Кадыресе зомбулук: эмне үчүн балдарды өлтүрүп жатышат

09:47, 5 Марта 2018

Сүрөт: Совет бийлиги жаңы орногон жылдары үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы ушундай плакаттар чыгарылат эле. Автору П.Лаптев. 1929-жыл.

Үч жаштагы Бексултанды акыркы сапарга узатканы эч ким келбеди. Шымына сийип койгондугу үчүн энеси темир депкир менен катуу сабагандан каза болгон баланын сөөгүн мамлекеттин эсебинен шаардык көрүстөнгө коюшту. Баланын туугандары анын сөөгүн алып кеткенге каршы болушту. Ал тирүүсүндө да эч кимге кереги жок болчу. Энесине да, белгисиз атасына да, тай энеси менен тай атасына да. Бексултанды эч ким каалаган эмес. Энеси делген аял аны өлөөрчө сабады.

Бүгүн балдарды үй бүлөдө уруп-сабап, аларга зомбулук көрсөтүлүүдө. БУУнун Балдар фондусунун маалыматы боюнча, балдарга карата зордук-зомбулуктун 57% үй-бүлөдө болот. Балдар укугун коргоо боюнча лигада бул сан 70%га чейин жетет деп билдиришет. Балдарды ата-энеси, байке-эжелери, бир туугандары, өгөй аталары сабашат. Балдарга зордук-зомбулук көрсөтүү кадыресе көрүнүшкө айланды. Коом да мындай окуяларга мурдагыдай көңүл бурбай калды, бизге баары бир болуп калды.

Кичинекей Бексултан Оштун областаралык клиникалык ооруканасына февраль түнү келип түштү. Баланы көргөн доктурлар шок абалда болушкан. Баланын энесимин деген аял бала тепкчитен кулап кетти деп түшүндүргөн.

Эки жыл мурун так ушундай шылтоону бүт денеси көгала эки жаштагы Ибрагимдин туугандары да айтышкан. Бала жаман абалда болчу. Кыргызстандыктарды бул окуя катуу шок кылган эле. Доктурлардын аракети менен баланы аман сактап калышкан.

Тилекке каршы, Бексултанды сактап кала алышпады. Ош доктурларынын диагнозу: баланын мээси өтө катуу чайпалган; эпидуралдык гематома – катуу травманын айынан баш сөөктүн алдында кан уюп топтолуп калган; гиповолемикалык шок – адам канын көп жоготкондуктан денеде жүгүргөн кандын азайышына байланыштуу паталогиялык абал. Доктурлардын айтымында, баланын денесинин көп жеринде жаракаттар болгон, акыреги сынып, сөөктөрү жылышып кеткен, бөйрөгү пиелоэктазия экени байкалган. Бала агониияда болчу, медициналык термин менен айтканда агониялык абалда. Бексултан өмүр менен өлүмдүн ортосунда турду. Бардык аракеттерге карабай ооруканага келип түшкөнүнө бир жума болгондон кийин, 11-февралда бала үзүлүп кете берди.

Баласын катуу сабаган деген шек менен баланын 24 жаштагы энесин милиция камакка алды. Энеси сабап жатканда бала кандай гана азаптарды көрбөдү, аны айтыш кыйын.

Кийин белгилүү болгондой, баланын энеси 2014-жылга чейин Кара-Кулжа районунда атасы жана өгөй энеси менен турган. Ал эки жашында ата-энеси ажырашып кетишкен. Социалдык кызматтын билдирүүсүндө, кыз турмушка чыгып балалуу болгонун ата-энеси билген эмес. Бирок Бексултан тууралуу билгенде да тай атасы неберсин кабыл албай койгон, башкача айтканда баланы эч ким каалаган эмес.

Биз билбеген дагы канча ушуга окшош балдар бар болду экен? Балким, бул макаланын аягына чыкканга чейин дагы бир баланы уруп-сабап коюшаттыр, а биз болсо ал тууралуу эч нерсе билбей калабыз.

“Ар-бир адам кыйын кезеңди башынан кечирет, бирок айбанчылык кылганы – бул анын адам кейпинен кетип жатканынын белгиси. Ымыркайды алгач скотч менен ороп ажатканага ыргыткан энеге окшоп. Кантип анан чачың тик турбайт, кантип, бул биздин кыздар да!!! Бала өлдү. Анын өз энеси, мыкаачылык менен өлтүрдү. А силер – байкуш кыз деп аяйсыңар. Ооба, ага кыйын болду, атасы жок, үмүт жок, келечеги жок... Бирок ал анын баласы да. Ал эмес айбандар да чоңойгонго чейин балдарын карашат. Бул кызга кечирим жок. Кылганына жараша жазасын алат. Менимче, биз азыр тирүү кичинекей балдар тууралуу ойлонушубуз керек. Бардык жерде ачык жазгыла: балаңды багып асырай албайсыңбы – балдар үйүнө бер, өлтүрбө! деп” – деп жазат коомдук тармакта Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев, баласын өлтүргөн аялды актап жазгандарга жооп иретинде.

Чүй областында 19-февралда 31 жаштагы аял ажатканада жаңы төрөгөн ымыркайын полиэтилен пакетине салып, дивандын артына катып койгон. Ымыркай чарчап калды. Бир нече жыл мурун Талас областында жаш кыз жаңы төрөлгөн баласын чүпүрөктөргө ороп көчөгө ыргытып салган. Иттер жарым-жартылай мүлжүп койгон ымыркайдын денесин өтүп бараткан адамдар таап алышкан.

“Эмне үчүн ушундай нерселер болууда? Балдардын катталбагандыгынан. Бардык балдарды каттоодон өткөрүп туруш керек. Бул күндөрү аялды боюнда болуп калгандан баштап төрөгөнгө чейин көзөмөлгө алуу маселеси дагы да жакшы чечилбей келет. Балдаргы зомбулук көрсөтүү тобокелдиги бар үй-бүлөлөрдү, төрөгөн аялдарды көзөмөлдөп туруу керек.

Учурда бардык зордук-зомбулуктардын 70% үй-бүлөлөрдө болууда, анткени алар бизге жабык, биз билбейбиз. Кошуна үйдө эмне болуп жатканын билбейбиз. Ушундай иштерди жүргүзгөнгө бизде социалдык кызматкерлер жетиштүүбү? Жок, маселе так ушунда болуп жатат. Канча ата-эне бул күндөрү өзүнүн ата-энелик милдеттерин аткарбай келет? Советтер Союзу урагандан бери биз бир муунду жоготуп алдык десек болот. Зордук-зомбулукту адамдар кабыл албагандай болушу үчүн ири маалыматтык кампанияларды уюштуруу зарыл. Балдарга карата зомбулуктун жаман кесепетин көрсөтүү керек”, - деди интервью берип жатып Балдар укугун коргоо боюнча лиганын жетекчиси Назгүл Турдубекова.

Бексултандын окуясынан эки жума өтпөй эле коомдук тармактарда Оштогу башка аялдын окуясын талкуулай башташты, ал балдары менен көрүстөндөгү сарайда жашайт экен. Ал өзүнүн эки баласын жана эжесинин үч баласын багып жатыптыр. Жашоо абалынын начардыгына карабай, ал жакшылыктан үмүт кылып, колунан келишинче балдарга билим берип, курсактарын тойгузганы аракет кылып келет.

Балдарды коргоо уюмдары Социалдык өнүгүү министрлиги менен биргеликте абалды оңдоо үчүн ишеним телефондорун уюштуруп, Бишкекте Балдарды коргоо борборун ачышты, жакында ушундай борборлор Ошто жана Жалал-Абадда да ачылат. Бирок ушул чаралар жетиштүүбү, балдарды зордук-зомбулуктан сактай алабы – талаштуу маселе.

Өткөн жылы 111 ишеним телефонуна 170 миң телефон чалуу түшкөн, алардын арасынан маанилүүлөрүнүн саны миңден ашкан. 111 ишеним телефонуна жоопкерчиликтүү борбордун директору Марина Жапаркулованын айтымында, аларга түшкөн чалуулардын көпчүлүгү “үй-бүлөлүк мамилелерге, чатакташууларга, аялдарга кол көтөрүүгө, балдарга катуу мамилеге жана аларга зордук-зомбулук көрсөтүүгө, баланы тарбиялоого, ата-эне менен баланын, окуучу менен мугалимдин ортолорундагы мамилелерге байланыштуу болду. Билим берүү тармагы, медицианык камсыздоо, коомдук тармактарда интернет-оюндардын таркатылышы жана мектептеги рэкет маселеси боюнча чалып жатышты”.

Чалгандардын 897иси чоңдор болгон, балдардын өзүнөн 232 чалуу болгон. 146 учурда психологиялык жардам көрсөтүлдү. 276 адамдын кайрылуусу башка мамлекеттик органдарга жиберилген. Ишеним телефонуна баарынан көп аялдар менен кыздар чалышкан.

ВОЗдун (Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму) маалыматы боюнча, аялдардын болжолдуу 20%ы жана эркектердин 5-10%ы балалык кездеринде сексуалдык зордукка дуушар болушканын айтышкан, балдардын 25-50%ы аларды уруп-сабашаарын билдиришкен. Кыргызстанда 14 жашка чейинкилердин 57% ар-түрдүү зордук-зомбулуктартарга дуушар болушат.

Эмне үчүн алар болуп жатат? Балдарды кантип багыш керектигин жакшы билбеген ата-энелердин бир мууну пайда болду. Балага карата жоопкерчиликти алар жакшы сезишпейт, анан да аракка жакын келишет. Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун көп болушу – бул анын кесепеттери гана. Мамлекеттик органдар тийиштүү иштерди жүргүзүүдөн сырткары, ар бир айылдын, шаардын тургундары өзүлөрү уюшуп, ушундай жаман көрүнүштөр менен күрөшүүнүн маданиятын көрсөтүшү керек деп ойлойм. Көп өнүккөн өлкөлөрдө ушуга окшош маселелерди активисттердин жана волонтерлордун жардамы менен чечишет, ошол эле кезде аларда мамлекеттик органдардын иш алып баруусу коомдун катуу көзөмөлүндө болот. Кыргызстандагы балдардын абалын так ушундай жол менен жакшырта башташ керек”, - дейт Назгүл Турдубекова.

Алмаз Исманов

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине