Балдар эмнеге дөңгөлөктүн астында калып каза болушууда?

15:50, 23 Сентября 2014

Сентябрдын алгачкы күндөрү- мектеп окуучуларынын майрамы гана эмес. Бул күндөр кайгылуу сандар менен эсте калды-Бишкекте  эле 12 бала жол кырсыгынын кесепетинен ооруканага түштү. Көптөгөн наристелер мунун кесепетинен бир нече ай кээде көптөгөн жылдарда чейин мектепке бара албай, чуркап, ойной алышпайт. Коркунучтуу статистика. Шаарда "Сентябр-балдар жолдо"-деген социалдык жарнамаларды илүү мезгили келип жетти.

Кооптондурган статистика

Абал кооптуу экендигин ЖККкерлери моюнга алышат. Бул багытта көп эле алгылыктуу иштер жүрүп жатат, мисалы коомчулуктун көнүлүн буруу максатында жылда эки жолу «Абайлагыла-балдар!»- автожуруш жүргөнүнө карабастан, жабыркаган балдар жол кызматкерлери жана доктурлар үчүн күнүмдүк ачуу чындык. Жол кызматкерлери авто жүрүш жана  башка алдын алуу иштеринде оюн аркылуу балдарга жолдо жүрүүнүн эрежелерин үйрөтүп келишет. Ошентсе да, баардык калоону эске алган учурда деле жалпы мектеп окуучуларына тең жеткируу кыйын. Бирок, анткен менен балдар катышкан жол кырсыктарынын бир аз азайышы байкалат.

«2013- жылы ушундай 296 жол кырсыгы катталган, ал эми 2014-жылы -266. Биринчи жарым жылдыкта эле 4 наристе каза таап, 294у түрдүү жаракаттарды алышты. Өткөн жылы 8 баланын өмүрү кыйылган, 310у жабыркаган. Жол кырсыгы Бишкектеги Ленин районунда көп катталат»- дейт жол күзөт кызматкерлери.

Жыл башталаары менен күзөт кызматы жашы жете электер катышкан учурларды анализдеп чыккан. Ага ылайык, түрдүү транспорт каражаттарындагы жүргүнчү балдар жол кырсыгынын кесепетинен көбүрөөк каза табышат ал эми жөө жүргөн наристелер жол кырсыгынан кийин көбүнчө ооруканага түшүп, даарыланышат.

Бишкектеги тез жардам кызматынын балдар  клиникалык ооруканасынын башкы даарыгери Талант Өмүрбеков маалымат каражаттарында бир нече ирээт коомчулукту бул маселеге көңүл бөлүүсүн өтүнгөн. «Көптөгөн жабыркоонун себеби-балдардын кылдатсыздыгы. Ал кайдан келип чыгат? Аларды эч ким жолдо кантип алып жүрүүсүнө үйрөтпөйт»,- дейт даарыгер.


Ким күнөөлүү?

Дайым өзүбүз өзүбүзгө  суроо берип калабыз: эмнеге эле балдар жол кырсыгына кабылышат? , -деп. Эксперттердин баамында: «Жооп биз ойлогондон да жеңил: кокус бала өз күнөөсү менен жол кырсыгына кабылса анда бул -баланын күнөөсү. Бирок, бала күнөөлүү деген ой болбошу керек да. Алар жол кырсыгына кабылса, демек, биз чоңдор аларды керектүү ыкмаларга үйрөтө алган жокбуз. Жеке мисал менен түшүндүрө албадык. Ошол себептен, көп учурда балдардын жол бузууларынын артында, алар жабыркаганда чоңдордун чабалсыздыгы көрүнүп турат. Жолдо туура алып жүрүү балдардын жеке калоосунан эле эмес, алардын аны жасоого ниети жоктугунан деле көз каранды. Бөбөктөр жол кыймылынын эң эле  корголбогон катышуучусу жана көбүнчө жолдогу жүрүм-туруму алардын абалды кабыл алуусуна байланыштуу болуп жатат. Дал ушул себепке байланыштуу, бөбөктөрдүн жолдогу коопсуздугун биринчи кезекте биз чоңдор: ата-энелер, мугалимдер, тарбиячылар, өтүп бара жаткандар жана негизинен транспорт каражаттарынын айдоочулары камсыз кылышы зарыл».

Балким кетирген ката- биздики, ата-энелердики болуп жүрбөсүн. Биз жолдо жүрүүгө кылдат мамиле кылууну балдарга адат катары калыптануусуна үйрөтпөйбүз. Мектепте деле мурдагыдай жалпылап үйрөтүү жок. Ошол эле учурда шаардык инфраструктура көтөрө албагандай жагдай байкалат, башкача айтканда Бишкектеги унаалардын саны эки эсеге көп.


Жонокой эрежелер

Балдарды коргоону (көбүнчө алардан деле көз каранды) өз колубузга алышыбыз керек. Коопсуздук эрежелери толугу менен жабыркоодон сактап калбайт, бирок таасир сөзссүз билинет. Бизде Кыргызстанда унутулуп калган жолдо жүрүүнү үйрөтүү боюнча орусиялык курстан:


«
1) Жолдо  басып бара жатсаң сен жөө жүрүүчүсүң. Көчөдө атайын тротуарда гана басууга уруксаат берилет, оң жак тарапка ылайыкташып, алдыда бет маңдайда келе жаткандарга жолтоо болбоо учун басуу зарыл. Кокус тротуар жок болсо анда жолдогу кыймылга бет маңдай, бирок жол четинде басуу керек. Ошол учурда сен эле эмес алдыда келе жаткан унаа да сени алыстан байкап калат.

2) Башка көчөгө өтүү үчүн атайын чийилген жерлер бар алар жөө жүрүүчү өтмөктөр деп аталат. Алар адатта «Жөө жүрүүчү өтмөк» деп белгиленип, «зебра» сыяктуу ак чиймелер менен белгиленген.
3) Эгерде белгиленген чиймелер жок болсо анда жолду кесилиштерде атайын тротурадын сызыгы менен
өтүп кетсең болот.
4) Жолду кесип
өтөөрдөн мурда коопсуздука ынануу зарыл. Жолдун четине туруп эки тарапты карагыла, унаа жок болсо жолдун ортосуна келгенде дагы бир жолу карап койгула. Оң сол тарапта унаа жок болсо жолду кесип өтсөңөр болот. Жолду эки тарап жакшы көрүнгөн жерден гана кесип өтүү керек.

5) Эгерде жөө жүрүүчүлөрдүн өтмөктөрүндө же айлампаларда светофор болсо анда качан токтоп, качан басышты көрсөтүп турат. Кызыл түс жөө жүрүүчүлөр үчүн-токто, сары-кут, жашыл-бас. Унаа жок болсо деле эч качан жолду кызыл же сары түс күйүп турса  өтпөө зарыл.
6) Сары түс күйгөндө эле дароо тротуардан жолго чуркоонун кереги жок. Кээде унаанын токтоткучу бузук болуп калса анда капыстан жөө жүрүүчүлөрдүн жолуна чыгып кетиши мүмкүн. Ошол үчүн жолду тынч, унаалар токтогуна толук ынанганда гана өтүү зарыл. Өтүү керек, чуркоо эмес!
7) Жолго жакын жерде ойноо кооптуу: жайында велосипед тебүү же кышында чана менен.

Жолдогу кырсыка кабылбоо үчүн балага унаа коркунучтуу экендигин билүүсү- маанилүү. Унаа токтоткучту басса дагы дароо токтото албайт. Коопсуздук жүрүм-турумдун негизги эрежеси-коркунучту алдын алуу".
Психологдор өз учурунда: «Күз- кыш мезгилинде караңгы эрте кирип, кара кийимдерге кийинген, жакшы жарык берилбеген жерде кетип бара жаткан чоң киши деле айдоочуга байкалбай  калышы мумкун!

Бул учурда кантип өзүңдү жана баланы коргоп калса болот? Алгач ачык түстөгүсү, атайын жылтырактар түшүрүлгөн кийимдерди кийүүгө аракет кылыш керек. Анын максаты: караңгы учурда унаанын  же көчөдөгү жарыктар кийимге тийип, адамдын кыймыл-аракетин ачыктайт. Бөбөктөр үчүн толгон-токой жаркыраган билериктер, мектеп портфелдери,  баштыктар, ошондой эле балдардын сырткы кийимдери да бар. Алардын баары ото кооз, негизгиси- коопсуз!».

«Коопсуз шаар»

Аны менен катар мамлекет жабыркаган бөбөктөрдү эсинен чыгарбоосу абзел. Жолдо жүрүүнүн эрежелерин жана башка аракеттерди мектептерде кеңири жайылтуу керек. Баса алар жөнүндө: өлкөдө кайрадан «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырууну көздөп жатышат. Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев бул туурасында окуу жылынын башталышында айтып берди.
Бишкектеги кыймылды жана укук коргоо көзөмөлүн коопсуз абалга алып келүүгө багытталган бул экинчи аракет десек болот. Биринчи жолу жаңылыкты киргизүү акчага байланыштуу ишке ашпай калган, себеби долбоорго 100 миллион америка доллары сарпталмак, бирок ал ошончолук маанилүү эле. Азыр тендер жарыяланды, ал комиссияга тийешеси бар министрлик, парламент жана кызыкдар адистер өкүл болуп киришти. Өкмөттө мамлекеттик - жеке кызматашууга ниеттенишет.

«Коопсуз шаар» Бишкек, Ош шаарларындагы андан кийин жалпы Кыргызстандын көчөлөрүндө видеокөзөмөлдү киргизүүнү максат кылат. Укук коргоо кызматкерлеринин айтымында, мындай жабдуулар айдоочуларды жолдо 10 эсе сак болуусуна өбөлго түзөт.
«Коопсуз шаар» долбооруна сарпталуучу каражаттар чиновниктердин алкымына кетпейт деп ишенуу гана калды. Себеби сөз эң кымбат-балдардын өмүрү жана ден-соолугу жөнүндө болуп жатат.

Даярдаган Айгул Токобаева

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине