Кыргызстандагы жаңы аскер базалары: мүмкүн эмес мүмкүнбү?

20:51, 27 Февраля

Биздин региондун түбөлүк ысык түйүнү Ооганстанда кайрадан ысык сезиле баштады. КМШнын түштүк чегинде Борбор Азиянын жүрөгүнө кирип келүүгө даяр ИМдин баш кесерлери активдеше баштады. Бир нерсе болсо, Кыргызстан катуу сокку алышы мүмкүн! Бирок жихадчылардын толкунуна биздин күч органдарыбыздын алы жетеби, маселе ошондо. Ошондуктан өлкөнүн түштүгүндө калкан катары дагы бир орус базасын ачуу тууралуу сөздөр угула баштады. Ал эми биз көзүбүздү чоң ачып, биздин шериктештерибиздин форпостторун ачууга мүмкүндүк берсек кантебиз?

Сүрөттө:  2015-жылдын 20-февралы. Ош облусунун Чоң-Алай району. Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков кыргыз-тажик чек арасынын тилкесиндеги “Карамык” жана “Карашыбак” заставаларынын кызматкерлерин жаңы турак жана кызматтык имараттарынын ачылышы менен куттуктап жатат. Объекттер Америка жана республикалык бюджеттин каражаттарына курулган. 

Кыргызстанда террористтердин “уктап жаткан” уячалары качан ойгонот?

Орусиянын ички иштер министринин орун басары Игорь Зубовдун “Ислам мамлекетинин” аскерлеринин белгисиз учактар менен Пакистандан Тажикстандын чек арасына көчүрүлүшү тууралуу жасаган билдирүүсү Борбор Азиянын эксперттери арасында чыныгы крркунуч сезимин жаратты. Оттон да, суудан да өткөн такфирчилер Кызматташтыктын түштүк тарабындагы тоо капчыгайлары аркылуу өтүп, бул жерде чыныгы диверсиондук согушту уюштурушу мүмкүн деген тобокелчиликтер бар. Анын үстүнө, бул жерде Ирак менен Сириядагы салгылашууларды басып өтүп, белгиленген Х саатын күтүп жаткан, айтылуу “уктап жаткан” уячаларда турган алардын тарапташтары толтура.

Бул окуялардын алкагында Кыргызстандын медиа тармагына Кыргызстан Кремльдын алдындагы же Москванын ЖККУсу тарабынан көзөмөлдөнө турган дагы бир аскердик базасын ачууга даяр экендиги жөнүндө маалымат мыйзам ченемдүү болуп эле көрүндү. ИМдин берилгендери ооган-тажик чек арасынан өтө алышса кайсыл жерден пайда болушу мүмкүн? Туура, бизди Хорог-Ош трассасы байланыштырып турган Памир тараптан. Жана жаңы база ошол жерден соккуга даяр болушу керек.

Эске салсак, азыр КР аймагында РФтин коргоо  министрлигинин 5 базасы жайгашкан. Белгилүү Канттагы абаэскадриласынан тышкары (формалдык түрдө дал ушул №20022 аскер бөлүгү ЖККУнун аба муштуму болуп эсептелет, бирок ал Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Приволжск-Уралск аскер аймагынын кол асында турат), ошондой эле Чалдыбардагы РФтин АСФнун 338-алыскы байланыш түйүнү,  Ысык-Көлдөгү “Койсары” 954-кайыктарга каршы  сыноолук базасы, Ысык-Көл обласындагы Ичке-Суудагы №1 автоматтык сейсмикалык базасы жана Жалал-Абаддын Майлуу-Суусундагы №17- радиосейсмикалык лабораториясы бар. Кошумча КР мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчилигине кеңештерди берген  ФСБнын консултанттар командасы...

Жалпысынан, эгерде биздин республика ааламдын алптарынын кызыкчылыктарынын ортосунда болуп, өзүбүздүн ийкемдүүлүгүбүздү көрсөткөндү уланта берсек, өзүбүзгө пайда тапмакбыз. Тагыраак – саясий-экономикалык прагматизмди көрсөтсөк.

Сиз төмөндө окуй турган нерсе адегенде сизди таң калтырышы мүмкүн, өзгөчө ура-патриотторубзду. Бирок биздин жерде он жылдан ашуун убакыттан бери бир караганда антогонисттик күчтөрдүн – Орусия менен АКШнын бастиондору чогуу жашап келгендиги тууралуу факт бир нерсени гана далилдейт: баары мүмкүн!

Сүрөттө: Орусиялыктар менен биздикилер бир колоннада маршта...

 Жөн өтүп кетпегиле, бул миссия аткарылчудай!

Чындыгында, Кыргызстан кезектеги орус объектисинен тышкары ээн жаткан жерлерди шиш көтөргөн башка шериктештерине деле берсе болмок- АКШ, Иран, Түркия жана Паеистанга. Суранам, шашылыш ойлоруңузду кое туруңуз! Көптөгөн акылдуу ойлор адегенде акылга сыйбаган нерсе катары кабыл алыгат. Бирок прецедент болгон- бир эле Чүй облусунда бири-бирине тоскоолдук кылбыстан “Манас” (2001-жылдын декабрынан 2014-жылдын июлуна чейин) менен айтылуу Кант (2003-жылдын октябрынан азыркы күнгө чейин) жайгашып келген. Муну менен биз ошондо эле бүт дүйнөгө өзүбүздүн ачыктыгыбызды көрсөтүп, ар кандай көз караштардагы, режимдердеги, ар кайсы региондордогу каршылаштарды элдештирүү боюнча тынчтык дипломатиясынын жаңы форматын жаратканбыз. Алар биздин жерден кесилишип,  талаша турчу деле эч нерсе жок экенин түшүнсө болот. Биз тараптан бул өтө бир башкача, бирок каржылык жактан абдан пайдалуу миссия болот!

Биз эмне үчүн “чөкпөс” аба ташкынына айланышыбыз керек? Адегенде, Кыргызстан ондогон жылдар бою тунгуюктагы, Союздун эң четиндеги республика болуп саналып келгенинен баштайлы. Анткени транзити болгон эмес, ал эми биз чектешкен жалгыз чет мамлекет Кытай- 1960-1980-жылдары СССР менен болгон начар мамилелеринен улам чек араларын чычкан өткүс кылып жабык кармап келген. Бир нерсени чыгарып же киргизип алчыбуз. Бирок ТАШЫЙ алчу эмеспиз. Мындай айтканда Борбордун сырьелук кошумчасы болчубуз, жада калса деңизге же атактуу Каракорум шоссесине чыгуу тууралуу кыялданбай жатып.

Кырдаал Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан тарта өзгөрө баштады. Эми Кытай менен бизди туруктуу авиа каттамдар байланыштырып турат. Ал эми мурун аскердик-коргонуу мааниге ээ Иркештам-Торугарт багытындагы трассалар азыр жөн гана Улуу Жибек жолунун бутактары болуп саналып калды.

“Кансыз согуштун” аякташы менен бүткүл дүйнө өзгөрдү. Бизди кызыгуу менен карай башташты жана биз капыстан өтө кызыктуу абалда жайгашканыбызды билдик. Геостратегиялык. Сырткы саясаттагы жаңы жандоочулар алар үчүн КРда ачылган мүмкүнчүлүктөрдү активдүү колдоно баштады. Ал эми биз болсо, көп жылдык изоляциядан чыгып, эл аралык коомчулуктун толук кандуу мүчөсү боло алдык. Жада калса БУУга да кирдик.

Сүрөттө:  2012-жылдын мартында Баткен облусунун Лейлек районунда  АКШнын баңгизат менен күрөшүү Борбордук кызматынын жана америкалык дипмиссиясынын кызматташуусунда Бишкекте МБККнын кезектеги посту ачылган. Анын курулушуна 150 миң доллар сарпталган. 

Акча жыттанбайт, туурабы?

Тынч мезгил 10 жылга созулду- биз эгемендүүлүк алган 1991-жылдын 31-августунан 2001-жылдын 11-сентябрына чейин. “Аль-Каиданын” жан кечтисинин Нью-Йоркдогу Дүйнөлүк Соода Борборуна жана Пентагондун имаратына кол салуусуна чейин. Андан кийин Жорж Буш Усама бен Ладенге жана талибдерге  каршы жүрүш жарыялап, Антитеррористтик коалицияны (АТК) түзүп, анын базаларынын бири Ооганстандагы “Жеңилбес эркиндик” операциясынын ийгилигин камсыздоо үчүн “Манас” аэропортунда пайда болгон.

АКШнын жана анын тарапташтарынын ААКнүн абаэкспедициялык канатынын 376-янкасынын активдүүлүгү Орусияга жакпай тургандыгы түшүнүктүү болчу. Андыктан паритет бир нече жылдан кийин Владимир Путин Канттагы базаны өзү салтанаттуу түрдө ачканда жетилген.

Дал ошол хаки түсүндөгү эки борбордун жайгаштырылышынан кийин Кыргызстандын жетекчилиги биз чоң державаларга маанилүү жана керектүү экенибизди түшүнүп, аалам саясатындагы киттер Ала-Тоо жеринде турууга бааны аябай турганын билген. Башкача айтканда, чет элдик объекттер, коопсуздук факторунан сырткары, абдан пайдалууда экен! Мисалы, орусиялыктар Канттын инфраструктурасын оолуттуу колго алышты, өзгөчө жолдорун. Америкалыктар болсо “Манастын” тегерегинде ФАПтарды оңдоп  түзөп, балатыларды отургузуп, гуманитардык жардам тарата баштаган. Чүй облусундагы Бирдик айылындагы бир мектеп гана 678 миң долларга курулуп, ал азыр Чүй облусундагы эң мыкты мектеп болуп саналат. Андан сырткары, Жаңы-Жер, Нижнечуйское, Раздольное, Пригородное, Степное, Камышановка, Төрт-Күл, Васильевка, Ленинское айылдарындагы башка социалдык объекттер жаңыланган...

Эске салсак, “Манастан” Кара деңиздин жээгиндеги румын Констанца шаарынын жанына дислокацияланып жатып, америкалыктар Кыргызстандын экономикасына колоссалдык каражат куюп кетишкен. 2013-2014-жылдарда эле жалпы салынган каражаттын өлчөмү күйүүчү майдын төлөөсүн кошпогондо 114 миллион долларды түзгөн. Кетип жатып, БТБнын кызматкерлери 30 миллион долларга бааланган мүлк калтырып кеткен (65 автотехника бирдиги, инженердик мүлк, кеңсе эмеректери). Жана өзүнө оорукана, ашканаларды, жуунучу бөлмөлөрдү, кампаларды, цейгхауздарды, спортзалдарды, унаа токтотуучу жайларды жана башкаларды камтыган жалпысынан мыкты жабдууланган объектти. Айта кетсек, 2011-жылы ошол учурдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Алмазбек Атамбаев Москвада иш сапары менен жүрүп, базадан америка контингентин чыгаруудан кийин аны Россиянын катышуусундагы кандайдыр бир эл аралык транзиттик борборго айлантууну сунуштаган. Натыйжасында ал жерде КР Улуттук гвардиясынын оперативдик багыттагы  батальону жайгаштырылып, Пентагондун мурасынын бир бөлүгү дайынсыз жоголгон. Эми, биздикилер мындай жоруктарысыз тура алышпайт окшойт...

Сүрөттө: Француз парашутчулары биздин өлкөлүк кесиптештери үчүн чеберчиликтин сырларын ачууда.  

Байланыш түзсөк, демек баардыгы менен!

Белгилей кетсек, азыр кээ бир аналитиктер тарабынан айтылып жаткан өлкөнүн түштүгүндөгү жаңы базаны ачуу темасы жаңылык эмес. 2010-жылдын 1-августунда Орусия менен Кыргызстан ортосунда 49 жыл мөөнөткө, саны батальонго жете турган Оштогу Бириккен орус аскердик базасын ачуу тууралуу меморандумга кол коюлган. Аталган база ЖККУнун Жамааттык күчтөрүнүн, орусиялыктардын да, жергиликтүү аскерлердин да  ыкчам иштөө борборуна айлана алмак. Бирок бул үмүттөр аткарылбай калышы камсыздалган эле, анткени база түзүү демилгесине каршы Өзбекстандын президенти Ислам Каримов чыгып, “бул региондо чыйралыштыкты пайда кылат” деп билдирген эле.

Айта кетсек, БОАБ менен биргеликте Кыргызстандын түштүгүндө транс чекаралык коопсуздук, терроризм жана наркомафия менен күрөшүүгө багытталган америкалык треннинг борбор ачылышы мүмкүн, бирок анын дареги Баткенде же Кызыл-Кыяда болот. Мындай идеяны 2011-жылдын мартында президент Роза Отунбаева билдирген. Эксперттер жада калса маселенин баасын чыгарышкан- объекттин тургузулушуга жана жабдууланышына 5,5 миллион доллар сарпталмак.

Ооба, бул долбоорлор ишке ашкан жок. Бирок, региондогу кырдаалдын курчушун эске алганда, балким, алар жанданат, ким билет.

Бирок, бул чечүүчү оюнчулардан сырткары Кыргызстан жалпы регионалдык турукташтыруу процессинин катышуучулары менен дагы байланыш түзүп келет. Ошондуктан биз доминанттык шериктештер менен дагы, башка тарапташтар менен дагы мамилелерде балансты сактап турууга умтулушубуз керек.

Алардын ичинен эң кызыгуу арттыргандар үчөө: Иран, Түркия жана Пакистан. Бул эл аралык аренада оолуттуу лоббиге ээ, өзөктүк потенциалы жогору, кең масштабдуу аскердик жана локалдык контртеррористтик операцияларды өткөрүүдө чоң тажрыйбасы бар өлкөлөр. Кыргызстанга алардан алчу нерсе бар.

Сүрөттө: 2014-жылдын күзү. Түрк аскерлери КР Улуттук гвардиясынын жана Куралдуу күчтөр министрлигинин өкүлдөрүнүн коштоосунда Бишкектин тегерегиндеги Кой-Таш мотоаткычтар бригадасынын Бириккен окуу борборунда 45 күндүк окуу треннингдерин өткөргөн. 

Бизге, эгемен өлкөгө, алар үчүн Жалал-Абаддан, Нарындан, Таластан жана Кара-Балтадан полигон же аба түйүндөрүн курууга жер бөлүп берүүгө ким тоскоолдук кылып жатат?  Бир нече аянтчалардагы оюн Кыргызстанга тандалма эле өлкөлөр менен кызматташат деген айыптардан алыс болууга жана пайда табууга жардам берет. Дүйнө көп полярдуу жана биз муну иш үстүндө далилдеп беребиз.

Бул чоң саясатка тиешелүү нерсе гана, андан сырткары экономикалык мааниси да барда!  Кыргызстандын аталган өлкөлөр менен күч тармагында кызматташууга кызыктар болгону башка тармактарды, анын ичинде каржы, насыя-гранттык саясатты, соода жаатын дагы активдештирет. Алар болсо бизге абдан керек...

Азиз Карашев

 
© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине