Кыргызстанда ымыркайлардын баасы канчадан?

14:36, 4 Октября 2018

Мындай алганда, Кыргызстанда баланы асырап алуунун «көмүскө жолу» бар экенин, төрөт үйүндө акушеркага жана врачка акча төлөп маселени чечсе болоорун журналисттердин көбү мурда эле билчү. Бирок сентябрдын башында чыккан чатак көптөн бери чечилбей келе жаткан бул маселенин жаңы өңүттөрүн ачып чыкты.

Жетинчи сентябрда Кыргызстандын маалыматтык агенттиктери “Ымыркайды соодалашкан төрөт үйүнүн врачтары кармалды” деп жазып чыгышты.

Анда: “ИИМдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери Бишкекте гинекологдорду кармашты, алар ымыркайларды сатууда шектелүүдө. Кармалгандардын бири мурда да ушуга окшош кылмыш боюнча шектелген болчу. Үй-бүлөлүк медицина борборунун (ҮМБ) врачтары, кызматкерлери жеке менчик клиникаларда да иштешип, ымыркайларды бир нече жолу сатышкан. Жаңы төрөлгөн баланын ата-энесине алардын баласы чарчап калды деп, мурдараак төрөт учурунда өлүп калган башка баланын денесин көрсөтүшчү. Тирүү баланы башкаларга сатышчу”, - деп баяндалат эле. “Шектелип кармалгандардын бирине таандык автонун багажында чирип, сасый баштаган аборттолгон түйүлдүктөр табылган” деп көп ЖМКлар жазып чыгышкан. Бул фактыны да ички иштер органдарынын билдирүүсүнө таянып беришкен. Бирок так ушу багажниктеги денелер тууралуу маалыматты милиция органдары кийин жокко чыгарып чыгышты. Ошол эле кезде калган окуя өтө тез өнүгө баштады.

Сентябрдын аягында сегиз адамга байланыштуу кымыш иштери козголуп, чуулгандуу иликтөө иштери жүргүзүлө баштады. Бишкекте Башкы прокуратуранын Коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын прокурору Нуржан Талантбек уулу пресс-коференция уюштурду. Анын айтымында, милиция жана прокуратура баланы сатуу фактысы боюнча төрт кылмыш ишин козгогон.

“Беш адамга айып коюлду, алардын үчөөсү тергөө камакжайында отурат, экөө – үй камагында. Жаңы төрөлгөн балдарды сатуу фактысы боюнча эки кылмыш ишин прокуратура козгоду, дагы эки ишти – милиция. Дагы бир нече фактылар иликтенип жатат. Ошондой эле жеке медициналык борбордун акушер-гинекологу аялга кошбойлуулугуна 32 жума болуп калганда аборт жасаган, ал эми мыйзам боюнча аны 22 жумага чейин гана жасаса болот”, - деп билдирди ал.

Милиционерлер кош бойлуу болгондорго да көңүл бурушкан. “Балдарды сатуу боюнча шектелгендер жаңы төрөлгөн ымыркайлардын ар бирин $1 миң доллардан жана андан да кымбатыраак сатышкан. Бул тууралуу ИИМдин Башкы тергөө кызматынын жетекчиси Азиз Нурбеков билдирди. Анын айтымында, сатуу ишине кош бойлуу болгондордун да катыштыгы бар экени далилденсе, алардын аракеттерине да юридикалык баа берилмекчи”, - деп жазып чыгышты маалыматтык агенттиктер.

Балдарды сатууга катыштыгы бар деп Социалдык өнүгүү министрлигинин кызматкери да шектелип жатат (бул аталган мекемеге байланыштуу акыркы кездеги эле үчүнчү чатак болуп жатат, мурдараак Кореяда болгон мас абалдагы чырдашууга жана бул мекемененин жетекчилигинин ушак айтып отурбастан, пенсиядан саякатка акча үнөмдөгүлө дегенине эми бул окуя кошулуп жатат!). Зергүл Жээнбаеванын анын маалыматтар базасында кандай балдар бар экенин айтып жаткан видеосу коомдук тармактарга чыгып кеткен. Ал эми Баланы асырап алуу боюнча эл аралык агенттиктин кызматкери көмөктөшкөнү үчүн сыйлыкты убадалаган. Бул боюнча да тергөө иштери жүрүп жатат.

Кийинчирээк бардыгы эмнеден башталганы белгилүү болду. Бул тууралуу биринчилерден болуп 24.kg агенттиги жазып чыкты: “Кыргызстандагы төрөт үйүнөн баланы сатуу боюнча кылмыш ишинде чет элдик жарандардын ысымдары да жүрөт. Бул тууралуу бизге укук коргоо органдарындагы ишенимдүү маалымат булактарыбыз айтып берди. Чет элдиктер баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктү алуу арызы менен өз элчилигине кайрылышкан. Дипмиссия тийиштүү сурам менен Саламаттык сактоо министрлигине кайрылат, ал жакта болсо баланын туулгандыгы тууралуу маалымкатты берген төрөт үйү жарым жылдан бери иштебегени аныкталат. Ушунун негизинде укук коргоо органдары кылмыш ишин козгошот. Тергөө камакжайына ҮМБнын врачтары отургузулат”. Бул чет элдиктер Кыргызстанда төрөлүп-өскөн Орусия жарандары экени кийин билинди.

Бишкекте бала сатууга шектүү катары кармалгандардын баарында өздөрүнүн документтери жана атайын мөөрлөрү да болгон экен. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов билдирген. Анын айтымында, кылмыш иштин артынан көп кылмыш схемалары ачыкка чыгышы мүмкүн: “Булардын аркасында абдан көп киши катталган. Бирөө Чүй облусунда болсо, бирөө Бишкекте, бирөө Казакстанга барып-келип иштеп жүргөн. Булардын баарында өздөрүнүн документи болгон, жасап жүргөн, атайын мөөрлөрү болгон. Суранычтар менен кээ бирөөнөн акча-тыйын алгандары бар, айрымдары жакын туугандарга ортомчу болуп балдарга документтерди даярдап берген. Ошол себептүү азыр үчөө № 1 тергөө камакжайына камалды. Андан сырткары ушуга тиешелүү бир катар шектүү дарыгер кызматкерлер бар. Алардын үстүнөн дагы тиешелүү иштерди жүргүзүп жатабыз. Атайын топ иштеп жатат. Кылмыш иштин алкагында көп нерселер такталышы керек. Дагы башка кылмыш топтору аныкталышы мүмкүн”.

Саламаттык сактоо министрлигиндеги Дарылап-профилактикалык жардам көрсөтүү бөлүмдүн башкы адиси Раиса Асылбашеванын билдирүүсүндө, учурда мекемелик жумушчу топ түзүлгөн. “Кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Анын кызыкчылыгында азырынча эч нерсе айта албайбыз”, - деген ал журналисттерге.

Мунун баары – жакынкы убакта каалаган учуда элге таңгалычтуу көп маалыматтар жеткирилиши мүмкүн экенин билдирет. “Баланы сатуу” иши катуу иликтенип жатат, жакынкы убакта көп адамдар жоопкерчиликке тартылышы ыктымал.

22-сентябрда Кыргызстандын Ички иштер министрлиги бул чырлуу ишке байланыштуу кезектеги маалыматтары менен бөлүштү. “Учурда №1 тергөө камакжайында жогорку билими бар беш медкызматкер отурат, ошондой эле бул ишке тиешеси бар деп шектелгендер да бар, алар боюнча оперативдик-тергөө иштери жүрүп жатат”, - деп билдирген басма сөз кызматы.

ИИМдин маалыматы боюнча, балдарды сатуунун үч фактысы катталган, камакта отурган медиктер ушул балдарга туулгандыгы тууралуу жасалма күбөлүктөрдү жасашкан. Төртүнчү факт боюнча кылмыш иштин козголушуна бир аялдын арызы себепкер болгон. Анын билдирүүсү боюнча, гинеколог аны мөөнөтүнөн мурда жасалма жол менен төрөттүргөн. Бала тирүү төрөлгөн, бирок ага бала чарчап калды дешкен.

Журналисттер бул жагымсыз окуянын чыныгы себептерин элге жеткиргиси келет. А маселенин түйүнү болсо бул жерде – Кыргызстанда мыйзам боюнча баланы асырап алганга караганда, баладан баш тартуу же аны жашыруун түрдө сатуу бир кыйла жеңилирээк.

Ошол эле акыркы кезде чатактардан башы чыкпаган Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматтары боюнча, 2017-жылы кыргызстандыктар 825 баланы асырап алышкан, 12си чет элдик жарандардын камкордугуна берилген. Ал эми 2018-жылдын башынан бери 351 баланы кыргызстандыктар асырап алса, чет элдиктер 11 баланы асырап алышкан.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо башкармалыгынын башкы адиси Гүлзина Бообекованын айтымында, буга кыргызстандыктар өзүлөрү күнөөлүү, алар негизинен үч жашка чейинки жана ден соолугу жакшы балдарды гана асырап алышат: “Баары ойлошот Кыргызстанда баланы асырап алуу өтө оор деп. Бирок башка өлкөлөрдө деле, ошол эле Орусияда жана Казакстанда ушул эле документтерди чогултуш керек. Бизге кайрылган үй-бүлөлөр менен сүйлөшкөнүбүздө, эмне үчүн алар баланы асырап алгысы келгенин, алар балага тийиштүү тарбия бере ала тургандарын, башкача айтканда алардын мүмкүнчүлүктөрүн аныктаганга аракет кылабыз. Андан кийин алар керектүү документтерди чогултуп бизге бериши керек. Бул кадыресе эле документтер”. Биздеги элдин өзү да чыдамсыз экени, пара бере койгонго жакын экендиги эч кимге деле сыр эмес болушу керек. Керектүү документтердин бардыгын көшөрө чогултуп, өз кезегин күтүп отурганды жактырбайт. Анан да булардын бардыгын барып сатып алууга мүмкүн болуп турганда анын зарылчылыгы барбы дегендей...

Бирок да баланы асырап алгандар бул жерде толтура маселе бар экенин айтышат. Ар түрдүү кыйынчылыктар, аткарууга мүмкүн болбогон шарттар, анан да укмуш күчтүү жемкорлук схемалар. Адистердин айтымында, бул маселени чечиш үчүн башынан, башкача айтканда, баланы асырап алуу сустемасынан башташ керек.

Көбү бул маселеге башка өңүттөн карашат. Негизинен эле бул маселеге коомдун мамилесин өзгөртүү керек дешет. Мисалы, укук коргоочу Кумар Эргешованын пикиринде, ушуга окшош нерселер кылмыш экенин элге жеткириш керек: “Жалпы жонунан бул тармакты катуу көзөмөлдөш керек. Баланы сатып алуу жолу менен балалуу болуу жарабас экендигин элге жеткириш керек. Баланын ата-энесинин макулдугу менен балага камкорчу болгон күндө да, бул жерде акча бар болсо – бул ошол эле соода-сатыктын бир түрү болуп калат. Бул үчүн кылмыш жазасы каралганын айтуу зарыл. Баланы өз ара сүйлөшүү аркылуу эмес, мыйзамдын алкагында асырап алуу керек”.

Бул жерде белгилеп кете турган нерсе, коомдун пикири боюнча ушуга окшош кылмыштар үчүн жазаны катуулатуу зарыл. Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү, далилдөөчү медицина боюнча адис Бермет Барыктабасова пресс-конференцияда бул “трендди” ишенимдүү көрсөтө алды: “Бул кылмыш үчүн жаза катаал болушу керек, азыркыдан да катаалыраак. Учурда баланы саткандыгы же бергендиги үчүн 2,5 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратат. Бул күлкүлүү жаза. Балага карата жасалган башка кылмыштар үчүн өлүм жазасын берип жатышат. А бул кылмыш үчүн болбогон жаза каралган. Мындай болбошу керек, мыйзамчылыкты өзгөртүү зарыл”.

Не болгон күндө да азыр тергөө иштери дагы эле жүрүп жатат, жакынкы убакта Кыргызстандагы баланы асырап алуу тармагы жана да бул социалдык-маанилүү процесстин айланасындагы кылмыщ схемалары тууралуу көптөгөн жаңы нерселерди угат болушубуз керек.

Даярдаган Апас Зарипов

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине