

Кожобековдун айтымында, Саиповдун сөзүнөн улам журналисттик чөйрөдө дал ушундай маанайлар орун алып, аларды чекисттер куугунтуктап жатышат дей башташкан. «Журналисттик чөйрө маселе бул жерде эмнеде экенин ачыкташы керек, эгерде ал жерде журналисттин күнөөсү бар болсо, аны айга-күнгө жеткирип, айкырып чыгыштын кереги жок. А бизде болсо кичине эле бир нерсени да тоодой кылып көрсөтүп, ошол эле учурда олутуу маселелер чагылдырылбай калып келе жатат. Бул болсо журналисттердин компетентсиздигин көрсөтүп жатат. Көбүнчө үстүртөн алынган баалар берилет, ал эми теманы тереңирээк изилдөө  жок. Эптеп эле кызыгуу жараткан  фактыны берүүгө умтулушат. Айрым журналисттер болсо, эл аралык уюмдардын кызыкчылыктары үчүн иштешет, мамлекеттик органдардын каралаган иштери үчүн алардан кандайдырбир бонустарды алышат. Менин оюмча, ошол бонустарга болгон умтулуу журналисттердин көбүн  негативдүү жазууга аргасыз кылып, түртүп жатат.  Бирок, ошол фактыларды эл аралык уюмдар үчүн пайдалуу болгон ыңгайда гана  көрсөтүүгө умтулуп жатышпайбы».

Кожобековдун пикири боюнча, мамлекет башка чет тилдерди билишкен, олуттуу журналисттерди даярдоого милдеттүү.

«Кыргызстандын демократия аралчасы катары эң сонун кадыр баркы бар. Бизде чынында эле сөз эркиндиги бар. Ошондуктан, жаран катары бул эркиндикти кысымга алып, муунтууга болбойт деп эсептеймин. Көптөгөн журналисттер коомду тазалоо боюнча көп иштерди жасап жатышат, көп Өкмөттүк Эмес Уюмдар социалдык долбоорлорду ишке ашырып, коррупция менен күрөшүп жатышат,  журналисттер ошол проблемаларды чагылдырып жатышат. Мамлекет тарабынан чынчыл журналисттерди материалдык жактан колдоого алуу болушу керек»,- деп эсептейт, бул маселени чечүүдө Ош областынын башкы чекисти.

Медиаэксперттердин массалык-маалымат каражаттарынын абалы жөнүндөгү баяндамасында мындай деп айтылат: «Кыргызстандын маалымат айдыңында өлкөнүн эгемендигин сактап, мындан аркы өнүгүү үчүн зарыл болгон позитивдүү медиа-образы жок. Медиа-реалдуулук абдан кооптуу, Кыргызстандык массалык-маалымат каражаттары тарабынан түзүлгөн Кыргызстандын ички медиа-образы өлкөнүн жана мамлекеттин образынын негативдүү мүнөзү менен калктын аң-сезимдин түпкүрүндөгү позитивдүү нерселерге карата керектөөлөрүнө болгон талабынын ортосунда, же бери эле болгондо өз өлкөсүнө, өз мамлекетине, өз жарандаштарына карата болгон мамилелеринде ар кандай карама-каршылыктуу чаташууларга жол ачат».

Дал ошондон улам, жылдын жыйынтыгы чыгарылган пресс-конференциясында президент Алмазбек Атамбаев бир нече ирет журналисттерге өз өлкөңөрдү сүйүүңөр керек деген чакырык менен кайрылды.

«Жада калса чет өлкөлүк эксперттер дагы, дүйнөнүн бир дагы башка өлкөсүндө журналисттер тарабынан өз өлкөсүнө карата Кыргызстандагыдай жек көрүү жана каралоо жок деп белгилеп жатышат. Айрым  журналисттер биздин айлык акыларыбыз аз, ошондуктан улам ушундай ушак сөздөр, каралоолор болуп жатат деп актанышы мүмкүн. Менин оюмча, кандай болгон күндө да, кудайдан коркуш керек. Ушундай ыплас нерселерди жасагандан көрөкчө, ачка эле жүргөн жакшы да. Силер ар кандай булганыч нерселерди ойлоп таап, калп нерселерди жазганда, бул биздин өлкөгө дагы терс таасир этип жатат. Бул биздин жалпыбыздын өлкөбүз, биздин балдардын, биздин неберелердин өлкөсү. Сүйө билүүгө үйрөнүүгө убакыт жетти»,- деп айтты президент Алмазбек Атамбаев.

Ошентип, бир жөнөкөй чындыкты белгилеп койгум келет –биз өзүбүз өз мамлекетибизди урматай билишибиз керек, ошондо гана бизди коңшулар урматтай башташат.

Ал эми Париждеги коомдун ыймандык баалуулуктарына карата түкүргөн басылманын журналисттерине карата жасалган теракт жөнүндө айта турган болсом, бул кырдаалга келгенде көз караш бир жактуу болушу мүмкүн эмес. Адамдын өмүрү баа жеткис өлчөм, биз дагы ошолорун алган окуялар үчүн кайгы тартып жатабыз. Бирок, бул биздин баарыбыз үчүн, журналисттер үчүн өз жоопкерчилигин сезе билүүдө, биздин коомду кайда алып бара жатканыбыз жөнүндө ойлонуп көрүүдө абдан чоң сабак болуп калат.
 

Лейла Саралаева 

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине