Эл сел жүрүшү мүмкүн кооптуу аймактардан көчкүсү келбейт жатат. Трагедия кайталанбайбы?

17:06, 20 Марта

Сүрөттө: Былтыр июлда Ош областынын Араван районундагы Кичи Алай айылында жүргөн сел 5 үйдү көмүп, 4 автоунааны алып кеткен. Адамдар жабыр тарткан эмес.

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчиси Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештеги сөзүндө жер көчүп, сел жүрүшү мүмкүн кооптуу аймактарда жашаган көп үй-бүлөлөр коопсуз жерлерге көчкөнгө каршы болуп жаткандарын билдирди. Жер көчүшү мүмкүн жерлерде учурда 2 миң 635тей үй-бүлө (же болбосо 4 миңден ашык адам) жашайт, алардын ичинен 1747 үй-бүлө жаңы жер тилкелер менен ссудаларды алышкан, бирок азыркыга чейин коопту аймактарда жашап келишет.

КР Өкмөт башчысы Сапар Исаков 28-февралда өткөн жарандык коргонуу боюнча ведомствалар аралык жыйында “бир жарым айдын ичинде адамдарды башка жакка көчүрүү боюнча бардык чараларды көрүү” тапшырмасын берген. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кыска мөөнөттө жашоочуларды биринчи кезекте көчүрүүгө туура келген кооптуу участоктордун тизмесин даярдап бериши керектигин, ал эми Финансы министрлиги каралган ссудаларды өз учурунда төлөп туруусу зарыл экендигин тапшырды. Бирок жашоо көрсөткөндөй, эл ссуданы жана жаңы жер тилкесин алган күндө да жаңы жерге көчкүсү келбей, эски орундарында жашап келишет.

Тилекке каршы, бул маселе азыркыга чейин курч бойдон калууда. Бир гана Ош областында 900дөн ашык үй-бүлө ссуда менен жаңы жер тилкени алышса да жашаган жерлеринен көчкүлөрү келбей жатышат. Эми элестетип көрсөңөр – канча адам кооптуу аймактарда жашап жатышат. Эртең былтыркы Өзгөн районундагыдай трагедия болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт, анда жыйырмадан ашык адам курман болгон эле. Чоң жер көчкү жүрүп, алар баткак менен таштардын көп метрлик катмарынын алдында калып калышкан.

“Кыргыз Республикасынын аймагында 2017-жылдын 12 айында 339 табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталды, ал эми 2016-жылы 248 өзгөчө кырдаал катталган. Болуп өткөн өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында 141 адам, 2016-жылы 47 адам курман болгон. Келтирилген материалдык чыгым 2017-жылы 1 млрд. 27 млн 427,5 миң сомду түздү, ал эми 2016-жылы 1 млрд 6 млн 176,3 миң сомду түзгөн. Кырсыктардын ичинен 2017-жылдын 12 айында көп кездешкен өзгөчө кырдаалдар: кар көчкү – 107, жер көчкүлөрүнүн түшүүсү – 69, сел – 46, суу ташкыны – 36, катуу шамал 17 жолу катталган”, - деди жылдын жыйынтына арналган ӨКМдин коллегиясында Өзгөчө кырдаалдар министинин орун басары полковник Калыс Ахметов.

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 1990-жылдан 2016-жылга чейин өлкө аймагында 518 жер көчкү катталган. Ал эми былтыр 158 жер көчкүсү болуп, Сузак, Өзгөн жана Кадамжай райондорунда 34 адамдын өмүрүн алып кеткен. Ушул эле убакта экстремалдык кырдаалдагы 142 адам куткарылган. Жыл ичинде 586 объектте жумуш жүргүзүлүп, анын ичинен 545 объект пайдаланууга берилген. Аткарылган иштердин натыйжасында узундугу 24 миң метр дамба, 5 көпүрө курулуп, 63 миң куб көлөмдө селкана тазаланып, 1242 м дарыяны тазалоо иштери аткарылып, өзгөчө кырдаалдардан 36 миң турак жай жана 22 мектеп корголгон. Бирок бу да жетишсиз, жарандык коргонуу боюнча ведомствалар аралык акыркы жыйында айрым зарыл иштер каржынын жетишсиздигинен токтотулганы айтылган.

Сүрөттө: 2016-жылдын май айында Ош – Айдаркен жолунун 125-километриндеги сел 5 адамдын өмүрүн алып кеткен.

Былтыркы табигый кырсыктар келтирген чыгымдардын болжолдуу өлчөмү 225 млн сомду түздү. Өлкө боюнча кооптуу аймактарда жашаган 5146 үй-бүлөнүн 2465и гана коопсуз аймактарга көчүрүлгөн. Калгандары ар-кайсы себептерден көчкүлөрү келбей жатышат.

Кооптуу аймактар негизинен Ош, Баткен жана Жалал-Абад областтарында жайгашкан. Касан-Сай, Майлуу-Сай, Кара-Үңкүр, Көк-Арт, Кара-Дарыя, Кара-Кулжа, Яссы, Куршаб, Ак-Буура, Исфарам-Сай жана Шахимардан суулары өзгөчө көп тынчсызданууну жаратышат. Алардын ичинен эң кооптуулары болуп Кара-Үңкүр жана Көк-Арт суулары эсептелишет.

Өкмөт башчынын буйругу боюнча Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети бул суулардын нугунда кум менен шагылды алып иштеткен 23 жеке компаниянын ишмердүүлүгүн 3 айга токтоткон. Бул убакыттын аралыгында алар ӨКМдүн бөлүктөрү менен биргеликте суунун жээктерин бекемдеши керек болот. Мурда Жалал-Абад областынын Сузак районунда жазындагы суу ташкыны жээктерди жырып кеткен учурлар болгон. Бул компаниялардын көзөмөлсүз иш алып баруусу суу жээктерин бузуп, турак жайларды жана айыл чарба жерлерин суу каптап кетишине коркунуч туудургандыгы тууралуу ӨКМдин адистери буга чейин бир нече жолу эскертишкен эле.

Былтыр апрелде Кара-Үңкүр суусу дамбаны жууп кетип, калктуу конуштарды суу каптап кетиши коркунучу жаралгандыктан эбегейсиз көп сандагы жергиликтүү калкты эвакуациялоого туура келген. Бардыгы болуп 5,5 миң адам коопсуз жерге көчүрүлгөн болчу. Алардын көбү туугандарына жана тааныштарына убактылуу жайгаштырылган эле. Бактыбызга, жергиликтүү бийлик, куткаруучулар жана элдин өзү уюшкандыкта иш алып барышкандыктан адам курмандыктары болгон жок.

Эң чоң трагедия өткөн жылы Өзгөн районунун (бул район жер көчкүлөрдүн саны боюнча рекорддорду коюп келет) Аюу айылында болгон. Чоң жер көчкү 11 үйдү талкалап, 24 адамдын өмүрүн алып кеткен. Трагедия болгондон кийин Аюу айылынын тургундары жер көчкүсү болушу мүмкүндүгү тууралуу эскертилгендиги белгилүү болду. Андан сырткары коопсуз жерге көчүп барууларын бардык шарттар түзүлгөн болчу. Парламенттик дебаттар учурунда бул айылдын 10 тургуну трагедияга чейин 150 миң сомдон ссуданы жана жаңы үй салганга жер тилкелерин алгандыгы белгилүү болду. Айыл турган аймакты адистер өтө коопту деп 2013-жылы эле айтышкан экен. Бирок айыл тургундары тобокелдикке салып жашай беришкен. Бул күндөрү да 24 үй-бүлө бул айылдан көчүп кетүүгө каршы болушууда. Өзгөн районунда коопту аймактарда жалпысынан 700дөн ашуун үй-бүлөлөр жашап келишүүдө.

Өткөн жылы ноябрда жергиликтүү бийлик КР ӨКМ менен биргеликте ссудаларды жана коопсуз аймактарда жаңы жер тилкелерин алып алышып, бирок айылдан көчүп кеткиси келбей жаткан үй-бүлөлөрдү сотко беришти. Сот кандай чечим чыгараары, жана да сот доо арызды канааттандырса элди мажбурлап башка жерге кантип көчүрүшөөрү азырынча белгисиз.

Сүрөттө: 2017-жылы май айында Аюу айылындагы жер көчкүнүн алдында калган адамдарды ӨКМ кызматкерлерин издеп жүрүшөт.

Коомчулуктун жана депутаттардын сынынан кийин аткаминерлер ушундай чараны колдонгонго аргасыз болушту. Парламенттик дебаттар учурунда депутаттар кооптуу аймактарда жашаган калкка эскертүү берүү жолдорун өзгөртүүнү сунуш кылышты. Жашоо көрсөткөндөй, анын натыйжалуулугу начар болууда. Ссудалар, жаңы жер тилкелер берилүүдө, ал эми адамдар болсо мурдагы эле жеринде жаша беришүүдө. Эң негизгиси, жергиликтүү бийлик бардыгын көрүп, билип турат. Алар эл эскертилгендиги тууралуу тилкаттарды чогултуу менен гана алек. Жарандарынын өзүлөрүнүн, Өкмөттүн жана ӨКМдин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жоопкерчилиги тууралуу маселени караштырыш керек окшойт.

Алмаз Исманов

Сүрөттөр Интернеттен алынды 

© Новые лица, 2014–2018
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине